Нурзида КАСЫМОВА: “КӨП МАДАНИЯТТУУ ЧӨЙРӨГӨ ДАЯР ИНСАНДЫ ТАРБИЯЛАШЫБЫЗ КЕРЕК”
- 13.03.2026
- 0
2030-жылга чейин бала бакча менен камтуунун деңгээли канча пайызга жетет? Апрель айында мугалимдердин айлыгы менен бирге мектепке чейинки билим берүү мекеме кызматкерлериники да жогорулайбы? Мына ушул жана башка суроолорго жооп берүүсүн өтүнүп, Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида КАСЫМОВАга кайрылдык.

— 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында 3-5 жаштагы балдарды 80% бала бакча менен камтуу тапшырмасы коюлганы маалым. Ага жетүү үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүп жатканын айтып берсеңиз.
— Бул максаттарга жетүү үчүн Агартуу министрлиги комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууда. Жыл сайын жаңы бала бакчаларды куруу жана бош имараттарды балдар бакчасына өзгөртүп түзүү, жеке секторду колдоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, кыска мөөнөттүү жана альтернативдүү мектепке чейинки билим берүү программаларын кеңейтүү, учурдагы балдар бакчаларынын имараттарын эффективдүү колдонуу, үй тибиндеги балдар бакчаларын ачуу шарттарын түзүү иштерин жүргүзүүдө.
Учурда 560 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү боюнча иштери аяктады. Ага 32 миңден ашык бала тартылды.
Республика боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 271 жеке үй тибиндеги мектепке чейинки билим берүү уюмунда 6228 бала тарбияланып, ага 813 айым ишке тартылды.
570 бала бакчанын уктоочу жайларын натыйжалуу пайдалануу максатында 518 кошумча топтор ачылды, аларга 13447 бала кабыл алынды. Ошондой эле 550дөн ашык тарбиячы, 400дөн ашык тарбиячынын жардамчысы жана 130дан ашык башка кошумча кызматкерлер (музыкалык жетекчи, методист, кир жуугуч, кароолчу, техничка) жумуш менен камсыздалды.
2024-жылы “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү” долбоорунун алкагында бала бакча имараттарын куруу жана оңдоо үчүн (“Айыл банк” ААК жана “Элдик банк” ААК) 5 адамга жалпы суммасы 17,0 миллион сомдук 10% жеңилдетилген насыялар берилип, республика боюнча Баткен облусунда-1, Чүй облусунда-1 жана Бишкек шаарында 2 бала бакча ачылды.
Бул максаттарга жетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруу күчөтүлдү. Биргеликте кызматташуу менен балдардын сапаттуу мектепке чейинки билим алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, келечектеги билим сапатынын негизин бекемдей алабыз.

— Дөңгөлөк үстүндөгү бала бакча, жайлоо бала бакчалары ж.б. бардык региондорго ылайыктуубу? Кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу дагы улантыла береби?
— Дөңгөлөк үстүндөгү бала бакчалары – бул алыскы жана көчмөн жашоо шартындагы аймактар үчүн атайын киргизилген альтернативдүү моделдер. Алар негизинен бала бакча жетишсиз болгон айылдык аймактарга ылайыктуу. Кыргызстанда бул багытта пилоттук долбоорлор ишке ашырылып, Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда “көчмө бала бакча” модели сыноодон өткөрүлүп, анда 5–7 жаштагы 50дөн ашуун бала кыска мөөнөттүү даярдоо программасынан өткөн. Бул долбоорду И.Арабаев атындагы КМУ өз эсебинен ишке ашырып, мугалимдерди, көчмө автобусу, колдонмо материалдары менен камсыздаган. Бир эле учурда балдардын ата-энелерине да бала тарбиялоо, оюн аркылуу үйрөтүү методдору үйрөтүлүп, ата-энелер кубануу менен жылуу кабыл алды. Пилоттун жыйынтыгы чыгарылып, райондук/шаардык билим берүү уюмдарына, жергиликтүү органдарга андан ары улантуу сунушталды. Бирок, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн автобус, күйүүчү майы, мугалимдеринин эмгек акысы ж.б. чыгымдар зарыл болгондуктан, азырынча андан ары улана элек.
Ал эми кыска мөөнөттүү бала бакчалар болсо балдарды мектепке даярдоодо маанилүү роль ойноп, көптөгөн балдардын билимге биринчи кадам таштоосуна мүмкүнчүлүк түзүүдө. Өлкө боюнча 2020-2025-жыл аралыгында 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды. Кыска мөөнөттүү бала бакчалар үч сааттан иштейт жана балдар анда акысыз билим алышат. Тарбиячылардын эмгек акысы мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, мындай топторго катышкан балдардын мектепке даярдык деңгээли жогорулаган. Ошондуктан бул альтернативдүү формалар мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдө натыйжалуу инструмент катары каралууда.
— Мектепке чейинки билим берүүнүн мазмуну кандай өзгөрүүдө? Тарбиячыларга кандай жаңы моделдер, жаңы ыкмалар үйрөтүлүп жатат?
— Мектепке чейинки билим берүүнүн мазмуну бүгүнкү күндө заманбап талаптарга ылайык жаңыланып, баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган моделге өтүүдө. 2025-жылы кабыл алынган Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу мамлекеттик билим берүү стандарты мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунун жаңылап, компетенцияга негизделген мамилени киргизүүгө басым жасады. Анын алкагында 1–6 жаштагы балдарды өнүктүрүү программалары жаңыланып, оюн аркылуу окутуу, баланын социалдык, эмоционалдык жана таанып-билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле балдардын өнүгүүсүн системалуу баалоо механизмдери киргизилди. Бул өзгөрүүлөр балдарды ар тараптуу өнүктүрүп, мектепке сапаттуу даярдоону камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары, балдар бакчасында иш кагаздарын жүгүртүүнү жөнгө салуу максатында “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн көктөмөлөрдүн болжолдуу номенклатурасы” бекитилди.
4-5 жаштагы балдар үчүн баланын өнүгүү картасын, методикалык көрсөтмөлөрдү жана мугалимдер, ата-энелер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору үчүн анкетаны камтыган Эрте өнүгүүнү баалоо куралы (ЭӨБК) иштелип чыкты. Андан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте “Мектепке чейинки курактагы балдардын маданий-гигиеналык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча усулдук колдонмо” даярдалды.
Балдардын логикалык, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, эрте курактан изилдөө жүргүзүү, байкоо, салыштыруу көндүмдөрүн калыптандыруу, улуттук баалуулуктарды заманбап илим менен айкалыштыруу максатында 160 бала бакча СТЕМ жабдуулары менен жабдылып, инновациялык, коопсуз жана кызыктуу билим берүү чөйрөсү түзүлдү.
100 бала бакчада көп тилдүү билим берүү программасы мектепке чейинки курактагы балдардын кыргыз тилин негизги тил катары бекем өздөштүрүүсүн камсыз кылуу менен бирге орус жана англис же башка тилдерге кызыгуусун эрте курактан калыптандыруу, көп маданияттуу чөйрөдө эркин баарлаша алган инсанды тарбиялоо максатында ишке ашууда. Алардын ичинде Бишкек шаары боюнча -75, Ош шаарында10, Нарын-Ат-Башы районунда 5, Ош облусу жана Кара-Суу районунда — 5, Өзгөн шаарында — 2, Баткен облусу менен Кадамжай районунда – 3 бала бакчада көп тилдүү билим берүү программасы киргизилген.
Тарбиячылар үчүн квалификацияны үзгүлтүксүз жогорулатуу курстары, тренингдер жана практикалык семинарлар уюштурулуп, жаңы педагогикалык методикалар үйрөтүлүүдө. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан 520 тарбиячы, кызматкерлер Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун алкагында 4728 тарбиячы окуудан өткөрүлдү.
Жалал-Абад облусунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды комплекстүү колдоо боюнча «Расти в любви» долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында 800 ата-эне окутулуп, дисциплиналар аралык команданын 64 адиси даярдалды.
Мындан тышкары, “Билимдүү муун” платформасында “Жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматы” башталгыч курсу уюштурулуп, 2541 адам катталып окуудан өтүп жатышат, алардын ичинен 1550 адам окугандыгы тууралуу сертификат алышты. Бул курс акысыз, туруктуу негизде ишке ашууда.
Ошондой эле эл аралык тажрыйбалар, санариптик ресурстар жана инновациялык окутуу материалдары колдонууга киргизилүүдө. Бул өзгөрүүлөр мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатып, балдарды мектепке сапаттуу даярдоого өбөлгө түзүүдө
— Апрель айынан тарта мугалимдердин 100 пайыз көбөйөрү айтылууда. Бул тарбиячыларга да тиешелүүбү?
— Апрель айынан тарта билим берүү тармагындагы педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга чейин көбөйтүлөрү пландалууда. Бул чечим мектеп мугалимдери менен катар мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлерге да (директор, тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы, медайым, ашпозчу) тиешелүү. Натыйжада бала бакчалардагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулап, алардын эмгегине болгон мотивация жана кесиптин аброю артат. Мындай кадам мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана тармакка квалификациялуу кадрларды тартууга өбөлгө түзөт.

— Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүүдө кандай көйгөйлөр бар? Аны жоюуда кандай аракеттер көрүлүп жатат?
— Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү тармагында негизги көйгөйлөрдүн бири – бала бакчалардын жетишсиздиги жана балдарды камтуу деңгээлинин айрым аймактарда төмөн болушу. Ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу, тарбиячылардын жетишсиздиги жана материалдык-техникалык базаны жаңылоо маселелери бар. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн өлкө боюнча жаңы бала бакчаларды куруу, мурдагы менчиктештирилген бала бакчалардын имараттарын кайтаруу жана альтернативдүү бала бакча формаларын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, тарбиячылардын эмгек акысын жогорулатуу, квалификациясын жогорулатуу жана заманбап окутуу программаларын киргизүү боюнча системалуу чаралар көрүлүүдө. Бул аракеттер мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын этап-этабы менен жакшыртууга багытталган.
— Социалдык тармактарда бала бакчага кезекке турууда кездешкен кыйынчылыктар ар дайым кызуу талкууланып келет. Электрондук кезек өз максатына жетип жатабы? Анткени ал эл арасында нааразычылыктарды жоет деген ишенимде киргизилген да.
— Туура, бала бакчага кезекке турууда электрондук система ачык-айкындыкты камсыз кылуу үчүн киргизилген. Система автоматтык түрдө иштеп, адам фактору катышпайт жана үзгүлтүксүз иштеп жатат. Бирок айрым жарандар үчүн интернетке жеткиликтүүлүк же санариптик көндүмдөрдүн жетишсиздиги кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Мындай учурларда калкка жардам берүү үчүн жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн, министрликтин кызматкерлери консультациялык колдоо көрсөтүп, электрондук кезекке катталууга жардам берүүдө. Учурда системаны жөнөкөйлөтүү, Түндүк тиркемеси аркылуу электрондук кезекке балдарды каттоо жүргүзүү үчүн жумушчу топ иштеп жатат. Негизги максат – бардык жарандар үчүн бала бакчага кезекке туруу процесси мүмкүн болушунча жеткиликтүү, ачык жана адилеттүү болушун камсыз кылуу.
Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн уюмдарды бирдиктүү реестрин түзүү максатында balalyk.edu.gov.kg автоматташтырылган системасы иштелип чыкты. Бул система аркылуу ар бир ачылган бала бакчалар кабарлоо (билдирүү) аркылуу ресстрге каттала алышат. Катталган соң жеке кабинетинен тиешелүү санитардык жана өрт коопсуздугунун актыларын онлайн түрүндө өтүнмө берүү менен ала алышат.
Жогорку аталган системада ваучер программасы ишке ашууда. Бул система https://balalyk.edu.gov.kg/accelerator/voucher/ платформасында толугу менен автоматташтырылды. Ваучердик каржылоо долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга айына 2000 сомдон 4560 сомго чейинки компенсация алууга мүмкүндүк берди. Пилоттоонун алкагында ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан 1200 дөн ашык арыз кабыл алынды. 500гө жакын бала ваучер алуучу статусун алып, жеке менчик жана үй тибиндеги бала бакчаларга барууда. Аларга 258 жеке менчик бала бакчалар кызмат көрсөтүүдө.

— Балдардын тамак-ашын уюштуруу боюнча да маалымат бере кетсеңиз?
— БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине биринчи жолу 12 пилоттук бала бакчаларда заманбап ашкана жабдуулары орнотулду. Демилгенин алкагында ашпозчулар үчүн балдардын тамак-ашынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртууга багытталган окутуу сабактары өткөрүлдү.
Маалымат үчүн: 2025-жылы 91 бала бакча ачылып, анын ичинен 32 бала бакча республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Анын ичинен Чүй облусунда -1, Жалал-Абад облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 8, Нарын облусунда -1, Ош облусунда — 11 жана Бишкек шаарында – 2 бала бакча курулушу аяктады. Ал эми Баткен облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда -1 жана Бишкек шаарында 2 балдар бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер