ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДАГЫ МЕКТЕП

  • 17.02.2021
  • 0

Жаш муундардын ар тараптан калыптануусун камсыз кылуу мектеп жетекчисинин башкаруучулук жөндөмдүүлүгүнө жараша болору талашсыз.

ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДАГЫ МЕКТЕП
Мындай жооптуу, ары ардактуу кесипти аркалап, анын түмөн түйшүгүн жан дүйнөсүнө сиңирип, балдар үчүн билим берметин чачып, таң чолпондой жанган Алай районундагы №25 Э.Мурзаев атындагы орто мектепти 2013-жылдан бери жетектеп келе жаткан Абдыкадырова Зина Дарбаковна уюштуруучулук жөндөмү, билиминин кеңдиги, ар тараптуу аракети менен тынымсыз изденип, алдыга умтулган эмгекчилдигинин аркасында мектепти билим берүүнүн баардык тармактары боюнча райондогу алдыңкы мектептердин катарына кошту.

Мектеп эки корпустан туруп, 1-корпусу 2008-жылы, 2-корпусу 2017-жылы пайдаланууга берилген. Учурдун талабына шайкеш курулган билим уясында китепкана, спортзал, ашкана, компьютер бөлмөсү, усулкана, окуучуларды турмуш тиричиликке үйрөтө турган устакана, физика, химияны окутууга ылайыкталган атайын лабораториялык бөлмөлөрү жана башка окуу ишин уюштурууга көмөкчү курулуштары бар.

Мектептин материалдык – техникалык базасы эң мыкты жабдуулар менен жабдылган класс бөлмөлөрү азыркы талапка жооп берип, сабактар жогорку деңгээлде өтүлүп турат.

Мектептин жамааты ынтымак, биримдик, иштермандык менен өзгөчөлөнүп, иш аракеттери күн санап өсүп, алдыга жылууда. Алдыңкы иш-тажрыйбаларын жайылтуу максатында райондук, областтык деңгээлдеги семинарлар өтүлүп, мактоого татыктуу болуп келүүдө.

Мектеп жетекчисинин орун басарлары Жумаш уулу Ислам, Абумомунова Айнара окуу-тарбия жана усулдук иштерди мыкты жетектеп келишүүдө.

Учурда мектепте 498 окуучу билим алып, аларга 45 мугалим сапаттуу билим, татыктуу тарбия беришүүдө. Бардыгы — жогорку билимдүүлөр. Окуучулардын билим сапаты 52% ды көрсөттү.

Акыркы үч жылдагы ийгиликтери жөнүндө сөз кылсак, 2017-2018-окуу жылында окуучулардын предметтик олимпиадасында Асан кызы Медина тарых предметинен, географиядан Шайлообай кызы Гүлзар, Шарип кызы Уулкан, орус тили жана адабиятынан Эрматова Гүлиза райондо 1-орундарга жетишип, окуткан мугалимдерин кубанычка бөлөштү.

2018-2019-окуу жылында химия предметинен 10-класстын окуучусу Нурбек кызы Акмарал, тарыхтан Исаев Данияр райондо, областта жеңүүчү болушуп, ал эми республикада 4-5-орундарды камсыз кылышты. 2019-2020-окуу жылында химия предметинен 11-класстын окуучусу Нурбек кызы Акмарал, Асан кызы Минура райондо 1-орунду алышып, областта 3-орунга жетишти. Ал эми улуттук тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2017-2018-окуу жылында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн орточо баллы 120, жогорку баллы 192 болду. Ал эми 2018-2019-окуу жылында орточо балл 123 болуп, Шайлообай кызы Гулзар 204 балл алып, райондогу эң жогорку көрсөткүчтү көргөзсө, 2019-2020-окуу жылында орточо балл 129 болуп, Нурбек кызы Акмарал Кыргызстан боюнча эң жогорку 229 балл алып, “Алтын сертификатка” ээ болду.

Акыркы үч жылдагы бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТдагы көрсөткүчүн салыштырып көргөндө өсүү бар экендиги байкалууда. Жыл сайын ЖРТнын жыйынтыгы менен 60-70% окуучулар ЖОЖдордун бюджеттик бөлүмдөрүнө окууга өтүшөт. Окуучулар класстан жана мектептен тышкары иштерде да ар кандай сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып келишүүдө. Мисалы, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада, областта алдыңкы көрсөткүчтү көрсөткөндүгү үчүн, мектеп жамааты АРМАнын жана Ош областтык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ыраазычылык каттарын жана акчалай сыйлыктарды алышкан.
Мектеп 2017-жылы Алай райондук мамлекеттик администрациясынын тандоосу менен “Жылдын мыкты билим берүү мекемеси” номинациясына татыктуу болгон.

Педжамааттын үзүрлүү, чымырканган эмгегинин натыйжасында мектеп “Жылдын мыкты Айыл Мектеби — 2020” кароо сынагынын областтык турунда 1-орунга жетишти. Мектепте алдыңкы  мугалимдер арбын. Өз ишине берилген чыгармачылык менен эмгектенген Билим берүүнүн мыктылары Г. Калчабаева,  Д. Алтымышова, З.Абдыкадырова, М.Садыкова, Б.Каримбаева, А.Акаев — өз ишине берилген чыгармачыл мугалимдер. Алардын баары агартуудагы ак эмгеги үчүн Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттарын алышкан.
Бул макалада мектептин түмөндүү иштеринин кичинекей гана үзүмү камтылды.

Сыдык Мамыров,
Алай району, №35 С.Карыев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, Билим берүүнүн мыктысы, “Ардактуу мугалим” төш белгисинин ээси

Бөлүшүү

Комментарийлер