ШАХМАТ БАЛДАРДЫН АКЫЛ-ЭСИН ӨНҮКТҮРӨТ

  • 25.11.2021
  • 0

Бишкекте 6 жаштан 14 жашка чейинки кыздар жана балдар арасында шахмат боюнча өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин  Кубогуна  Кыргызстандын бардык аймагынан жалпы 350 катышуучу күч сынашты. Алардын ичинен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн Улуттук “Сейтек”  борборунун  тарбиялануучусу Жибек  Сагынбекова  сегиз  жашка чейинки кыздардын арасынан  1-орунду багындырды.

ШАХМАТ БАЛДАРДЫН АКЫЛ-ЭСИН ӨНҮКТҮРӨТ

Акыл таймашы

Маалыматка таянсак, мелдеш швейцариялык система боюнча жети тур менен өттү.  Турнирдин негизги максаты  —  шахмат оюнун кайрадан Кыргызстанда популярдуу кылуу. Ушул максатта Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгында атайын адистешкен шахмат мектеби ачылган эле. Айрым мектептерде, т.а. “Креатив-Таалим” ББКда шахмат окуу программасына кирип, атайын сабак катары окутулат.

— Менин билишимче, 2017-жылдан баштап борбор калаадагы бир нече мектептерге шахматты мектептин программасына киргизүү боюнча да пилоттук долбоорлор сунушталган. Албетте, бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн Өкмөттүн колдоосу керек.  Шахмат балдардын логикалык ойлонуусун өнүктүрөт жана турмушта аларды ийгиликтерге жетүүсүнө жардам берет, — дейт Балдардын жана өспүрүмдөрдүн Улуттук “Сейтек”  борборунун  шахмат боюнча педагогу Жылдыз Боргемикова.

Эксперттердин да айтуусу боюнча,  шахматты спорт гана эмес окуу предмети катары өркүндөтүү керек. Себеп дегенде көп окуучулар телефондон, интернеттен башы чыкпай, таалим-тарбияга терс таасир берген оюндар менен алектенишет. Ошондуктан мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде да шахматка балдарды тартууда өзгөчө маани бурулуп жатат.

— Биз үч  жаштан тарта балдарды кабыл алабыз. Шахмат — бул акылдуулукка умтулган таймаш. Акыл таймашында жеңишке жетүү үчүн мелдешке катышкан окуучу ар бир кырдаалды анализдеп, өзүнүн тактикалык жана стратегиялык жөндөмүн көрсөтө билиши керек. Негизи эле шахмат оюну байыркы замандан бери адамды өз алдынча ой жүгүртүүгө, ар бир жүрүштү ийне-жибине чейин талдоого умтултат. Ал адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн тарбиялайт,  балдардын аң-сезимин өстүрүп, терс көрүнүштөрдөн арылтат. Керек болсо, мектептеги  рэкетчилик менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдордун бири десем жаңылышпайм, — дейт педагог.

Он жыл ичиндеги ийгиликтер

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн Улуттук “Сейтек” борборунда Жылдыз Боргемикованын иштегенине он жылдын жүзү болду. Ушул жылдар ичинде борборго 3-4 жашында келген балдар 17 жашка чейин машыгып келүүдө.  Ар кандай деңгээлде өткөн турнирлерге катышып, жеңүүчүлөрдүн санын жыл сайын көбөйтүп  келатышат.ШАХМАТ БАЛДАРДЫН АКЫЛ-ЭСИН ӨНҮКТҮРӨТ

— Он жыл ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетише алдык. Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге барып, ар кандай турнирлерге катышабыз. Маселен, Казакстандын Алма-Ата, Кызыл-Орда шаарларына, Түркияга, Шри-Ланкага барып, оюнга катышып, олжолуу келдик. Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча чемпионатынан окуучу кызым Айнура Исаева 2-орунга чыгып, Шри-Ланкага жолдомо алып, барып ойноп келдик. Окуучум А.Исаева болгону 6 жашта болчу. Кийинки жылы ошол эле окуучум Кызыл-Ордада өткөн турнирге катышып, 1-орунду алган, — дейт машыктыруучу.

Президенттин Кубогу

Жакында эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу болуп өттү. Пандемияга карата эки жылдан бери өтпөй келаткан. Сегиз жашка чейинки кыздар арасында өткөн турнирде “Сейтек” борборунун тарбиялануучусу Жибек Сагынбекова 1-орунга чыгып,  Президенттин кубогу менен заманбап телефонду жеңип алды.

ШАХМАТ БАЛДАРДЫН АКЫЛ-ЭСИН ӨНҮКТҮРӨТ

— Балдар шахматты жакшы ойноп баштагандан кийин сөзсүз телефон керек. Анткени  шахматист телефондон эсептерди чыгарып, видеолорду көрүп турушу зарыл. Шахмат боюнча Кыргыз Федерациясы  эң чоң үч чемпионатты өткөрөт. Ал мектеп жаш курагындагылар деп 5-7, 9-11, 13-15-17  жашка чейин деп бөлүнсө,   бир жолку чемпионатта болсо  6, 8, 10, 12, 14, 16, 18 жашка чейин деп бөлүнөт. Ошол 18 жашка чейинки ойногон балдардын арасынан  1-орунду ээлеген  бала Азияга же дүйнөлүк чемпионатка барам деп тандайт. Ошондон кийин гана  2-орунду алган бала Шри-Ланкага барат.  Ал эми 3-орунду алгандар Ташкентке барышат.  6-8 жаш курагындагылар катышкан  чемпионатты гана Кыргыз Федерациясы каржылайт. Калган чемпионаттарга төлөп бералбайт, ошондуктан  аларды ата-энелер колдошот, — дейт Ж.Боргемикова.

Мээ гимнастикасы

Шахматта ар түрдүү маселелер көп. Балдар шахматка колун тийгизбей туруп, ойлонуп маселени  чыгарышат. Ойноп жатканда каршылаш оюнчу жүрүп, эсептеп ал деп уруксат бербейт, ошондуктан кол менен кармаганга тыюу салынат.

ШАХМАТ БАЛДАРДЫН АКЫЛ-ЭСИН ӨНҮКТҮРӨТ

— Колуңду тийгизбей, мээң менен санаганды үйрөн дейбиз. Эсептерди күнүгө чыгарып туруу зарыл. Эң башкысы ата-эненин кызыгуусу болушу керек. Эгер үйдүн ичинде эле бирөө каршы чыкса, ал балага терс таасирин тийгизет.

Биздин борборго келген 3-4 жаштагы балдар  өз алдынча тактаны карап алып, ошонун ичинен эч кимдин жардамысыз  жүрүш жасап, санап, тизе алат. Алар өз алдынча чечим чыгара алат. Шахматка жаңы келгенде үйрөнчүк деп коебуз. Анан 5-, 4-, 3-, 2-, 1-разрядды  алышат. Анан спорттук чеберге талапкер болушат, — дейт педагог.

Сыймык алып келген окуучулар

Акыркы жылдары “Сейтек” борборунун балдары ар кандай чемпионаттарга катышып, байгелүү орундарды багындырып жаткандары өтө эле көп.

ШАХМАТ БАЛДАРДЫН АКЫЛ-ЭСИН ӨНҮКТҮРӨТ

Маселен, ден соолугу чектелген Тилеген Рахатбековду  8-9 жашынан баштап Жылдыз Боргемикова машыктыра баштаган. Тилеген кыймылдабайт,  укпайт, сүйлөбөйт, бирок аябай акылдуу бала. Анын апасы кыйынчылыктарга моюн сунбай, жайы-кышы баласын “Сейтекке” ташып, шахматка машыктырган. Таланттуу  Тилеген спорт чеберинин талапкери болду. Ал эми Бакытова Бегимай деген окуучусу Казакстанга барып,  1-разрядды  алып, Кыргызстандын жалпы курама командасына кирген.

— Коммерциялык турнирлер да уюштурулуп турат. Бирок ага каржы төлөп катышабыз. 8 жаштагы Сагынбекова Жибектин 8 кубогу, Бегимайдын 4-5 кубогу бар. Исаева Айнуранын 8-9 кубогу бар ж.б. балдарым дагы кем калышпайт, — дейт сыймыктануу менен машыктыруучу.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган КОВИДдин айынан жылына өткөрүлүп турчу “Сейтектин кубогу” эки жылдан бери өткөрүлбөй келатат. Педагогдун айтуусуна караганда, келээрки жылы “Сейтектин кубогу”  республикалык  деңгээлде өткөрүлөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер