САНАРИП САЯСАТТЫН ПЛАНЫ

  • 03.02.2022
  • 0

Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги замандын талабына ылайык, жалпы билим берүү тармагын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Жакында эле министрлик 2022-2023-окуу жылдарында билим берүүнү санариптештирүү планын бекитти.

Санариптештирүүнүн баскычтары

“Билим берүү тармагын санариптештирүү бир нече компоненттерден турат. Булар маалыматтык системалар, маалыматтык технологиялар (инфраструктура) жана кызматкерлердин IT багыты боюнча квалификациясын жогорулатуу”, — деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматов.

САНАРИП САЯСАТТЫН ПЛАНЫ

Анын айтымында, министрликтин маалыматтык системаларын үч группага бөлүп кароого болот:

1) Кабыл алууну автоматташтыруучу маалыматтык системалар — бала бакчадан ЖОЖдорго чейин бардык билим берүү деңгээлдерине кабыл алуу автоматташтырылган. 2022-жылы бала бакчалар менен мектептерге кабыл алуу республика боюнча бирдиктүү маалыматтык система менен жүргүзүлөт. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу 2020-жылдан тарта автоматташтырылган.

2) Башкарууну автоматташтыруучу маалыматтык системалар — билим берүүдөгү башкарууну автоматташтырат. Бул билим берүү тармагынын негизги базасын кармаган — Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы. Бул система министрликтин кызматкерлери тарабынан пландоодо, башкарууда жана чечимдерди кабыл алууда пайдаланылат. Буга окуу процессин автоматташтырган Акылдуу мектеп маалыматтык системасы жана ЖОЖдордун системаларын дагы кошсок болот.

3) Билим берүүчү маалыматтык порталдар. Учурда министрликте бир нече порталдар иштейт. М: Оку порталы (oku.edu.gov.kg), Китеп электрондук китепканасы (kitep.edu.gov.kg), ibilim ресурсу (ibilim.edu.gov.kg) ж.б.

Санариптештирүүдөгү экинчи компонент бул билим берүү уюмдарындагы инфраструктура: компьютерлер, интернет ж.б. Бул нерселер жок болсо жогоруда аталган системалар толук кандуу иштебей кала тургандыгын билдирди санариптик трансформация секторунун башчысы.

“Министрлик бекиткен планда бардык социалдык объектилерди (мектептерди) интернетке кошуу тапшырмасы коюлган. Бул жылы министрлик тарабынан 23 миңден ашуун компьютер сатылып алынып, мектептерге жеткирилет. Мектептерди интернетке туташтыруу иштерин “Кыргызтелеком” ААК аткарууда. 2022-жылдын аягына чейин республикадагы мектептер 100% оптика кабели менен туташтырылып бүтөт.

Ал эми санариптештирүүдөгү үчүнчү компонент бул билим берүү тармагында эмгектенгендердин жана жалпы эле жарандардын санариптик сабаттуулугу. Бул абдан маанилүү фактор. Бул багытта дагы окутуу иштери аткарылуусу керек. Эгер биздин кызматкерлер, жарандар маалыматтык системаларды толук кандуу пайдалана албаса, анда биздин системаларды жасоодогу негизги максаттарыбыз аткарылбай калат”, — дейт ал.

Санарип мектеп

Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы “Акылдуу мектеп” маалымат системасын киргизүү үчүн республика боюнча 1000 мектепти тандап алган. Бул система 1000 мектепке ушул жылдын сентябрь айына чейин киргизилип бүтөрүн айтты.

САНАРИП САЯСАТТЫН ПЛАНЫ

“Акылдуу мектеп” маалымат системасы боюнча тендер өтүп, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы жеңүүчү деп табылган. Алдыда “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүлсө, алар мектептерге системаны киргизип баштайт. Маалымат системасы киргизиле турган 1000 мектеп атайын негиздер боюнча тандалып алынды. Мисалы, башка система менен иштеп жаткан мектептин үстүнө бул системаны киргизгенден көрө, бир дагы система менен иштебеген мектептер тандалды. Мындан сырткары мектепте сөзсүз интернет болуу талабы каралды”, — деп билдирди Р.Маматов.

Мектептерге видеобайкоо орнотуу боюнча тендер эки жолу өтпөй калган. Аны орнотуунун артыкчылыктуу жактары көп дейт сектор башчысы.

“Видеобайкоодо адамды жүзүнөн таануу функциялары бар. Мисалы, бала мектепке келгенде анын мектепке келгендиги тууралуу отчёт системага түшөт. Эгерде бала окууга келбей калса, ал дагы автоматтык түрдө келген жок деп түшөт. Учурда толук кандуу санариптешкен мектептердин бири бул – Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи. Азыркы убакта мектеп-лицейде “Акылдуу мектеп” проектиси боюнча физика, химия кабинеттерине окуу эмеректери алынып, дээрлик бардык окуу класстарына видеобайкоолор орнотулган”.

Чет өлкөлүк студенттерге жеңилдик

Мамлекеттик окуу жайлардын 90% ашыгында окуу процессин автоматташтырган системалар иштеп жатат. Андан тышкары бардык эле окуу жайларда “Бирдиктүү терезе” принциби иштейт. Мурда окуу акысын төлөөдө ар бир окуу жайдын өзүнүн кассалары болсо, азыр студенттер банк же терминалдар аркылуу эле төлөп калды. Ошондой эле ЖОЖдорго кабыл алууну 100% автоматташтырдык. Эми чет өлкөлүк студенттер бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу ЖОЖдорго тапшыра ала турган система жасалып жатат. Бул система сентябрь айынан тарта ишке кирет. Анткени биздин жогорку окуу жайларына өзгөчө медицина тармагына тапшырган чет өлкөлүк жарандар көп.

“Бирдиктүү документ жүргүзүү системасы комплекстүү иштеп баштайт”

2022-жылдын март айына чейин бардык жогорку окуу жайлар жана райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары бирдиктүү маалыматтык системага киргизилет. Учурда министрликтин борбордук аппараты жана бир нече министрликке караштуу ведомстволор бул системага киргизилген.

“Республика боюнча бирдиктүү маалыматтык система болот. Министрлик аталган система менен 2020-жылдын ноябрь айынан бери иштеп келе жатат. Бул система мамлекеттик органдардын юридикалык, жеке жактар менен кат алмашуу процессин автоматташтырат. Электрондук формада документ жүгүртүү болуп калат.

Бизде азыр маалыматтык системалар көп болуп жатат. Булардын баарын бириктирип, бири-бири менен интеграция кылышыбыз керек. Анткени бир мугалим бир эле аккаунт менен бардык билим берүү системасына тийиштүү маалыматтык системаларды колдоно ала тургандай болушу зарыл.

Маалыматтык базаларды колдонуу менен министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери мындан аркы ишин пландаштырууда, чечимдерди кабыл алууда ушул маалыматтык базаларга таянып жасашы керек. Мисалы, жакынкы беш жылда дагы канча бала бакча курулушу керек деген анализди билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасындагы маалыматтарга таянып чыгарып калган мезгилде санариптештирүү болду десек болот”, — дейт Расул Маматов.

Нурзат КАЗЫБЕКОВА,
«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер