“СЕЙТЕК” – УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫН БЕШИГИ

  • 25.10.2022
  • 0

Президент С.Жапаровдун  “2022-2027-жылдарга  улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө  улуттук  программаны  бекитүү” Жарлыгынын,  ошондой эле анын “Инсандын  адеп-ахлактык   жана  дене тарбиясын  өстүрүү” токтомунун негизинде Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору өткөргөн республикадагы  спорт жана дене тарбия  мугалимдеринин (мектептен тышкаркы  кошумча билим  берүү  уюмдарынын  тогуз коргоол, шахмат, ордо, кыргыз күрөш, чүкө атуу  жалпы эле улуттук оюндар боюнча  ийрим жетекчилеринин) он күндүк  курсунда улуттук оюндарга басым жасалды.

“СЕЙТЕК” – УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫН БЕШИГИ

Улуттук оюн — эс тутумду жакшыртып, логикалык  ой  жүгүртүүнү өстүрөт

Балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун директору, п.и.к. Сабийра Челпакованын айтымында,   билим берүү саясатынын  багыттарынын  бири – руханий адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде: улуттар  аралык мамилелердин маданиятын, тарыхын, улуттук жана руханий биримдигин, улуттук нарк, ааламдашууга жана санариптешүүгө карабастан, кадыр-баркты, ар-намысты, айкөлдүктү, адилеттүүлүктү, чыдамкайлыкты  өстүрүүгө, ‌‌кыргыздын улуттук оюндары аркылуу окуучуларды‌  ‌кѳңүлдү‌ ‌бир‌ ‌жерге‌ ‌топтоого,‌ ‌убакытты‌ ‌баалоого,‌ ‌токтоо,‌ ‌жоопкерчиликтүү‌‌, ѳзүн‌ ‌так,‌ ‌тыкан‌ ‌алып‌ ‌жүрүүгө,‌ ‌ыймандуу,‌ ‌адептүү‌ ‌жана‌ ‌ маданияттуулукка‌ ‌тарбиялап,‌ ‌ ‌‌ ‌эс‌ ‌тутумду‌ ‌жакшыртып,‌ ‌логикалык‌  ‌ой‌  ‌жүгүртүүнү ‌   ‌калыптандырып,‌ ‌ өстүрөт.‌

“СЕЙТЕК” – УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫН БЕШИГИ

— Он күндүк курстун программасы өтө кеңири болду. Программада  практикалык, лекциялык  сабактар,  турнирлер,  спортсменди даярдоододогу  көнүгүүлөр менен “Сейтек” борборунун мугалимдери, спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык белендеги балдар-уландардын адистештирилген  мектебинин, Кыргыз шахмат Союзунун мугалимдери  сабак өтүштү. Бул курстун программасы Педагогикалык  кызматкерлердин   квалификациясын жогорулатуу  жана кайрадан  даярдоо   республикалык институтунун,    мектептен тышкаркы кошумча билим берүү  уюмдары  менен  Кыргыз  Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин  2022-жылдын 10-августундагы  “2022-2023-окуу жылына  билим берүү кызматкерлеринин  билимин жогорулатуу  план-графигине” буйругуна  ылайык  ишке ашырылды. Бул курстар, тогуз коргоолду, шахматты жана улуттук оюндар  (кыргыз күрөш, ордо, чүкө атуу)  боюнча  ийримдерин окуучулардын  арасында жайылтууга  шарт түздү, — дейт жетекчи.

“СЕЙТЕК” – УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫН БЕШИГИ

 

Курстун активдүү угуучулары Суусамырдагы К.Конушбаев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Калыбек Таштанбаев менен Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы мектептин мугалими Медеркул Мамыралиевдер он күндүк курста өтө жоопкерчилик менен пландалган мыкты сабактарга күбө болуп, практикалык иштерге катышып, дене тарбия сабагын жаңы ыкма менен өтүү керек экенине ынанып кетишти. Анда ар биринин оюна кулак салып көрөлү.

Улуттук оюн  ата-эне менен баланы байланыштырат

Медеркул Мамыралиев, курстун угуучусу:

“СЕЙТЕК” – УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫН БЕШИГИ

— Президентибиздин 2022-2027-жылга чейин улуттук баалуулуктарыбызды, анын ичинде спортту кеңири жайылтып, азыркы башка нукка түшүп бараткан жаш муундун багытын өзгөртүп, ошолорго жакшылап тарбия берип, ден соолугун чыңдоого, маданиятын өстүрүүгө улуттук оюндарыбыздын таасири чоң. Маселен, кан таламай, упай оюну тактыкты, тартипти талап кылат. Ал бири-бирин сыйлоого, урматтоого, керек болсо чүкөлөрдүн алынышы, берилиши, таратылышы тартипке чакырат. Улуттук оюн аркылуу балдарды тарбиялашыбыз зарыл. Анткени ааламдашуу доорунда элдин баары эле телефондон чыкпай, ата-эне менен балдар сүйлөшпөй, баарлашпай калышты. Эне кыздарына илгеркидей акыл-насаат айтпай калды. Андыктан эне менен кыздар топ таш ойношсо, ал кыздарды ийкемдүүлүккө тарбиялайт. Ар бир манжанын кыймыл аракети адамдын аң-сезиминен баштап бүт денесинин кыймылына таасирин тийгизет. Топташ оюну, биринчиден, кыздар жаман нерселерден сырт болуп, алаксыйт, экинчиден, бири-бири менен баарлашуусу жогорулайт, үчүнчүдөн, улуттук баалуулуктарды кыздар сезет. Ар бир адам өз казанында кайнап калган заманда жамааттыкка, жолдоштукка, курбулукка үндөп, ошолорду бириктирип ойнотушубуз керек.

“СЕЙТЕК” – УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫН БЕШИГИ

“Сейтек” уюштурган бул курста көп нерсени көрүп, практикалык жактан үйрөндүк. “Сейтек” борбору улуттук оюндарды бир тартипке келтириптир. Эгерде окутуу программаларды карасак, ал жерде улуттук оюндар жокко эсе. Болгону тогуз коргоол кирген.  Ошондой эле ден соолугу чектелген балдарга да спорттун түрлөрүн эмнеге окутпашыбыз керек? Маселен, “Сейтек” борборунда бул балдарга өзгөчө басым жасап, бардык шарттарды түзүп беришиптир.

“СЕЙТЕК” – УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫН БЕШИГИ

Мен дене тарбия сабагын башка предметтер менен байланыштырып өтөм. Маселен, кыргыз адабияты менен. Сабак башталаардан мурда “Манас” эпосунан үзүндү айттырып, манасчынын кыймыл-аракетин көрсөтөм. Балдарга кызыктуу болот. Кыргыздын тарыхына кайрылсак, камбар тебиш, айгыр тебиш дегендер “Кырк жигиттин өнөрүнөн”  алынган. Бул оюндар аркылуу балдарды жигиттик сапаттарга тарбиялайбыз. Ал эми  география сабагы менен байланыштырганда, алсак, кыргыздын күрөшү казактарда куреш, грузиндерде чебана, армяндарда кох деп аталаарын айтып берем. Эгерде балдар чуркаганды, күрөшкөндү биле турган болсо эртеңки күнү Мекенди коргоодо кыйналбайт. Дене тарбия сабагы эрдикке, мекенчилдикке  тарбиялайт. Ошондой эле келечектеги аталар  күчтүү болуп, баласына үлгү болуш керек. Келечектеги жарларына татыктуу жигит болуусуна дагы тарбиялашыбыз зарыл.

Курстун жыйынтыгында сертификат менен кошо «Насаатчы» коомдук фондунун «Ардактуу мугалим» төш белгиси менен сыйландым.

Калыбек Таштанбаев, Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими:

“СЕЙТЕК” – УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫН БЕШИГИ

— Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору өткөрүп жаткан курстан билимимди жогорулатым. Көп нерсени билбейт экенбиз. Борбордо  улуттук оюндарга өзгөчө басым жасалат экен. Педагогика, психология, укук таануу боюнча дагы көп жаңы маалыматтарды алдык. Кыргыздын улуттук оюндарынын эрежелерин сабакта кандай өтүү керектигин үйрөнүп алдык. Мектепке барганда окуучуларды ар кандай мелдештерге даярдап алып чыгууга бардык күч-аракетимди, алган билимимди жумшайм.

“СЕЙТЕК” – УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫН БЕШИГИ

Негизи улуттук баалуулуктар боюнча мектеп окуучулар көп биле беришпейт. Айыл жергесинде көбүнчө балдар улуттук күрөшкө, кыргыз күрөшкө (белге кур байлап) кызыгышат жана анын ыкмалары менен күрөшөт. Балдар ат оюндарына, өзгөчө, көк бөрүгө көп кызыгат. Эми улуттук оюндар балдардын ден соолугун чыңдаганга, тактыкка, ишенимдүүлүккө  тарбиялайт. Кыргыз кыздары футбол, хоккей ойношот. 1-октябрь күнү – биздин айылда мугалим айымдар аралык  футбол боюнча таймашуу болду. Абдан сүйүнүштү.

Курстан эң негизги алганым – жамааттын бири-бирине болгон мамилеси күчтүү экен. Директору С.Челпакова абдан жөнөкөй, ошол эле кезде жетекчи экенин анын кайраттуулугунан, билимдүүлүгүнөн байкадык. Ошентип, мен мамиле түзүүнү да үйрөндүм.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер