ТАШТАНДЫДАН ЖАСАЛГАН КӨМҮР КЛИМАТКА ЗЫЯНСЫЗ

  • 14.11.2022
  • 0

Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Нурдөөлөт Аскарбеков таштандыдан көмүр ойлоп тапты. Көмүргө керектелүүчү сырьё таштанды катары ыргытылган жалбырак менен кагаздан турат. Ал атайын нымдаштырылып аппараттын жардамы менен формага келтирилет. Бир колдонгондо эки сааттан ашык күйөт жана көп калдык чыкпайт. Мындай жылытуучу каражаттын өзгөчөлүгү – түтүн аз чыккандыктан климатка терс таасирин тийгизбейт жана көп функционалдуу колдонууга болот.
Нурдөөлөт өзү ойлоп тапкан табылгасын 11-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Эл аралык илим күнүгө карата өткөн көргөзмөдө көрүүчүлөрдүн сынына койду. Ал бул идеяны акыркы жылдары борбор калааны каптаган түтүндөн кантип арылуу керек деген суроого жооп издеп жатып тапкан.

ТАШТАНДЫДАН ЖАСАЛГАН КӨМҮР КЛИМАТКА ЗЫЯНСЫЗ
— Бул эмгектин идеясы университтеги профессор Бермет Сүйүтбекованын берген тапшырмасынан улам келип чыкты. Себеби кыш мезгили келери менен жыл сайын түтүн пайда болуп, климатка гана эмес, адам өмүрүнө да терс таасирин тийгизип жатат. Анын үстүнө, өзүм да аллергиктердин катарын толуктагандыктан ушул маселени чечүүгө бел байладым. Профессор менен биргеликте түтүндүн эмнеден пайда болуп жатканын изилдеп отуруп, негизги булагы катары көмүр эсептелерин аныктадык. Ошондо көмүрдүн ордуна эмнени пайдалансак болот деп ойлоно баштадык. Натыйжада ушул идея пайда болуп, биз колдонгон каражаттардын абага таасири канчадык экенин, ар бири канча көлөмдө кошулуусу керектигин аныктап чыктык. Буга чейин таштандыдан күйүүчү каражат жасалган эмгек болбоптур, — дейт Нурдөөлөт.
Таштандыдан көмүр жасоо үчүн бирдей көлөмдөгү кагаз менен майдаланган жалбырак алынып, суу менен аралаштырылат. Аны пресстегенде ашыкча суу бөлүнүп чыгат. Нурдөөлөт ойлоп тапкан форма менен бир чыгарганда төрт брикетти беш мүнөттө чыгарып алса болот. Он саатта болжолдуу он төрт миң брикет чыгаруу мүмкүн. Пресстелгенден кийинки сууну кийинки материалды чылоо үчүн иштете берсе болот. Натыйжада дээрлик таштанды чыкпайт.

Бир брикеттин салмагы жарым килограммга чейин жетет. Наркы он сомду түзөт. Көмүрдөй көп убакытка күйбөсө дагы эки саатка чейин өчпөйт. Чөнтөккө да көп күч келтирбей, артынан калдык көп чыкпайт. Эң негизгиси климатты булгап, адамдардын ден соолугуна зыян келтирбейт. Аны бир гана жылуулук үчүн эмес, шишкебек, барбекю жана башка баардык тамак-аштарды жасоого да колдонсо болот.
— Албетте, башында кемчиликтерди кетирдик, жалбыракты майдалабай койгондуктан кээ бир прототиптер чачырап кеткен учурлар болду. Акырындап отуруп бир калыпка салып алдык. Керектелүүчү материалдар деле жеткиликтүү. Өзүбүз уюштурган ишембиликтен чыккан таштандыдан эле жалбырактарды бөлүп алабыз. Ал эми кагазды болсо макулатура үчүн окуу жайларга, кеңселерге кутучаларды коюп, чогултуп алсак болот. Башка таштанды таштоочу жерлерге дагы желим, айнек жана кагаздарды өзүнчө бөлүп таштоону сунуштап жатабыз. Ал система ишке кирсе чогулган кагазды бекер алабыз да, калган бөлүгүн тиешелүү фирмаларга сунуштайбыз. Чынын айтканда, бул долбоорду жакында эле түзүп ушул прототипке жеттик. Биринчи ишибиздин эки саатка күйгөнү биз үчүн чоң жетишкендик. Арийне, биринчи кезекте өзүбүз күйгүзүп көрүп, дагы да көбүрөөк убакытка күйүү жана жылуулук берүү үчүн кандай жолдору бар экендигин, кошумча-алымчасын кошуп, мындан да сапаттуу өнүктүрүүнү максат кылабыз. Мисален, воск кошуу оюбузда бар, — дейт жаш ойлоп табуучу.

ИЛИМ ӨНҮГҮШҮ ҮЧҮН ИЛИМ МЕНЕН БИЛИМДИН ОРТОСУНДА АЖЫРЫМ БОЛБОШУ КЕРЕК

ТАШТАНДЫДАН ЖАСАЛГАН КӨМҮР КЛИМАТКА ЗЫЯНСЫЗ
Илим күнүнө карата өткөн иш-чаранын алкагында «Кыргызстандагы университет 4.0 жараянынын азыркы абалы жана келечеги”, “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тренддер” деген темаларда тегерек стол өтүп, бир катар баяндамалар окулду. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу илимдин бүгүнкү күндөгү абалына токтолуп, аны чечүүнүн төмөндөгүдөй жолдорун сунуштады:
— Эгемендүүлүктүн 31-жылында илимий ишмердүүлүктүн артыкчылуу багыттарын, илимий мекемелерди, анын ичинде Улуттук илимдер академиясын сактап калдык. Кээ бир багыттар боюнча мүмкүн ийгиликке да жетише алдык. Бирок, илимде бир топ көйгөйлөр бар экендигин унутпайлык. Негизги көйгөйлөрдүн бири — жогорку билим берүү сапатын камсыздоонун негизги шарттарынын бири болгон илим менен билимдин ортосундагы байланыштын алсыздыгы, чабалдыгы. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө илим менен билим бири-биринен обочолонгон абалда тургандай сезилет. Албетте, бул болсо илимдеги сенектикке жана жогорку билим берүү системасындагы деградацияга алып келет. Илимий кадрларды даярдоого туруктуу коррупциялык сxеманын бардыгын коомчулук көзүбүзгө сая айтып жатат. Мындан улам, окумуштуулук даража, окумуштуулук макамдын кадырын болуп көрбөгөндөй түшүрүп алдык. Кыргызстанда фундаменталдык да, колдонмо илим да дүйнөлүк илимден изоляцияда калгандай абалда. Илимий кадрларды даярдоодо орчундуу көйгөйлөрүбүз бар, Алсак, аспиратурада, жаңыңдан кирип жаткан докторантурага тиешелүү укуктук актыларды жаңылоо, аларды каржылоо принциптерин бекитүү жана башка маселелер.

ТАШТАНДЫДАН ЖАСАЛГАН КӨМҮР КЛИМАТКА ЗЫЯНСЫЗ
Бүткүл дүйнөдө университеттик илим гана бар болсо, постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында университеттик жана академиялык илим болуп экиге бөлүнөт. Университеттик илим да чабал, өнүкпөгөн абалда турат деп айтууга кандайдыр бир деңгээлде негиз бар. Илимий институттардын өндүрүмдүүлүгүн мониторнг кылган система жок. Ага адекваттуу баа берүү жолго коюлган эмес. Бүткүл дүйнөдө кантип илимий мекемени, илимди, илимпозду өлчөйбүз, ченейбиз деген конкреттүү, так, даана коюлган критерийлер бар. Биз да ушул системага батыл өтүп, аны менен бирге окумуштуулардын дүйнөлүк мейкиндикте тааныла тургандыгына маани берүүбүз зарыл. Өндүрүш менен илимий институттардын ортосундагы байланыш жокко эссе, карым-катнаш боюнча байланышты түзүү, коммуникация маселелери бар. Мамлекет тарабынан илимге бөлүнгөн каражаттын эффективдүү иштетилүүсүн камсыз кылуу, каржылануучу илимий долбоорлордун актуалдуулугун жана колдонмо мүнөзгө ээ экендигин тактоочу эксперттик кеңештер, механизмдик иштердин айкындуулугу жок. Эл аралык «Scopus», «Web of science» жана башка маалыматтык базалары, ресурстары менен иштөө жолго коюлган эмес. “Scopus», «Web of science» маалымат базасындагы журналдарга чыгаруу үчүн сөзсүз түрдө акча төлөө керек деген ой баарыбыздын мээбизге сиңип калганына туш болуп жатам. Бизге боордош болгон Түркияны ала турган болсок, эгерде ошондой журналдарга акча төлөп чыга турган болсо окумуштуулардын эсебинен алынбайт экен. Мындай журналдарды дүйнөлүк илимий коомчулукта «жырткыч» журналдар деп айтат, алар кара тизмеге түшөт. Ата мекендик окумуштуулардын эл аралык абройлуу басылмаларга макалаларды берүүсү, эл аралык патенттерди алуусу боюнча жумуштар тилекке каршы, системалуу жолго коюлган эмес.
Билим берүү жана илим министрлиги илимдин институционалдык багытынын алкагында өнүктүрүүнүн шарттарын жана принциптерин укуктук-ченемдик жактан бекитүү максатында «Илим жөнүндө» мыйзам долбоорун Өкмөттүн кароосуна киргиздик. Жакында Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылат. Бирок мыйзам менен гана алдыбызда турган бардык маселелерди чечип коюу такыр мүмкүн эмес. Кооомчулукта «Улуттук илимдер академиясын жоюу тууралуу оюңар болуп жатат» деп бизди сындап жатышат. Министрликтин өкүлү катары бизде андай ой жок экендигин айтып коёюн. Бирок азыркыдай абалда кала берүү дурус эмес. Так жана конкреттүү меxанизмдер иштелип чыгуусу зарыл. Изилдөөчүлөрдүн жаңы мууну пайда болмоюнча илимдин өнүгүшү мүмкүн эмес. Илим менен билимдин эффективдүү интеграциясы кесипкөй адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, жаштарды илимий изилдөө иштерине тартуу аркылуу жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири болуп эсептелет.

ТАШТАНДЫДАН ЖАСАЛГАН КӨМҮР КЛИМАТКА ЗЫЯНСЫЗ
Беш окуу жайга өзгөчө статус бердик. Алар каржылык, академиялык, административдик жактан эркин болушту. Аны менен бирге университеттерде билим менен чогуу илим да болуусу, инновацияны өндүрүшкө алып келүүсү абзел. Демек, университеттерде өзгөчө жоопкерчилик бар. Ушул университеттерден билим берүү системасынын келечеги да кандайдыр бир деңгээлде көз каранды. Албетте, убакыт өткөндөн кийин эмнеге жетишкендиги тууралуу сурайбыз. Эгерде ийгилик жарата алса башка университеттерге да өзгөчө статус берилүүсү кажет. Окуу жылынын башында студенттик стартаптарга маани берип, «бизнес–инкубатор» долбоорунун ачылышы менен дем бердик. Чынын айтканда, башында стартап иштеп кетеби деп коркконбуз, түйшөлгөнбүз. Бирок бүгүнкү иш-чаранын алкагында студенттик иштелмелер бар экендиги мени кубандырды. Ош мамлекеттик университетинин, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттеринин иштерин көрдүк. Стартаптар аркылуу студенттерге жаңы дем бере ала турган болсок, алардын илимге келүүсүнө, өндүрүшкө айлануусуна өбөлгө түзө алабыз.

ТАШТАНДЫДАН ЖАСАЛГАН КӨМҮР КЛИМАТКА ЗЫЯНСЫЗ
Улуттук илимдер академиясынын президенти Жуматаев Мурат илимпоздордун эмгектеринин эл аралык деңгээлге жетпей жаткандыгынын себебин айтып, Илимдер академиясы жогорку окуу жайлар менен биргеликте илимий долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин баса белгиледи.

— Албетте, биздин илим терең өзгөрүүлөргө муктаж, азыркы учурдагы абалы эч кимди канааттандырбайт. Он жети жылдын ичинде эч бир жетекчи Илимдер академиясына барган эмес, эки жыл мурда президент барып сураганда окумуштуу үчүн негизги нерсе илимий аспаптык база экендигин айткан элем. Илимий макаларлардын өтпөй жаткан бир себеби советтер союзундагы аспаптар боюнча алынган маалыматтар болуп жатат. Эки жылдан бери министрлик менен биргеликте аракеттенип келебиз. Жакынкы учурда ишке ашат деген ойдомун. Мен да ЖОЖдо кафедра башчысымын, ал жактагы илимдин көйгөйлөрү менен таанышмын. Дүйнөдөгү ЖОЖдорго кошулсак деп айтып келебиз. Бирок Германияда, Англияда профессорго жылына 200-400 саат эле бөлүнөт, калган убактысын илимге же болбосо аспират, докторанттар менен иштөөгө жумшайт. Ошол себептен илимий борборго айланып жатат. Улуттук илимдер академиясы да буга даяр. Окумуштуулардын саны көп көрүнгөнү менен коңшу Тажикстанга караганда аз. Бир жагынан окутуучуларды илимге, илимий кызматкерлерди окууга тарталы. Ошондо мүмкүн бөлүнүп жаткан каражатты эффективдүү колдонууга мүмкүнчүлүк болот.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

ТАШТАНДЫДАН ЖАСАЛГАН КӨМҮР КЛИМАТКА ЗЫЯНСЫЗ    ТАШТАНДЫДАН ЖАСАЛГАН КӨМҮР КЛИМАТКА ЗЫЯНСЫЗ

Бөлүшүү

Комментарийлер