МУРГАБ ТАЛАШЫ ТАРЫХЫЙ АРГУМЕНТТЕРДИ ЖАНА ПАРИТЕТ МАМИЛЕНИ ТАЛАП КЫЛАТ

  • 15.11.2021
  • 0

Карааны арбын саясатчылар, активисттер менен медиа коомчулук маалымат айдыңында да, ич ара да Президент Садыр Жапаровдун соңку пресс-конференциясын айда жиликтеп, ар бир сөзүн кызыкчылыктарына жараша талдап чыкты. Бул объективдүү көрүнүш. Албетте, чек ара маселеси да козголуп, журналисттин суроосунан улам өлкө башчысы түшүндүрмө берип, Тажикстан менен чек арабызды чечип алууга тоскоолдуктарды да кеп кылды. Тажик тарап 1924-жылкы картаны бетке кармап, башы ачыла элек жерлерге кусаматын билдирип келет, принцибин тактап алсак, андан ары иш жылат маанисинде сүйлөдү. “Баткен менен Лейлекте 210 миң гектар талаш болуп турат. Бизге ушул жерлер 1924-жылы берилип кеткен экен, эми силер кайтаргыла дейт алар. Мен андай болсо силерге ошол эле 1924-жылы берилип кеткен аянты 3 миллион гектар Мургабды кайтаргыла деп жооп бердим. Алар буга макул эмес. Өкмөт аралык комиссия иштеп жатат. Буга чейин 8 чакырымды такташты, эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилерине ишенем”. Болгону ушул. Мен кыргыз президентинин Мургаб боюнча учуруна гана токтолдум. Жол, ижара боюнча протокол тууралуу кеп башка. Анын үстүнө президенттин так ушул Мургаб боюнча сөзү тажиктердин курч реакциясын жаратып отурат.

Мамлекет башчысынын Мургаб боюнча айтканына тажик тарап орой, кескин жооп кайтарды. Албетте, расмий Дүйшөмбү билмексен болгону менен, коомчулуктун атынан тиш кайрыды, сөөмөй кезеди (караңыз: Демократическая партия Таджикистана (ДПТ) раскритиковала заявление президента Кыргызстана Садыра Жапарова о Мургабском районе страны. Об этом со ссылкой на заявление партии пишет таджикское издание «Азия-Плюс»). Көлөмдүү болсо да контексттен жулуп алды же бурмалап которулду деген кинеден оолак болуу максатында толук жана билдирүү таратылган тилде үзүктөй цитата келтирейин: «В предыдущих дебатах историки ответили на этот вопрос, и его повторное появление является основой большой провокации. С политической точки зрения это утверждение является посягательством на территорию Таджикистана», — говорится в заявлении. В партии считают, что политика Садыра Жапарова «очень опасна как для соседних стран, так и для жителей региона и имеет катастрофические последствия». Отмечается, что «ежедневно руководители этой страны повышают уровень угроз, давления и влияния на мнение своего народа против Таджикистана». «Мы еще раз призываем президента и политиков соседнего Кыргызстана воздержаться от противоречивых инициатив в эти жестокие времена и принять меры для проведения политики мирного сосуществования по соседству. Война – не путь решения. Война – это разрушитель народов и наций», — отмечается в заявлении ДПТ.

Также лидер ДПТ и депутат нижней палаты парламента Таджикистана Саидджафар Усмонзода в интервью «Радио Озоди» (таджикское бюро «Радио Свобода») заявил, что заявление Жапарова о Мургабе – это «давление на Таджикистан на переговорах о делимитации и демаркации госграницы».

Тажиктердин ачуу жообу кыргыз жеринде бейжооп калгандай. Өткөн жолу да кимдир бирөөгө жакпаса да биздин расмий бийликтин өкүлү Камчыбек Ташиевге тажик экс-министри тиш кайрыганда, биздин андай аттуу-баштуу эсептелген ишмерлер ооз ачкан эмес. Негедир бул ирет да саясатчы, эксперт атанган билермандардын бири үн катпады. Бир да саясий партия, коомдук уюм лам деп ооз ачпады. Балким кайсы бир мессенджерде ич ара күңкүлдөп, тоокчо чукулдашып жаткандыр, асты бекем добуш угулбады. Кемегенин четинде үймөлөктөшүп, чыгдандан ары чыга албай, үйдө баатыр жоодо жок кыйындарыбыз арбын экенин, өлкө ичинде байлык талаш, бийлик талашта кыйын, тышта журт талаш, жер талашта, намыс талашта чабалдыгыбызды, не кайдыгерлигибизди көрсөттүк окшойт.

Тажиктер анча чычалагыдай президент Жапаров аша чаап айттыбы, натуура кеп салдыбы? Жок. Чек араны делимитациялоонун жана демаркациялоонун принциптери, жолдорун, мураска калган талаштар ультиматум менен чечилбей турганын, эгер алар талап кылган ыкма жараксыз экенин гана билдирди. Эгер 1924-жылдагы карта менен кетсек, анда бүтүндөй Борбор Азия регионундагы улуттук-мамлекеттик чек араларды кайра аныктоого туура келээрин белгиледи. Борбордук Азияда улуттук-территориялык бөлүштүрүү совет бийлиги тарабынан 1924-жылы жүргүзүлгөн. Бирок ушуну менен токтоп калган эмес, 1936-жылга чейин түзөтүүлөр, өзгөртүүлөр кирип отурган. Ошентип 1925-жылы февралда, апрелде, майда, 1926-жылы февралда, 1927-жылы майда, 1929-жылы апрелде, 1930-жылы июлда, 1932-жылы мартта жана 1936-жылы декабрда бир топ өзгөртүү киргизилген, сызыктар сызылып, чийиндер чийилген. Мисалы Шахимардан айылдык кеңеши юридикалык күчкө ээ эмес анклавга 1927-жылы 4-майда айланган (Койчиев А. Национально-территориальное размежевание в Ферганской долине (1924-1927 гг). – Бишкек, 2001. 79-б.). Анткени Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы А. Абдыкадыровдун аракети менен 3-майда бул айылдык кеңеш Ош кантонуна тиешелүү деп таанылган. Ага чейин Сох менен Исфара да Кыргызстанга тиешелүү деп аныкталган эле. Бирок өзбек туугандардын ыкчам каршылыгы натыйжасын берген. Эртеси, 4-майда СССРдин Борбордук аткаруу комитети кечээ эле кабыл алган өз чечимин өзгөртүп, Шахимардан Өзбек ССРинин курамына киргизилип, жер талаш маселеси 3 жылга чейин көтөрүлбөсүн деп чечет. Азыр тарыхты билбеген жана документтерди окубаган айрымдар айтып жүргөндөй, Сох менен Шахимарданды, суу сактагычтар менен жайыттарды не Абдыкадыр Орозбеков, не башкалары коңшуларга белекке берип жиберген эмес. Тескерисинче, кыргыз мамлекетин жаңы доордо жаңы форматта калыбына келтирген кайран муундун алы келбей, союздук өкмөттүн өзүм билемдигинен улам көп жерлер адилетсиз чечилип, эмдигиче нааразычылыктарга себеп болуп келүүдө. Союздук борбор улуттук республикаларды түзүү жана алардын аймагын аныктоо, жер-суу бөлүштүрүүдө тарыхый, этникалык, географиялык факторлорду, ал тургай экономикалык принциптерди эске алган эмес. Эгер ушул принциптер эске алынганда, анда Кыргызстан ээлик кылып келген тарыхый жерлерине тарыхый укугун бекемдеп, аянтыбыз азыркыдан эселеп кенен болмогу анык. Азыркыга чейин тажиктер менен өзбек окумуштууларынын ортосунда чек ара маселелери, Бухара менен Самаркан талашы алигиче күүсүнөн кайта элек. Айыгышкан дискуссияга чекит коюла элек. Айрыкча тажик окумуштуусу Р. Масов менен өзбек илимпозу А.Аскаровдун чек аралардын аныкталышы боюнча кайым айтышы пантюркизм, паниранизм деген аныктамалар менен коштолгон (караңыз: Масов Р. М. Ответ на статью А. Аскарова «Арийская проблема: новые подходы и взгляды»; Масов Р. М. «Дома – таджики, на работе – узбеки. Хватит фальсифицировать историю Средней Азии!» (ответ); Масов Р.М. «Фальсифицировать и присваивать чужую нацисторию нельзя» (ответ пантюркистам); Аскаров А. «Арийская проблема: новые подходы и взгляды»; Аскаров А. «Антинаучная позиция пан-ираниста» (ответ на статью Р. Масова «Тюркизация арийцев»); Аскаров А. «Дискуссия по арийской проблеме в Центр Азии» (2-й ответ паниранистам). Тажик тарап “биздин жерлер, цивилизациянын борборлору болгон Бухара, Самаркан сыяктуу шаарларыбыз негизсиз Өзбекстанга карап калган, бул пантүркчүл саясаттын таасири десе, Тажикстандын улам бир жерге болгон кусаматчылыгы өзүн арийбиз деп эсептеген тажиктердин ирандашуусунан улам күчөп жатат дейт өзбек тарабы. Кандай болгон күндө да дээрлик баардык окумуштуулар адилет белгилегендей, тигил же бул аймкты, конушту, жерди, сууну, тоону, географиялык объектини тигил же бул республиканын курамына киргизүүдө жана кошууда объективдүү факторлор эске алынган эмес, баарын канаатандырган жана калыс чечимдин ордуна далайга созулган чыр-чатактын себептери мураска калган. Натыйжада Борбордук Азиядагы союздук республикалар 1936-жылкы кейпиндеги аянты, аталышы, чек арасы менен юрдикалык жактан жол-жоболоштурулуп, СССРдин 5-декабрдагы жаңы конституциясынын жоболору менен бекитилген. Тилекке каршы, Кыргызстандын кыйла кичирейип, колго кайра эптеп тийген өз аймагы да кечээ жакынга чейин акырындап ижара, жалпы пайдалануу, эл чарбасы үчүн орток колдонуу деген шылтоо менен уланып отурган. Тактала элек аймактарда кыргыз жарандары атуулдукка жарабай, туулган жерден көр оокатын артык көрүп, көчө качып, коңшуларыбыздын жарандарынын саны арбып, коро-жайы кеңейип, чие келгенде кыргыз жашабаган жерлерге айланып отурат. Буга өзүбүз күнөөлүү. Тышты айыптай албайбыз.

Эми Мургабга кайтып келели. Мургаб өрөөнү кирген Памир кыргыздар эзелтеден ээлик кылган жер. Муну ачуум келгенинен мен ойлоп тапкан жокмун. Кыргыз тарыхчылары да идеологиялык максатта бурмалаган, ойдон чыгарылган миф эмес. Тажикстандын тарыхчылары да моюнга алган кашкайган факт. Мисалы тажик тарыхчысы О.Б. Бокиев “Завоевание и присоединение Северного Таджикстана, Памира и Горного Бадахшана к России” (Душанбе. “Ирфон”, 1994). деген эмгегинде. Орус падышачылыгы уюштурган “Алай экспедициясынын” максатын баяндап келип минтип жазат: “Однако следует подчеркнуть, что на первом плане у нее (экспедиции – А.К.) стояла не научная, а военная цель – завование Памира и покорение его основных жителей – кара-киргизов. Об этом свидетельствует приказ командующего войсками Туркестанского военного округа К.П. Кауфмана от 26 июля 1876.” (174-бет). Араб географтары Памир дегенде “Памирдин Чыгышын же кара-кыргыздар жашаган аймагын гана түшүнүшкөн караңыз: Снесарев А. Северо-Индийский театр (военно-географическое описание), -Ташкент, 1903-ж. 2-б.). 19-кылымдын башында Памирди түрө кыдырган орус саякатчылары да, изилдеген англис саякатчылары да Памирди негизинен кыргыздар жердегенин жазышат. Ал тургай англис илимпозу Лорд Дунмор “Памирде кыргыздардын найман, тейит, кесек, кыпчак уруулары жашайт, алар ич ара майда уруктарга бөлүнөт деп так маалымдаган (караңыз: Маанаве Э.Ж., Жумабаев Б.М. Памир кыргыздары: тарыхый-этнографиялык очерк. Бишкек, 2009, 25-б.) Монгол доорунда эле кыргыз уруусу наймандар Памирди жердегени белгилүү (караңыз: Востров В.В., Муканов М.С.. Родоплеменной состав и расселение казахов. Алма-Ата, 1968. 63-б.). 1857-жылкы саякатчы-окумуштуулар Г.Е. Гржимайло менен Д.Л. Иванов Памир болуштугундагы Мургаб өрөөнүдөгү кыргыз урууларын санап, алардын мал-жанына чейин тактаган (караңыз: Ежегодник Ферганской долины. Новый Маргелан, 1903. Т2, 76-б.) Мен азыр колумдагы булактарды гана келтирдим. Кыргыздардын Памирге, анын ичинде Мургабга ээлик кылганын тастыктаган жазма булактар өтө арбын. Ошентип, Памирдин көп бөлүгү, анын ичинде Мургаб өрөөнү кыргыздар нечен кылымдап келген тарыхый мекени экенин тарыхый фактылар тастыктап турат. Эч ким тана албайт. Мургаб кыштагы аскерий чеп катары орустар Орто Азияны басып алганда 1893-жылы негизделген. “Памирский пост” деген ат менен белгилүү. 1925-жылкы “Карта республик и областей Средней Азии” деген картада “Памирский пост Кыргыз автоном облусунун курамында экени көрсөтүлүп турат.

Фергана облусу Өзбек ССРи менен Кыргыз автоном облусунун ортосунда бөлүштүрүлгөндө Памирдин кыргыз жашаган аймактары, анын ичинде Мургаб Кыргыз автоном облусунун курамында болгон. 1925-жылдын 2-январына чейин бизге караштуу болуп, кийин жаңы түзүлгөн Тажик ССРинин карамагына берилген. Памир, Жерге-Тал, Мургаб менен катар жаңы республикага Өзбекстанга карап келген Оро-Төб;, Матчы, Шахристан сыяктуу ири аймактар берилген. Памир аймагы область катары 1925-жылы жаңы уюшулганы “Таджикская Советская Социалистическая Республика” аттуу 1974-жылы басылып чыккан расмий энциклопедияда да кашкая жазылып турат (107-б).

Бирок тарых деген тарых, канетсе да өтмүш. А учурдагы абалды тастыктаган фактылар ошол тарыхты тааныбоо, жокко чыгаруу, жаңы тарыхты жазуу, реалдуулукту өзгөртүүгө багытталган атайы саясат экенин далилдеп турат го.

Кыргыздар Тажикстандын азыркы аймагында эзелтеден бери жашап келгени белгилүү жана анык. Башкача айтканда, саны азайганы менен, илгертеден бери мекендеп келген, ошол жерлер үчүн автохтондуу, жергиликтүү калк. Кыргыздар Тажикстанда кийин көчүп келген диаспора эмес, ирредента. Ирредента түшүнүгү тарыхый жердеген, ээлеген, жашаган аймагы башка мамлекеттин курамына кирип кеткен элди билдирет. Тажикстандагы кыргыздар падышачылык Россиянын, кийин, 20-30-жылдары совет өкмөтүнүн улуттук-аймактык бөлүштүрүү деп аталган, волюнтаристтик жол менен ишке ашкан саясатынын натыйжасында жашаган жерлери, ээлик кылып келген аймактары менен коңшу союздук республикалардын курамына кошулуп калган да ошол республикаларда улуттук азчылыкка айланган. Совет мезгилинде коңшу республикалардагы кыргыздардын, ошол эле Тажикстандагы кыргыздардын саны анча өскөн эмес. Мисалы, 1989-жылы кыргыздардын саны 63, 8 миң болсо, 2000-жылы 2 миңге көбөйгөн. Ал эми 1989-жылы Кыргызстандагы тажиктердин саны 33,5 миң болсо, 1999-жылы 42,7 миңге жеткен. Кыргызстандагы өзбек, тажик диаспораларынын саны туруктуу өскөнүн байкоого болот. Бул бир нерсени каңкуулап турабы. Албетте, көп нерседен кабар берет. Изилдөөчү Михаил Тульский “Демоскоп” басылмасына 2005-жылы Тажикстанда тажиктерден башка улуттардын саны азайганы туруктуу тенденция деп жазган. Статистика муну тастыктап турат. Ошентип Тажикстандагы кыргыз ирредентасынын саны азайгандан азаюуда, Кыргызстандагы тажиктердин саны азайганы жок, тескерисинче, саны арбууда. Кеп Тажикстандагы оор социалдык-экономикалык абалда деле эмес көрүнөт. Союз ыдырагандан кийин Борбордук Азия өлкөлөрүндө абал дээрлик окшош. Тажикстандагы жарандык согуш убагында Жерге-Тал менен Мургабдан эле 17 миңден ашык кыргыз Кыргызстанга качып келген. Тажикстандагы кыргыз өкмөтүнүн көп кырдуу саясий-дипломатиялык жана гуманитардык саясатынын тике таасиринин натыйжасында басылган жарандык согуш кыргыздардын миграциялык маанайына роль ойноду.

Бирок, андан бери деле кодулоо токтогон эмес көрүнөт.Тажикстандын аймагындагы кыргызча топонимдер күч менен жок кылынып, ушул жердин ээси экендигин тарыхый, географиялык күбөсү болгон жер-суу аттары тажикче сөздөргө соңку мезгилде массалык түрдө алмаштырылууда. Кыргызстанда фарси тилиндеги бир да топоним алмаштырылганы жок. Кыргызстандагы ар бир улуттук азчылыктын тагдыры, учурдагы абалы, социалдык шарты коңшу өлкөлөрдөгү кыргыздардын абалынан кыйла жогору. Ыдык көргөнү байкалбайт. Кыргыз бийлиги бир да улуттук азчылыкка кысым көрсөткөнү жок. Коңшуларыбыз муну баалоого тийиш эле, бирок антпейт көрүнөт. Биз өз кызыкчылыгыбыз жерде жана көктө, өз өлкөбүздө жана эл аралык аренада коргой алууга чамабыз, эркибиз, акылыбыз жете турганын күн сайын жана ар бир жолу далилдеп турмагыбыз парз, милдет.

Мына ушул жагдайлар бизди да бир ирет ойлонууга жана коңшулар менен алаканы реалдуу факторлорго негизденип жүргүзүүгө, баардык жерде жана баардык учурда адекваттуу жооп берүүгө түртөт.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

 

Бөлүшүү

Комментарийлер