ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК СЫНАККА ЖОЛДОМО АЛЫШТЫ

  • 27.04.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана “Алтын түйүн” балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын 60 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, окуп жаткан жаштардын илимий-техникалык  чыгармачылыгын жайылтуу, жөндөмдүү балдарды колдоо, балдардын долбоорлоо изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүгүн өстүрүү жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде, республикалык балдардын инженердик-техникалык “Алтын түйүн”  академиясынын иш-планына ылайык, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун буйругу менен 2021-жылдын 5-апрелинде Ош технологиялык университетинин базасында “Биз ХХ1 кылымдын интеллектуалдары — 2021”  кароо-сынагынын облустук туру өткөрүлдү.

Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун кызматкери М.Таштемированын берген маалыматына караганда,  облустук кароо-сынакка райондук турда тандалган жүздөн ашык окуучулар эмгектери менен  катышты. Кароо-сынактын ачылыш аземине окуучулардын өздөрү ойлоп таап жасаган макеттери жана моделдеринин көргөзмөсү коюлду.

— Сынак жети номинация боюнча тапшырмалар берилип, жети  багыт боюнча  ОшТУнун мугалимдер жамааты тарабынан комиссиянын курамы түзүлүп, долбоорлор тандалды. Жыйынтыгында “Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер” номинациясы  боюнча 1-орунга Кара-Суу районунун №33 Интернационал о.м. окуучусу Умарова Айбике; Алай районунун №27 Жоро Алимов а.о.м. окуучусу Кабылжанов Урматбек жана Кара-Суу районунун №86 Курманжан-Датка а.о.м. 10-классынын окуучусу Алмазбек уулу Бектемир чыгышты. 2-орунга Кара-Кулжа районунун Жийде  а.о.м. окуучусу Эрлан кызы Жасмина  “Мусор бөлүштүргүч” долбоору менен  чыкса, 3-орунга Ноокат районунун М.Нурматов а.о.м.  окуучусу  Хамидов Мухаммедсалим “Үй тиричилик бренди” долбоору менен 3-орунга ээ болду, — дейт борбордун кызматкери.

“Астрономиялык турнир” номинациясы боюнча  Алай районунун №17 Кызыл-Алай о.м. 10-классынын окуучуларынын командасы (Бердибай уулу Азамат, Илязов Нурислам, Калыков Ислам, Бекжанов Акыл, Касымова Канышай); 2-орунду Кара-Суу районунун Бердибеков орто мектебинин окуучулары (Эркебаева Жыпаргүл, Жаныбек кызы Жумагул, Шералиева Нуриза, Айбек кызы Алияна) “Жер тибиндеги планеталар” долбоору менен камсыз кылышты. Ал эми 3-орунга Алай районунун Жаанбаев орто мектебинин окуучусу Касымова Канышай “Планета парады” долбоору менен 3-орунга ээ болду.

 “Приборлор, радиожабдуулар, телекоммуникациялык системалар” номинациясы боюнча 1-орунга Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо о.м. 8-окуучусу Камилов Мырза “Фотореле” долбоору менен, 2-орунга Кара-Суу районунун  Кызыл-Ордо орто мектебинин  окуучусу Номонов Бекболот “Радио кабыл алгыч” долбоору менен 2-орунга чыгышты. Ал эми 3-орунга Кара-Кулжа районунун  Б.Эшматов орто мектебинин  8-классынын окуучусу Төрөбеков Эржан  “Вездеход, Комбайн машина” долбоору бааланып, 3-орунга ээ болду.

 “Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар” номинациясы  боюнча 1-орунга Кара-Кулжа районунун, РБЧБ, “Моторист” ийрими 11-класстын окуучусу Улан уулу Темирлан “Мини ГЭС” долбоору менен, 2-орунга Алай районунун  № 45 Маназаров атындагы орто мектебинин  8-классынын окуучусу Абдыкапаров Шергазы  “Шамал генератору” долбоору менен 2-орунга,  ал эми 3-орунга Кара-Кулжа районунан “Биогаз” долбоору менен Молдотжанов  Азамат ээ болду.

 “Маалыматтык технологиялар жана программалоо”  номинациясы боюнча 1-орун   Кара-Суу районунун,  №44 Сматова о.м. 8-класстын окуучусу Алеков Айтенир “Акылдуу таштанды салгыч” долбоору менен,   Кара-Кулжа районунун 11-классынын окуучусу Пахтакун уулу Жумабек “Робот” долбоору менен, 2-орун — Кара-Кулжа районунун окуучусу Жукулова  Альбина  “Туулган жер” долбоору менен, 3-орунга Чон-Алай районунун Н.Кармышев а.о.м.  11-классынын окууучусу Касымов Улукбек “Машина” долбоору менен  ээ болушту.

 “Робототехника жана автоматташтырылган  технологиялар”  номинациясы боюнча 1-орун — Ноокат районунун, Додоң о.м. 9-класстын окуучусу Абдуллаев Марсел “Ден соолук аппараты” долбоорун менен, Кара-Суу районунун 7-класынын окуучусу Токтосунов Артык “Акылдуу чаң соргуч” долбоору менен, 2-орун — Кара-Суу районунун № 95 К.Жантөшев а.о.м.  6-классынын окуучулары Бахадиров Абдышүкүр, Таштанбеков Байэл “Рука робот” долбоору менен, 3-орун – Чоң-Алай районунун  Н.Кармышев а.о.м. 8-классынын окуучусу  Тилебалдыев Жумабек  “Роботомашина” долбоору менен жеңүүчү деп табылышты.

 “Дубал моделдери боюнча сынак” номинациясы боюнча 1-орун — ОБЧБнын “Редукция” ийриминин 7-классынын окуучусу Айтиева Сайкал “Ыкчам аракетте тез жардам” долбоору менен, 2-орун — Өзгөн районунун  “Жаш физик” ийриминин окуучулары Давлетов Ш., Жумалиев М., Тынаев Б., Авазбеков Т. “Бейиш көпүрөсү” долбоору менен, 3-орунга Кара-Кулжа районунун Жээнбеков а.о.м. 8-классынын окуучусу Тилебалдыев  Жумабек “Менин үйүм” долбоору менен ээ болушту.

Жеңүүчүлөр Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун дипломдоруна жана баалуу сыйлыктарына ээ болушту.  Ошондой эле сынакта активдүүлүгүн көрсөткөн ойлоп тапкыч окуучуларыбызды куру кол калтырбай,  Ош технологиялык университети тарабынан даярдалган  грамоталар жана белектер менен сыйланды.

Таланттуу балдарыбыздын чыгармачылыгына дем берип, окуучуну жогорку деңгээлде даярдагандыгы жана мыкты ийгиликтерди жараткандыгы үчүн  мугалимдер Ош билим берүү институтунун Ардак грамотасына ээ болушту.

— Бул сынак жаш муундарыбыздын интеллектуалдык ойлоп табуучулук жөндөмдүүлүктөрүн мындан ары өсүп өнүгүшүнө түрткү берет деген ишенич менен жаш ойлоп табуучуларга алдыда боло турган “Биз ХХ1 кылымдын интеллектуалдарыбыз — 2021” кароо-сынагынын эл аралык турунда эң мыкты ийгиликтерди жаратып, зор жетишкендиктерге ээ болот деген ишеничти айтышты. Кароо-сынактын катышуучуларына ОшТУ тарабынан уюштурулган концерттик программа коюлуп, окуучулар көнүлдүү кайтышты. Облустук кароо-сынакта 1-орунду багындыргын 15 окуучу Эл аралык сынакка жолдомо алышкан. 21-23-апрель күндөрү “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” Эл аралык туру онлайн болуп өттү. Кароо-сынакка Россия, Казакстан мамлекеттери жана ЖОЖдун студенттери, мектеп окуучулары менен 230 катышуучу долбоорлору менен катышып,  Ош облусу боюнча ОБЧБнун ТЧБнүн  “Редукция”  ийриминин 7-классынын окуучусу Айтиева Сайкал “Дубал” моделдери боюнча сынак номинациясы боюнча “Ыкчам аракеттеги тез жардам борбору”  долбоору  жактырылып, РДИТАнын дипломуна жана  белегине ээ болду,  калган баардык катышуучулар РДИТАнын сертификаты берилди, — дейт М.Таштемирова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер