МИРЗАТ МАМБЕТОВА: АР БИР МУГАЛИМ КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮГӨ УМТУЛУШ КЕРЕК
- 16.04.2026
- 0
Нарын облустук билим берүүнүн усулдук борборунун директору болуп агартуунун алдыңкы ишмери Мирзат Мамбетова дайындалды. Буга чейин мектептерде директор болгон, райондук билим берүүнү башкарган ишмердин облустук мекемеге дайындалышы аны билген агартуу ишмерлеринин арасында жакшы колдоого ээ болууда.
— Алгач сизди Нарын облустук билим берүүнүн методикалык борборунун жетекчиси болуп дайындалышыңыз менен куттуктайбыз! Тоолуу аймактагы билим берүү системасын өнүктүрүүдө метод борбордун алдында турган эң орчундуу маселелер кайсылар?
— Тоолуу аймактардын өзгөчөлүгү климаттык, социалдык, логистикалык кыйынчылыктар менен байланыштуу. Нарын аймагында инфраструктуралык шарттар, кадрдык камсыздоо жана ресурстук жетишсиздик маселелери дагы деле жок эмес. Бирок ошол эле учурда бул аймактарда улуттук баалуулуктарга таянган тарбиялык потенциал, мугалимдердин жоопкерчиликтүү мамилеси жана коомдук ынтымак сыяктуу күчтүү ресурстар бар.
Методикалык борборлордун негизги милдети — дал ушул шарттарда мугалимдерди колдоо, окутуунун жаңы моделдерин жайылтуу жана инновациялык педагогикалык ыкмаларды системалуу түрдө киргизүү болуп саналат.
— 12 жылдык билим берүүнүн алкагында мектептердин, мугалимдердин жана методикалык кызматтардын бул реформага даярдыгын сиз кандай деңгээлде байкадыңыз? Аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алганда кандай кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр бар?
— Билим берүү системасындагы эң маанилүү реформалардын бири болгон 12 жылдык билим берүү моделине өтүү процесси этап-этап болуп акырындык менен жүрүп жатат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мектеп жамааттарынын жана методикалык кызматтардын бул реформаны кабыл алуусу тиешелүү деңгээлде десек жаңылышпайбыз.
Учурда облустун бардык мектептеринин СТЕМ предметтеринин мугалимдери, англис тили жана башталгыч класстарынын мугалимдери министрлик тарабынан ноутбуктар менен камсыз болушкан. Ошондой эле өз каражаттарына ноутбук, принтер, түстүү принтер алган мугалимдер да ар бир мектепте бар. Учурдагы негизги тенденция — мугалимдердин жаңыча окутуу ыкмаларына болгон кызыгуусунун өсүшү жана кесиптик өнүгүүгө умтулуусу.
— Ал эми эскиче ойлонуп, комфорт зонадан чыкпай, заманбап жаңылангысы келбеген мугалимдерди кантип ойготуу керек деп ойлойсуз?
— Билим берүү системасында байкалган айрым көйгөйлөрдүн бири — педагогикалык кызматкерлердин кесиптик жоопкерчилигине жана мотивациясына байланышкан маселелер. Айрым учурларда кайрылууларга жана арыз-даттанууларга мектеп жетекчилери тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай, кесиптик милдетке формалдуу мамиле жасоо көрүнүштөрү байкалат.
Натыйжада мугалимдин кесиптик берилгендиги төмөндөп, бул окуу-тарбия процессинин сапатына терс таасир тийгизет.
Мындан тышкары, билим берүү системасында улуттук баалуулуктарды, адамдык парасатты жана кесиптик этиканы жогору коюу маселеси өзгөчө мааниге ээ.
Бул принциптер педагогдун ишмердүүлүгүнүн негизин түзүп, анын коом алдындагы жоопкерчилигин аныктайт. Ошондуктан, билим берүү тармагындагы ар бир адис өзгөрүүгө ачык болуп, улуттук жана адамдык баалуулуктарды сактоо менен кесиптик өнүгүүгө умтулуусу зарыл.
— Нарындагы мектептерде, мугалимдик жамааттарда акыркы жылдары чыр-чатактар болуп жатканы моралдык-психологиялык абал анча жакшы эместигин билдирет. Ушул абалды жакшыртуунун кандай жолун көрүп турасыз?
-Акыркы жылдары айрым билим берүү мекемелеринде келип чыккан ички чыңалуу маселелери педагогикалык чөйрөнүн психологиялык маданиятын жакшыртуу зарылдыгын көрсөтүүдө. Бул маселени чечүүдө ачык диалог, медиативдик ыкмалар жана кесиптик этиканы күчөтүү маанилүү фактор болуп саналат.
Билим берүү мекемеси — бул биринчи кезекте кызматташуу жана өз ара урматтоо мейкиндиги болушу керек. Ошондуктан методикалык кызматтардын иши текшерүүчү орган катары эмес, колдоочу жана багыттоочу институт катары өнүгүшү зарыл.

— Билим берүү системасында методисттер эң оболу өзүнүн кесиптик укук-милдеттерин туура түшүнүшү керек эмеспи. Алар текшерүүчү орган эмес, мугалимдерге кесиптик колдоочу жана багыттоочу болушу керек деп туура белгиледиңиз. Сиздин оюңузча, Нарын облусунда усулчу кызматкерлерде ушундай мамиле жана түшүнүк жетиштүүбү?
— Методисттердин ролу бүгүнкү күндө түп-тамырынан өзгөрүп жатат. Алар мугалимди көзөмөлдөөчү эмес, анын кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүүчү насаатчы катары иш алып барууга тийиш. Бул — агартуу саясатынын негизги талаптарынын бири.
Нарын облусунун шартында бул багытта оң динамика байкалууда: методисттердин семинар, тренинг жана ачык сабактарды уюштуруусу, ошондой эле мугалимдер менен тыгыз кызматташуусу кесиптик өнүгүүгө өбөлгө болууда.

— 1-апрелден тарта мугалимдердин, ошондой эле методисттердин дагы эмгек акысы 100 пайыз көбөйдү. Областтык усулдук борборлордун штаттык мүмкүнчүлүктөрү да кеңейери айтылууда. Бирок эмгек акынын жогорулашы менен бир эле учурда билим сапатын жогорулатуу жоопкерчилиги да бар эмеспи. Бул жагынан кандай реалдуу жылыштарды күтүүгө болот?
— Мугалимдердин жана методисттердин эмгек акысын жогорулатуу — бул мамлекеттин билим берүү тармагына болгон стратегиялык колдоосунун айкын далили. Бирок бул колдоо менен катар жоопкерчилик да өсөт.
Эмгек акынын жогорулашы билим сапатын жогорулатуу, инновацияларды киргизүү жана окуучулардын жетишкендиктерин жакшыртуу менен коштолушу зарыл. Бул — жаңы этаптагы негизги талап.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жүргүзүп жаткан реформалары билим берүү системасын модернизациялоого багытталган комплекстүү саясат болуп саналат. Бул саясаттын ийгилиги бардык деңгээлдеги педагогдордун, методисттердин жана билим берүү уюмдарынын биргелешкен аракетине байланыштуу.
Аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлгөн системалуу колдоо, мугалимдин статусун көтөрүү жана методикалык кызматтарды өнүктүрүү — келечектеги билимдүү, чыгармачыл жана жоопкерчиликтүү муунду тарбиялоонун негизги пайдубалы болуп саналат.
Маектешкен Бурулкан Кенжебекова, «Кут Билим»
Комментарийлер