ТАЗАБЕК САМАНЧИНДИН ООР ТАГДЫРЫ МЕНИ ОЙГО САЛДЫ

  • 30.11.2021
  • 0
ТАЗАБЕК САМАНЧИНДИН ООР ТАГДЫРЫ МЕНИ ОЙГО САЛДЫ

Илгертен «Сүйлөсөң жакшы  сүйлө, болбосо унчукпа» деген улуу сөз калган. Улуу сөздөн жаралган жылуу сөз — бул ачкыч сыяктуу. Эгер туура жана жагымдуу сүйлөсөң, бардык жүрөктү ачасын. Ойлобой жана орой сүйлөсөң, сен үчүн дайым ачык болгон жүрөктү да жабасын. Сөздү жүрөктү жаралаш үчүн эмес, жараланган жүрөктү дарылаш үчүн сүйлөйбүз.

Бүгүн мен бир келген өмүрүндө түрдүү кыйынчылыкка жолугуп, ага карабай, адабиятка ак кызмат өтөп, көрүнүктүү жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, чебер котормочу катары жалпы журтка аты чыгып, илимий эмгектерди жаратып, филология илиминин кандидаты деген илимий даражага жеткен, СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон улуу инсан, сталиндик доордун запкысын жазыксыз тарткан 20 кылымдагы көрүнүктүү илимпоз, сынчыбыз, чоңдор үчүн Алиппе жараткан биздин сыймыгыбыз, бир канча сын-макалалар жана адабий эмгектердин автору, Кыргыз СССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган улуу ишмер, элдин сыймыгына айланган, менин жан дүйнөмдү нурданткан адабиятчы, котормочу, сынчы, драматург Тазабек Саманчин жөнүндө айта кетейин деп чечтим.
Тазабек Саманчин атабыз 1909-жылы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Жаңы-Жол кыштагында туулган. Каргадай кезинде ата-энесинен ажырап, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланат. 1923-24 жылдары Алма-Атадагы казак-кыргыз агартуу институтунун даярдоо классында окуйт. 1925-жылы Пишпектеги педтехникумга которулуп, аны 1929-жылы бүтүрөт. 20 жашында Жалал-Абаддагы педтехникумда мугалим болуп иштейт. Жаш кезинен илимий эмгектерди жаратып, адабиятка баш оту менен кирип кетет.
Кыргызстандык сталинчил сынчылар: Г.Нуров , Т.Балтин,  Ж.Самагановдордун ,,Космополитизм рецидивы буржуазного национализма в работе Т.Саманчина» деген макаласы «Советская Киргизия» газетасынын 1949-жылдын 10-апрелдеги санына жарыяланган. Макалада Тазабек Саманчиндин ,,Манас» дастанын даңазалаганы, манасчыларды изилдегени, Молдо Кылычтын мурасын иликтеген эмгектери сынга алынган. Бул сын Саманчиндин  ишине тоскоолдук жараткан. Көп өтпөй 1950-жылы ал ак жерден он жылга эркинен ажыратылган. Аны менен кошо манастаануучулар Ташым Байжиев менен Зыяш Бектенов да күнөөсүз жерден абакка кесилген. 1955-жылы толугу менен акталып, камактан бошотулган. Бирок Саманчин эч бир жумушка орношо албай калган. 1979-жылы Бишкекте каза болгон.
Бул жерде мен эмнени айткым келди? Тазабек Саманчин атабыздын камалышына жанында эле жүргөн кесиптештери, замандаштары себеп болгон. Ал камакта болгон мезгилде үй-бүлөсү азап тарткан. Камактан чыккан учурда балдарына мындай оор тагдырды ыраа көрбөй тынчсызданат. Балдарын коомдо акырын жүрүп, эл алдына чыкпай, тынч жашаганга чакырат.

ТАЗАБЕК САМАНЧИНДИН ООР ТАГДЫРЫ МЕНИ ОЙГО САЛДЫ

Мен эмнеге кайгырып жатам? Саманчин атабыз камактан чыкканда жумушу жок жүргөнү аз келгенсип, бут тоскондор көп болгон. Анын жазган эмгектерин өз көз алдында өрттөп салган жана аны менен кошо жан дүйнөсүндөгү ишеничти талкалаган замандаштары болгон. Ал иштен кийин, журналдарды окуп, көп жазбай да калган. Гипертония оорусуна чалдыгып, эч бир адамга кереги жоктой, өзүн жалгыз сезген. 1979-жылы үчүнчү жолу инсульт алып, кайтыш болгон. Жашоодо өзү каалаган көп нерселерди жасай албай, көз жумду.

Саманчин атабыздын басып өткөн жолу, аябай татаал. Кээде бул болгон иштерге ыйлагым келет. Болду бул тагдырга моюн сун деймин. Ал да жардам бере албайт. Болгон иштерге көзүңдү жум деп айтамын, аны өзгөртө албайсың, өлгөн адамды тирилте албайсың деп өзүмдү жубатамын. Келгиле достор, бири-бирибизге тоскоолдук кылбайлы, Саманчин атабыздай улуу даражага жетели…

Тазабек Саманчин атабыз жүрөгүбүздө түбөлүк жаркыраган нур сымал жашасын!

ТАЗАБЕК САМАНЧИНДИН ООР ТАГДЫРЫ МЕНИ ОЙГО САЛДЫ

Байзак кызы Аруужан,​ И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин 1-курсунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер