Нурзида КАСЫМОВА: “МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫН АТКАРБАГАНДАРГА ТИЕШЕЛҮҮ ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮШҮ КЕРЕК”

  • 31.01.2024
  • 0

Жакында социалдык тармактарда Түштүк жергесиндеги бала бакчалардын биринде балдарга Ислам дининин шарыятына ылайыкташкан сүннөт кийимдерди кийгизип, Курандын сүрөөлөрүн жаттатып жаткан учурдагы видео жарыяланып, ал коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылды. Бала бакчалардагы ушул жана башка маселелер боюнча жооп берүүсүн өтүнүп, билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымовага кайрылганбыз.

Нурзида КАСЫМОВА: “МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫН АТКАРБАГАНДАРГА ТИЕШЕЛҮҮ ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮШҮ КЕРЕК”

— Жалпыңыздарга маалым болгондой, 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзамда “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачкандар билдирүү же кабарлоо жолу менен эле ача алат» деп көрсөтүлгөн. Бул ченемдин кабыл алынышынын себептери көп. Биринчи себеби, мектепке чейинки курактагы балдарды тез арада бала бакчалар менен камсыздоо. Өнүккөн өлкөлөрдө, андан сырткары, коңшу мамлекеттерде балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу деңгээли бир топ жогору. Ал эми Кыргызстанда бул көрүнүш 2022-жылдын жыйынтыгы менен 26,4 пайызды түзгөн. Бул — биздин балдарыбыздын төрттөн бирден көбүрөөк бөлүгү гана балдар бакчасына барат, калган балдар бала бакчага барбайт дегенди түшүндүрөт. Анан ошол эле учурда бала бакчага эрте барган балдар мектепте, жогорку окуу жайда андан кийинки жашоосунда да ийгиликтүү болушуп, бала бакчага барбаган балдардан 27  көрсөткүчкө жогору деңгээлде болору аныкталган. Буга далил катары Джеймс Хекмандын 40 жылдык изилдөөсүнүн натыйжасын келтирсек да болот. Мисалы, адам балалык курактын жети жашка чейинки өмүрүндө маалыматтын 70 пайызын, калган өмүрүнүн акыркы убактысына чейин маалыматтын 30 пайызын гана алып калыптанат экен. Себеби, бала эрте куракта баш мээсинин нейрондору болуп көрбөгөндөй тез жаңыланып, өсүп, иштеп, бардык маалыматты кабыл алганга жетише алат. Ошондуктан республика боюнча балдарды бакчалар менен камсыздоону жогорулатуу максатында бир топ иштер жүргүзүлүп келатат. Ошол эле учурда мамлекеттик билим берүүнүн стандартын аткарбаган же аткарса да, өз алдынча багытта диний агымдар же дагы бир башка багыт аркылуу кандайдыр бир иш-аракеттер менен алектенген жогоркудай кырдаалдар чыгып калып жатат.

Кыргызстан светтик өлкө экенин, дин мамлекеттен ажыратылган деп баш мыйзамда көрсөтүлгөнүн жакшы билебиз. Ошондой эле билим берүү уюмдарында диний ишмердүүлүк жүргүзүүгө мыйзам жүзүндө тыюу салынган. Ошого карабай кээ бир жеке уюмдар балдардын аң-сезими жетиле элек мезгилинде балдарга өздөрүнүн пикирин таңуулоо менен диний көз караштагы ар кандай агымдарга да тарбиялап коюушу мүмкүн деген коркунуч жаралууда. Ошондуктан бизде аны сөзсүз түрдө көзөмөлдөөчү орган болушу керек.

Бул көрүнүштөр — балдарыбыз билим берүү менен максималдуу камсыз болсун деген жакшы оюбуздун тескейи болуп жатат. Ушунун баары бала бакча ачкан адам санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана өрт коопсуздугунун кортундусун алып, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө кабарлап коюу менен бала бакча ачып иштетсе болот деген аракеттерибизди бурмалап пайдаланып, аша чапкандардын кесепети деп айтар элем. Негизи, мамлекеттик билим берүү стандарттары менчиктин түрүнө карабастан бардык бала бакчаларда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Мамлекеттик билим берүү стандартын аткарбаган бала бакчаларга тиешелүү чаралар көрүлүшү керек. Себеби, мамлекеттик билим берүү стандартында диний тарбия берүүгө уруксат берилген эмес.

Анан айрым бир ушундай фактылар катталып калганда тиешелүү чаралдардын көрүлүшү боюнча биз азыр мыйзам алдында ченемдүү укуктук актыларын иштеп баштадык. Ошол ченемдүү актылар чыгышы менен тиешелүү чараларды көрөбүз, — дейт Нурзида Абабакировна.

Нурзида КАСЫМОВА: “МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫН АТКАРБАГАНДАРГА ТИЕШЕЛҮҮ ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮШҮ КЕРЕК”

Көйгөй — бала бакчанын мазмунунда

Нурзида Абабакировна маалымдагандай, бүгүнкү күндө жаңы мыйзамдын негизинде физикалык жактарга, башкача айтканда, жеке кишилерге дагы бала бакча ачканга уруксат берилет. Жер үйдө бала бакча ачууну каалаган жеке адамдар үйүндө 25 балага чейин алып иштегенге уруксат алат. Эгерде батирде турган болсо 10 балага чейин алат. Мында жеке ишкер сөзсүз түрдө санэпидем көзөмөлдөө корутундусун, өрт өчүрүү коопсуздугунун кортундусун алып, салык кызматынан жеке ишкер катары каттоодон өтүп (патент алып) андан кийин тиешелүү райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнө билдирүү керек. Ал эми юридикалык жак Юстиция министрлигинен мекеме, уюм же ЖЧК болуп катталып, андан кийин санэпидем көзөмөлдөө, өрт өчүрүү кызматтарынын актысын алып кабарлоо менен жеңилдетилген талаптарга ылайык уруксат берилет.

— Азыркы учурда бул процессти ишке ашыруу үчүн дагы атайын “Балалык” деген платформа иштелип чыгууда. Бул платформаны тесттик негизде январь айында иштетип көрөбүз. Эгерде бул платформа ийгиликтүү иштей баштаса, андан ары ишке киргизгенге даярданабыз. Бул система ишке кириши менен кабарлоо жолу менен ачылган бала бакчалар дагы сөзсүз түрдө автоматташтырылган системада иштеп баштайт. Бирок, көйгөй бала бакчанын ичиндеги мазмунунда болгондуктан, “Бала бакчанын мазмуну диний же башка багытта болуп жаткан жокпу, экстремисттик эмеспи, мамлекеттик билим берүү стандарты кандай аткарылат?” деген суроолордун негизинде сөсзүз түрдө максаттуу иштер жүргүзүлөт. Мына ушул боюнча көзөмөлдү биз жергиликтүү райондук билим берүү бөлүмдөрүнө милдеттендиребиз. Себеби, алар бирин-бири жакындан билет. Ал эми шаар жерлерин территориалдык жактан жергиликтүү адистер жакшы билгендиктен, бул жумушту аларга жүктөө боюнча иш пландар каралып жатат.

Жоопкерчилик биринчи кезекте ата-энелердин өздөрүнө жүктөлөт. Себеби, кечээ жакында эле Президентибиздин жарлыгы чыгып, жеке ишкерликти текшерүүгө мораторий жарыяланбадыбы. Аны кээ бир ишкерлерибиз туура эмес багытта пайдаланып, аларга жол ачылып калып жатат. Бирок, мыйзамдын негизинде иштөөгө көзөмөл сөзсүз түрдө болот. Кенже курактагы балдар калктын эң аярлуу катмары болуп эсептелет. Себеби, алар өздөрүн-өздөрү коргой албайт. Ошол эле учурда өздөрүнө таңууланган пикирди четке дагы кага албайт эмеспи. Көчөттү тигип, туура эмес өстүрүп алуудан абайлашыбыз керек. Ошондуктан мамлекеттик бирдиктүү саясат ишке ашырылууга тийиш.  Биз мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюу менен бирге мамлекеттик көзөмөлдөөнү камсыз кылышыбыз керек, — дейт.

Балдар укугун коргоо конвенциясында кандай?

Балдар укугу жөнүндөгү Конвенцияда балдардын укугу баарынан жогору коюлганы маалым. Балдардын өмүрүнө кооптуу кырдаалдар жаралган болсо, бардык мамлекеттик органдар жеке билим берүү уюмдарына кирип, көзөмөлдөөгө укуктуу. Арийне, азырынча балдар менен иш алып барган жеке уюмдарды мыйзам чегинде түз текшерүүгө министрликтин укугу жок болуп жатат. Албетте, биз бул маселени алдыда дагы көтөрүү зарыл. Биз үчүн балдардын өмүрү, ден соолугу баарынан эң кымбат жана маанилүү. Ошондуктан билим берүү уюмунда тарбияланып жаткан балдардын өмүрүн, ден соолугун сактоого, эрте куракта өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүүгө баарыбыз милдеттүүбүз.

— Бала бакчадан тартып ар кандай агымдарга аралашууга жол берүү — биз үчүн да, мамлекет үчүн да өтө кооптуу. Менин пикирим боюнча балдарга диний багытта билим берген кишилердин өздөрү да сөзсүз түрдө сабаттуу, дүйнө таанымы кенен адам болууга тийиш. Алар угуу менен эле эмес, китеп окуу, фактылар, илимий негиздер менен билим бериши керек. Көп учурда бизде динди дабат айтуу менен жеткирген учурлар көп кездешет. Мындай дегеним, жарандарыбыз бири-биринен угуу жолу менен үйрөнүп, кээ бир маалыматтарды түшүнүк менен кабыл алып отуруп, бир топ бурмалоого дуушар болушу толук мүмкүн. Азыр Ислам динине ар кандай агымдар кирип кеткендиги боюнча да коомчулукта айтылып келе жатат. Бул улуттук коопсуз кырдаалды жаратпай койбойт. Бала бакчаларда сүннөт кийиминдеги балдардын тарбиялануусу улуттун коопсуздугу үчүн кагылган коңгуроо деп түшүнгөнүбүз туура болот.

Бала өзү акыл-эси калыптанган куракка келип, өзүнүн аң-сезими менен диндин эмне экендигин түшүнгөнгө чейин балдарга кандайдыр бир багыттарды таңуулаганга ата-эненин дагы, ошол диний билим берип жаткан айрым мекемелердин дагы укугу жок, — деди Нурзида Касымова.

Нурзида КАСЫМОВА: “МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫН АТКАРБАГАНДАРГА ТИЕШЕЛҮҮ ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮШҮ КЕРЕК”

Бирдиктүү мектеп формасын киргизүүнүн пайдасы

Жаңы окуу жылы башталар алдында жыл сайын окуучулардын формалары талкуулана баштайт эмеспи. Ошондо дайыма окуучу кыздар мектепке жоолук салынып келе алабы же жокпу деген олуттуу суроо жаралат. Биз жогоруда баса белгилегендей, светтик өлкөдө хиджап жана башка диний көз караштардын элементтери камтылган кийимдерди кийүүгө болбойт. Бирок иш жүзүндө андай эмес.

— Балдардын кийимине, деги эле жүрүм-турумуна биринчи кезекте ата-энелер жооптуу. Мугалимдерге жана тарбиячыларга мектептеги жана бала бакчалардагы балдардын кийимине, диний көз караштарын көзөмөлдөөгө, тыюу салууга жол бере турган мыйзам болсо жакшы болмок. Биздин текшерүү укугубуз чектелүү болгондуктан, бул милдетти ата-энелер өздөрү аткарып, текшериши керек. Ал эми ата-энелердин көз карашы кандай экенин коомчулук өзү таразалап турууга тийиш.

Окуучулардын мектеп формасы боюнча айта кете турган болсом, бүгүнкү күндө мектеп формасы атайын токтом менен бекитилген. Токтомдо төрт түс белгиленип, окуучу кыздар тизеден ылдый юбка, шым, ал эми эркек балдарга кара түстөгү костюм шым формасы сунушталган. Бирок, бул жерде жоолук жазылган эмес. Ошол эле учурда коомчулуктагы айрым кишилердин түрдүү көз караштагы пикири жана ар кандай көз караштагы жарандардын кескин  бири-бирин сындоосу күч алып “Биздин баш мыйзамда белгиленген укуктарыбызды пайдаланып, кандай кийингенди өзүбүз тандайбыз” деген ата-энелердин көз караштарынын таасири балдарга да тийип жатат” – дейт Нурзида Касымова.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер