ПРОФИЛДИК ОКУТУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

  • 18.08.2025
  • 0

Ош шаарында өтүп жаткан Август педагогикалык кеңешмесинин секциялык ишинде Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун Менеджменттик билим берүү кафедрасынын кызматкери Алмаз ШЕРГАЗИЕВ  мектеп жетекчилери үчүн “Профилдик окутуу деген эмне? Мектеп жетекчисинин кесиптик окутууну уюштуруусу” темасында презентация жасады.

ПРОФИЛДИК ОКУТУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жакынкы коңшуларда

А.Шергазиевдин айтымында, профилдик окутуу – окуучулардын жөндөмүн, кесиптик кызыгуусун, умтулуусун, ошондой эле эмгектеги суроо-талапты эске алуу менен билим берүүнүн ички структурасын, мазмунун жана уюштурулушун өзгөртүү аркылуу жиктеп, жекелештирип окутуу.  Профилдик окутуу көбүнчө жогорку класстарда жүргүзүлөт. Бул негизинен кийин мектеп окуучусу кайсы кесиптик тармакка багыт алып окуй турганына байланыштуу  тандаган багытына жараша терең билим алуусу.

— Профилдик окутуу Россиянын мектептеринде 2004-жылдан башталган. Базалык окуу планда 12 профиль каралган: физика-математикалык, физика-химиялык, химия-биологиялык, биология-географиялык, социалдык-экономикалык, социалдык-гуманитардык, филологиялык, маалыматтык-технологиялык, агротехнологиялык, индустриалдык-технологиялык, көркөм-эстетикалык, коргонуу-спорттук жана  универсалдык окутуу. Ал эми Украинада болсо 5 профиль: Социалдык-гуманитардык, табигый-математикалык, технологиялык, көркөм-эстетикалык, спорттук. Беларусияда төмөндөгүдөй профилдер: физика-математикалык, химия-биологиялык, филологиялык (белорус тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, чет тили), тарыхый-коом таанучулук, табигый-географиялык, информатика-математикалык, көркөм-эстетиалык, физкультура-спорттук, технологиялык.

Келечектеги кесибин туура тандаш үчүн даярдоо багытын, адистикти жана окутуу профилин туура тандоо зарыл. Булардын айырмачылыгын түшүнбөгөн учурда Сиз каалабаган жакка барып калуу мүмкүнчүлүгү чоң. Жаш муундар үчүн туура тандалган адистик анын келечектеги карьерасы жана ишиндеги ийгиликке чоң таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан даярдоо багыты, адистик жана окутуу профили деген нерселерди тактап карап чыксак болот, — дейт А.Шергазиев.

Профилдик окутуу системасынын милдеттери

Милдеттерине эмнелер кирет? Мектептин бүтүрүүчүлөрү билим берүү жана профилдик даярдыктын жаңы  жогорку сапатына жетишүүсү;  билим берүү системасынын процессинде чыгармачылык өз алдынчалык жана критикалык ой жүгүртүү, изилдөө көндүмдөрүн жана ыктарын, илимий ой жүгүртүү негиздерин калыптандыруу болуп саналат;  жаратылыш жана коомдун өнүгүү закондорун, негизги жаңы билимдерди алуу үчүн башка да билимдерди  алуу аларды андан ары тереңдетип жана кеңирлетип окуу, өз алдынча алган билимдердеги маалыматтарды андан ары  өз турмушунда колдонуу; окуучуларда коомдук социалдык турмушта жана эмгек иш аракетинде өз алдынча эркин чечимдерди кабыл алууга даяр кылуу, жеке демилгелик жөндөмүн өнүктүрүү болуп саналат.

— Даярдоо багыты — бул кесиптик билим берүү программасынын жалпы аталышы. Ар бир даярдоо багыты өзүнө бир нече адистиктен турушу мүмкүн. Мисалы, филологиялык билим берүү багыты кыргыз тили, орус тили, немис тили, араб тили жана башка адистиктерден турушу мүмкүн. Адистик – бул окутуу багытынын жалпы аталышы. Мисалы, «Компьютердик технология» даярдоо багыты бир нече адистиктерден турат: Математика жана компьютердик илимдер; Информатика жана эсептөө техникасы; Информациялык система жана технологиялар; Прикладык информатика; Программалык инженерия. Ар бир адистик өз кезегинде бир же бир нече профилдерден турат.  «Маалыматтык системалар жана технологиялар» адистиги төмөндөгүдөй профилдерден турат: «Техникадагы жана бизнестеги маалыматтык системалар жана технологиялар»; «Интеллектуалдык маалыматтык системалар»; «Автоматташтырылган проектирлөө системасы»; «Медиаиндустрия жана дизайндагы маалыматтык технологиялар», — дейт адис.

Профиль – бул тар адистик

— Профиль гана адамдын иш жүрүшүнүн өзгөчөлүгүн аныктайт. Ошондуктан келечектеги кесипти тандоодо окутуу профилин тандоону туура жүргүзүү керек экенин окуучуларга багыт беришибиз керек. Профилдик билим берүүдөгү дагы бир өзгөчөлүк орто мектептин окуу планына киргизилген кесиптик иштин багытынын мазмунун аныктаган атайы предметтердин болушу. Атайы (профилдик) предметтерди окутуу ар башка мектептерде ар башка убактарда болушу мүмкүн.  Ал эми орто кесиптик окуу жайларында профилдик дисциплиналарды окутуу экинчи курстун экинчи семестринен башталса же үчүнчү курстун башталышында башталат. Себеби биринчи курстун студенттери  жалпы билим берүүчү мектептик предметтерди окушкандыгында. Жогорку окуу жайларында болсо профилдик дисциплиналарды окутуу экинчи курстан башталат, — дейт Алмаз агай.

Кесиптик кайра даярдо борборлору же институттарында болсо окуу планы профилдик предметтерди окутуу гана каралган.

Жалпы орто билим (11-12-класстар)

Жалпы орто билим берүү   —   билим берүүчү мектептин III баскычы.

ПРОФИЛДИК ОКУТУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Негизги мектепти аяктагандан кийин, окуучулар кошумча билимге жана кесиптик келечеги жөнүндө чечим кабыл алууга багыт алышат. Бул этапта билим берүү жалпы билим берүү уюмунун статусуна жана түрүнө карабастан профилдик дифференциацияга негизделет.

Билим берүүнүн жогорку баскычында профилге багыт берүү окуучулардын муктаждыктарына жана билим берүү уюмунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша билим берүү процессин функционалдык уюштурууга негизделген эки багытта жүргүзүлүшү мүмкүн.

— Профилдик окутууга өтүү төмөндөгүдөй негизги максаттарды көздөйт: Толук жалпы билим берүүчү айрым предметтердин программасын тереңдетип окутууну камсыз кылуу. Жогорку класстын окуучулары үчүн туруктуу дифференцирленген мазмундагы окутуу шарттары жана ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөгү жеке билим берүү программаларын түзүү. Ар кандай категориядагы окугандарга алардын жөндөмү, кызыгуусу, жеке талаптарына жараша бирдей билим алуу мүмкүнчүлүгүн тузүү. Окуучулардын социализация мүмкүнчүлүктөрүн кеңирлетүү, жалпы жана кесиптик билим берүүнүн ортосундагы улануучулукту камсыз кылуу менен мектептин бүтүрүүчүлөрүн жогорку кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүгө эффективдүү даярдоо. Профилдик окутууга өтүү — бул биринчи кезекте мектептик билим берүүнүн вариативдик эркиндигин кеңирлетүү. Айрым предеттерди тереңдетип окутуудан айырмаланып, профилдик кесиптик окутууда окуучулар бир эле эмес, бир нече бири-бирин тереңдетип толуктап туруучу предметтердин тобун окушкандыгында, — дейт А.Шергазиев.

Мектептик билим берүү программалары эки бөлүктөн турат- базалык жана профилдик. Базалык бөлүк өзүнө баардыгы билүүгө тийиш болгон жалпы билим берүү предметтерин камтыйт.  Ал эми профилдик бөлүк болсо окуучулар келечекте андан ары өздөштүрө турган кесипке тиешелүү дисциплиналарды тереңдетип окуп үйрөнүү каралат.

Орто мектепте профилдик окутуунун негизги милдеттери

Окуучуларга профилдик дисциплиналар боюнча терең жана бекем билим берүү; окуучуларда өз алдынча таанып билүү иш-аракетин калыптандыруу, ар кандай татаалдыктагы милдеттерди чечүүгө даярдоо; окуучуларда илимий-изилдөө ишине кызыктырууну өнүктүрүү; окуучуларда ой-жүгүртүү көндүмдөрүн топтолгон маалыматтарды чыгармачылык менен иргеп иштеп чыгууга, өз ой пикири болуусуна жана аны коргой билүүгө калыптандыруу.

ПРОФИЛДИК ОКУТУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Профилдик окутуунун 5 кадамы

1-кадам. Балага эмне кызык экенин издеп тап

Балага көз салып, аны менен аңгемелеш, эмнеге  кызыга турганын аныкта. Эгерде кандайдыр бир кызыгуусу аныкталбаса, профориентациялык тестирлөөнү жүргүзгүн.

2-кадам. Максат койгунуң

Сиздин балаңыз кандай жетишкендиктерге жетишин каалайт элеңиз?  Профилдик окутуунун сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн максаты болуш керектиги үчүн качан жана канча өлчөмдө буга жетише алат элеңиз? Эң башкысы — максатты окуучу менен биргелешип коюу. Себеби аны менен окуучу иштейт.

3-кадам. Кандай ресурстарыңыз бар, аныктаңыз

Булактардын тизмесин түзүңүз: колдо болгон онлайн-курстар, китептер жана фильмдер, репетиторлор, кружоктор, мастер-класстар, экскурсиялар, лагерлер жана башкалар. Тизмеден окуучунун темпераментине туура кебегендерди сызып сал.

4-кадам. Белгиленген билим берүү маршруту боюнча ишинди жүргүзө бер

Эгерде баланы өз алдынча окушун каалай турган болсоңуз, анда керектүү болгон материалдар — окуу китептери, атластар, жумушчу тетраддар жана башкаларды даярдаңыз. Эгерде сизге жардамчылар керек боло турган болсо, анда балаңыз бара турган мектептер, кружоктор жана башка билим берүү борборлору менен келишимдерди түзүңүз.  Репетиторлор менен келишим түзүнүз. Сөзсүз расписаниелерди түзүнүз. Балаңыз өзүнө бөлүнгөн жүктөмдү билип эмнени, кайсы мезгилде жасай турганын так билиши керек.

5-кадам. Жыйынтыктарды баалоо

Эки жумада же бир айда бир жолу жасалган иштерди анализ кылыңыз, кайсы аткарылды, кайсыл анча эмес. Коюлган максат боюнча алдыга жылыш болдубу? Эмне жардам берип жатат, эмне тоскоол болууда? Объективдүү жыйынтык болуш үчүн диагностикалык тестти колдонсо да болот. Пайдасы тийбеген усулдарды жана ресурстарды жанылары мене алмаштыруу керек.

Профилдин рамкасында дагы тар багыттагы группаларды да түзсө болот.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер