Нуржигит КАДЫРБЕКОВ, ЖКнын депутаты: “МУГАЛИМДЕРДИН БАЛДАРГА КАРАТА ТИЛЕГИ, НИЕТИ ТАЗА”
- 16.10.2023
- 0
Редакциядан: Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенова менен биргеликте А.Бөрүбаев атындагы Кара-Ой орто мектебинин мугалимдери, окуучулар жана ата-энелер менен жолугушту. Жолугушуудан кийинки ой түрмөгүн элдик депутат өз баракчасына жазып чыкты. Анда, урматтуу окурмандар, депутаттын ой толгоосуна көңүл буралы.
Сонун мектеп экен. Сонун дегенде имаратын же жасалгасын айткан жокмун. Мугалимдердин жигерин, чыгармачыл иш-аракетин, окуучулардын маанайын, дилгирлигин, тарбия жана билим берүү жараянынын сапатын назарга туттум.
Таластын Кара-Ой айылындагы Асылкан Бөрүбаев орто мектебине бир канча ай мурда чакырылгам. Иш жадыбалыма киргизсем да, ар кандай себептерден улам бара албай жүргөм. Сааты чыгып, 7-октябрь күнү зыярат жасадым.
***
Мектеп директору Эржан мырза баштаган эмгек жамааты жылуу тосушту.
Салтанат Көчкөнбаева деген тарыхчы эжейдин ачык сабагына кирдик. Акылдуу досканы пайдаланып, электрондук көргөзмө материалдар менен дарсты кызыктуу өттү. Сталиндик репрессиянын курмандыктары болгон Ж.Абдыракманов, А.Орозбеков, И.Айдарбеков, Б.Исакеев, А.Сыдыков, К.Тыныстанов, И.Арабаев сыяктуу тагдыры кейиштүү аяктаса да, тарыхта таасын из калтырган кеменгер аталарыбыз тууралуу окуучулардын терең маалыматы барына ыраазы болдум. Ошондой өз баатырларыбызды таанып, эмгектерин баалап, даңазалабасак, Алла Тааланын элибизге арнаган эң чоң белеги, дөөлөтү болгон эгемендүүлүктүн баркын, баасын кантип түшүнөбүз? Айсулуу, Акжол, Амантур, Мээрим, Айпери, Эрназар сыяктуу балбандарыбыздын жеңиштеринин урматына көтөрүлүп желбиреп жаткан кызыл туубуз менен жаңырган гимнибиз – ошол үлкөндөрдүн өмүрүн тобокелге сайып кылган ишмердүүлүгүнүн жемиши экенин түшүнүүбүз керек.
***
Андан соң азем залына кирип, мектеп окуучулары даярдаган атайын программаны көрдүк. Төрөкул Айтматовдун мааракесине арнап, Нагима апа кичинекей төрт баласын, анын ичинде келечекте дүйнөнү дүңгүрөткөн жазуучу болор Чыңгызды жетелеп, Москванын поезд вокзалдарынын биринде күйөөсү менен муңдуу коштошуп жаткан эпизодду сахналаштырыптыр. Көзүмө жаш келди. Айтматов бул көрүнүштү “Балалык” деген чыгармасында жазган. Атасы Төрөкул ошол замандын мыктыларынын көбүнүн башына кара туман болуп айланган жалган жалаа менен камаларын алдын ала сезип, жок дегенде үй-бүлөсүн куткарып калуу үчүн Таласка жөнөтүп жаткандагы кайгылуу акыбалды өтө чебер сүрөттөгөн. Поезд узаган сайын карааны кичирейип барып көрүнбөй калган атасы менен түбөлүккө коштошуп жатканын ошондо балалык таза жүрөгү менен сезген экен залкар жазуучу.
Андан соң сахнаны Айтматовдун каармандары көрктөндүрдү. “Ак кемедеги” кичинекей бала, “Атадан калган туяктагы” тестиер Авалбек, “Эрте жаздагы турналардагы” өспүрүм Султанмурат бирге чыгышып, аталарына болгон кусалыгын, сагынычын бөлүшкөнү жүрөгүмдү эзди. Мен деле ошол үчөөндөй атамды жоктоп, эңсеп жүрөм. Кээде түшүмө кирет. Бирок, түш деген өң эмес. Атам акыретке кеткенине жыйырма жылдан ашты. Атанын кадырын айрылганда билет турбайсыңбы.
Айтматов да атага зар болуп өмүр кечиргени белгилүү. Мен көзү өткөн атама кайра жолукпасымды билем. А Чыңгыз ата “балким, келип калар” деген үлбүлдөгөн үмүтүн асырап, күтүү менен жаштыгын өткөргөн. Жокту күткөндөн оор, аянычтуу эмне бар? Ошол сезим-туюмдарын чыгармаларындагы тестиер жетимдердин ички абалын, өчпөс өкүтүн сүрөттөө аркылуу көркөм чагылткан тура.
***
Асманда тек гана учуп бараткан турналарды көрүп, кубангандан секирип, бакырып жыргаган, ташты таңкага окшоштуруп, ошондон ой чабытын улап, аңгеме курап ойногон балдар бар бекен биздин доордо? Бир аз нерсеге топук кылып, бир ууч бакыт үчүн бир өрөөнгө толчу шүгүр айткан касиет кайдадыр кайып болуп барат. Кубануу кыйындап, жалмаюу оорлоп, таң калуу татаалданып кетти.
— Тигил менин неберем, – деп сахнада роль аткарган кичинекей кызды сыймыктана көрсөттү жанымда отурган Көчөкбай аксакал.
Чубуруп жаткан ойлор чарт үзүлүп:
— Азамат кыз экен, – дедим чоң атасын ак эмгеги, күжүрмөндүгү, чыгармачылдыгы менен кубандырган наристени ичимден алкай
— Тигилер да неберелерим, – ата дагы эки кичинекей сахна чеберине ишара кылды.
Ушундай чүрпөлөрү бар бактылуу карыя экен. Өз тукумуңдун жакшылыктарына күбө болуп, ийгиликтерине жетине албай кубануу кандай чоң бакыт. Буларды тарбиялоого карылык каада, нарк-насили менен өзү жана жанында жадырап олтурган байбичеси да эбегейсиз салым кошушса керек. Мынакей, эми түшүмүн, үзүрүн көрүп таалайы ташып олтурат.
***
Мага сөз беришти. Алла Таала дилиме салган ойлорумду ортого таштап, билген, көргөн, туйгандарымдан азыноолак баяндадым. Мектеп директоруна, мугалимдерине, өзгөчө, балдарды сахна өнөрүнө үйрөтүү аркылуу сөз байлыгын, адабий билим-көрөңгөсүн байытып, руханий дүйнөсүн оожалткан эжей-агайларга алкыш айттым.
***
Директор Эржан мырза Роза Айтматованын “Тарыхтын актай барактары” чыгармасы боюнча китеп окуу конкурсун уюштуруптур. Жеңүүчүлөр – жалаң гана кыздар экен. Кайда барба ушундай эле көрүнүш. Эркек балдар негедир мындай иш-чаралардан оолак болушат. Уяң келишеби, же жалкоолонушабы? Түшүнбөйм. Негизи, китеп окууга эркек балдар көбүрөөк кызыктар болуусу керек. Анткени, үй-бүлө мамилесин жөндөп кетүүгө да сөз байлык керек. “Аял кулагы менен сүйөт” деген сөз бекер айтылбаган да.
Роза Айтматованын китеби өтө кызыктуу, маңыздуу жана мыкты жазылган дейт Эржан. “Батыраак таап барактап чыгуум керек” деп шаштым ичимден.
***
Талас… Аба таза. Себелеген жамгырга жуунган табигат таза. Мектеп окуучуларынын балалык жандүйнөсү, мугалимдердин балдарга карата тилеги, ниети таза. Мен да тазардым. Жандүйнөм толкуп, жакшы маанайда Бишкекти көздөй жолго чыктым.
Комментарийлер