НАЗГҮЛ КАНЫБЕКОВА: “БИРИНЧИ ЖОЛУ КЕСИП ТАНДАГАНДА ЖАҢЫЛЫШКАМ”
- 26.11.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп келген “Жыл мугалими – 2024” республикалык сынакта баш байгени багындырган ОшМУнун “Билим” лицейини математика мугалими Назгүл Каныбекованы алигиче соцтармактарда алкап, мактап, ийгиликтерди каалап жаткандардын саны арбын. Анткени өлкөбүздө биринчи жолу сынактын жеңүүчүсүнө батирдин сертификаты тапшырылды. Буга чейин деле жеңүүчү менен баарлашып келдик, бирок, сынак аяктады, байгени алды, эми жайбаракат маектешсек болчудай деп суроолор менен кайрылдык. Ал буга чейин айтылбай калган балалыгындагы айрым эпизоддор, ата-энеси, кесипти тандоодогу жаңылыштыгы, реформа тууралуу оюн ортого салды.
— Назгүл айым, ата-энеңиз тууралуу кеп баштасак. Себеби ийгиликтердин артында ата-энеңиз турат болуш керек?
— Ооба, туура айтасыз. Бала чагым Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында өттү. Ата-энем малчылык, дыйканчылык менен алектенген карапайым адамдар. Үй-бүлөдө тогуз бир туугандын эң кичүүсүмүн. Балалыгым жетишпеген турмушта өткөнү менен ата-энемдин сүйүүсүнө, мээримине тоюп чоңойдум. 90-жылдары Кыргызстан жаңыдан эгемендүүлүгүн алып, элдин башынан оор турмуш өткөнүн билесиздер. Көп балалуу үй-бүлөгө андан бетер кыйын болгон. Нанга жетпей калган күндөрүбүз көп болду. Ошондо атам тоодон алгы деген аппак картөшкөдөй болгон өсүмдүктү терип келер эле. Аны апам аспиеттеп жууп-тазалап, ташка сүрүп, маңызын чыгарып, анан аны кайра ак марлиден өткөрүп, сүзүп казанга куюп бышырчу. Жыл сайын Нооруз майрамында казанга кырк ташты салып алып кайнаткан эне жөнүндөгү жомокту укканда, апамдын алгы атала кайнатканы эсиме келе берет. Көрүнүшү аппак, сүттөн коюу, айрандан суюк болуп турганы менен иче келгенде бир аз ачуу даамы болор эле. Чоң ага-эжелерим үндөбөй ичет. Баламын да, мен ичпейм деп ыйлайм. Атамдын ошондогу жүрөгүнүн тилингенин эс тартканда сезбедимби. Кийимибиз болсо улам бириникин бири кийип жатып мага келгенде элек болуп калган кийимдер. “Жакшы бала билимди самайт, жаман бала кийимди самайт” деген макалды атам кулагыма кыттай куя бергени үчүн мектепке кийип барган кийимимден эч уялчу эмесмин. Үстү жыдып түшүп калган өтүктүн таманына атам кийизден конч жасап, агаларыма өтүк тигип бергенин кийин эс тартканда “Кийиз өтүк” деген ырымда минтип жазгам:
Жер бетине кар түшүптүр жалама,
Сабагыңдан калып кеттиң балам аа, —
деп атакем аргасыздан бир кышы,
Кийиз өтүк тигип берген агама.
Мен жаш бала анда туруп ыйлапмын,
Мага дагы тигип бер деп кыйнапмын.
Жону жука жокчулукту түшүнбөй,
Атакемдин эт жүрөгүн туйлаттым.
Азыр эмне толо түшсө көзүмө,
Каалаганым сатып алам өзүмө.
Кийген сайын кийимдердин жаңысын,
Кийиз өтүк келе берет эсиме.
— Ыр да жазат турбайсызбы? Чыгармачылыкка жакын экенсиз да?
— Чыгармачылыкка кызыгуу кичинемден мектепте кандай гана иш-чара болбосун монолог айтууну, көркөм окууну мойнума алып алчумун. Мектептен келээрим менен китебимди, ичине жаттоого тийиш болгон тапшырмаларымды салып алып, кой жайганы кеткен атама жөнөйм. Айылдан бир аз узагандан баштап, ээн талаада кыйкырып ыр окуп, образга кирип, монологумду жаттап баштайм. Койдун бир башын кайрый кел дегенин атамдын жаңсоосунан түшүнөм да, койлорго жетип барып эле алдына чөк түшүп: “Айланайын апакебай, ач койнуңду…” деп эле аларды да чочутуп, ботодой боздоп монологумду репетиция кыла келчүмүн.
Казак элинин жазуучусу Айгиз Баймухамедовдун “Жомоксуз өткөн” балалык деген китеби чыкканда, китеп али колума тийе элек туруп, демек – бул бала болуп, бирок, балалык доорду сүрбөй калган бала жөнүндө го деп болжогом. Китепти окуганда буга дагы бир ирет ынандым. Муну эмне үчүн айткым келди. Анткени мен балалык доорду эң жакшы сүрдүм. Кийимдин бүтүндүгү, курсактын токтугу, түрдүү оюнчуктарыңдын болушу – бул бактылуу балалыктын көрсөткүчтөрү эмес, менимче. Бактылуу балалыктын эң башкы көрсөткүчү – бул ата-эненин мээрими. Мен ошол мээримди толук алып чоңойдум. Өзгөчө атамдан. Атам мага күн сайын жомок айтып берчү. Атамын айтып берген жомокторун кийин эч бир китептен таба да албадым, окуй да албадым. Көрсө, атам оюнан токуйт тура. Бирок ушунчалык укмуш сүрөттөп айтып берчү. Үйүнөн адашып талаада калган мергенчинин башынан бутуна чейин сүрөттөгөндө менин көз алдыма кино тасмадай эле тартылар эле. Атам, балким, жомогун үнөмдөгүсү келип, балким, мени кызыктыргысы келип жомокторун сериалдарга бөлүп-бөлүп айтып берчү. Андайда эртеси күндүн кеч кирмегин чыдамсыздык менен күтөм, тоого жакындап калган Күндү колумдун элеси менен улам өлчөп-өлчөп алам. Менин чыгармачыл ой жүгүртүүмө жомоктун таасири чоң. Азыр өзүм балдарыма дал эле атамдай жомок айтып берем. Кичинекей кызымдын жарасы жеңил. Бир жомогун миң кайталап уга берет. Чоң балам улам жаңы жомок укпаса алымсынбайт. Билген жомокторум түгөнүп калганда, жумуштан кайтып келе жатып интернеттен издеп, кадимкидей даярданып келем. Ошондо атакемди түшүнөм. Жакшы менен жаманды, ак менен караны айырмалоого, ак ниеттүүлүккө, гумандуулукка тарбиялаган күч бар жомокто. Элестетүүнү, чыгармачыл ой жүгүртүүнү өстүрө турган касиет бар жомокто. Мен атамдын жомогун кың дебей угуп, кандай бүтсө ошондой кабыл алчумун. Баламдын менден башкача өзгөчөлүгү бар. Ал жомокко оңдоп-түзөтүүлөрдү кийирип турат. Жакшы кыз менен жаман кыз жомогунда жакшы кыз белек алып, жаман кыз ажыдаарга жем болуптур деген тейде жомок бүтсө, балам тыбырчылап кетет. Жаман кыз да жакшы болуп, кечирим сурайт деп үйрөтүп турат. Мындан улам, мен өсүп келе жаткан муундун өз оюн айта билген эркин, анан да баарына жакшылык каалаган боорукер муун деп сыпаттайм. Булардын келечегинен көп жакшылык күтсөк болот.
— Кесип тандоого ким түрткү болгон? Мугалим болуп калганга өкүнбөйсүзбү?
— 2008-жылы мектепти аяктап, Жалпы республикалык тестирлөөдөн район боюнча эң жогорку баллды (188 балл) алдым. Ал жылдары азыркыдай курстар деле жок болгондуктан, бул көрсөткүч эң жакшы деп эсептелчү. Ошондо да мектебибиз аябай сыймыктанган. Кошумча предметтердин баарын тандап, тапшырып койгом. Химия, биология, тарых предметтерин гана кошумча тандоого мүмкүн болчу. Ошентип химия, биология жана негизги тестти кошкондо 435 балл менен мактоолорго “мас” болуп келип, көпчүлүктүн көрсөтмөсү менен ОшМУнун Медицина факультетине тапшырып алгам. Бул факультетке, болгондо да бюджетке өтүү кыйын болчу. Туугандарым аябай сүйүнүштү. Мен гана кам сүт ичип алган баладай, жүрөгүм түпөйүл болуп турду. Сентябрь айы келип окууга келдим. Биринчи эле күнү расписаниеден математика деген сабакты көрө албай бозала болгонум эсимде. Эки күн келип эле “математикага которулам” дегенге түштүм. Анда ректор Мухтар Орозбекович болчу. Айылдан атам келип, ректорго өзү суранып кирген. “Биринчи семестр окуусу зарыл. Жаңы жылдан кийин гана которо алабыз” деген жоопту айтып чыкты. Жаңы жылга чейин алар (математикада окуп жаткандарды айтып атам) көп нерсени окуп коет да деп так секирип болбойм. Ошентип, сентябрдын 28-и күнү деканаттан деломду алдым да (атүгүл алар башкы корпуска документимди өткөрүп үлгүрө электе) окууну таштап, айылга баса бердим. Бирок айылга келгенде көз караштардан, ар түрдүү сөздөрдөн катуу чүнчүдүм. “Кесибимди жаңылыш тандап алдым, келерки жылы кайра башынан тесттен өтүп, мугалимдикке тапшырам” дегенимди эч ким түшүнгөн жок. Көпчүлүгү “окуй албай, айдалып келди” деп кеп кылышты. Бул нерселерге бир жыл кулагымды жапырып чыдадым. Ал бир жыл мага адабий китептерди окуума зор убакыт болуп берди. Ооналактап жатып ыр жаздым. Бугумду ырдан чыгардым. Кийинки жылы дагы бир жолу тест тапшырып, айрылма талондордун бирин гана калтырып, калганын жыртып таштагам. Анткени дагы бир жолу адашуудан корктум. Себеби, бухгалтерияга тапшырсаң ал жакта математиканын түрүн окуйсуң деген сунуштарды угуп алып, дагы экиленип, багытымдан дагы бир жолу адашып кетпейин деген элем. Ошентип, башкы корпуста математика адистигине окуй баштадым. Чыныгы жашоонун ырахатын сездим. Окууга күндө майрамга келгендей сүйүнүп келем. Мен го бир жылдан кийин өз кесибимди, жандүйнөм каалап жаткан кесипти таап алдым. Жашоодо кесибин жаңылыш тандап алган адамдар көп да. Ошондуктан окуучуларыма ар дайым “кесип тандоодо аброюна, айлыгана карап эмес, жүрөгүңөр каалап жатканын тандагыла” деп көп айтам. Адам жашоого бир жаралат. Бир жаралган жашоодо жүрөктү тыңшап иш тутпасаң, анда бул жашоонун маңызы кайсы? Ар бир адам өзү сүйгөн кесиби менен иштесе гана ал ишинде изденет, ойлонот, ийгилик жаратат.
— Математика менен поэзияны кантип байланыштырасыз?
— 2014-жылы ыраматылык Исаков Каныбек агайымдын демилгеси, демөөрчүлүгү менен, акын Улукбек Омокеевдин редакторлугу алдында “Турмуштун теңдемеси” аттуу алакандай ырлар жыйнагым жарык көрдү. Агай өзү баш сөзүн жазып, ОшМУнун чоң актылык залында таанытымын өткөргөн. Ошондон бери өзүмдү элден “ыр карызмын” деп сезип жүрөм. Көп убакыт жазбай калдым. Ошондо менин ыр жазарымды билген айрым инсандар жолукканда “жаңы ырлар жазылып атабы?” деген суроосу мен үчүн өтө оор тийчү. Бул кадимки акча карыз сыяктуу эле көрүнүш. Кээде дагы ыр сурайт деп көпчүлүк барчу жерлерге барбай жүрдүм. Бирок кийин түшүндүм, чыгармачылык – бул бир эле поэзия же проза эмес. Чыгармачылык – бул сабак. Мен өзүмдөгү чыгармачылыгымды сабакка сарптап атканымы түшүнгөндөн кийин моралдык жактан “карыздар” сезими көп кыйнабай калды.
— Билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформага көз карашыңыз кандай?
— Быйылкы жылы мугалимдерге мамлекеттик деңгээлде чоң көңүл бурулуп жатат. “Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук” дегендей, сыйлык бир адамдыкы, бирок, сыймыгы жалпы мугалимдердики. Бул нерсе көптөгөн жаш мугалимдерге, болочокто мугалим болом деген көп окуучуларга чоң стимул болот. Келечекте мектепти эң жакшы окуп бүтүргөндөр гана мугалимдик кесипти тандап, элибиз билимдин баалуулугун аңдап билген учурга да жетебиз деп ишенем. Учурда билим берүү тармагында болуп жаткан реформаларды кош колдоп колдойм. Анткени дүйнө өзгөрүп, балдардын аң-сезими өзгөрүп жаткан коомдо эски системада олтура берүү – бул балдарды келечекке эмес, тескерисинче, өткөн чакка тарбиялап жатканыбыз болмок. Колдоп эле тим болбой, кол кабыш кылып жатабыз. Учурда 12 жылдык билим берүүгө өтүү алдында министрликтин атайын буйругу менен STEM предметтеринин мугалимдерине методикалык семинар-тренингдерди өткөрүп, алардын сабактарына катышып ментордук ишибизди жүргүзүп жаткан учурубуз. Бул реформа ийгиликтүү ишке ашса, бир эле билим берүү тармагындагы кризистен эмес, экономикалык, экологиялык кризистен да чыгарыбыз айкын. Анткени, билим берүүнүн сапаты менен ал өлкөнүн экономикасы бири-бири менен тыгыз байланыштуу. Мен Кыргызстаныбыздын жакшы жашоого жетерине, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуларына ишенем. Кыргызда “көрүнгөн тоонун ыраагы жок” деген жакшы сөз бар. Тоону көөдөнү көр эмес, ар бир жаран көрүп турат.
— Эгерде сизди алыскы мектепке, билим сапатын көтөрүүгө жардамыңды бер деп жиберишсе макул болор белеңиз?
— Учурда элдин, мамлекеттин алдындагы чоң жоопкерчиликти жон терим менен сезип турам. Сыйлыкты алып эле тим болбой, ага татыктуу жүрүү, татыктуу иш, жакшы жыйынтык менен жооп кайтаруу – бул ыраазычылык билдирүү деп билем. Мамлекет мыкты мугалимдерди колдоп, анан алардын тажрыйбасын жайылтуу үчүн жети дубанга таратып жиберсе эмнеге болбосун?! Атүгүл, Баткендин чек арасындагы Максат айылына барып, мектептин билим сапатын көтөрүп кел деген буйрук келсе, аскер кызматкерлериндей эле аткарууга даярмын. Анткени мамлекет сыйлоо менен бирге талап кылса жарашат. Мыкты деген мугалимдер мыктылыгыбызды шарты катаал аймактарда да көрсөтүшүбүз керек.
Учурда мугалимдерди алгач окутуп, андан кийин сабактарына барып байкоо жүргүзүп, методикалык жардам берип жатабыз.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер