САНАРИП МУГАЛИМ

  • 10.03.2023
  • 0

Ноокат районундагы Алымкул Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектебинин математика жана информатика мугалими Кундуз Арапова айыл жеринде жашаса да өзүн санарип мугалим катары көрсөтө алган республикадагы алдыңкы мугалимдердин бири. Ал дайыма видеосабактарды тартып, онлайн, оффлайн форматта  мугалимдерди да окутуп келет.

САНАРИП МУГАЛИМ

Кундуз Акимовнанын 17 жылдык стажы бар. Ал бала окутуп, тарбиялоо менен гана чектелбестен, бир канча жылдан бери билим берүү тармагына кирип жаткан жаңылыктарды өздөштүрүп, алгач өзү үйрөнүп, анан башкаларга үйрөткөнгө шашып турат. Өзү бир жылда жок дегенде 5-6 курстан өтөт.

Үйрөнгөнүн кайра жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берүү да чоң талантты, эмгекти талап кылат. Кундуз эжей бул ишке да чыгармачылык менен мамиле кылат. Өзүнүн иш тажрыйбасын онлайн форматта Телеграммда “Билим куржуну”, Ютубда “ВИДЕО САБАКТАР”, “АЯН” сыяктуу платформалар аркылуу, оффлайн форматта түрдүү тренинг-семинарларды өткөрүү менен жеткирет.

Пандемия башталып, баарыбыз үйгө камалып, балдар онлайн окуп калган учурда да мугалимдерге багыт берип, көптөгөн видеосабактарды тарткан.

Информатик мугалимдер үчүн түзүлгөн eduhub.kg сайтынын да иштеп чыгуучуларынын бири. Бул сайт азыркы күндө да актуалдуу иштеп, жүздөгөн мугалимдердин ишенимдүү булагы катары кызмат кылууда.

Изденгич эжей атайын «Класс жетекчилер үчүн усулдук колдонмо» да иштеп чыккан. Ал эмгеги бүтүндөй республикага мыкты колдонмо катары таркатылган.

САНАРИП МУГАЛИМ

БАШТАГАНДЫ КОЛДОГОН, КӨРГӨЗГӨНДҮ АЛЫП КЕТЕ АЛГАН АГАРТУУЧУ

Кыргызстан өнүккөн мамлекеттер менен бирге 2025-жылы PISA боюнча эл аралык тестирлөөгө катышат. Кундуз Арапова патриот мугалим катары бул багытта да Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташ. Окуучуларды PISA изилдөөсүнө даярдоонун жолдору, даярданууда тесттер менен иштөө жана баалоо сыяктуу бир катар темаларда онлайн жана оффлайн форматта мугалимдерди окутат. Оффлайн форматта Лейлектен 350гө жакын, Ноокат району боюнча  1500дөй, Араван, Кара-Кулжа, Алай райондорунан 2000дей, онлайн форматта жети облустан дагы 500дөй мугалимди окутту. Бул Кундуз эжейдин баштаганды колдогон, көргөзгөндү алып кете алган жөндөмдүү агартуучу экенинин дагы бир далили.

САНАРИП МУГАЛИМ

МЫКТЫ ТРЕНЕР

Кундуз Арапова билим берүү багытындагы бир нече — «Окуу керемет!», Медиа сабаттуулук, Информатиктерге насаатчылык сыяктуу долбоорлордо тренер болуп  да келет. Андан сырткары демөөрчүлөрдү тартуу менен  мугалимдер жана окуучулар арасында түрдүү сынактарды да уюштурат. Алтынбек Сулайманов менен “Чыгармачыл мугалим — 2021” республикалык конкурсун, “АЯН” окуу борбору менен “Жомоксуз өткөн балалык” республикалык китеп окуу конкурсун (бирок жеңүүчүлөргө белектери бериле элек), “Билим — бакыт канаты” аттуу республикалык китеп окуу конкурсун өткөргөн.

Өзү да аймактык, райондук, областтык, республикалык конкурстардын активдүү катышуучусу. Өзү айтмакчы, жеңгени да, жеңилгени да болгон.  “Жылдын мыкты класс жетекчиси — 2018” кароо-сынагынын райондук турунда баш байгени жеңип алса, “Учурдун санарип мугалими — 2020” сынагынын областтык турунда 1-орунду жеңип алган.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер