РУХИЙ АЗЫГЫБЫЗДЫ АЗАЙТПАЙЛЫ

  • 05.02.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Жарандардын рухий жана адеп-ахлак өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынан улам ой толгоо

РУХИЙ АЗЫГЫБЫЗДЫ АЗАЙТПАЙЛЫ

КР Президенти Садыр Жапаров ант бергендин эртеси эле төрт жарлыкка кол койду. Биз бул ирет мамлекет башчыбыз белгилеп өткөн Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында «Жарандардын рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» биринчи Жарлыгынан улам рухий жана адеп-ахлак багытындагы маселе туурасында кеп кылсак.

***

Президент: “…Маданий кайра жаралуунун жаңы толкунун көрсөм жыйырма биринчи кылымдын кыргызы катары арманым болбос эле! Себеби, улуттук маданиятты өнүктүрүү, ал жөнүндө кам көрүү — улутту сактоого, мамлекетибиздин келечеги жөнүндө кам көрүүгө барабар!” — деди. Бул улуу сөз. Улуттун руху өнүкпөсө улут болуудан калат.

***

Рухий жана социалдык жактан жарды, калкы ашкере саясатташкан, экономикалык жана адеп-ахлак кризисине баткан элди саздан алып чыгуу милдети Президент
Садыр Жапаровдун багына туш келип олтурат. Президент туура баамдаптыр, рухий азыгы жарды, бирок материалдык жактан бай адам коомго өтө чоң коркунуч алып келиши толук мүмкүн. Ошондуктан, алгач өсүп-өнүгүүнүн негизги багытын рухий-адеп-ахлакты, билимди, ниетти, пейилди оңдоодон баштаганыбыз туура деп эсептейм.

***

Бир акылман, «мен өмүрүмдө көп эле жаман турмушту башыман кечирдим, бирок мынчалык ыплас коомду көрбөптүрмүн» — деп, катуу кейиген экен. Буга чейинки бийлик ушундай ыпластыкка жол бергени үчүн артка чегинди. Жаңы бийлик ошол ыпластыктан, кара өзгөйлүктөн, алдамчылыктан, саткынчылыктан иренжип, алгач рухий жактан тазаралы деп жатат. Бул колдой турган көрүнүш.

***

Буга чейин Өкмөттүн 2013-2017-жылдарындагы план-программасына ылайык элдик нравалык баалуулуктарга негизделген тарбия концепциясын иштеп чыгуу каралган. Ага байланыштуу (Кыргыз билим берүү академиясында) өкмөттүк планды ишке ашыруу максатын көздөп, белгилүү окумуштуу, публицист Советбек Байгазиев “Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясын“ жазган. Билим берүү жана илим министрлиги аталган концепцияны педагогикалык коомчулуктун талкуусуна коюп, мектептердин жана ЖОЖдордун жамааттарынын сунуштарын эске алып, кошумчалап, кабыл алган. Бирок аталган концепция эмнегедир иштеген жок. Тилекке каршы, каржылык колдоо болбогондуктан, ал концепция кагазда калды.

***

Андай болгон менен, Билим берүү жана илим министрлиги өткөн жылдын аягында, Тарбия Концепциясын кабыл алды. Анда 1-4-класста жалпы адамдык баалуулуктар, ал эми 5-8-класста улуттук жана мамлекеттик баалуулуктар окутулса, 9-11де көп кырдуу маданиятты таануу үйрөтүлөт. Бул Концепция элдик рухий-адептик, патриоттук нарк-дөөлөттөрдү жана жалпы адамзаттык адеп-ахлак, салттарды баалай билүүгө чоң кызмат кылат деген ойдобуз. Баалуулуктар демекчи, биз билимге артыкчылык беребиз деген менен турмушта андай эмес. Мисалы, спортто мушташ боюнча жеңишке жетишкендерди аэропорттон Өкмөт башчыга чейин дүңгүрөтүп тосуп алабыз да, билим боюнча дүйнөлүк сынакта алтын медаль алып келген окуучуларыбызды, мугалимдерибизди тосмок тургай, көңүл буруп да койбойбуз. Бул да тарбиянын бир өңүтү. Экөөнө тең бирдей мамиле болсо кана!

***

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов “Канткенде адам уулу адам болот, адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деп айтканын баарыбыз билебиз. Бирок азыркы адамдар канткенде көп акчалуу болобуз, канткенде күнүгө миңдеген акчаларды таап, бай болобуз деп баш катырышат. Адам болуу жөнүндө, балким, ойлонушпайт деле. Эч ким манасчы, мугалим болгусу келбейт. Бай гана болгусу келет. Бай болгонго не жетсин. Бирок ак эмгек менен баюуну максат кылган муунду тарбиялаш үчүн бүтүндөй система оңолушу керектигин эми эстеп олтурабыз. Президент Концепцияны иштеп чыгууда эске алына турган принциптердин ичине “турмуштук жүрүш-турушта руханий адеп-ахлактык жүйөнүн материалдык кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы” каралышын да баса белгилептир. Ак сөз. Эми жалганчылыктын жолу түгөндү. Мамлекет башчысы айткандай, биз тарыхтын жаңы барагын ачып
жатабыз.

***

Учурда бүтүндөй коом тарбияга муктаж. Бизде “Жакшы жигит”, “Жакшы адам” деген түшүнүктөр азайып, шылуун, ууру-кески кишилерге артыкчылык берилип келгени жалганбы? Эми эл жакшы адамдарга артыкчылык берүүгө кантип үйрөнөт болду экен? Рухий азыгы аз, ээнбаш, ээн ооз, сөз жоопкерчилиги дегенден такыр түшүнүгү жок, өз сөзүнө турбаган, калпычы, жакшы менен жаманды ажырата албаган, сындайт, өз пикирин айтат десе Интернетте Президенттен баштап Айтматовду деле оозго алгыз сөздөр менен сөгө берген муун келатат. Бул мындан 15-20 жыл мурунку өксүк тарбиянын чириген жемиши деп билсек болчудай. Рухий байлыгы аз кишилерден ушундай көңдөйлүк келип чыгат.

***

Он чакты таланттуу балдарыбыз “Манас” айтып, дагы ошончосу төкмө акын болуп чыга келсе эле аларга суктанып карап, жетине албай рухий жактан байбыз, улуу элбиз деп өзүбүздү өзүбүз алдаганга өттүк. Ал иргелүү эле таланттар. Ошолордун болгонуна да шүгүр дейли. Бирок  рухий азык алып, маданиятыбыз оожалып, кулк-мүнөзүбүз оңолушу үчүн жалпы коом агарып, көгөрүшү керек. Кыргыз Манас деп ураан чакырганы менен ошол эпосту дээрлик көпчүлүгү окуган эмес. Манасты, айрым билимдүү интеллигент сөрөйлөр, азыр да жомок деп жүрүшөт. Залкар Ашым Жакыпбеков кезинде “Манас” эпосун өзүнүн варианты катары кара сөз менен жазып чыгып, кол жазмасын ак үй, көк үйгө көрсөтүп, басууга колдоо таппай койгон. Ызаланган жазуучу кыргызга кереги жок “Манасымды” өрттөйм деп камынганда, жанында руху бийик адамдар болуп калып, сактап калышыптыр. Эми ошол Ашым агабыздын “Манас” китебин окуган кыргыз аз. Ал талант көзү тирүүсүндө баркталбай кетти. Анан кантип биздин рухий деңгээлибиз бийик болот.

***

Американын ойчул жазуучусу Генри Торонун: Биз кээде бакта сейилдеп, жаратылышка суктанып эс ала баскан адамдарды жалкоо, жан бакты деп, ал эми ошол эле бакчадагы дарактарды кыйып, жок кылып, кыйратып жаткандарды жаңылып, эмгекчил, мээнеткеч, элдик адам деп мактап жүргөнүбүз жалганбы?! — деп айтканы бар. Биз дагы мамлекетибиздин казынасын уурдап, сырттан келген карыздарды кымырып, өз элин душманындай талап тоногон адамдарды пир тутуп, аш-тойдо төргө олтургузуп, сыйлап, ал тургай кошомат кылып, ага сыйынып, мамлекеттик наамдарды берип келгенибиз жалганбы? Бул рухий төмөндүк эмей эмне? Уурулар төргө чыккан заманда кантип руханий өсүү, жакшы тарбия болмок эле.

***

Президентибиз коррупционерлердин жолун бууйм деп жатканы карапайым элге өзгөчө жакты. Карапайым эл демекчи, Президент С.Жапаровдун сүйлөгөн сөздөрү эң жөнөкөй, жугумдуу тил болуп чыга келди. Президент кыйды, купуя, жалпы эл сүйбөгөн, түшүнүксүз куу сөздөрдү эмес, жөнөкөй малчы, койчу, сугатчы, мугалим сүйлөгөн тилде ошолор ойлогон ойду айтканы менен эл ага жакын, сырдаш болуп чыга келди. Садыр Жапаров өзү да ошол карапайым элдин кулуну, куту болуп, чоң ишенимге татыды. Бул Президентибиздин руханий жактан бай экендигинин бир далили. Элдик адам элдин тилинде гана сүйлөйт.

***

Эми биздин көпчүлүк өспүрүм курактагы балдар рухий байлыктын, билимдин эмес, мобилдик телефондун, Интернет желесинин кулу болуп баратышат. Кечээ жакында бирөө баласын сабак окубасаң Интернетти өчүрөм десе, көп кабаттуу үйдөн секирип өлөм деп коркутуптур. Интернет киргил океан. Андан Кыргыздын рухун ачып окугандар аз. Буга Интернеттин жакшы жагын пайдаланып жансактагандарды кошкум келбейт. Бирок дээрлик көпчүлүк балдар бок чокуган тооктой болуп, эртели кеч андагы күнүмдүк ыбырсыган, пайдасыз нерселерге эле кызыга беришет. Дегеним, Германияда мектеп жашындагы балдарга ата-энелер гаджеттерди ашыкча колдонууга уруксат бербей, көзөмөлдөп турушат экен. Ата-эне балдары менен мазмундуу мультфильмдерди көрүшөт, түркүн түс китептерди чогуу окушат. Бизде, тескерисинче. Мектеп жашындагы балдар адамды каракчылыкка, жырткычтыкка, зомбулукка чакырган оюндарды, мультфильмдерди көрүп чоңоюшууда. Бул жерде рухий дүйнөнүн, тарбиянын жыты да жок. Рухий багытта балдарга арналган китептер аз, чыкса да нускасы жетишсиз. Керели кечке Интернетте кыймылсыз олтуруп чоңойгон балдар кийин кантип балдарына Кыргыз рухун боюна сиңиртип чоңойто алат. Минтип олтурсак, кантип руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү бийик жана дени сак улут болобуз. Китеп окуу маданияты тургай, окуганга көнгөн эмеспиз. Алар китепти көргөндө жалаңкычты көргөндөй коркушат.

***

Азыркы жаш эне бешик ырын билбейт. Себеби, анын апасы да бешик ырын билбей чоңойгон. Балдарына китеп окуп берүү салты жоголгон. Кайра аларды ар кандай жаман сөздөр менен урушканга маш. Муну да апасынан үйрөнгөн. Атасы баланы тарбиялоо энесинин жана мектептин иши деп билет. Аны ал атасынан үйрөнгөн.

***

Интернетте беш алты бала бир баланын мыкаачылык менен сабап, аз болуп калгансып башка тепкилеп жатканын эл көрүп үрөйү учту. Мындай мыкаачылык жаштар тарабынан күн сайын болуп жатат. Буга сюжеттери уруш-кармаштарга, кан төгүүлөргө толгон, зордук-зомбулукту үгүттөгөн теле-компьютердик программалар күнөөлүү. Бала кезинен баео, ишенчээк сезимине, психикасына терс доо кеткенинин бир белгиси.

***

Жеткинчектерибизге Кыргыздын бай рухун чагылдырган мультфильмдердин сериясын чыгарганга неге болбосун. Биз эмне үчүн “Манас” эпосун кино кылып тартканга камынбайбыз. Анткени рухий чамабыз чакталуу. Аны тартам деп максат кылган залкарлар бийликтен колдоо таппай жүрүп бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиев эки жыл мурун “Айкөл Манас ата журтка кандай кызмат кылган” аттуу мамлекеттик кызматкерлер үчүн колдонмо жазды эле. Анда эпостун үлгү боло турган өлбөс-өчпөс нарк-дөөлөттөрү, элге-жерге ак кызмат кылуудагы атуулдук-мекенчилдик өрнөктөрү кыска-нуска жазылган. Бирок ал болгону 300 даана менен чыгып, кумга сиңген суудай жок болду. Аталган окумуштуу “Манас” эпосуна байланышкан ондогон китептерди, окуулуктарды чыгарды. Бирок, аны үңүлүп, кызыгып окуган киши барбы? Автор өзү деле бир ирээт: Канча китеп жаздым, ак үй, көк үйдөн бир кызыгып караган адамды көрбөдүм, — деген эле. Биз чоңубуздан кичинебизге чейин рухий туңгуюкка кептелип турган чагыбыз. Ошондуктан баарыбызга Президент айткандай руханий-адептик кайра жаралуу
керек!

Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”, Эл аралык ТҮРКСОЙ сыйлыгынын ээси, “Беш акын” теле сынагынын жеңүүчүсү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер