МУГАЛИМДИК – ЖАРКЫН ТАГДЫРЫМ

  • 04.11.2021
  • 0

Кара-Кулжадагы автордук гимназиянын негиздөөчүсү Орозали Айдилканов өзүнүн жарым кылымдык тажрыйбасын китеп кылып жазды. Төмөндө басууга даярдалып, редакцияланып жаткан китептен бир үзүндүнү окурмандарга тартуулайбыз. Я.Коменский, В.Сухомлинский, Ш.Амонашвили сыяктуу улуу педагогдордун идеяларын терең өздөштүрүп, кыргыз мектебине ылайыкташтырып, чыгармачыл нукта жүзөгө ашырган Орозали агайдын бул китебинде ошол улуу устаттардын эмгектеринен цитаталар арбын келтирилип жатканы да табигый көрүнүш. Уңгулуу көчтү улантып, жаңы муунга таберик сунган устаттарга алкыш айталы!

Мугалимдер менен ата-энелер өзгөчө көңүл буруучу жагдайлар

Окутканда тарбиялай алган мугалим берген билим окуучулар үчүн аспап болуп калат да, алар ошол аспаптын жардамы менен дүйнөнү таанып-билүүдө аң-сезимдүү жаңы кадам шилтейт. Мугалимдин сабактарынын сапаты баарынан мурда сабак берүү, балдарды окутуу процессинин дал өзүндө тарбиялоо принциптери жана методдору канчалык ишке ашып жаткандыгына байланыштуу болот.

МУГАЛИМДИК – ЖАРКЫН ТАГДЫРЫМ

Сабак – бул балдар менен педагогдун биргелешкен эмгеги. Бул эмгектин ийгилиги биринчи кезекте окутуучу менен окуучунун ортосунда түзүлгөн өз ара мамиле менен аныкталарын мугалим эсинен чыгарбоого тийиш. Билим турмушта пайдаланылуучу, жашоону жеңилдетүүчү байлык катарында кабыл алынышы керек.

Окууну тарбиялоочу нукка буруу – бул өз алдынча китеп окуу, өз билимин жогорулатуу, өз алдынча таанып-билүү жана логикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүнө ээ кылуу. Өз билимин өзү тынымсыз жогорулатып турууга тарбиялоо.

Мектеп окуучулары акыл эмгегинин ыктарына канчалык көбүрөөк ээ болушкан сайын, окууга дилгирлиги ошончолук күчөйт. Эгерде окуу ойдун, сезимдердин, чыгармачылыктын, кооздуктун, оюндун нуруна бөлөнүп турса, балдарды кызыктырып, өзүнө тартып турат. Ал көптү билүүгө умтулууну, кызыгууну, адамдын эзелтен берки жана жоюлгус касиетин ойготот. Көптү билүүгө умтулуу, интеллектуалдык муктаждык болбогон жерде мектеп да жок.

Сабактагы ой жүгүртүү окуучу суроого жооп бергиси келген жерлерде башталат. Мындай муктаждыкты пайда кылуу акыл эмгегине максат коюу дегендикке жатат. Бул эң кыйын иш жана педагогдун чеберчилигинин эң ишенимдүү көрсөткүчү.

МУГАЛИМДИК – ЖАРКЫН ТАГДЫРЫМ

Бала изденип, ойлонуп, ой жүгүртүп, окшоштуруп, айырмалап, анализдеп, синтездеп жооп берүүнү талап кылган суроолорго көп кызыгат. Кунт коюунун, көптү билүүгө умтулуунун, билимге талпынуунун жалыны дал ушул учурда тутанат. Бул жалынды алоолонтуп дем берип турган эң башкы нерсе эмгектеги ийгиликке кубануу, эмгекчинин сыймыгын сезүү болуп саналат. Ошондуктан ар бир ийгиликке, кыйынчылыкты жеңип чыгууга татыктуу баа берүү зарыл.

Мугалимдин устаттыгынын күзгүсү – баланын билимге, мугалимге жасаган мамилеси. Бул окууну каалоо, эргүү жана шыктануу, кыйынчылыктарды жеңип чыгууга даяр туруу. Буларсыз да мектеп жок. Мектепте жана үйдө балдардын бир нерсени билип алууну каалап, кызыгып китеп окуу, жандуу ойдун жана сөздүн булактарына саякат жасоонун мааниси чоң.

Мектепте, үйдө жан дүйнөнүн бейпилдиги үчүн жагымдуу чөйрө түзүү зарыл. Бул турмуштун толуктугун балдардын сезиши, ойдун ачык-айкындыгы, өз күчүнө ишенгендик, кыйынчылыктарды жеңип чыгуу мүмкүндүгүнө ишенүү. Максатка багытталган эмгектик бейпил кырдаал, бир калыптагы, жолдоштук өз ара мамиле, кыжырлануунун жоктугу – жан дүйнөнүн бакубат болушунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү.

Жан дүйнө бакубат болбосо, кадимкидей иштөөгө мүмкүнчүлүк жок; бул тең салмактуулук бузулган жерде жамааттын турмушу тозокко айланат: окуучулар бири-бирин мазактап, кыжырына тийишет, мектепте күйпөлөктөө өкүм сүрөт.

Эгерде бала өз эмгегинен ийгилик көрбөсө, билимге умтулуунун шамы жалп өчүп, жаш жүрөгүндө умтулуу шамы кайрадан тутангыча эч кандай аракеттер менен эрите алгыс муз тоңот. Бала өз күчүнө болгон ишенимин жоготуп, элестүү айтканда, этек-жеңин кымтыланып, үрпөңдөп, мугалимдин акыл-насааттары менен эскертүүлөрүнө орой жооп бере баштайт. Же, мындан да жаманы, анын өз баркын сактоо сезими жоголуп, эч нерсеге жөндөмүм жок экен деген ойго көнүп калат.

Адамдын өз баркын сезе билүүсүн басып таштоодон өткөн адеп-ахлаксыздык жок. Мугалимдин окуучулардын билимине баа берүүсү – бул мугалимдин ар бир балага туура мамиле жасоо жолун таба билиши, таанып-билүүгө умтулуунун анын жүрөгүндө сактай билиши. Баланын акыл эмгегин ал бала үчүн жакшы натыйжа алып келген учурда гана баалоо оң.

Бала ойлонууга, оюн топтоого, өзүнүн ишин дагы бир жолу кайра аткарып чыгууга мүмкүнчүлүк алуусу керек. Баа эмгекти сүйгөндүгү үчүн сыйлык болууга тийиш. В.Сухомлинский: “Мен ага койгон баа – бул жалаң гана анын билиминин чени болбостон, баарынан мурда менин ага адам катары жасаган мамилем. Бала коюлган бааны ар дайым акыл күч-аракеттеринин натыйжасы катары баамдоого тийиш”.

Балдар чыгармачылык дүйнөсүндө жашоого тийиш. Баланын рухий турмушу оюндун, жомоктун, музыканын, сүрөттүн, кыял чабытынын, чыгармачылыктын дүйнөсүндө жашаган кезде гана толук мазмундуу болот. Биз, мугалимдер, жаратылыштагы эң назик, эң кылдат, эң сергек нерсе болгон баланын мээси менен иш алып барабыз. Баланын мээси жөнүндө ойлогонуңда үлпүнчөгүндө шүүдүрүмдүн тамчылары мөлтүлдөп турган розанын гүлүн элестетесиң. Гүлдү үзүп жатып, тамчыны күбүп ийбеш үчүн кандай кылдаттык, кандай назиктик керек дейсиң!

Бизге да ар бир мүнөт сайын мына ушундай эле кылдаттык керек, анткени биз жаратылыштагы эң кылдат, эң назик нерсеге – өсүп келе жаткан организмдин ой жүгүртүүчү материясына кол тийгизип жатабыз. Билим алуу процессин окуучулардын руханий турмушунан ажыратпоо керек. Жаратылышта ачык-айкын элестердин, көрүнүштөрдүн, кабылдоолордун, түшүнүктөрдүн туптунук булактары келип куюлуп тургандыгы үчүн балдардын эси курч жана бекем болот.

Биз мектепте мугалимдерге көпчүлүк сабактарды жаратылышта өтүүнү сунуш кылдык. Балдар жаратылышта ыр, эссе, дилбаян, сүрөттөмө, баяндама жазышты, сүрөт тартышты, байкоо жүргүзүштү, коллекция жыйнашты, тажрыйба жасашты. Балдардын ойлоосу бизди күтүүсүздөн берилгендей, кылдат, философиялык суроолор менен таң калтырды, анткени алар дал ушул булактын мөлтүр суусунан, жаратылыштан кубат алды.

Көк асман алдындагы мектеп бизге, Көңдүк орто мектебиндеги мугалимдерге, айлана-чөйрөдөгү дүйнөнүн терезесин балдарга кантип ачып берүүнү үйрөттү. Мээ абстрактуу ойлоонун аркасында өнүгүп-өөрчүйт, муну биздеги ар бир мугалим кашкайган чындык экендигине ынанды.

“Чыныгы мектеп – бул иштиктүү ойдун дүйнөсү. Окуудан эмгектин кубанычын таппаган, кыйынчылыктарды жеңүү сыймыгына батпаган бала бактысыз. Бактысыз адам – биздин коом үчүн чоң кырсык, бактысыз бала – андан жүз эсе ашкан кырсык. Анткени ал эмгектин бактысын билбейт” (В.Сухомлинский).

Балдарга эмгек кубанычын, окуудагы ийгилик кубанычын тартуулоо, алардын жүрөгүндөгү сыймыктануу сезимин ойготуу керек. Окуудагы ийгилик – баланын ички күчтөрүнүн кыйынчылыктарды жеңип чыгууну, окууну каалоону жараткан бирден-бир булак. Окуучулар кыйла ойлоо күч-аракетин, тапкычтыкты, зээндүүлүктү талап кылган сабактарды айрыкча урматташат.

Китеп окуунун жогорку маданияты болмоюнча мектеп да, чыныгы акыл эмгеги да жок. Эжелеп окуу – ылай менен булганган терезе, андан эч нерсе көрүнбөйт. Ошондуктан окуу маданиятын жакшыртуу үчүн В.Сухомлинскийдин он жыл ичинде окуучу ээ болууга тийиш болгон эң маанилүү төмөндөгү ыктарын окуучуларыбызга үйрөтүүнү чечтик:

  1. Шар, кырааты менен аң-сезимдүү окуу;
  2. Шыдыр, тез жана сабаттуу жазуу;
  3. Бир нече объектилерди, нерселерди, кубулуштарды ойлонуу, салыштыруу;
  4. Айлана-чөйрөдөгү дүйнө кубулуштарына байкоо жүргүзүү;
  5. Ойду сөз менен бере билүү;
  6. Окугандардын логикалык жактан бүткөн бөлүктөрүн бөлүп көрсөтүү, алардын ортосундагы өз ара байланышты жана өз ара көз карандылыкты белгилөө;
  7. Тексттин темасын, негизги оюн, максатын аныктай билүүсү;
  8. Китептен кызыккан маселе боюнча материалды табуу;
  9. Кызыккан маселе боюнча китеп ж.б. булактарды табуу;
  10. Окуу процессинде текстти логикалык жактан алдын ала талдоо;
  11. Мугалимдин айткандарын угуу жана ошо эле мезгилде ойдун мазмунун кыскача жазып алуу;
  12. Текст окуу жана ошол эле убакта текст, анын логикалык курамдык бөлүктөрү менен иштөө жөнүндө мугалимдин көрсөтмөсүн угуу;
  13. Дилбаян, эссе, баяндама, аңгеме жана иш кагаздарды жазуу көндүмүнө ээ болуу;

Мектеп – бул баарынан мурда китеп. Тарбия – баарынан мурда сөз, китеп жана жандуу карым-катнаш. Акылдуу, көңүл эргиткен китеп көп учурда адам тагдырын чечип коёт. Китеп окуу – бул балдар дүйнөнү жана өздөрүн көрүп жана таанып билүүчү терезе. Окуу, окуу жана дагы окуу балдардын күнүмдүк эң зарыл керектөөсү болуп калууга тийиш. Эң биринчи рухий муктаждык катары ачка адамдын тамагы катары окуу керек. Окууга дит коюу, китепти казып окууга ниеттенүү, китепти баш көтөрбөй окуй билүү, ойлоно билүү кажет.

Окууга муктаждык педагогикалык коллективдин бүткүл рухий турмушу менен тарбияланат. Коллективдин интеллектуалдык байлыгынын булагы мугалимдин өз бетинче китеп окуусу болуп саналат. Чыныгы педагог – китептин досу. Мугалим жана ата-эне китепти сүйүүнү, кадырлоону жана кастарлоону билиши зарыл. Алар биргелешип балдардын ар тараптуу өнүгүшү, анын рухий жактан тынымсыз азыктанып, байып турмушу үчүн дүйнөгө терезени кенен ачып турган керектүү китептер менен ар дайым толуктап туруу абзел.

Көңдүк орто мектебинде Китеп майрамы эң кубанычтуу майрам болуп калган. “Китеп тууралуу ой”, “Китеп тууралуу кыялдануу”, “Мен идеал туткан каармандар” деген темада талкуу өткөрүү салтка айланган.

Жыгач уста балта менен сызгыч жасай албаган сыяктуу эле, кыйла тез жана туура жаза албаган окуучу да дилбаян же мугалимдин айткандарын кыскача жаза албайт. Ийгиликтүү окуш үчүн бала шыдыр жазып калууга тийиш. Анын акыл күчү жазуу процессине эмес, негизинен жазылып жаткан нерсенин маанисин түшүнүүгө, жакшылап ойлонууга жумшалууга тийиш.

Кыйла шыдыр, даана жана сабаттуу жазууга үйрөнүү үчүн жазуу окуу эмгегинин түпкү максаты болбостон, анын каражаты, аспабы болуп калыш үчүн окуучу башталгыч класстарда дептерге кеминде 1400–1500 бет жазууга тийиш. Бул үчүн Көңдүк орто мектебинде жазуу техникасын жана темпин жакшыртуу боюнча атайын көнүгүүлөрдү иштеп чыкканбыз.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер