ОРОК МЕКТЕБИНЕ ЖАҢЫ ДИРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 14.03.2023
  • 0

Жалдагы Мамыралиев  мектеп-гимназиясынын  мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучусу Ырыскелди Асанов Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын буйругу менен Орок мектебине директор болуп дайындалды.

ОРОК МЕКТЕБИНЕ ЖАҢЫ ДИРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

Резонанс жараткан чаң

Өткөн жумада Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн комиссиясынын териштирүүсүнө макул эмес ата-энелер кайрадан билим берүү жана илим министри К.Иманалиевге келип, мектеп администрациясын толугу менен алмаштыруу талабын коюшкан эле.

Ата-энелердин арызы боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова башында турган комиссиялык топ иштин чоо-жайы менен таанышуу үчүн аталган орто мектепке барып, тийиштүү сунушун берип келишкен.

Териштирүү иштеринин натыйжасында комиссия тарабынан окуучулардын ден соолугуна зыян келтирүүчү жагдайдын алдын албаганы, билим берүү мекемесинин санитардык абалына көңүл бурбаганы жана финансылык мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Орок орто мектебинин директору Рахат Дүйшеналиеваны ээлеген кызматынан четтетүү жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Сатарбаевага окуяны көзөмөлгө албаганы үчүн дисциплинардык чара көрүү сунушу берилген.

Жыйынтыгында Р.Дүйшеналиева  ээлеген кызматынан өз каалоосу менен  кетти. Бирок ал катардагы химия мугалими болуп ошол эле мектепте иштей берээрин билдирген.

Мектеп – мамлекеттик менчик

Эки жума бою маалымат чордонунан чыкпай, улам-улам блогер У.Карыбек уулунун бир нече сериядан турган видеосюжети жалпы Орок мектебинин мугалимдерин коомчулуктун алдында жаманатты кылып, басмырлап койду. Бул мектепке бир эмес, эки жолу комиссия келип, чын-бышыгын териштирип чыгышты.

Кырдаалды оң тарапка чечүү үчүн билим уясына Жалдагы Мамыралиев  гимназиясынын мектептен тышкаркы уюштуруучусу, кыргыз, орус жана түрк тилинде сүйлөгөн, “Жыл мугалими” сынагынын жеңүүчүсү Ырыскелди Асанов директорлук кызматка дайындалганы боюнча Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Мила Сабырбекова менен райондук кесиптик бирлигинин төрайымы Алина Качкынбаева келип, жамаатка тааныштырышты.

ОРОК МЕКТЕБИНЕ ЖАҢЫ ДИРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

— Асанов Ырыскелди Эмгек кодексинин 69-беренесине ылайык которуу ирээтинде Орок мектебинин директору болуп 2023-жылдын 13-мартынан баштап убактылуу директорлордун тандоо сынагынын жыйынтыгы чыккыча директор болуп дайындалсын деген буйрук чыкты. Асанов Ырыскелди 13 жылдан бери мектепте эмгектенет, анын сегиз жылы уюштуруучу болуп иштеп келди. Өзү тарых мугалими. Көрсөткүчтөрү абдан жакшы. “Жыл мугалими” сынагына катышып, 2-орунду ээлеген.  Адамгерчиликтүү, билимдүү, мектепти оң жолго салат деген ойдобуз, — деди М.Сабырбекова.

Чындыгында эле жаш жетекчиге орчундуу милдет жүктөлдү. Ал басмырланып, ыза болуп калган мугалимдерди биригүүгө чакырып, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, жамааттагы  күбүр-шыбырды токтотуп, ар кандай интригаларга жол бербесин, ар ким өз функционалдык милдетин аткарууга тийиш экенин баса белгиледи.

— Бүт республикага мектептин жагдайы тарап кеткени өкүндүрбөй койбойт. Мектеп -мамлекеттик мекеме. Бул менин же сиздердин менчигибиз эмес. Кайсы жерде болбосун көйгөйлөр болбой койбойт. Бардык жерде бар. Менимче, жамаат администрация өзгөргөнүнө карабастан, бирдиктүү бойдон кала берет. Ар кандай интригалар, топ-топ болуп сүйлөшүүлөр токтошу керек. Мамлекет, ата-эне  бизге балдарды окутууга ишенип бергенден кийин, ар бирибиз  өз милдеттерибизди так аткаралы, эгер кандайдыр бир жагдай болсо, бири-бирибизге жардам берели, — деди Ы.Асанов.

Жаңы жетекчини мугалимдер жылуу тосуп алышты. Көп жылдан бери иштеп жүргөн эжейлер жамаатты ынтымакка чакырып, мындан ары биригип, эгер маселе жаралса сыртка чыгарбай өз ара чечип алууну сунушташты. Ошондой эле өз каалоосу менен кеткен мурдагы жетекчиге дагы жылуу ойлорун билдиришти.

— Рахат Асековна менен бул мектепте 30 жылдан бери иштеп келатабыз. Анын чеберчилигин, адамгерчилик, адамдык сапатын жогору баалайбыз. Интриганын айынан республикага эмес, дүйнөгө маалым болдук, — деди мугалимдердин ичинен суурулуп чыккан С.Аламанова.

Дүйнөнү мугалим гана өзгөртө алат

Алыскы айыл эмес, борбор калаанын колтугунда жайгашкан билим уясындагы чыр-чатак Түркиядагы жер титирөөдөн да жаман коомчулукту силкинтти.  Бир караган кишиге видеосюжеттен кийин чын эле чаң басып калган, дегеле тазалыкты унутуп калган мектептей сезим калтырат.

Биз жаандан кийинки күнү бардык, мен ойлогом кире беришинен төрүнө чейин баткакка малынган болуш керек деп. Жок, жакшынакай эле таптаза мектеп. Болгону блогер барган күнү генералдык уборка боло элек экен.  Таң калганым, 2700 окуучу окуган мектепте 3-4 эле ата-эне тазалыкка, балдардын ден соолугуна тынчсызданабы? Калгандарычы? Көрсө, жагдай башкача экен. Чогулушка келген директордун орун басарларынын бири, “эгерде кимдир бирөөгө жумуш орду керек болсо, өзүбүзгө түз эле келип, кайрылгыла. Ичтеги майда-барат маселени сыртка чыгарбай эле койгула. Уят болдук”, — деди каргылданып.

Мугалимдер бирдиктүү форма кийишет экен. Көп жылдан бери иштеп жүргөн тажрыйбалуу, өз кесибин сүйгөн, жаштарга насаат-акылын үйрөткөн бир топ эжейлер бар экенине күбө болдук. Алардын сүйлөгөн сөзүнөн, турган турпатынан эле билим берүүгө жан дили менен иштеп жүрүшкөнүн байкаса болот.

Ата-энелердин дагы бир көтөргөн маселеси акча чогултуу тастыкталбаптыр. Анткени акча дегеле чогултулбайт экен. Мектеп жетекчилери райондук билим берүү бөлүмүнүн акча чогултпоо боюнча буйругуна ылайык, кол коюп беришиптир.

Мурдагы директор Р.Дүйшеналиеванын айтуусуна караганда,  Орок айыл өкмөтү быйыл мектептин ар кандай иштерине 200 миң сом бөлүп берген. Бирок окуу жылына ал каражатты бүрксө да жетпейт.  Мектепти таза, тыкан, ошондой эле мугалимдерди бор, техничкаларды чака, тряпка менен камсыз кылганга каражат жетишсиз. Себеби бир коробка борду эле 11 миң сомго алышат. Андан сырткары мектептин тазалыгын кармап туруу үчүн толгон-токой нерселерди сатып алууга туура келет. Мурдагы  директор менен айыл чарба иштери боюнча орун басары өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып, мектептин бүтпөгөн иштерин жасап келишиптир.

Эмнеси болсо дагы, жаңы келген жетекчи кырдаалды оң тарапка чечет деп ишенели. Мындай учурда окутуу үзгүлтүккө учурабашы керек. Күнөөсү жок балдар, мугалимдер бир ууч интрига токугандардын курмандыгы болбошу керек. Жаңы жетекчи дагы бардык иш мыйзам чегинде гана аткарылышы керек экенин айтты.

— Эгерде штатта алты киши болсо, аны үч ставкага бөлбөй, мыйзамды бузбай, так иштеш керек. Менимче, бул жагдайды оңдоп кетсе болот, — деди Ы.Асанов.

Мектеп агартуучулук иш менен гана алектенет. Анын босогосун аттаган ар бир адам сырткы көрүнүшүн эле эмес, ириде жүрөгүн, рух дүйнөсүн таза кармашы зарыл.

Мугалим бар, дүйнө жарык дегендей, Орок мектебиндеги агартуучулардын сыртынан көрүп эле, жүрөк жылыды. Бир муштумга түйүлүп иштеп жаткандары деле көздөрүнөн көрүнүп турду. Анткени мугалимдин көзү эч убакта алдабайт. Мугалим – коомдун жүзү экенин да өздөрү татынакай таптаза (чаң эмес!) кийинип алган бирдиктүү формаларынан байкаса болот. Болгону, “Бир карын майды, бир кумалак чиритет” дегендей эле болуптур.

Ушундан улам, белгилүү инсандар мугалим тууралуу айткан учкул сөздөрүн мисал келтиргим келди.

“Дүйнөнү бир китеп, бир калем, бир бала жана бир мугалим өзгөртө алат” (Малала Юсуфзай), «Мен ар дайым окуучулар үчүн чыныгы окуу китеби анын мугалими экендигин сезип келгем» (Махатма Ганди),  «Жашоодо бир жакшы мугалим кээде кылмышкерди катуу жаранга айландырышы мүмкүн» (Филип Уайли), «Мугалимдердин таасири класстан тышкары, келечекке да таасир этет»  (Ф. Сионил Хосе), «Мугалимдер, менимче, коомдун эң жооптуу жана маанилүү мүчөлөрү, анткени алардын кесипкөй аракеттери  Жердин тагдырына таасир этет”  (Хелен Колдикотт) дешкен. Ушундай учкул сөздөрдү ата-энеге  болобу, окуучуга  болобу кулагына куя жүргөнүбүз оң болчудай.

Ырас, “Беш кол тең эмес”, бирок коомчулук билим уясына бир-эки адашып келгендердин артынан жалпы мугалимдерге асылбай, аларды тебелеп-тепселебей, мазактабай, басмырлабай, уруксатсыз барып сүзө качырып, сүрөткө, видеого тартпай, жүрөгүн муздатпай, тескерисинче, агартуучуларды урматтап, жакшысын чыгаралы, даңктайлы, барктайлы! Анткени ар бирибиз мугалимдин колунан билим алып, тарбия көрүп, ушул даражага жеттик. Дүйнөнү дагы жалгыз гана МУГАЛИМ өзгөртө алаарын унутпайлы!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер