САБАКТЫН УСУЛУН МУГАЛИМ ӨЗҮ ТАНДОО УКУГУНА ЭЭ

  • 15.01.2021
  • 0

Мугалим эркин болууга тийиш. Бирок, мугалимде ошол эркиндик барбы? Жок, мугалимдин эркиндигине байкалбаган чектөөлөр киргизилип калган. Сөз мына ошол чектөөлөр жөнүндө болсун.

“Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамда мугалимдин усул тандоо эркиндиги жөнүндө так жазылып турат. Сабакты кандай таризде өтүү усулун мугалим өзү гана тандайт жана өзүнө жакан усул менен өтүүгө укугу бар.

Мугалимдин усул тандоо эркиндигине кимдер мүмкүндүк бербей жатат? Бул суроого бир нече фактылар менен гана жооп берүүгө болот. Адатта кандай гана мугалим болбосун текшерүүчүлөрдөн толтура ар кандай акылдуусунган сөздөрдү угат:

  • “Сиз мындай усул менен сабак өткөнүңүздө жакшы болмок»;
  • “Сабактын максатын туура эмес жазыпсыз”;
  • “Азыр план-конспект мындай форматта жазылбайт”;
  • “План-конспектинин жаңы форматы мындай эмес”;
  • “Эрежени окуучу чыгарыш керек эле, сиз эрежени түшүндүрүү менен чектелдиңиз”;
  • “Көрсөтмө куралыңыз жок”.
  • “Классты топторго бөлүштүрүп окутуу керек эле”;
  • “Окуучунун билимин туура эмес бааладыңыз, М: «3» коё турган окуучуга «4» коюп койдуңуз”.
  • “План-конспектиңиз кыска жазылган”;
  • “Убакытты туура пайдаланбадыңыз.

Мына ушул сыяктуу ж.б. толуп жаткан кемчиликтер айтылып, же буга карама-каршы толуп жаткан мактоолор айтылып, сабакка талдоо жүргүзүлүп келгенин жакшы билебиз.

Мына ушулардын баары келип, мугалим жогорудагы сындарга кабылбаш үчүн өз эркиндигин аргасыз чектөөлөргө мажбур болот. Мен жакында 22-май 2020-жылы
«ЭлТР»дин «Илим, билим» каналынан Искендер Акматов деген кыргыз тили жана адабияты мугалиминин өткөн сабагын көрдүм. Сабак орус тилдүү кыргыз классында өтүлдү окшойт. Мугалим окуучулар орус тилинде окушканын эскертип, комментарийлеп жатты.

Тапшырма Т.Абдымомуновдун «Абийир кечирбейт» деген драмасы жөнүндө экен. Окуучулар үй тапшырмасын окуп келишкендиги тууралуу маалымат беришти. Башка сабактардан айырмаланып окуучулар топко эмес, шляпалардын түстөрү боюнча топторго бөлүштүрүлгөн. Бул жерде максатка жетүү үчүн атайын топторго берилүүчү сабактардын суроолору даярдалганын жашырууга болбойт. Мугалим жогоруда айтылгандай өзүн эркин сезип, өзү каалаган манерада сабактын структуралык бюджетине карабай, окуучулар менен эркин баарлашып, үй тапшырмасын каалагандай сурап жатты. Эркин сезгени ушунчалык, кыргыз тилчи мугалим өзү «негатив», «позитив» деген сөздөрдү орус тилдүү класста эне тилиндей эле пайдаланып жатты. Бул, албетте туура эмес.

Бирок биздин айтайын деген ой таптакыр башка. Мугалим окуучулар менен жуурулушуп, сабак кадимки сабактан өзгөчөлөнүп, дидарлашууга айланып баратты. Мындай психологиялык абалды түзүү үчүн мугалимден чоң чеберчилик, искусство, актёрдук сапат талап кылынары шексиз болучу. Мугалим дал ошонун баарын аткарды. Анткени, мугалим өз укугунан пайдаланып, эркин сабак өтүп жатты. Мугалим мындай учурда система чектеген убакытка да баш ийбеди. Анткени, кадимки демейдегидей сабакта үй тапшырмасын суроого эч качан 15-20 минута берилбейт эле. Мугалим аны менен эсептешкен жок, ал өз билгениндей сабак өттү. өзүнүн сабагы өзүнө жакты, анткени ал сабакка койгон максатына дал ушул сабактын структурасына, чектелип берилген убакыт өлчөмүнүн чегинен чыгып кетип анан жетип отурат. Бул далилденген чындык. Анткени, эгер ушул сабакка мектеп админстрациясы же кесиптеш мугалимдери катышкан болушса: «Сабак структурасы боюнча убакыт туура пайдаланылган жок, үй тапшырманы суроого 30 мүнөткө жакын убакыт бөлдүңүз, ошондуктан сиз жаңы сабакка өбөлгө түзүүгө жетишкен жоксуз, жаңы сабакты өтүүгө убакыт өтө аз калды. Жаңы тема жеткиликтүү түшүндүрүлгөн жок, сабактагы убакыт бюджети сакталган жок», — деген сын-пикирлерди айтып, мугалимдин аргасын кетирмек.

Канткен менен да, мугалим ар кандай чектөөлөрдөн арылганда гана көздөгөн максатына жете турган сабак өтө алат. Чектөөлөр мугалимдин чыгармачыл жан дүйнөсүнүн ачылышына жол бербейт. Көп учурда мугалимди текшерүү сабактары, жолдоштук сабактар, админстративдик жана инспектордук текшерүүлөр эркин иштөөсүнө кедергисин тийгизбей койбойт. Анткени, жогорудагыдай текшерүү болгондо, сабактын структурасынан, анын бюджетинен чыга албай, мугалим кандайдыр бир «карантинде» болгондой болуп калат. Мындай учурда мугалим өзүнүн, кыйындыгын» көрсөтүп калуу үчүн ар кандай жасалмалуулукка, формализмге бара турганын көрүп эле жүрөбүз.

План-конспект жазуунун эркиндиги

Кийинки мезгилдерде план–конспект жазууга да теңирден тескери талаптар коюла баштады. Мугалим мурдагыга караганда, план-конспекти жазууга көп убакыт корото баштады. План-конспект окуучунун билим алышына эч кандай кошумча таасир бербегенин билсе да, аргасыз админстративдик талаптарды аткаруу үчүн мугалим план –конспектини ар кандай формага салып, бир барактын ордуна бир нече барак жазуу менен алектене баштады. Мугалимдин укуктук эркиндигин административдик талап басып салды. Ошентип, мугалимдин максатка жетүүгө болгон аракети, өзү тарабынан эмес, администрация тарабынан көзөмөлдөнө баштады. Мугалимди административдик басым үйүндө план-конспект жазып жатканда да, көзөмөлдөп турду. Мунун өзү мугалимдин сабактагы максатын ишке ашыруудагы кабыл алгыс чектөө эле.

Интернеттеги социалдык тармактарда мугалимдер ачык эле ашыкча кагаз иштери менен алектенип, сабакка даярданууга, өз билимин өркүндөтүүгө мүмкүн болбой калгандыгы жөнүндө министрликке маселе коюуга аргасыз болушту. Министрлик тарабынан мугалимдердин иш кагаздары 50% га кыскара тургандыгы жөнүндөгү маалымат таркаганда, мугалимдердин кубанычы койнуна батпай, соцтармакты ээлеп алышты.

Ошентип, алгачкы маалыматтарга караганда план-конспектини үч жылга чейин стажысы бар мугалимдер толук жазуу, ал эми үч жылдан жогору стажысы барлар үчүн кыскартылган формада жазууга уруксат бериле тургандыгы айтылууда. Мугалимдин муң-зарын түшүнүү деп ушуну айтса болот. Эми, мугалимдер методикалык китептерди окууга, билимин жогорулатууга, сабак жөнүндө эркин ой жүгүртүүгө убакыт тапты десек болот. Мугалимде эркин ой жүгүртүү болгондо гана чыгармачылык менен иштөөгө болот.

Чыгармачылык эркиндик

Көп учурда чыгармачыл мугалимдердин эмгеги эске алынбай калат. Ошол себептен чыгармачыл иштеген мугалимдердин катары аз. Андай мугалимдердин идеяларын алга сүрөп, колдоо көрсөтүү, тажрыйбаларын жайылтып туруу керек. Тилекке каршы, бардык эле жерде мындай эмес. Акыркы отуз жылдын ичинде мугалим-новатор, мугалим-рационализатор, мугалим-методист деген түшүнүктөр айтылбай архаизмге айланып баратат.

Башкасын айтпаганда да республикада бир да чыгармачыл мугалимдин аты аталбай келет. Демек, биздин билим берүү али жаңыланууга багыт ала элек десек да болот. Анткени, бийлик талашуу менен туруктуу иштөө деген түшүнүктү да убактылуу иштөөчү иш ордуна айландырып алдык.

«Дарак бир жерден көгөрбөй», эми бүчүр чачканда, кыйылып жатат. Анан ал кантип шактамак эле? Ошентип отуруп чыгармачыл мугалимдерден ажырап калдык. Республикада бир чыгармачыл мугалимдин иш-тажрыйбасын жайылтууга отуз жыл аздык кылыптыр. Мына ушундан пайдаланып монополист педагогдорго усулдук жактан мугалимдер көз каранды болуп отурат.

Окуу китептерин да ошолор басып алышкандай, кесипкөй адистерге беришпей, катасына, сапатына карабай мамлекеттин акчасына чыгарып жатышат. Алар мугалимдерге жакпай турат. Чыгармачыл мугалимдердин катарын өстүрүп алардын жаңылыктарын пайдалануу зарылдыгы учур талабы болуп калды. Чыгармачылык эркиндик жаңы идеялардын жаратманы болмок. Ал үчүн ар бир билим берүү мекемессинде, райшаардык билим берүү бөлүмдөрүндөнда чыгармачыл мугалимдердин бирикмелери уюштурулуп, алар менен иш алып баруу зарыл. Ал эми республикада «Чыгармачыл мугалимдердин ассосиациясы» түзүлүп, чыгармачыл мугалимдердин усулдук- педагогикалык эмгектери өзүнчө жыйнак болуп чыгарылып турса, келечектеги жаш педагогдорго чоң стимул болмок.

Абдыманап Авазов,
КРнын Эмгек сиңирген мугалими. Сузак району

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер