САЛТТУУ БИЛИМ САБАКТАРЫН ЖАЙЫЛТАЛЫ

  • 18.02.2022
  • 0

Билим берүү – бул билбегенди билүү, турмуштун ак-карасын таануу, өсүп-өнүгүүгө жол издөө, кылымды  карыткан адамзаттын акылын колдоно билүү. Билим өсүп өнүгүүгө жардам берет. Азыркы учурда билим берүү тармагында көп жетишкендиктер бар, бирок чечилбей келген көйгөйлөр да көп. Биз төмөндө ошол маселелерди тереңирээк карап көрүүгө аракет кылып көрөлү.

САЛТТУУ БИЛИМ САБАКТАРЫН ЖАЙЫЛТАЛЫ

Мугалимдин баркы баланыкынан төмөнбү?

Адегенде жетишкендиктерибизге токтолгум келет. Жылдан жылга  мектептердин материалдык базасы өсүп жатканы – бул албетте жетишкендик. Мугалимдер сабактарда жаңы окуу куралдарын, компьютерлердин,  окутуунун инновациялык технологияларын колдонуп, окуучулардын билимин жогоруулатууга көмөктөшөт. Көп мектептерде окуучуларыбызга каалаган предметтерин тереңдетип окуганга, көп тил үйрөнүүгө, билим сапатын жогорулатууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат. Ошонун негизинде көптөгөн окуучуларыбыз өз билимин чет мамлекеттерде улантууга мүмкүнчүлүк алып жатат. Бул көрүнүш абдан жакшы.                                                                                                       Эми көйгөйлөр жөнүндө сөз кылалы. Окуучулардын арасында китеп окуган, китепке кызыккан  окуучулар азайып, бала бакчадан баштап балдардын баары уюлдук телефонго «жипсиз байланып» калышты. Аны менен катар окууга кызыкпай, мектепти  экинчи планга коюп, иштеп акча табууну самаган балдардын саны өсүп баратат. Окуучулардын  тартиби төмөндөп, түшүнүксүз көз караштар пайда болуп, өзүмчүлдүк көбөйүп, бири-бири менен ынтымагы жок болуп, балдар арасындагы чыр-чатактар көбөйдү. Окуучунун жана ата-эненин мугалимге болгон сый-мамилеси төмөндөдү. Кечээ жакында эле болуп өткөн мугалим менен окуучунун ортосундагы конфликтти эле мисалга алалы. Мунун баары бүгүнкү күндөгү коомдук турмуштагы чоң өзгөрүүлөрдүн жана көйгөйлөрүн окуучулардын аң-сезимине, кулк-мүнөзүнө тийгизип жаткан таасири деп ойлойм. Ушунун баары окуучулардын билимге болгон кызыгуусун төмөндөтүп, балдар арасындагы тартипсиздиктер көбөйүп, мугалимдердин түйшүгүн арттырууда. Ата-эне менен мектептин байланышы каражат маселелеринин негизинде эле болуп калды. Балдар үчүн мектептин орду, ролу өтө чоң. Үй-бүлө бере албаганды мектеп берүүсү зарыл. Мектеп билим багытында эле алектенбестен, балдарга даректүү тарбия да берет. Ал даректүү тарбия кыргыздын эс-тутумуна негизделген, баалуулугуна  ширелген тарбия болуусу шарт. Бул үчүн мектеп менен ата-эненин болгон байланышы жеке эле каражатка такалбай, баалуулукка да байланышы абзел. Үйдөн ата-эне баласына мектепке жана мугалимге сый мамиле жасоону үйрөтүүгө милдеттүү. Азыр кандай болуп калды? Азыркы учурда окуучунун укугу мугалимдин укугунан бийик турат. Окуучу мугалимге одоно мамиле жасаган көрүнүштөр көбөйдү. А кокус ошол эле мугалимдер окуучуга одоно мамиле жасап калса, жоопко тартылат. Социалдык желелер андай көрүнүштөрдү желдей таратып, аны көргөндөр чын-төгүнүн иликтебей эле, мугалимдерди баса калып ур-тепкиге алып жатып калат. Мындай көрүнүштөрдү жойгонго аракет кылуу керек.

Санжыранын тарбияга тийгизген таасири

Билим системасында акыркы жылдары көп эле реформалар каралып, ишке ашырылып  келе жатканы да чындык. Бирок азыркы шартта андай реформаларды чукул арада ишке ашырып, кескин чараларды көрүү керек. Мындан 10-20-30 жылдан кийин балдардын жүрүм-туруму, келечеги кандай болоорун элестетүү өтө кыйын. Биз, мугалимдер убакытка уттурбай, колубуздан келишинче абалды оңдоого аракеттерди көрө бергенибиз оң.

САЛТТУУ БИЛИМ САБАКТАРЫН ЖАЙЫЛТАЛЫ

Мен өзүм жетектеген мектепте аткарылып жаткан иштерге кененирээк токтоло кетейин. Биздин мектеп көп жылдан бери салттуу билимди пайдалануу менен иш алып барат. Сабактарда, ар кандай жолугушууларда окуучуларга кыргыз эли илгертеден бери колдонуп келген акыл-насааттарынан айтып, кыргыздын баалуулуктарын санап, айтор жалпысынан алганда, кыргыздын өзөгүн таанытууга далалаттанабыз. Кыргыздын өзөгү — бул кыргыз тили, кыргыз маданияты, кыргыздын каада-салты, кыргыздын санжырасы деп билем. Санжыраны өтө терең бере албасак да, кыргыздын тарыхына көңүл бөлүп, жети атасын билгенге, анан кыргыздар кандай улуу,  күчтүү эл болгонун айтып берип, балдарга патриоттук сезимди өстүрөбүз. Улутту улут кылып сактап келген – бул кыргыздын өзөгү болот.

Канткенде балдарды кыргыз баалуулуктарын баалоого үйрөтө алабыз?

Кыргыздын  баалуулугуна эмнелер кирет? Сөз, жер – ата-журт, жаратылыш, ар-намыс, абийир, чындык, сабырдуулук, ынтымак, акылмандык, айкөлдүк, өнөр, ток пейилдик,  баатырдык. Баалуулук – бул адамдын жан дүйнөсүнө жакын, көңүлүнө төп келген, акылы менен такталган, коом сыйлаган, эл дем берген, колдогон, коргогон негиздер. Жогоруда айтылган кыргыздын баалуулуктарына тереңирээк токтолуп  көрөлү. Мисалы, сөздү алалы. Кыргыздар сөзгө кандай маани беришкен? Сөз берүү, сөзүнө туруу, сөз баккан, сөздү терең түшүнгөн, сөз асыраган адам, же сөзгө конок берүү, ар бир сөздүн өз орду, өзүнүн жүгү, ар бир сөздүн баасы бар деген түшүнүктөр кыргызда өтө терең мааниге ээ эмеспи. Ошондуктан кыргыздар ар бир сөздү баалап, ар бир сөзгө этият мамиле кылган. Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков: «Бабалардан калган эң  кооз, эң  маанилүү асыл мурас – бул сууга жуулбас, отко күйбөс, алааматтарда кыйрабас Улуу Сөз сепилдери! Биз аны канчалык баалап, терең иликтеген сайын ал бизге өзүнүн асыл сырларын ача берээр»,- деп айткан.

Ата Журт – бул бабалар байырлаган, ата-тек өнүп өскөн, муун улаган аймак. Биз туулуп-өскөн айлыбызды же аймагыбызды Ата журт деп эсептей албайбыз, анткени ал тар, бир эле бизге тиешелүү түшүнүк. Кең түшүнүгүндө алганда, бүтүндөй жалпы кыргыз жергеси – биздин Ата Журтубуз. Ата журтту коргоо кыргыздар үчүн өтө ыйык милдет болуп, ар бир эр-азамат эл-жери үчүн башын канжыгага байлап коюп, жоого аттанган. Себеби ар бир кыргыз баласында патриоттук сезим өтө бийик болгондуктан, Ата Журтун сүйүп, өтө ыйык сезишкен жана сакташкан.

Жаратылыш темасын алалы. Тарбия жөн гана жаратылышты сүйүү менен чектелбейт, ага аяр мамиле жасап, көздүн карегиндей сактоо керек. Кыргыздар жаратылышка жандуу нерсе катары мамиле жасап, ошол жандуулугуна таазим этип, аны менен кошо жуурулушуп, өздөрүн табияттын бир бөлүгү катары карап, табият менен ымалалашып, көчмөн эл өздөрүн курчап турган тоо-ташка, жер-сууга, өсүмдүктөр дүйнөсүнө, жан-жаныбарларга терең ызаттоо сезими менен камкордук кылып, аны менен шайкештикте жашай билген. Натыйжада, арчасы арчадай болуп, шаркырап аккан суусу таптаза болуп, мөңгүсү көк тиреген калың мөңгү болгон. Азыр дагы эле ошондой деп, айта алабызбы? Мөңгүлөрүбүз жылдан-жылга азайып баратканын көрүп, билип жатабыз. Аталарыбыз «Суу – жашоонун  булагы», «Суу ичкен кудугуңа  түкүрбө»,деп, сууга өтө астейдил мамиле жасап келишкен. Биз азыр кандай мамиле жасап жатабыз? Суу аккан арыкка эмне деген жаман нерселер, акыр-чикирлер ташталып жатат, кир суу да төгүлүп жатат. Бул нерсе өкүнүчтүү. Анан кантип мөңгүлөрүбүз азайбасын?

Ар-намысын бийик туткан абийирдүү жаштарды тарбиялайлы

Ар-намыс – бул абройду, наамды таза, бийик тутуу, ага шек келтирбөө. Ар-намыс атадан балага, укумдан-тукумга акыл-насаат, таалим тарбия менен берилген жана өтө бийик, өтө таза сакталган. Ошондуктан көчмөн кыргыз алтынга сатылбай, байлыкка манчыркабай, сулуулукка алданбай, ар-намысын бийик, таза сактаган. Эгерде кыргыз аброюна, намысына шек келтирип, уят болуп калса, анда ал үчүн өтө чоң сокку болгон. Кыргыздын ар-намысын сактоо адеби улам кийинки муундарга атадан балага тарбия аркылуу берилип, эң бир күчтүү талап катары бааланып келген. Кыргыз баласы намыска бек туруп, элдин биримдиги, жеринин бүтүндүгү үчүн тикесинен тик турган.

Азыркы учурду алсак, тынччылыкта, токчулукта жашап жатып, намысыбызга келе албай, эли-жерибизге ак кызмат кылуудан кемип жатканыбыз чындык эмеспи. Арабызда өз кызыкчылыгын гана ойлогон адамдар көбөйгөндөн көбөйүүдө. Илгерки адамдардай элине, жерине кызмат кылып, жүзү жарык адамдар көбөйүшү үчүн биз балдарга: «Элине, жерине кызмат кылган адамдын жашоосу үлгүлүү, сапаттуу болот» деген ойду дайыма айтып турушубуз зарыл.

САЛТТУУ БИЛИМ САБАКТАРЫН ЖАЙЫЛТАЛЫ

Кыргыздар өзүнүн философиясы менен жашашы  керек

Биз, азыркы мугалимдер, бала кезибизде ата-энебизден акыл алып, тууралыкты үйрөнүп,  абийрибизди сактап, намыскөй, ыймандуу болуп, ата-энебиздин жеңилин жерден, оорун колдон алып,  жардам берип чоңойгонбуз. Мектепке барганда мугалимдерден билим жана тарбия алганбыз. Бирок жүрүш-турушубузду көзөмөлгө алган, жашоо билимин  үйрөткөн ата-энебиз болгон. Азыркы убакта балдарына таалим-тарбия берип, акыл айтып, тартибин көзөмөлгө алган ата-эне сейрек болуп калды. Тарбия жагын бир гана мектепке жүктөп койгон. Мектеп окуучуларды көп болсо алты саат көзөмөлдөйт. Калган 18 саат үйүндө, андыктан баланы ата-эне көзөмөлдөшү керек. Биз айтып жаткан кыргыздын баалуулуктарын азыркы балдар эмес, ата-энелери сактабай, билбей калыптыр, тилекке каршы…

Ар бир элдин өзүнүн баалуулугу, өзүнүн салты, өзүнүн тили, өзүнүн тарыхы болот. Ар бир эл өзөгүн жана баалуулугун сактап, туу тутуп, өз жашоосунда колдонуп келет. Мисалы, Японияны алалы, кандай өнүккөн мамлекет. Ошондой өнүгүү жолуна өз баалуулуктарын сактаган үчүн жетип жатышат деп ойлойм. Биздин мектепте Япониядан келген волонтер мугалимдер иштешет. Ошондой мугалим-волонтерлордун бири Ёшихиро Катаяни кетип жатып: «Кыргыздар өзүнүн философиясы менен жашашы  керек, себеби силерди ийгиликке алып келчү өзүңөрдүн философияңар. Силер Японияны, Россияны, Американы жана башка мамлекеттерди туурабагыла», — деп айтканын дайыма эстейм.

Биз кыргыз болуп жаралып, тамырыбызда кыргыздын каны жүрүп турган соң, биз кыргыз болушубуз керек. Ошондуктан балдарыбызга негиздүү, даректүү билим берели. Мисалы, «Кыргыз таануу» сабактарын сыналгы аркылуу «Бакдөөлөт» коому үч жыл катары элге көрсөттү. Ал долбоорго катышкан окуучулар кыргыздын жашоо шарттары менен таанышып, кыргыздын акыл-насааттарын угуп, өнөрлөрүн көрүп, үйрөнүштү. «Кыргыз таануу» долбооруна катышкан балдардын кадимкидей көз карашы өзгөрүлдү. Биз класстык сааттарда жогоруда белгилеп кеткен кыргыздын өзөгүн жана кыргыздын баалуулуктарын балдарга жеткиришибиз зарыл. Мен балдарга жана алардын ата-энелерине, мугалимдерге «Жашоонун ажары сүйүүдө», «Ж.Баласагындын  билиминдеги тарбия-таалим» деген китептерди сунуштаар элем. Ушул  китептерди колдонуп, тарбия сабактарын өткөрсө болот.

Бүбүкан Жусупова,

Чүй облустук мектеп-гимназиясынын  директору, КР Билим берүүсүнүн мыктысы.

Бөлүшүү

Комментарийлер