«ПИКАССОНУ БИЛЕМИН, ЖЫЛДА ЭЛЕ ТАМ АРКАСЫНА АЙДАЙБЫЗ»

  • 27.01.2022
  • 0

Сүрөтчү болом деп шаарга окууга келген жаш жигиттен тууганы сурап калса, эч ойлонбостон, ушинтип жооп берген экен. Бул окуя он, жыйырма жыл илгери эмес, былтыркы жайында болгону жаштарды кесипке багыттоо иштеринин өлкөбүздө анчейин ынанымдуу жүрбөй жатканынан кабар берет. Эмесе, кесипке багыт берүү деген эмне, анын кандай баскычтары бар, бул багытта изилдөөчүлөр кандай кеп-кеңештерин беришет, ушуларга токтоло кетсек.

Кесиптик багыт берүү деген эмне?

Педагогикалык адабияттарда кесиптик багыт берүүгө эң эле көп аныктамалар берилген. Ошентсе да кесиптик багыт берүү деген эмне?

Кесиптик багыт берүү – мектептин окуу тарбия ишинин маанилүү элементи, окуучунун жекече кызыгуусуна, шыгына, ден соолугуна жана коомдогу социалдык экономикалык өзгөрүүлөрдүн талаптарына ылайык аны аң-сезимдүү кесип тандап алууга даярдоого багытталган комплекстүү иш-чаралар системасы.

Кесиптик багыт берүү  – көп кырдуу педагогикалык, психологиялык, экономикалык, социалдык, медициналык көйгөй. Азыркы кезде мектеп окуучусун кесип тандоого даярдоодо төмөндөгү милдеттерди чечүүгө көңүл буруу керек:

– окуучуларды кесипти аң-сезимдүү, жоопкерчилик менен тандоого тарбиялоо;

– республиканын эл чарбасынын тармактары, эмгекти уюштуруунун формалары, базар экономикасынын маселелери менен тааныштыруу;

– окуучуларды кесиптер, аларга коюлган талаптар, кесипке ээ болуунун жолдору менен тааныштыруу;

– окуучунун кесиптик кызыгуусун, аны тандоосунун мамиле мотивдерин калыптандыруу;

– окуучуларды практикалык иштерге катыштыруу менен билгичтиктерге, көндүмдөргө ээ кылуу ж. б.

Илимий-педагогикалык адабияттарда кесиптик багыт берүү ишинин төмөндөгүдөй курам бөлүктөрү аныкталган:

а) алдын ала кесиптик диагноздоо – алдын ала ар түрдүү методдорду колдонуу менен окуучунун инсанын үйрөнүү. Натыйжада окуучунун мүнөздөмөсү түзүлөт;

б) кесиптик агартуу – окуучуларды кесиптер, аларга коюлган талаптар, ага ээ болуунун жолдору ж. б. маалыматтар менен тааныштырат;

в) кесиптик тарбиялоо – окуучунун кесипке кызыгуусун жана аны тандоодогу негизделген мамиле-мотивин калыптандыруу менен байланышат;

г) кесиптик ылгоо – адамдын белгилүү эмгектин түрүнө жарактуулугун аныктайт;

д) кесиптик кеңеш – окуучунун шык-жөндөмүнө, кызыгуусуна жараша кесиптик багытталгандыгын камсыз кылат;

ж) кесиптик ыңгайланууну – адамдын социалдык чөйрөгө, эмгек шарттарына, конкреттүү адистиктин түрүнө активдүү ыңгайланышы.

Кесиптик багыт берүү ишинин ар бир компоненти өзүнө тийиштүү иштемин аткарганда гана жакшы натыйжа берет. Мектепте кесиптик багыт берүү окуу процессинде, класстан жана мектептен тышкаркы иштерде жүргүзүлөт. Кесиптик багыт берүү ишин жүргүзүүдө окуучулардын курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек.

Бул багыттагы иликтөөлөрдөн кандай сабак алабыз?

Жаштардын келечектеги кесибин тандоосу көптөгөн факторлордон көз каранды экени белгилүү. Кыргызстандык илим иликтөөчү Ж.Абдыракунова кесиптик багыт берүүдө окуучу ата-энесинин позициясынан олуттуу даражада көз каранды деп эсептейт. «Окуучулардын кесиптик өзүн-өзү аныктоосунда ата-энелеринин турмуштук жана эмгектик тажрыйбалары, кадыр-баркы, үй-бүлөсүнүн материалдык жактан камсыз болуу деңгээли чоң таасирин тийгизет. Көпчүлүк учурда ата-энелердин эмгектик ийгиликтери балдарга оң таасирин берет. Ата-энелердин өз иштерине жакшы мамиле кылуусу, алардын өз кесиптерине болгон канааттануусу жетишээрлик деңгээлде балдарына моралдык жактан чоң стимул болот. Анткени бала ата-энесинин ишин, эмгегин көрүп, кызыгып, келечекте кесип тандоодо “үй-бүлөсүнүн” кесибинин бирөөсүн тандашы ыктымал» деп жазат
иликтөөчү.

«Бирок бул жерден абдан зарыл нерсени унутпашыбыз керек, эгерде тандоо жөн гана ата-эненин эркин аткаруу болбой, абдан терең ойлонулган болсо, ата-энелер балдарына кесибине болгон сүйүүсүн үйрөтө билсе, анда таасир этүү оң беделин тийгизет. Бирок ата-энелер дайыма эле балдарынын ишмердүүлүктүн кандайдыр бир түрүнө болгон кызыгууларына жана шыктарына дем берип колдошпойт, дайыма эле алардын жөндөмдүүлүктөрүн туура баалай билишпейт, дайыма эле балдарынын аракеттери ата-энелеринин каалоолору, ниеттери менен дал келбейт.

Кесиптик багыт берүү ишинин ар бир компоненти өзүнө тийиштүү иштемин аткарганда гана жакшы натыйжа берет», — дейт Ж.Абдыракунова.

Кесипке багыт берүү боюнча бул диссертациялык изилдөөдө иликтөөчү мектеп окуучуларына кесипке багыт берүү ишмердүүлүгүн өз учурунда жана натыйжалуу жүргүзүү педагогикалык маселе болуп саналарын, мектеп бүтүрүүчүсүнүн бир кесипти туура тандоосуна абдан көп тышкы жана ички факторлор таасир тийгизерин белгилеп, мектеп окуучуларына кесипке багыт берүү ишмердүүлүгүнө үй-бүлөнүн таасири абдан чоң болгондуктан, аны атайын уюштуруу абзел, окуучулардын ата-энелерине кесипти тандоо боюнча атайын тренингдерди жүргүзүү – эң жок дегенде онунчу класстын башынан баштап системалуу орун алышы керек деген жыйынтыкка келет.

Өлкөнү кесипкөйлөр өнүктүрөт

Кесиптик билим берүү ишинде бир эмес, көп жыл эмгектенген Эгемберди Усуповдун кеп-кеңештерин угуп койсок:

Кесип — өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсүнүн эң орчундуу булагы. Өлкөнү кесипкөйлөр өнүктүрөт. Бир эле тармактагы өксүк, сөзсүз өнүгүүнү басаңдатып, терс таасирин тийгизет. Ийгиликтин ачкычы – өнөр. Кесипкөй адамдар арбын жана алардын алгылыктуу иштери өлкөнүн өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизип жаткан болсо, кантип мамлекет өнүкпөсүн. Кесипкөй адамдар калкты жакшы жашоого алып баруучу зор күч. Кесипти туура тандоого багыт берүүнү ишке ашыруу сыяктуу эле, кесипке үйрөтүү да татаал.

Кесип тандоо – биздин тагдырды аныктай турган өтө жооптуу бирден-бир чечим. Буга абдан көңүл буруу менен кароо абзел. Кесипти эң туура тандоо үчүн сиздин кесипке болгон кызыгууңуз жана ийкемдүүлүгүңүз кандай, алдын ала ошону тактап алыңыз. Экинчиден, сиздин кесипкөйлүүлүк жакшы сапатыңызды баалаңыз: жыйынтыгында сиздин кесиптик жарамдуулугуңузду жана мүмкүнчүлүгүңүздү аныктай турган ден соолук, квалификация жана жөндөмдүүлүгүңүз кандай, ушуга маани бериңиз. Үчүнчүдөн, эмгек рыногунда кандай кесиптерге суроо-талаптар бардыгын билүү, алардын кайсылары келечектүү, буга көңүл буруңуз.

Адамдын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү, каалоолору жана эмгек рыногунун талаптары дал келбейт. Ишке кызыкпаган адамдын келечеги жок. Эч кимге кереги жокту жасайм деп жасай албаган адамды аёого гана болот. Кесиптик ишти аткаруу үчүн шык билими жетиштүү болбой, ал эми ишке кызыгуусу жана жөндөмдүүлүгү жок болсо, анда мындай адамдын пайдалуулугунун кайтарымы үчтөн бирди гана түзөт. Ишине канааттануу жокко эсе.

Толук дал келүү болбосо дагы, үч шарт менен жакындашууну табууга болот. Жөндөмдүүлүктүн өзгөчөлүктөрүн жогорулатуу менен жетиштүү болууга мүмкүн. Канчалык кесипкөйлүүлүк жогору болгон сайын, ошончолук ишке орношуу мүмкүнчүлүгү да жогорулайт. Эгер кесипке кызыгуу жок болсо, анда пайдалуулуктун кайтарымы үчтөн эки гана
болот.

Эгер кесипти тандоо ийгиликтүү болсо, адам жакшы иштейт, ишине канааттанат. Мындай адамдын иш-аракетинин кайтарымдуулугу өтө жогору жана толук канааттанууну камтыйт.

Кесипти тандоого жаңы кадам таштаган жаштар үчүн:

Өзүңдүн кызыгууңду талдоо менен, жөндөмдүүлүгүңдү, ийкемдүүлүгүңдү жана алыңдын жетишине ишенүүң керек.

Бил: Кандай кесиптер талап кылынууда? Бул жумуштун өзгөчөлүгү эмнеде? Ишке орношуу мүмкүнчүлүгү кандай? Айлыгы кандай?

Окуп үйрөнгөн кесиптик шыгыңды өзүңдүн мүмкүнчүлүктөрүң менен салыштыр, ата-энең, окутуучуларың, досторуң менен кеңеш.

Өзүңдүн көңүлүңө көбүрөөк жаккан кесипти танда.

Кошумча да вариантты (үч кесипке чейин) ала жүр, эгер бул кесиптерди да өздөштүрүп кетүүгө мүмкүнчүлүгүң бар болсо.

Учурда кесиптин түрү көп, ар бири адамдын өзүнө ылайык талаптардын болушун камтыйт. Кээ бир кесиптер адамда күч жана ийкемдүүлүктү, башкалары — ыкчамдыкты, үчүнчүлөрү — олтуруп иштөөгө чыдамдуулукту жана тыкандыкты талап кылат.

Кесиптин “адам-адам” түрү жумуш адамдар менен иштөөгө багытталган жана элдер менен пикир алышууну сунуштайт. Булар мугалим, дарыгер, сатып алуучулар менен иштегендер, кеңсе башчы, чач-тарач ж. б. Тааныбаган адамдар менен тез сүйлөшүп кете алсаңыз, ар кандай пикир келишпестиктерден алыс болууга жетишсеңиз бул кесиптер ылайыктуу болот.

Кесиптин “адам-жаратылыш” түрү жандуу жаратылыштын арасы менен байланышкан. Жаратылышты жана жаныбарларды абдан сүйүү керек. Кесиптин “адам-жаратылыш” түрүнө мал догдур, агроном, бакчачы, эколог, балчы, малчы, тракторист ж.б. кирет.

Эгер сиз өзүңүздүн жашоону техникасыз жана ар түрдүү жабдууларсыз элестете албасаңыз, кесиптин “адам-техника” түрүн тандоого токтолуңуз. Бул түрдөгү кесиптин ээлерине техника жайларында жана алардын түзүлүштөрүн үйрөнүүчү иштерге арналат жана тактык, өтө тартиптүүлүк жана жоопкерчилик талап кылынат. Мындай кесиптерге автомеханиктер, кыш кыноочулар, токарлар, электромонтёрлор, инженерлер, айдоочулар, архитекторлор, конструкторлор, системанын администраторлору ж.б. кирет.

«Адам-тааныш чөйрө” алдыңкы түрү менен окшош, бирок бир катар өзгөчөлүктөрү бар. Мындай учурлардагы иштер маалыматтарды иштеп чыгууга багытталган, ал белгилер, сандар жана формулалар түрүндө көрсөтүлөт. Эгерде сизге мындай иш-аракет көңүлүңүзгө жакса, тартынбастан программист, логист, эсепчи, финансист, аналитик кесибин тандаңыз.

Эгерде чыгармачыл адам болсоңуз “адам – көркөм образ” түрүндөгү кесип ылайыктуу. Бул түрдөгү кесиптегилер мейли көркөм өнөр, мейли музыка, мейли сүрөтчү, артист, ырчы, акын, скульптор, дирижёр, дизайнер ж.б. кирет.

P.S. Келерки жолу кесип тандоо ЖРТ жыйынтыгына көз каранды экендигине токтолобуз.

Даярдаган А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер