МЫКТЫ КЕСИПТЕШ, КЕҢ ПЕЙИЛ КУРБУ ЭЛЕ
- 05.11.2021
- 0
Убакыт учкан куштай зымырап өтүп, ошол өткөн убакыт аралыгында биз балалыгыбызды, өспүрүм курагыбызды, студенттик күндөрүбүздү, аны менен бирге көптөгөн жүрөккө жакын кыйбас нерселерибизди жоготот экенбиз. Ошол жоготуулардын эң оору – бир боорго айтпаган сырларыңды бөлүшүп бирге жүргөн курбу-курдашты жоготуу болот тура. Ошондой ынак курбуларыңдан айрылганда, бүтүндөй бир капталың ооп түшкөндөй болот экенсиң. Элмира курбубузду шум ажал арабыздан алып кетпесе, ушул күндөрү 55 жашка чыкмак. Төмөндө кесиби физика мугалими, өзү мугалимдин кызы Элмира Султаналиеваны жакын адамдары эскеришет.
Жалындаган студенттик курагыбыз бирге өткөн
Элмира менен студенттик куракта чогуу окуган курбусу, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Актилек орто мектебинин физика сабагынын мугалими Нарынкүл Асаналиева: Элмира экөөбүз 1983-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетинде бирге окугандан бери жакшы тааныш болуп жүрүп, ынак курбуларга айландык. Окууну аяктаган соң, мен Ысык-Ата районундагы Биринчи май колхозуна бөлүнүп, мектепте иштеп калдым. Элмира болсо адегенде Кеминде мектепте иштеп жүрүп, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Кант шаарына көчүп келген экен, ошондон бери үй-бүлөлүк катышта болуп жүрүп, экөөбүздүн балдарыбыз баш кошкондон кийин куда сөөк болуп калдык. Кудагый болгондо да сырдашкан, сыйлашкан ысык кудагыйлардан болдук. Кызым аны кайын эне катары эмес, өз энесиндей жакшы көрчү, балким бир чети кызым кенедейинен анын көз астында чоңоюп калгандыктанбы, кызым кийин дагы апам деп сыйынан жазган жок. Элмира адамга абдан боорукер, кайрымдуу, бирөөгө жаман айтпаган жана жамандык кылбаган, колунан келгенин аябаган жароокер жан эле. Аттиң арман, өмүрү кыска экен, шум ажалга алдырып, ичибиз ачышкан бойдон кала бердик, — дейт бир чети курсташы, бир чети кудагыйы Нарынкүл.
“Ар убак жүрсөк эскерип, айрылуу эмес ажал да…”
Ооба, Нарынкүл кудагыйы айткандай Элмира курбубуз бийик адамгерчиликтүү, жан дүйнөсү таза адам эле. Экөөбүз Кемин районунун Кызыл-Суу айылындагы М.Өмүралиев атындагы мектепте бир класста окудук, а бирок ынак мамилебиз, кийин Улуттук университетте окуп жүргөндө башталды. Ал кезде чүйлүк студенттерге жакын жашайсыңар деп жатакана берилчү эмес, Элмира Аламүдүн районунун Ленинское айылында жашаган ортончу агасы Мурат байкенин үйүнөн барып-келип окуп жүрдү. Ара-чолодо физфакта бирге окуган группалаштары Ботокөз, Салия, Гүлнаралар менен, андан да көп мени менен бир бөлмөдө батышып, бир бөлкө нанды бөлө жешип дегендей, студенттик күндөрдүн бары-жогу да, ачы-тогу да кыпындай кайгыртпаган жыргал кезин бирге өткөрдүк…
Элмира мектептен кийин эле дароо жогорку окуу жайга өткөндүктөн, окуусун да менден мурда аяктап, ошол кездеги талапка ылайык, Кеминге бөлүнүп, ошол жакта иштеп калды. Ал кезде мобилдик телефон жок, байланыш начар, бирөөгө жолугуу үчүн атайын издеп барыш керек эле, кийин уксам, Кемин районундагы кесиптик-техникалык окуу жайында, райондун борборундагы №1 мектепте, андан кийин райондук соцфонддо иштеп жүрдү. Ошол токсонунчу жылдарда башталган оош-кыйыштар элдин турмушуна, анын ичинде, үй-бүлөгө эле эмес, эки адамдын ортосундагы жолдоштук мамилесине деле таасирин тийгизиптир эми ойлосом…
Элмира да турмушта ары согулуп, бери согулуп, айрыкча, үй-бүлөсүндө түшүнбөстүктөр болуп, акыры жолдошу менен оту күйүшпөй, эки баласын жетелеп шаарга баса берди. Бирок бул жакта деле кыргыздар айтмакчы, “Кайда барсаң Мамайдын көрү” болуп, шаардыктарың деле, туугандарың деле, теңтуштарың деле, диплому барлары, жоктору деле, айтор бүтүндөй элдин көргөн күнү жокчулукка, жакырчылыкка белчеден баткан “Этиң эмес, табагыңды таап алчы” турмуш кайнап жаткан. Ошол кыйынчылыктар мен билген далайларды чыйралтып өйдө түрттү, далайлары андайды көтөрө албай ылдыйлады, бирок канткен менен көбүнүн багын соода ачты, менимче. Элмира да мектептен чыгып, соодага аралашты, ал анткени жайкы каникулда майда-чүйдө сатып көл тараптагы айтылуу “Оленде” соода кылып соодага бышып калган экен.
Ал жаркылдаган жарык маанайы, элпектиги, улуу-кичүүгө бирдей кичи пейилдиги, бийик адамгерчилиги, билими менен кай жерге барбасын, адамдар менен тез эле мамиле түзүп ордун таап кетчү. Ал “Мен өзү жолдуу адаммын” деп маңдайындагы алтын тиштерин жаркырата күлүп калаар эле. Айткандай эле кийин Москвага кеткенде да бат эле орун-очок алып, жакшы жерлерде иштеп жүрдү. Биздин бактыбызга мобилдик телефон, вотсап байланыштары пайда болуп калганы, анын алыс-жакыны деле көп билинчү эмес.
Тарбиясы терең мугалимдин кызы эле
Элмира үй-бүлөсүндө алты бир туугандын кичүүсү болуп өстү. Атасы Азыгаалы Султаналиев Кемин районундагы Кызыл-Суу айылынын ардактуу аксакалы болгон. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер мугалим катары жаш муундарды тарбиялап өстүрүүдө эмгегин аябаган мыкты устат эле. Апасы Чолпон Иманова экөө көп жылдар Кызыл-Суу айылындагы мектепте ээрчишип чогуу иштеп, ондогон, жүздөгөн балдарга билим-тарбия берген алдыңкы агартуучу, башталгыч класстын мугалими болчу. Балдарынын келечегине кам көргөн мээрман ата-эне катары баарын жогорку окуу жайда окутушту. Улуу агасы Асанбек архитектор, андан кийинки агасы Мурат ички иштер органында, ал эми кичүү агасы Канат ата-энесиндей мугалимдик кесипти тандашып, баардыгы тең өздөрүнүн тармактарында үзүрлүү эмгектенишип, ардактуу эс алууга чыгышты. Эжеси Гүлнара да мугалим эле, тилекке каршы, анын өмүрү кыска экен, оорунун айынан эрте каза болуп калды. Элмира дайыма “Менин агаларым” деп аябай сыймыктанып, алардын амандыгын тилеп, алардын балдарынын ийгиликтерин айтып мактанып турган, тууганчылдыгы бийик жан эле.
Ажал эч кимди ылгабайт тура, тооруган кишисин туш тараптан тооруп жүрүп, акыры алып тынат окшобойбу. Былтыр классташ курбубуз Тынара ооруп калды. Ага ооруканага барсак: “Мага жардам берчү дарыны Москвадан алдыртыш керек экен, баасы да кымбат экен” деп, кейип атканын угуп, демилге көтөрүп, акча чогулттук да, Элмиранын Москвадагы тааныштары аркылуу заказ берип алдырттык. Ал деги эле ким болсо да, бирөөнүн муктаждыгын угуп калса (колунан келсе, келбесе да), жардам бергиси келип, ошол маселени чечүү жолдорун издеп турчу. Көрсө, адамга жылуу сөз айтып үмүт байлап, анын көңүлүн улап турган да баарынын эле колунан келе бербеген чоң адамгерчилик тура. Тынаранын өмүрү ченелүү калганын көрүп турсак да, аны ошол учурдагы эңсегенине жеткирип мүдөөсүн аткарып коюу да чоң эрдик экенине, ал курбубуздун көңүлү көккө жете сүйүнгөнүн көрүп, ынангам. Элмира досум мына ошондой боорукер курбу эле.
Элмиранын жакшылыктарына ар дайым күбө болуп катышып жүргөндүктөн, кызы Жибек турмушка чыкканда биз да аябай кубандык. Андан кийин уулу Саматты үйлөнттү. Бир сырдуу токтоо мүнөз баласынын убактысы келип калса да, үйлөнүү тууралуу ооз ачпаганына энелик жүрөгү санааркап жүргөндө, уулу өзү жактырып “Менин келиним болсо экен” деп тилеп жүргөн кызга — Калперизатка үйлөнгөнүнө, мурда теңтуш болуп жүргөн адамдар менен куда-кудагый болуп калганына кубанычы чексиз эле.
“Мага кайын эне эмес, өз энемдей болчу”
Айдарбекова Калперизат, Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси: Ушул күндөрү апам 55 жашка толмок… Бул күнү апам үчүн майрам уюштурмакпыз, анын күлгөнүн, кубанганын көрүү – биз үчүн да майрам болмок. Бирок андай болбой, арбагына арнап куран окутуу менен өткөрөбүз. Апам бизди таштап кеткенине ишенүү өтө оор…
Апамды эстегенде алигүнчө көз жашым тыйылбайт, мен үчүн кайын эне эмес, өз апамдай болуп калган. Ал мага каарын салган кайнене эмес, сырдашаар курбу, акылдашар устат, мээримин төккөн боорукер, жароокер эне эле. Мен анын каарын түгүл, мага к арата кабагы салыңкы мамилесин көргөн жокмун. Анын жоктугу бизге азыр аябай сезилип жатат, эстеген сайын ичим тилинип, өрттөнүп, жан дүйнөмдү кара булут каптап кетет. Баардык эле энелер балам дейт эмеспи, биздин апабыз да балдарым эч нерседен кем болбосо экен деп кара жанын карч уруп иштеп жүрүп, ооруга чалдыккан тура көрсө… Мен көп эле тааныштарым кайын энелери менен болгон мамилелерин айтышып, алар менен чогуу жашагылары келбей, урушуп жүрүшкөндөрүн угуп, кайын эне баары бир өз энедей болбойт тура деп ойлочумун. Бирок андай эмес экенин өзүм келин болуп келгенде түшүндүм. Мени кайын энем өзү каалап келин кылып алган эле, ошол үчүнбү, менин көзүмдү карап, туш тараптан колдоо көрсөткөнгө ашыгып турчу. Апам экөөбүз дайыма кеңешип иш кылчубуз. Мен үйдүн улуусу болгондуктан, оокат-аштарды сиңдилерим жасап көнө түшкөн экенмин, үй иштеринде чабалдык кылсам да, апам жаап-жашырып, акырын түшүндүрүп, мени мактап тураар эле. Ошол үчүн кайын энедей эмес, өз апамдай жакшы көрдүм. Өз апам демекчи, ал экөө Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде бирге окушкан, 40 жылга жакын мамилелери үзүлбөй катышып жүргөн курбулар эле. Экөө кудагый болуп калгандан кийин ынтымагы ого бетер артып, бир үй-бүлөдөй чогуу жашап, чогуу меймандарды тосуп, сый-урматтын үстүндө жүрүштү. Экөөнүн ортосундагы уулум Адилди бири-биринен өтүп жакшы көрүп эркелетишип, кылык-жоруктарын айткандан тажашчу эмес…
Ажал улук дешет, апамды биз эми ушинтип эскерип, куран окугандан башка аргабыз жок…
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер