ОКУГАН ЭЛ – ОЗОТ!

  • 04.11.2021
  • 0

Мына ушундай ураан менен башталган республикалык «Оку!» долбоорунун максаты китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган. Тилекке каршы, кыргыз коомчулугу китеп окуу жагынан дүйнөлүк статистикада өтө төмөнкү көрсөткүчтө турат. Мисалы, европа өлкөлөрүндө бир киши бир жылда 20 китеп окуса, биздин өлкөдө 20 киши биригип бир жылда бир китеп окубайт. Өзгөчө акыркы жылдары мектеп мугалимдери менен окуучуларынын арасында китеп окуу маданияты аябай төмөндөп кеткен. Ондогон жылдар өткөнүнө карабай, өзүнүн жумушундагы расмий документтерди толтуруу, же бир китепти барактап сабагына даярданып эле койгону болбосо, өзүнүн педагогикалык билимин өнүктүрүү жаатында атайын китептерди окубаган мугалимдер да бар. Анан мугалимдер китеп бетин ачпаса, мектеп окуучулары кайдан китеп окумак эле? Же аларды ким китеп окууга шыктандырып, түрткү болот деген маселе актуалдуу болууда. Агартуу айдыңындагы мына ушундай көйгөйдү түптөлгөнүнө 20 жылдан ашуун өткөн, ишмердүүлүгүн дал ушул билим берүү тармагында жүргүзүп келаткан “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду чечүүгө аракет жасап келе жатат. Буга чейин жыл сайын республикалык деңгээлде билим берүүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган илимий конференцияларды уюштуруп келген болсо, бул жолу республикалык деңгээлде китеп окуу конкурстарын уюштуруу ишине кызуу киришкен.

Эмне үчүн китеп окуу маанилүү?

Оболу, китеп окуунун пайдасы эле болбосо, эч кандай зыяны жок экенин айтсак. Өзгөчө бүгүнкү интернет заманында китеп окуу муктаждыгы абдан актуалдуу болууда. Китеп – адамдын досу, сырдашы. Ал эч качан сырын жашырбайт. Ичинде эмнеси болсо баарын төгүп берет. Бирок бул окурмандын китепке кандай мамиле кылганына, кандай маани бергенине байланыштуу. Китеп окубаган коом – акыл калчап, ой жүгүртпөйт, руханий жактан жакыр болот. Мындай эл адатта башка элдин башкаруусунда калат. Ооба, бул турмуш тажрыйбасында кайра-кайра сыналып, кайра-кайра электен өткөн маселе.

Китеп – бир элдин кепилдиги, кишиге өзүн таанууну үйрөтөт, жашоону үйрөтөт, адамдын насаатчысы болот, сүйлөө маданиятын өнүктүрөт, сабаттуу жазууга көндүрөт. Китеп окуу ушунчалык маанилүү. Себеби, китеп руханий азык болуп, сергек жашоого көндүрөт, ой жүгүртүүнү өнүктүрөт, жашоого көз карашты өзгөртөт. Руханий чыйралууну камсыз кылат, стресстин, депрессиянын алдын алат, акылыңызга акыл кошот, мээнин иштөөсүн жакшыртат, максат коюуга көмөктөшөт, жигердүү жашоо образына ээ кылат, эс тутумду жана ой жүгүртүүнү жакшыртат.

“Оку!” долбоору жөнүндө

“Оку!” долбоору 2018-жылы негизделген. Негизделген күндөн бери Республикалык деңгээлде китеп окуу конкурстары уюштурулуп келет. Максаты – коомчулукта китеп окуу маданиятын өнүктүрүү, китепкөй коомдун калыптанышына салым кошуу. “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду бул долбоорду ар кайсы мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте да уюштуруп келет. Буга чейин долбоордун алкагында С. Каралаевдин вариантындагы “Манас” эпосу, Ч. Айтматовдун “Кылым карытар бир күн”, “И дольше века длится день”, “Ак кеме” чыгармалары, Сабыр Иптаровдун “Кыргыз жан дүйнөсү” эмгеги,  Мирас Кесебаевдин “Тез окуу”, Виктор Гюгонун “Карыптар”, Айгерим Туракулованын “Баламды кантип тарбиялайм”, Тара Вестовердин “Окуучу кыз”, Элинор Портердин “Поллианна”, Адем Гүнештин “Идеалдуу эне болуу сырлары” китептеринен уюштурулду. Сынак башында жер-жерлерде тест түрүндө өткөрүлгөн болсо, кийин пандемиялык шартка жараша онлайн өткөрүлүп турду. Эми мындан кийинки шартка жараша онлайн жана офлайн түрүндө уюштурулмакчы. Жогоруда аталган китептер башында жалпы окурмандарга бирдей уюштурулса, кийин мугалимдерге, окуучуларга жана жалпы окурмандарга тиешелүү китептер тандалып, өз-өзүнчө өткөрүлүүдө. Конкурстун баштапкы жылдары бир жылда бир ирет уюштурулуп келсе, акыркы жылдары үч айда бир ирет өтүп келет. Байге фонду ар бир конкурска өзүнчө мерчемделип 250 000 сомду түзүүдө. Мындан сырткары конкурста алдыңкы байгеге жетишкен катышуучуларга уюштуруучу мекемелердин атайын граммоталары тапшырылууда.

Эмне үчүн мугалимдер?

“Мугалим – мөмөлүү дарак” деп жөн жеринен айтылган эмес. Дарак мөмө берүү үчүн ага азык керек. Анын сыңарындай, мугалим дагы мектеп уясынан мыкты инсандарды өстүрүп чыгаруусу үчүн эң оболу өзү азыктанып турушу зарыл. Албетте буга жетиш үчүн илимин өнүктүрүүчү, өркүндөтүүчү атайын курстарга катышуусу зарыл, бирок ошол эле учурда ал дайыма өнүгүүнүн үстүндө болушу үчүн китепти көп окушу керек. Дүйнөлүк тенденция, же дүйнөлүк тенденцияга жооп бере ала турган мыкты уул-кыздарды тарбиялап чыгаруу үчүн мугалим күн сайын изденүүнүн үстүндө болушу керек. Арийне азыркы замандын талабы да, муктаждыгы да башкача эмеспи. Технологиялык мүмкүнчүлүктөр кучак жайган учурда кечөөкү маалымат таң атпай эскирип, бүгүнкү маалымат эртең эч нерсеге жарабай калып жатканы маалым. Бул жаатта китеп окуу көндүмүн калыптандырган ар бир мугалим өзүнүн ишмердүүлүгүндө сөзсүз ийгиликтерге жетерине ишенебиз. Мунун мисалдарын дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнөн байма-бай кезиктирүүгө болот. Мугалимдик кесип эмне үчүн ардактуу? Анткени коомдун бардык катмарындагы бардык кесиптин ээлери, мейли экономист болсун, мейли жеке ишкер болсун, мейли мамлекеттик, бейөкмөт уюмдарында иштегендер болсун, керек болсо эл аралык чоң компанияларда иштеген ийгиликтүү ишмерлер болсун, булардын баары кечөөкү баба-дыйкан мугалимдин колунан чыккан кишилер. Бул биздин жашообуздун айныгыс адаты. Андыктан, айланайын агай-эжейлер, силердин аркалаган кесибиңерди, аткарган жумушуңарды эч бир кесипке окшоштурууга болбойт. Мамлекеттин, элдин эртеңки күнү кандай болору силерден көз каранды, силердин өзүңөрдүн кесибиңерге, өзүңөрдү тынбай өнүктүрүүңөргө түздөн-түз байланыштуу. Бүгүн силер уядан учурган балапандар, эртең мамлекеттин, элдин жүгүн мойнуна алган эл өкүлү, министр, президент болуп келип атпайбы? Андыктан келиңиздер сиздерге көмөкчү бололу деген максатта уюштурулуп жаткан республикалык китеп окуу конкурстарына кызуу катышыңыздар. Бул иш-чараны КРнын Билим берүү жана илим министрлиги да колго алып, уюштуруучу катары колдоо көрсөтүп жатат. Конкурска мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган китептерди тандоого өзгөчө басым жасалган. Бул дүйнөлүк тажрыйбада кайра-кайра сыналып, кайра-кайра талкууланган китептер. Алардын айрымдарын кыргыз тилинде табалбайсыз дагы. Балким айрымдарын орус тилинде да табалбай калаттырсыз. Бул китептер мугалимдер үчүн атайын англис тилинен кыргызчага которулуп, басмаканадан чыгарылып анан конкурска коюлуп жатат.

Эмне үчүн окуучулар?

“Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?!” дейт кыргыздар. Булар али жаш деп мектеп окуучуларына жеңил-желпи кароого болбойт. Аларды ар тараптан өнүктүрүүгө мугалимдер дагы, ата-эне дагы, мамлекет дагы болгон аракетин жумшашы зарыл. Окуучунун мектепте алган билими үйгө келгенде үзүлүп калбаш керек. Же болбосо үйдөн ата-энесинен алган таалим-тарбиясы мектепке барганда үзгүлтүккө учурубашы абзел. Үйдө окуган китептерин мектепке барганда дагы улантса жакшы болмок. Бул албетте мектеп программасынан сырткары окулчу китептер жөнүндө айтылган кеп. Бала кошумча адабияттарды окуусуна мектепте дагы, үйдө дагы, коомдук жайларда дагы жакшы шарт түзүлүүсү зарыл. Бул багытта биз орто мектептерге атайын китеп окуу сааттары киргизилсе деген сунуштарды айтып келебиз. Мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар. Керек болсо биздин өлкөдө дагы айрым жеке мектептерде практикаланып келет. Бул баланын китеп менен дос болуп, китеп окуу көндүмү калыптанышына абдан жакшы көмөкчү болмок. Андан сырткары кээ бир өлкөлөрдө атайын мектеп окуучулары үчүн мектеп программасынан сырткары сунушталган “100 китеп” долбоорлору да бар. Башкача айтканда, мектеп окуучулары мектеп программасынан сырткары сунушталган 100 китепти окуу менен жашоосунда абдан чоң жардамга ээ болот. Маселен кесип тандоодо, кругозорун өнүктүрүүдө, эң негизгиси адам катары калыптанышында мындан чоң колдоо алат. Азырынча биз мындай чоң долбоорго кире албасак дагы, мектеп программасынан сырткары окуучуларга бир жылда үч китеп окутуп алсак дагы бул өтө чоң жардам болмок. Азыркы жаштар китеп окубай калды. Ооба, мунун абдан көп факторлору бар. Соцтармактар, интернет, электрондук оюндар ж.б.. Бирок муну менен балдардын эртеңки күнү кандай болорун билип, көрүп туруп кайдыгер карап туралбайбыз. Аларды кандайдыр бир жолдорун таап китеп окууга кызыктырышыбыз керек. Бул үчүн республикалык китеп окуу конкурстары эң жакшы өбөлгө болмокчу. Анан дагы бул багытта мектеп окуучуларынын ортосунда атаандаштыкты пайда кылуу зарыл. Ал үчүн ар бир мектептин мугалимдери өздөрүнүн окуучуларын китеп окууга, конкурстарга катышууга тынымсыз шыктандырып туруулары зарыл. Керек болсо сынакка чейин (2-3 ай) ошол конкурска коюлган китептер боюнча окуучулар арасында талкууларды уюштурсун. Айтор окуучуларга китеп окутуу аларга кошумча аба берип, кошумча суу ичиргендей эле нерсе.

Эмне үчүн жалпы окурмандар?

“Оку!” долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан республикалык китеп окуу конкурстарында мектеп мугалимдери менен окуучуларынан сырткары ата-энелерди да көз жаздымда калтырбадык. Алар үчүн дагы пайдалуу китептерди конкурска коюп жатабыз. Ата-эне өзү китеп окубай туруп баласына китеп окута албайт. Бала ата-энеден көргөн нерсени сиңирип жетилет. Ар бир ата-эне эгер күн сайын үй-бүлөлүк китеп окуу көндүмүн калыптандырса, башкача айтканда, бир күндө жарым саат китеп окууга бөлүшсө, мындай үй-бүлөдөгү баланын эртеңки күнүн сөзсүз жаркын келечек күтүп турат. Баланы тарбиялоодо ата-эненин орду абдан маанилүү. Андыктан ата-эне баласына мыкты тарбия берүүсү үчүн ал дагы өзүн-өзү өнүктүрүп, китеп окуусу зарыл. Ата-эне кандай кесиптин ээси болсун, китеп окуу менен өзүнүн коомдук жашоосунда дагы өтө чоң ийгиликтерге жете алат. Айтор китеп окуу коомдун бардык катмарына, жетиден жетимиш жашка чейин аба менен суудай зарыл нерсе. Биздин долбоордун түпкү максатында мына ушундай зарыл, мына ушундай маанилүү иштин өзөгү турат.

Жылдын мыкты окурманы

“Оку!” долбоорунун алкагында бир жылда үч жолу китеп окуу конкурсу уюштурулат. Ар бир конкурстун жыйынтыгында ар бир китептен 1, 2, 3-орундарга акчалай сыйлыктар, ар бир 10 орунга ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат. Анан дагы уюштуруучу мекеме катары КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин атайын ардак громматалары каралган. Албетте бул сыйлыктар окурмандарды шыктандыруу аракети. Түшүнгөн кишиге эң чоң сыйлыкты, эң чоң пайданы окурманга ошол китеп өзү берет. Мындай чоң иш-аракеттин натыйжасы жөн гана сыйлык тапшыруу менен чектелбей, дагы бир жакшы жышаананы баштайлы деп турабыз. Буюрса бир жылдык китеп окуу конкурстарынын жыйынтыгында «Республиканын мыкты окурманы» деген номинациясын иштеп чыгалы деп жатабыз. Себеби китеп окуган кишини даңазалап, китеп менен достошуп, китеп менен сырдашкан кишилердин кадыр-баркын көтөрүү керек деген чечимге келдик. Бардык тармактарда адатта жылдын мыктыларын тандайбыз. Бирок биздин коом үчүн эң маанилүү болгон мыкты окурманды эмнеге тандабашабыз керек?! Эмнеге китепкөй жараныбыздын кадыр-баркын көтөрбөшүбүз керек?!

Буюрса бул багытта жалпы коом катары жакшы ийгиликтерге жетебиз деген тилек менен…

Сейитбек Идирисов

Бөлүшүү

Комментарийлер