САКТЫКТА КОРДУК ЖОК

  • 02.02.2022
  • 0

Өткөн жумада Ош шаарындагы №48 мектептин биринчи классынын окуучусу ручканын башындагы бурагычын жутуп алып каза болду. Кырсык сабак бүтүп, үйгө кетүү үчүн кийинип жаткан учурда болгон.

 

ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?

Окуучу ручканын башындагы кичинекей бурагычын качан оозуна салып алганын класс жетекчиси байкабай калган. Себеби окуя болгон кезде сабактар бүтүп, мугалими окуучуларды класстан чыгарып, ата-энелерине тапшырып берип жаткан.

  • Ал курткасын кийип жатып эле эшиктин оозунда окуучуларын узатып жаткан эжейине “бурагычты жутуп алдым” деп төшүн ургулап, чуркап келиптир. Класс спорт залдын түбүндө болгондуктан биринчи жардамды дене тарбия мугалими көрсөтүп баштаптыр. Далыга уруп, бутун өйдө көтөрүп силкип, колунан келгенин кылыптыр. Ошол мезгилде класс жетекчиси тез жардамга чалат. Анын билдирүүсү тез жардамда 16.38де катталыптыр. Сабак болсо 16.30да бүтөт. Окуя болжол менен 16.36ларда болгон. Ал кезде бала сүйлөп жаткан. Атамды чакырыңыз деп, өзү атасына чалыптыр, — дейт мектептин директору Махбурат Маматалиева.

Биринчи жардамдан майнап чыкпагандан кийин баланы сыртка алып чыгышкан. Мектептин жанында эле болжолу менен 200 метрдей алысыраак жерде поликлиника бар. Эшиктин оозунда күтүп турган апасы баланы көтөрүп алып ошол жакка чуркаган. Ал жакка баратканда да бала сүйлөп барган, ыйлаган. Тилекке каршы, поликлиниканын дарыгерлери да чыгара алган эмес.

  • Ошол учурда мен баланы эртерээк ооруканага жеткирели деп такси таап келип калдым. Таксиге салып 30 метрдей жылганда эле атасы келди. Бала поликлиникадан да сүйлөп жаткан. Атасын көргөндө катуу ыйлап жиберип эле титиреп, көгөрүп баштады. Дароо атасы өзүнүн машинасына салып, ооруканага алып жөнөдү. Ага класс жетекчиси, апасы, жеңеси отурду. Бир километр жүргөндөн кийин алдынан тез жардам чыгыптыр. Класс жетекчиси тез жардамга токтойлу десе, атасы “жок, мен буларды күтө албайм, баламды өзүм тезирээк жеткизем” деп болбой айдап кете берген. Биз артынан бардык. Баланы дароо реанимацияга алып кирип кетишти. Бирок тилекке каршы, ал жолдон эле  каза болуп калыптыр, — дейт Махбурат Маматалиева.

Баланын ата-энеси мектеп жетекчилигине, мугалимине эч кандай доосу жок экенин билдирген. Бирок бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Мектеп директору менен мугалимдери да суракка чакырылган.

—  Күнүгө суракка барып жатабыз. Биз колубуздан келишинче биринчи жардамыбызды кылдык. Бир заматта баланы колубуздан жулдуруп жибергенибизге баарыбыз жаман болуп турабыз.  Жаныбыздагы поликлиниканын дарыгерлерине көрсөткөн биринчи жардамыбызды, кандай аракет кылганыбызды айтсак, эгерде ал  кекиртекке такалып калган болсо, урганда чыгып кетмек, ручканын башы кичинекей болгондуктан өпкөнүн түбүнө кирип кеткен, аны атайын аппарат жок биздин медиктер да, силер да чыгара албайт болчусуңар дешти, — дейт директор.

Албетте, мындайда бирөөнү күнөөлөгөнгө болбойт. Акыркы чечимди тийиштүү органдар чыгарат. Бирок баланы  ары-бери сүйрөп жүрө бербей, бир орунга жаткырып коюп, тез жардамды күткөндө аман калат беле деген бүдөмүк ой ар кимде жашап кала берсе керек.

 

КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА

Албетте, кырсык айтып келбейт. Бирок анын алдын алууга болот. Коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча мектептен турмуш-тиричилик коопсуздугу деген сабактан өтүшөт. Бирок ал берилген маалымат балага жетишсиз. Анткени бир жумада бир жолу өтүлгөн сабактан окуучулар жетиштүү маалымат ала алышпайт. Мурда бул сабак 1-5-класстарда жумасына бир жолу өтүлсө, өткөн окуу жылынан бери Мекен таануу, адеп сабагы менен интеграцияланып, 1-4-класстарда гана эки сааттан окутулуп жатат. Албетте, бул абдан аз. Ошондуктан мектептер коопсуздук эрежелерин сактоону балага үйрөтүүдө класстан тышкаркы сабактарды, түрдүү иш-чараларды өткөрүшөт. Бала кырсыктаган мектеп болсо бул жагынан республикадагы алдыңкы мектеп болчу. Былтыр COVIDдин алдын алуу боюнча коопсуздук эрежелерин жакшы сактаган мектеп катары республикалык сынакта биринчи орунду алган. Мектепте дайыма техникалык коопсуздукту, өрт коопсуздугун, өмүр коопсуздугун сактоо боюнча сабактар өтүлүп, түрдүү  иш-чаралар уюштурулуп турат.  Мисалы, өрт коопсуздугун сактоо боюнча бир жылда эки жолу чоң окуу болот. 1-класстар дагы мындай окуудан өтүшкөн. Практикалык сабактар ар бир класстын өзүндө өткөрүлүп турат. Окуучулар өздөрү мини театр кылып көрсөтүп берген учурлар да бар. Бала окуган класстын доскасынын чекесинде “Оозуңа эч нерсе салба” деп бадырайып жазылып да турат.

  • Мектептин мугалимдери дагы дайыма биринчи жардам көрсөтүү боюнча инструктаждан өтүп турушат. Сентябрда сынакка катышкандыгыбызга байланыштуу мектепте коопсуздук эрежелеринин ар бир пункту аткарылган эле. Поликлиника жакын болгондуктан жакшы кызматташтабыз. Тилекке каршы, кырсык болгон күнү мектепте медайым да жок болчу. Үч мектепке бир медайым бөлүнгөндүктөн, ал график боюнча гана келип иштейт, — дейт жетекчи.

 

“САКТАНСАҢ САКТАЙТ”

Мындай кырсыктар бизде көп болот. Бир канча жыл мурун Ак-Талаадан дагы 1-класстын окуучусу ручканын башын жутуп алып каза болгон. Анда да баланын мугалим, ата-энеси, айылдык оорукананын дарыгерлери жардам бере албай калган.

Жогорку дем алуу жолдоруна бөтөн нерселердин кириши бир нече мүнөттүн ичинде өлүм менен аяктаган кырсыктардын бир түрү болуп саналат. Ошондуктан кандай болбосун сак болгон оң. Бирок кимдир-бирөөнүн өмүрү жакын жердеги адамдардын иш-аракеттерине жараша болот. Андыктан ар бир адам жардам берүүгө аракет кылып, бирок алгачкы жардам адамдын жутуп алган нерсесине жараша берилиши керектигин унутпашы керек.

Бир нерсени туура эмес жутуп алганда оозду толтуруп сүйлөөнүн же күлүүнүн таптакыр кереги жок. Болгону токтоолук менен мамиле кылуу зарыл. Момпосуй же сагыз, дары же тиштин арасына тыгылып калган ширенке дем ала турган түтүккө, б.а. кекиртекке түшүп калышы мүмкүн. Өзгөчө кичинекей балдарга сак болуу керек. Себеби наристенин колуна эмне тийсе, ошону сөзсүз оозуна салат.

Формасына жараша бардык бөтөн нерселер үч топко бөлүнөт.

Биринчисин, кең жана жалпак предметтерди тыйын сымал (монеталар, топчулар, ар кандай жалпак тегерек нерселер) деп аташат.

Башка топко тоголок же буурчак формасындагылар (момпосуйлар, шариктер, чала чайналган колбаса, бадыраң, картошка, кыскасы, курч бурчтары жок узак аралыкка жылмышып же тоголонуп кете алгандар) кирет.

Үчүнчү топко кире тургандарга өзгөчө көңүл буруу керек. Көбүнчө, буга эт,  шишкебек ж.б.у.с кирет.

Бул классификация өзгөчө кырдаалда кандай жардам көрсөтүү керектигин тандоо үчүн принципиалдуу мааниге ээ.

Асфиксия этабы (муунуу)

Жабырлануучу бөтөн нерсени жутуп алгандан кийин катуу жөтөлүп, кызарып баштайт. Көздөн жаш агып, катуу жөтөл кускусун келтирет.

Эгерде адам бөтөн нерсени чыгара албаса, анда дем алуу жолунун жабылып калышына жараша катуу жөтөл кырылдаган стридордук дем алуу менен коштолушу мүмкүн.

Мында кирип кеткен нерсе дем алган сайын улам тереңдеп жылып, кекиртектин же трахеянын былжыр челинин катуу кыжырдануусун жаратат. Бул тез эле аларды шишитип, былжырдын топтолушуна алып келет. Дем алуу органына кирип кеткен кичинекей нерсе да учтуу болсо өлүмгө алып келет. Биринчи мүнөттөрдө адамдын абалы салыштырмалуу жакшы болсо, кийинки 10-15 мүнөттө ал олуттуу начарлашы мүмкүн.

Беттин жана моюндун терисинин кызаруусу тескерисинче көгөрүп, жөтөлүү улам азайып баштайт. Көп өтпөй жабырлануучу эсин жоготот. Бул абалдын сүрөттөлүшү көк асфиксия деп аталат.

Көк асфиксияда адам эсин жоготуп, эриндери, бети, моюну көгөрүп, моюн тамырлары шишип баштайт. Бирок күрөө тамырда пульс болот. Бир нече мүнөттөн кийин бул этап кубаруу — асфиксия стадиясына айланат. Тери ачык боз түскө өтүп, көздүн каректеринин жарыкка болгон реакциясы жана күрөө тамырда пульс жоголот. Башкача айтканда, клиникалык өлүм пайда болот.

Клиникалык өлүм абалында болгондо адамдын бетинин жана моюнунун териси бозоруп, каректери чоңоюп, жарыкка жооп бербей калат. Ички күрөө тамырда пульс жоголот.

Жардам берүүдө өз күчүнө гана таянып, бирок ката кетирбөөгө аракет кылуу зарыл. Алгач ооз көңдөйүн карап, анан ал адам эмне жутуп алганын билүү керек. Убакыттан уттурбай, бөтөн нерсени манжа же пинцет менен алып чыгууга аракет кылуу абзел. Себеби шилекей колбасанын же алманын өлүмгө алып келе турган кесимин тез эле жумшартып жиберет. Ал тургай кылдаттык менен алганда да, анын бир бөлүгү калып калышы мүмкүн. Аны чаң соргучтун шлангасы чаңды соруп кеткендей эле кекиртектен өпкөгө соруп кетет.

БИРИНЧИ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ЫКМАЛАРЫ

Эгерде бала буурчак сыяктуу нерсеге какап калса, анда дароо тескери каратып, башын ылдый кылып алакан менен далыга бир нече жолу уруу керек. Отургучтун же өзүнүн санына тескери каратып алып ийиндердин ортосуна алакан менен бир нече жолу чапса да болот. Эгерде чыкпаса, анда башка ыкмаларга дароо өтүү керек.

Тыйынга окшош предметти жутуп алган учурда мындай ыкма ийгилик алып келбейт. Мындай кырдаалда көкүрөктү силкинтүү же титиретүү ыкмасы жакшы жардамга келет. Ал тыйындын жайгашышын  өзгөртүп, дем алууга жол ачат же трахея менен ылдый жылып, акырында бронхалардын бирине түшүп калышына жол берет. Бөтөн нерсе көбүнчө оң бронхага түшөт. Албетте, бул аны кайра чыгарууну кыйындатат, бирок адамдын жок дегенде бир өпкөсү менен дем алып, аман калышына шарт түзөт.

Эскертүү! Тыйын жутуп алганда аркага муштум же алакандын чети менен урганга такыр болбойт, алакан менен гана  уруу керек.

Дагы бир эффективдүү ыкма «Америка полициясынын ыкмасы» деп аталат. Жабырлануучунун артына өтүп, эки колун артка кылып, көкүрөк менен көкүрөгүн катуу сүзүү керек. Бул такалып калган нерсенин жылып же чыгып кетүү ыктымалдыгын кыйла жогорулатат.

Бирок бул ыкма эсин жоготуп, жүрөктүн капыстан токтоп калышына алып келиши мүмкүн, андыктан соккудан кийин дароо колун кое берүүгө болбойт. Жабырлануучунун клиникалык өлүм абалынын пайда болушуна даяр болуу керек.

Бул ыкмаларды какап жаткан адам эсинде болсо гана колдонуу сунушталат. Эгерде ал комада болсо, анда аны дароо оң капталына оодарып, алакан менен далысын бир нече жолу чабуу керек. Бирок бул дагы ийгилик алып келбей калышы мүмкүн.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим” 

Бөлүшүү

Комментарийлер