ТАМЧЫДАН КУРАЛГАН ДАЙРА

  • 28.02.2022
  • 0

Сокулук районунун Жыламыш айылындагы (азыркы Жаңгарач айылы) Нуркамал Жетикашкаева атындагы орто мектепте түгөйлөр Болоткан Зарлыковго жана Калыйпа Саралаеванын жаркын элесине арналган стенд илинип турат. 2018-жылы илинген бул стендди аталган мектептин эмгек жамааты Жыламыш айылынан эңбиринчи жогорку билим алган Болоткан Зарлыковго жана ушул айылдан эңбиринчи Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамын алган Калыйпа Саралаевага карата көрсөтүлгөн сый-урматы деп билишет. Ардагер агартуучу Калыйпа Саралаева 1935-жылдын 8-мартында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында жарык дүйнөгө келген. Токсонго таянып калган ардагер эжебизди алдыдагы кош майрамы менен куттуктаганча, анын агартуу тармагына сиңирген опол тоодой эмгегин белгилеп коюуну эп көрдүк.

Ай тийген жолдо

Калыйпа Саралаева китеп көп окуган молдонун үй-бүлөсүндө тарбияланып өскөн. Ал Үркүнгө катышкан атасы Сарала, апасы Калыйча жөнүндө балдарына, неберелерине айтып бергенден тажабайт, ананчы, ата-баба баянын үзбөй, улам кийинки муунга улап келүү — ар бир адамдын турмуштагы эңжооптуу жана эңыйык вазийпасы тура.

– Атам раматылык турмуш запкысын көп көрүптүр. Апама жолукканга чейинки аялынан көп балалуу болгону менен, ошол кезде каптаган келтеден жалгыз өзүнүн коколой башы калыптыр. Атам 1916-жылы Үркүндө Кытайга чейин барып келгенин, көпкө дейре бой жүрүп, анан апама жолугуп, экөө тогуз балалуу болушканын, бирок төртөөбүз гана аман калганыбызды айтып берер эле. Ал ар дайым тамак ичип отурганда нандын күкүмүн жыйнап жечү. Бизди да нанга аяр мамиле жасагыла, ысырап кылбагыла деп үйрөткөндөн тажачу эмес. Апам да аябай акылдуу жан эле. Бизди ынтымактуу болгула, билимдүү болгонго умтулгула деп какшап кулагыбызга куюп турчу.

Тамчы айылында жашап жүргөндө үйүбүз мектептен алыс болгондуктан, таңатпай эрте турганга аракеттенчүбүз. Апам жарыктык бизге кебезден эшилип жасалган шамды жагып жарык кылып, сабак бышырганыбызга көз салып отурчу. Күндө эртеңменен менин курсагымды тойгузуп, анан мени мектепке узатып боз үйдүн жанында карап турган карааны азыр да көз алдымда. Айлана тыптынч. Мен айдын жарыгында жалгыз аяк жол менен кереметтүү Ысык-Көлдү бойлой чуркап күн чыга электе мектепке келчүмүн. Бизди кыйналбасын дегениби, бир убакта мектепке жакын жашаган досунун үйүндө жатып окуп жүрдүк. Бул ата-энемдин билимге аябай көнүл буруп, биздин окуубузду үзгүлтүккө учуратпаганга жасаган далалаты эле. Мени жакшы оку деп көп айтчу. Мен дагы аябай тырышып жакшы окудум, — дейт Калыйпа эже окуучулук кезин эске салып.

Мугалим бир туугандар

Төрт бир тууган ата-энеси тилегендей эле, бири-бирине арка-жөлөк болуп, ич ара ынтымактуу чоңоюшту. Улуу агасы Кыдыр ата-энесин, бөбөктөрүн багам деп, окубай калган менен, кийин атасынын жолун улантып Кочкор аймагына белгилүү молдо болду.

ТАМЧЫДАН КУРАЛГАН ДАЙРА

Кызы Миргүл менен

Жумакадыр агасы мектепте абдан жакшы окучу. Айрыкча математика сабагынан кыйын эле. Калыйпа эжени мугалим бол деп багыт берип сүрөгөн да ушул агасы болду.

Ал өзү мектепте мугалим, мектептин директору, көп жыл Кочкор районунун Жданов атындагы колхоздун башкармасы болуп иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыкты.

Ал эми табиятынан назик сиңдиси Жакиман окуусун аяктап, Кочкор районундагы Калинин атындагы мектепте көп жыл үзүрлүү иштеди. Билим берүүнүн мыктысы наамына татыктуу болуп, көптөгөн жаш жеткинчектерге билим тарбия берди.

Азыр төрт бир туугандын экөө аман.

Агартуучулук кесиптин айдыңында

Калыйпа Саралаева мектептен жети жылдык билим алгандан кийин 1952-жылы Пржевальскийдеги (азыркы Каракол шаары) педагогикалык училищеден окуусун улантат.

Ал 3-курста окуп жүргөндө окуу жайын Нарын шаарына көчүрүшкөн.

1956-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын аяктаган соң, башталгыч мектептин мугалими жана улуу пионер башчы деген квалификацияга ээ болуп, бүтүрүүчүлөр менен бирге Ош облусунун Өзгөн районуна жөнөп кеткен. Ал кезде тартип ошондой болчу, өкмөт менен партия кайсы жакка бөлсө, ошол жакка барып иштеп келиши керек эле. Ошентип 1956-жылы 15-августта Ош облусунун Өзгөн районундагы жети жылдык Кеңеш мектебине башталгыч класстарга мугалим болуп иштеп калат. Өзүнүн ишине тыкан, жоопкерчиликтүү жаш адис бат эле көзгө илинип, көп өтпөй эле Ош облусунун Өзгөн райондук комсомол комитетинин мектеп бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат.

ТАМЧЫДАН КУРАЛГАН ДАЙРА

Мугалимдердин VI съезди, Кыргызстан

– Биз иштеп жүргөн кезде аткарган ишибиз, алдыдагы максатыбыз так, анык боло турган. Комсомол жаштарды тарбиялап, такшалткан соң, партиянын катарына кабыл алчу. 1957-жылы мени Бүткүл союздук Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзунун Борбордук Комитетинин алдындагы Борбордук комсомолдук мектепке Москвага жөнөтүштү. Бул дагы өзүнчө тартип, тарбия, тажрыйба топтоо жана чоңишеним көрсөтүү эле. Мен жогорку билим алуу үчүн 1957-жылы Ош мамлекеттик педагогиялык институтунун педагогика жана психология факультетине окууга кирдим. Андан көп өтпөй эле Зарлыков Болоткан деген жигитке турмушка чыктым. Ал Ташкенттеги университеттин юридикалык факультетин аяктап, өкмөт менен партиянын тапшырмасы менен Өзгөнгө жөнөтүлүптүр. Жолдошум кесибине жараша, бир жерде төрт-беш жыл гана иштегендиктен, мен да аны менен көчүп-конуп жүрүп, көп райондун мектептеринде иштеп калдым. Кыскасы, 1963-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, «Мектепке чейинки мекеменин методисти инспектору» деген квалификациясын алганга чейин жана андан кийин Өзгөн районундагы жети жылдык Шоро-Башат мектебинде, Өзгөн районундагы жатак-мектепте, андан кийин Кара-Суу шаарындагы Киров атындагы орто мектебинде, Караван шаарындагы жатак-мектепте, Араван районундагы Октябрь атындагы мектепте, Лейлек районундагы Самат Садыков атындагы сегиз жылдык мектепте, Ош облусунун Токтогул районундагы Гагарин атындагы орто мектепте иштедим. Ал жерлерде улуу пионер вожатыйдан тартып, тарбиячы, мугалим, башталгыч класстардын завучу, мектеп директору кызматтарды аркаладым. Ал ортодо уулубуз Уланбек, кызыбыз Миргүл төрөлдү. Мен көбүнчө башталгыч класстын окуучуларын окуткандыктан, мага кичинекей балдар абдан жакын эле, — дейт.

Калыйпа эже жогоруда айткандай, жолдошу кызматы боюнча кайсы жакка которулса, кошо көчүп жүрүп, көптөгөн окуучуларга билим-тарбия берди. Ошондуктан, Калыйпа эже окуткан балдар республикабыздын дээрлик бардык булуң-бурчунда бар экендигине сыймыктанат.

– Эсимде, мен Токтогулда иштеп жүргөндө, мурда окуткан окуучум, класстын активисти Урманай Мусурмановадан ыраазычылык кат алганда, кандай гана сүйүндүм! Кийин ошол окуучум мени таап, мектепти аяктагандыгына 30 жылдыгын белгилешкенде, классынын атынан мени мейманга чакырды. Өзүм окуткан окуучуларымдын жылуу сөздөрүн угуп, жасаган мамилелерине абдан ыраазы болуп кайттым, — дейт толкунданганын жашырбай.

Бай тажрыйбасын балдарга арнады

Калыйпа Саралаева өзүнүн агартуучулук сапарында көптөгөн окуучуларга татыктуу билим-тарбия берип, алардын алкышына арзыды. Анын эмгеги жерде калбай, 1978-жылы Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлигинин жана агартуу, жогорку мектеп жана илимий мекемелердин кызматкерлер профсоюзунун республикалык комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. 1980-жылы «Элге билим берүүнүн отличниги» төш белгисин алды.

– 1980-жылы июлда жолдошум Болоткан каза болду. Бул мага жана балдарыма чоңжоготуу болду. Болоткан менин ишимди аябай баалачу. Мага «Сен отличник наамына татыктуусуң» деп көп айтар эле. Тилекке каршы, ал каалаган төш белгини жолдошумдун көзү өткөндөн кийин алып калдым. 1983-жылы мага «Улуу мугалим» деген наам берилди. Кийинки жылы «Эмгек ардагери» деген медаль менен сыйландым.

1987-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наам берилди. Бул наамды Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Секретары Кошоевдин колунан алгам, — дейт Калыйпа эже сыймыктануу менен.

Калыйпа Саралаева Түштүктөн көчүп келгенден кийин да агартуучулук кесибин таштаган жок. 1981-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш айылындагы (азыркы Жаңгарач айылы) Нуркамал Жетикашкаева атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп жүрдү. 1992-жылы Бишкек шаарындагы №40 мектепте мамлекеттик тил адиси болуп ишке орношуп, ал жерде 2007-жылга чейин иштеди. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды.

Кызы Миргүл Зарлыкова апасынын жолун жолдоп мугалимдик кесипти тандады. Ал да апасындай КР билим берүүсүнүн мыктысы болду. Азыр ал ардактуу эс алууда. Уулу Улан жок, атасынын жанында. Турмуш өз нугу менен улана берет тура, пешенеге жазылган тагдырдын буйругу менен жолдошу экөө Түштүктү түрө кыдырып кызмат кылып, өз кесибине берген антын татыктуу аткарышты.

Токсондун төрүнө барып калган ардагер агартуучу Калыйпа Саралаева убагында эл алкышына арзып эмгек өтөсө, эми небере-чөбөрөлөрүнүн урмат-сыйын көрүп отурат. Алдыдагы кош майрамыңыз кут болсун!

Айнагүл Кашыбаева,
«Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер