СТЕМ БАГЫТЫНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ — УЧУР ТАЛАБЫ

  • 25.04.2023
  • 0

Учурда Кыргызстан боюнча долбоор алкагында:  башталгыч жана орто класстарында сабак берген 36000 мугалимди “Санариптик  сабаттуулук” программанын негизинде окутуу, башталгыч класстын 7000 мугалимин “Инновациялык педагогикалык технологиялары” боюнча окутуу, математика, химия, физика жана биология боюнча сабак берген 8000 мугалимди “Инновациялык педагогикалык технологиялары жана STEM билим берүүнүн негиздери” боюнча окутуу жана “Баштапкы мектептеги коррекциялык (оңдоп-түзөтүүчү) окуу” программасы менен, башталгыч класстын 7000 мугалимин окутуу жүргүзүлөт.

СТЕМ БАГЫТЫНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ - УЧУР ТАЛАБЫ

Аталган иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү үчүн конкурс жарыяланып, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду түзгөн, курамына “AC Consaltin” ЖЧК, Борбордук Азиядагы  Америка университетинин алдындагы инновациялык колледжи катышкан   консорциум жеңүүчү катары табылган.

Учурда Кыргызстан боюнча долбоор алкагында:  башталгыч жана орто класстарында сабак берген 36000 мугалимди “Санариптик  сабаттуулук” программанын негизинде окутуу, башталгыч класстын 7000 мугалимин “Инновациялык педагогикалык технологиялары” боюнча окутуу, математика, химия, физика жана биология боюнча сабак берген 8000 мугалимди “Инновациялык педагогикалык технологиялары жана STEM билим берүүнүн негиздери” боюнча окутуу жана “Баштапкы мектептеги коррекциялык (оңдоп-түзөтүүчү) окуу” программасы менен, башталгыч класстын 7000 мугалимин окутуу жүргүзүлөт.

Консорциумдагы негизги кызмат аткаруучу болгон  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду тарабынан түзүлгөн командада он устат тренер жана 44 окутуу тренерлери иш жүргүзмөкчү, алардын ишин уюштуруу жана жетектөө буга чейин көптөгөн эл аралык долбоорлодо улуттук тренер болуп келген, билим тармагыгынын тажрыйбалуу, кесипкөй кызматкери Жеңишбек Урумовго жүктөлгөн.

Буга чейин “Келечекке билим берүү” долбоору тарабынан атайын окутуу модулу иштелип чыгып, эксперттер, тажрыйбалуу мугалимдердин бир катар талкууларынын негизинде жактырылып, пайдаланууга даярдалган. Аталган модуль алкагында окутуу тогуз күн (72 саат форматында) жүргүзүлөт. Окутуунун структурасы заманбап талаптарды эске алган. Маселен, биринчиден, окутуу модулу учурда билим тармагы эле эмес, мамлекет үчүн актуалдуу болгон келечектеги  PISA эл аралык сынагындагы суроо талаптарга шайкештелген, экинчиден,  КОВИД алааматынын кесепетин жана санариптик жана глобалдашуу заманынын чакырыктары эске алынуу менен төрт күн онлайн режиминдеги сабактар, бир күн онлайн режиминде өз алдынча даярдык менен кайтарым байланыш түзүлүп сабак өтүү каралган.  Ал эми программадагы калган төрт күнгө кадимки режимдеги тренинг сабактар жүргүзүлөт.

Аталган иш-чаралар республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, ошондой эле  Кыргыз билим берүү академиясынын түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлөт, себеби мугалимдердин 72 сааттык курстан өткөндүгү тууралуу сертификат алуусу каралган жана мугалимдерге санариптик ыкмадагы тренингдерге катышуу үчүн  атайын логин парольдор берилет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер