САНАРИП ДҮЙНӨНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА ТАЛАПТАРЫ
- 29.09.2022
- 0
Учурда индустриялык коом маалымат доорунун таасириндe санариптик коомго өтө тездик менен өтүп жатат. Өзгөчө пандемия шартында адамзаттын маалымат технологиясына күнү түшүп, дүйнө боюнча жалпы IT инфраструктурасын: коммуникация түйүндөрүн, анда колдонулчу компьютерлердин ар кандай түрүн, тиркемелерди дилгирленип окуп, түшүнүп ишке киргиздик. Бирок бүгүн окуган программа эскирип, IT-технологияларды кууп жете албай жаткан чагыбыз. Жакында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук уюм И.Раззаков атындагы КТУнун студенттерине, “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучуларына Карлсруэ (Германия) жана Уотерфорд (Ирландия) университеттеринин информатика жана экономика факультеттеринин бүтүрүүчүсү, экономист-программист Айзада АКБЕКОВА менен жолугушуу уюштурду. Айзада айым жаштарга санарип дүйнөнүн артыкчылыктары жана талаптары, Кыргызстандагы абал жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу кызыктуу кеп куруп, суроолоруна жооп берди. Биз дагы кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
— Айзада айым айтсаңыз, Европадагы эң ири IT компаниялардын биринде иштейт экенсиз. Маалымат технологиялары жаатында адис болуу үчүн билим алуунун багыттарын айтып берсеңиз. Германия жана Европа өлкөлөрүнө жаштар кантип барып окуп, анан кантип жумуш орун менен камсыз боло алышат?
— Дээрлик көпчүлүк тармактын иши IT-технологиялар аркылуу бүтүп жатканын көрүүгө болот. Эксперттер учурда адам баласы бардык тармакты автоматташтырып, ишти мисалы кагазы жок, адамдык фактор аз аралашкан, убакыт баш болгон башка бардык баалуу ресурстарды туура рационалдуу пайдалануу көбөйгөнүн белгилешет. Учурдагы 4-индустриялык (Industrie 4.0) санариптешкен доордо жасалма интеллект (Articial Intelligence), роботтоштуруу (Robotics), 5G (5th Generation) мобилдик байланыштын 5-мууну, дүйнөдөгү баардык нерселердин байланышы (Internet of Thing), кибернетикалык ааламдагы коопсуздук (Cyber Security), виртуaлдык-реалдуулук тогошкон аалам (мисалы Metaversum) тынымсыз өнүгүүдө. Ошондой эле ушул жогорудагы саналып өткөн бардык нерселер, эбегейсиз көп маалыматтар (Big Data), адамдардын, процесстердин (Internet of Everything) чогуу иштешине алып келип, маалымат иштетүү, эсептөө ар түрдүү «булут», «туман» жана перифериялык инфраструктуралapда (Cloud, Fog and Edge Computing) орун алып санариптештирүүдөгү өзгөртүүнү (digital transformation) ушунчалык тездик менен ишке ашуусу IT адистеринe болгон суроо-талапты мындан дагы курчутат.
Эң башкысы — доор өзгөрүп жаткан маалда окуп, келечектин кесибин аркалоого умтулуу зарыл. Кыргызcтанда учурда IT курстары, окуу жайлары, өзгөчө кыргыз жана англис тилдерин айкалыштырган демилгелер көбөйгөнү сүйүндүрөт. Кeсиптештерим, ар бирибиз кыргыз өлкөсүндө колдон келишинче билимди, IT тармагын мындан дагы популярдуу кыла берели, окуй берели! Мүмкүн адистердин катары калыңдап, Кыргызстанды Oрто Азиядагы Силикон өрөөнүнө айлантат чыгарбыз. “Жакшы тилек — жарым ырыс”, — дейт эмеспи.
— Сизге Германияда IT тармакта кантип окууга өтсө болот, жумушка кантип орношобуз, визаны кантип алабыз деген суроолор көп берилди, дагы деле берилет болуш керек?
— Туура. Мурун Германия чет өлкөлүк жарандарга жумушчу визаны берердин астында жогорку билимди талап кылчу, адистин жок дегенде бакалавры барбы деп текшерчү. Учурда профессионалдык IT кесип же интенсивдүү IT курстар жана үч жылдык жумуш тажрыйба менен Германиядан жумуш контракты менен виза алса болот деген мыйзам киргизилген. Немис тилин билгендерге артыкчылык берилип, бир жылдык эмгек акынын көлөмүн дагы мыйзамга ылайык текшеришет.
Негизи учурда биздин Кыргызстандагы журтташтар Германияга алгач улуттук виза менен ITге байланышпаган башка программа менен келип, ITдеги (Ausbildung) профессионалдык кесиптин аркалагандар арбыды.
Башка жогорку кесиптин ээси болгондор IT курстарды Германияда өзүндө жашап, офлайн же онлайн окуп, официалдуу сертификаттар, тажрыйбасы менен жумушка киргени көбөйдү. IT компанияларга кирүү үчүн кошумча IT курстардан окуп, ага байланышкан долбоорлорго катышып, программаланган коддорун атайын Интернет сервисти пайдаланып, GitHub сыяктуу порталдарга жүктөп, жумуш берүүчү компaнияларды интервьюларда, конкурстарда ынандырышууда.
Европада соңку кезде кадр жетишпегендиктен IT курсту, өзгөчө программалоо курсун бүткөндөрдү жумушка алуу көбөйгөндөй. Бирок бул процесс жай жүрүп жатканы байкалат.
Америка Кошмо Штаттарындa интенсивдүү IT курстарынан окуп, жергиликтүү компанияларга жумушка орношуп, иштеп жаткан журтташтарыбыз менен сыймыктансак болот. Алар замандын талабын убагында түшүнүп, татаал кесипти тез өздөштүрүп кетишти. Демек, бул система Америкада абдан ийгиликтүү иштеп жатат.
Кыргызстанда дагы IT курсту бүтүп, дүйнө жүзү менен иштеген IT адистери көбөйдү. Өз элиңде, ата-эне, үй-бүлө маңдайында жашап, бүткүл дүйнө жүзү менен иштегенге не жетсин!
Мүмкүнчүлүк жана каалоо болсо, чет өлкөгө чыгып, билим алганга неге болбосун! Германиядагы билим берүүнүн өзгөчөлүгү — ал жерде мамлекеттик 300дөн ашык университеттерде немис тилинде бардык окуулар бекер. Университеттин административдик сервис (семестрдик жол акысы, студенттик билети ж. б. ) үчүн 100-500 евро төлөсө болот. Мындай акча Кыргызстанда деле төлөнүп жатпайбы. Германияда 16 федералдык аймак бар. Бир гана Баден-Вюрттемберг аймакта контракт 1500 еврону чапчыйт. Англис тилинде окуганга мамлекеттик университеттерде дагы мүмкүнчүлүктөр бар, бирок аз. Айрыкча менчик университеттерде англис тилинде контракттык негизде окуса болот. Кесиптик билим (Ausbildung) англис тилинде сунушталганы өтө аз.
— Германияда окуунун эмне өзгөчөлүгү бар?
— Окуу сапаты мыкты. Коррупция жок. STEM багыты боюнча, жөнөкөйлөтүп айтсак, Германияда деле 100 бала окууга өтсө, анын ичинен 37 гана бала техникалык тармактарга барса дагы, окууну аягына чыкканы 20 экен. Эми кыргыз жаштары Германияга окууга тапшыруу үчүн аттестат жакшы болуш керек. Анткени, конкуренция чоң. Өлкөнүн уникалдуулугу айылдык, шаардык деген түшүнүк жок. Кезегинде хандар, герцогдор, байлар университеттерди түптөп башташкан, кийин активдүү жарандардын демилгелери менен окуу жайлар көбөйө берген. Окуу жайлардын саны 420дан ашат. Учурда Германияга 100 миңдей IT адистери жетишпейт.
— Сиз жолугушууну кыргыз тилинде алып бардыңыз. Эмне үчүн кыргыз тилинде санариптештирүү боюнча маалымат берүү өтө маанилүү?
— 2022-жылдын статистикасына таянсак, 17 жашка чейинки балдардын саны эки миллиондон ашат. Калктын калың катмары региондордо жашайт. Бишкекте орус тили басымдуулук кылганы менен, региондордо кыргыз тили колдонулат. Негизи ITнин тили англис тили, бирок калк арасына санариптештирүү эмне үчүн зарыл экенин, айрыкча, ата-энелерге кыргыз тилинде түшүндүрүү — мезгилдин талабы. Кыргызстанда санариптештирүү кадамдары башталган, бирок аны дагы массалык түрдө ишке ашырабыз, анын кандай талаптары, кемчиликтери, кыйынчылыктары, артыкчылыктары бар? Кыргызстандагы абал жана мүмкүнчүлүктөр кандай? Санариптештирүүгө жакшыраак даярдана алабызбы? – деген суроолор көп.
Учурда Германияда IT жаатында эмгектенген кыргыздар чогулуп, коомдук уюм ачып жатабыз. Ал бизнес эмес. Биз Кыргызстандагы, айрыкча, региондо IT, санариптештирүү боюнча маалымат жетишпеген жаштар менен иштеп, дүйнөдөгү өлкөлөргө чыгарып, тажрыйба топтогонго, Германиядан кантип бекер билим алса болот деген маалымат берип, жардам беребиз.
Дүйнө өнүгүп жатат, эшикте 4.0 санариптешкен индустриялык революция. Маселен, санариптештирүүнү жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрсөм мындай. Үйдө ата-эненин эски альбому бар. Эски сүрөттөр азыркы жаңы технологияларда сакталган эмес. Аны электрондук вариантка салуу үчүн сканерден өткөрүп, же сүрөткө тартып алып, жакшы сапат менен сактап алышыбыз керек. Ушундай жөнөкөй мисал — санариптештирүүнүн алгачкы кадамы — (Digitization) эски маалыматты компьютер, жаңы IT технологиялар түшүнө алчу санарип форматына өткөрүү. Дегеле бизди курчап турган нерсенин баары маалымат: мисалы, үйүңүздүн документтери, параметрлери, дарыгерге барган бейтаптын диагнозу, аба-ырайынын өзгөрүүлөрү ж.б.
Информатика илими кайсы маалымат технологиялары аркылуу кантип маалыматтар менен систематикалык түрдө иштөө, автоматташтыруу, эсептөө методикаларын, мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт жана өркүндөтөт. Mаалымат технологиялары аркылуу ошол маалыматтар чогултулуп, жазылып, сакталып керектүү форматка келтирилип, сорттолуп, эсептелип, таркатылып, иштетилип, оңдолуп же өчүрүлөт.
Эски бардык маалыматтарды (сүрөт, кино, видео, текст ж.б. татаал структуралар) санариптик форматка өткөрүп алып, т.а. өткөн чакты санарипке даярдайбыз. Экинчи кадамы — (Digitaliziation) ошол биринчи тепкичтеги маалыматты топтоп, дизайнын түзүп, эски менен жаңы санарип сүрөттөрдү бириктирип, коллаж менен календарь жасап, үйгө илип койсок болот. Санариптештирүүнү күнүгө бизнесте, техникада, индустрияда, коммуникацияда, медицинада – дээрлик бардык тармактарда пайдалана алабыз. өнүккөн фазасында SMART деген сөз кошулуп, календарыбыз, машинабыз, үй, телефон, кыскасы, баары акылдуу, интернет аркылуу сүйлөшөт. Мисалы, кир жууган машинага айна керек. Үйдөгү электрондук календарь, Амазон дүкөнү менен байланышкандан кийин курьер ар бир айда бир пачкадан алып келип турат. Бул жөнөкөй жагы. Медицинада, мисалы, жылына эки жолу тишти тазалатып туруу керек. Дарыгердин офиси менен бейтаптын календары байланышып, пландап, эстетип турат. Акылдуу машина автоматтык түрдө парковка кылып, жол эрежесин сактоого үйрөтүүсү- бул эчак реалдуулукка айланган. Жол тыгындарда машиналар бири-бири менен секундалык тездикте сүйлөшүп, чоң кырсыктын алдын ала алышат. Айтор, өзүңүз баамдагандай, бул чоң санариптик өзгөрүү (Digital Transofmation), маанилүү доор.
— IT кайсы тармакты өзгөрттү?
— Жашообуздун дээрлик бардык катмарына IT кеңири кулач жайып кирип келди. Алыста туруп эле WhatsAppтан, Telegramдан видео сүйлөшүү, үйдөн чыкпай туруп эле банк карточканы пайдаланып, чөнтөк телефонун колдонуп, эч убарасы жок, эки-үч саат кезек күтпөй, «касса жабылып калды» дебей эле 24 саат бою, жуманын бардык жети күнүндө оңой эле самолетко билет сатып алyy кадимки көрүнүш. IT кесипти жайылтышыбыз керек, жалаң эле инстаграм, фейсбук менен отурбай, код жазганды, техниканы түшүнгөн кесиптештерибизди дa даярдашыбыз керек. Санариптештирүү ийгиликтүү иштөөсү үчүн Интернеттин ылдамдыгы, сапаты жакшы болушу керек. Жалпы IT инфраструктура, анын нормалары ишке кирип, компьютер, уюлдук телефон, планшеттер (Hardware) жана прогрaммалар (Software) жетиштүү болуп, ITдеги коопсуздук сакталышы зарыл.
— Кыргызстандагы абал жана мүмкүнчүлүктөр кандай экен?
— 2022-cтатистикага кайрылсак, Кыргызстанда жети млн чукул адам бар. Эки млн ашыгы гана чоң жана кичи шаарлардa жашап, элетте эл көп. Жаңы төрөлгөн балдардан 18 жашка чейинкилерди карасак, 2,5 млн жаштар экен. Биз жаш калкпыз. Андыктан STEM багыты абдан маанилүү. “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучулары жана Германиядагы IT адистиктеги кыздар биригип, жакшы иш-чара өттүк. Айылдык балдарды, кыздарды кантип ITге тартабыз деп. Кыргызстандык ата-энелерге балдарына кесип тандоону түшүндүрүп берүүнү барылап колго алалы! Санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнөн такыр маалыматтары жок болгон учурлар кездешүүдө. Элет жериндеги кыздарды табигый илимдерге тартуу үчүн билимге даваат айтып бериш керек окшойт. Айылдан чыккан кыздардын ийгилигин көрсөтүшүбүз керек. Менимче, билимдин кадыр-баркын арттыра беришибиз керек. ITинин уникалдуулугу ушунда: кыска учурдун ичинде бул кесиптин босогосун аттаганга. иштегенге мүмкүн. Биздин жаш муун билимге умтулуп, кыргыз өлкөбүздүн келечеги кенен болсун!
Маектешкен Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер