Мирлан Чыныбаев: «ЖОЖДОРГО БЕРИЛГЕН ЭРКИНДИК ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ»

  • 24.11.2022
  • 0

Мирлан Чыныбаев: «ЖОЖДОРГО БЕРИЛГЕН ЭРКИНДИК ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ»

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети өзгөчө статус алган беш окуу жайдын бири. Курамына Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университети кошулуп, окуу жай бир бүтүндүктө өнүгүүгө бет алды. Университетте бүгүнкү күндө болуп жаткан өзгөрүүлөр жана келечекте жасала турган иштер тууралуу ректору  Мирлан Чыныбаев «Кут Билимге» берген маегинде айтып берди.

— Өлкөдөгү беш университетке өзгөчө макам берип, бир тобун бириктирүү жөнүндө Президенттин Жарлыгы чыккандан кийин университетте бириктирүү иштерин алып бардык. Ошого жараша уставдарды өзгөрттүк, өзгөчө статустагы университеттерге берилген укуктарын жазып чыктык. Кийинки этап менен ички документтерди, жоболорду Жарлыкка ылайыктап өзгөртүп жатабыз. Албетте, бул процесс бир эле күндө бүтпөйт. Университетке кабыл алуу тартибинен баштап, ар бир багыт, адистик боюнча окуу пландарын жаңыртуу сыяктуу маселелерди четинен карап келе жатабыз. 2023-жылдан тартып жаңы окуу пландар ишке кирет. Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, бул иштер эл аралык байланыштарды күчөтүп, эң алдыңкы чет өлкөлүк университеттер менен биргелешкен программаларды түзгөнгө жол ачат. Анткени биз заман талабына жараша өз стандарттарыбызды бекитип, өнөктөштөр менен бир программага келсек, бизге да, студенттерге да, иш берүүчүлөргө да ыңгайлуу болот.

Андан тышкары Жарлыкта көрсөтүлгөндөй, чарба иштери Көзөмөлчүлүк кеңеши аркылуу жүргүзүлөт. Азыр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан университеттин Көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү боюнча кулактандыруу жарыяланды. Буюрса, кеңештин курамы бекисе, окуу жайда жасала турган  чарба иштерине байланыштуу ар бир көйгөй кеңеш аркылуу гана чечилет.

Мирлан Чыныбаев: «ЖОЖДОРГО БЕРИЛГЕН ЭРКИНДИК ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ»

— Окуу жайдын курамына эки университет бирикти. Бул жаатта кандай иштер аткарылып жатат?

— Негизи Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университети мурда биздин факультеттер болчу. Мурда кандай иш алып барсак ошондой калыпка келдик. Окшош адистиктерди гана бириктирдик. Университеттин жаңы структурасын кабыл алдык. Мисалы, КМКТАУ Кыргыз инженер-куруучулар университети болуп өзгөртүлдү.  Андан тышкары, Бизнес жана экономика тармагында жогорку мектеп, Архитектура жана дизайн институту түзүлдү. Биз ал жакка өзүбүздүн да багыттарды: экономист, дизайнерлерди коштук. Тоо-кен университети өзүнчө структура болуп кирди, бир гана юридикалык статусу жок.

Бухгалтерияны да бириктирдик. Бирок азырынча документтер толук бекитиле элек. Өкмөттүн токтомдоруна жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Ошондон кийин гана толук кандуу иштеп баштайбыз. Мисалы, азырынча сатып алууларды мурдагыдай эле портал аркылуу алып барып жатабыз.  Каржылык суроолорду да казына аркылуу чечүүдөбүз.

Мирлан Чыныбаев: «ЖОЖДОРГО БЕРИЛГЕН ЭРКИНДИК ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ»

— Сиздерге дагы бир сонун мүмкүнчүлүк берилди. Ал академиялык эркиндик. Бул жаатта окуу жайды кандай ийгиликтер күтүп жатат?   

— Азыр өнүгөм деген окуу жайларга академиялык эркиндик эң керектүү. Биз бүгүн окутуп жаткан мамлекеттик компоненттерде отуз кредит бар, техникалык окуу жайы болгондуктан, гуманитардык циклди кыскартып, ордуна инженерияга байланыштуу сабактардын санын көбөйтөбүз. Инженерлер физиканы, химияны, механиканы жакшы билүүсү зарыл. Өзгөчө статус алгандан кийин окутуучулардын нормасын да өзүбүз бекитебиз.

Буюрса, каржылык эркиндиги дагы биздин толук кандуу өнүгүшүбүзгө чоң өбөлгө болгону турат. Өзүңүздөр билгендей, биздин экономикалык абал жакшы эмес, студенттердин окуу төлөмүнүн эсебинен жашайбыз. Буюрса, каржылык эркиндикке толугу менен жеткен күндөн тарта кошумча каражат булактарын издеп, өзүбүз кызмат көрсөтүп, долбоорлор менен иштешип, илим-изилдөө же конструктордук иштелмелер аркылуу ишкерлер менен кызматташуу моделдерине өтөбүз. Университеттин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жеке капиталды университетке алып келишибиз керек. Буга бир мисал, биздин чоң стадион көп жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөй турган. Азыркы тапта бизнес долбоор аркылуу инвесторлорду таап, чогуу колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Буюрса, инвесторлор капиталдык ремонттон өткөрүп берет. Ал жакта күндүзү өзүбүздүн сабактар өтүлсө, кечкисин инвесторлор өздөрү иштетет.

Мирлан Чыныбаев: «ЖОЖДОРГО БЕРИЛГЕН ЭРКИНДИК ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ»

  • Бүгүнкү күндүн талабы боюнча ар бир окуу жайда бизнес инкубаторлор, стартаптар ачылып, ар бири ар тараптуу иш алып барууда. Өзгөчө статус алган окуу жайы катары сиздердин окуу жайда кандай иштер аткарылып жатат? 
  • Студенттердин идеяларынын эң мыктыларын каржылап беребиз. Бул бизде салтка айланып калган. Мындай иштер азыр да уланып жатат. Экинчиден, университеттин Студенттик кеңешинде студенттердин дене тарбия, маданият, окуу процесси, инфраструктура дегеле ар кыл багыттагы долбоорлорун чогултуп, ишке ашырууга жардам беребиз. Мисалы, биздин бир команда жакында эле желимди кантип экинчи ирет иштетсе болот деген дүйнөлүк чемпионатта экинчи орунду жеңип алышты. Байгеге алган он миң долларды кайра долбоорун ишке ашырууга жумшап жатышат.

Мирлан Чыныбаев: «ЖОЖДОРГО БЕРИЛГЕН ЭРКИНДИК ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ»

Бүгүнкү күндө жеңил өнөр жай, IT, колдонулган материалдарды кайра иштетүү боюнча үч студенттик инкубатор ачылды. Студенттердин идеяларын рынокко чыгарууга  жеткиришибиз керек.  Студент окуусун аяктап кетсе деле университетте баштаган ишин аягына чыгаруусуна шарт түзүп беребиз. Азыр бизде тигүү жаатында көп иштер жасалып жатат. Ал эми IT тармагында студенттер арасында  сынак өткөрүп,  алдыңкыларын жеке ишкерлерге сунуштап турабыз. Эгерде студенттин идеясын ишке ашырууну каалаган ишкер болсо, өз ара келишим түзүлөт же ошол студентти жумушка алуу иштери жүргүзүлөт.

Акыркы эки жумада эле эки лаборатория ачтык. Бири тамак-аш изилдөө лабораториясы, экинчиси электромеханика багытында.

Илимий-изилдөө иштерин каржылоо механизмин өзгөртүү керек деп министрликке сунуштарды бергенбиз. Себеби ал тармакка бөлүнгөн каражаттын баары эле эмгек акыга кетип жатат. Мисалы, бир миллион сом бөлүнсө,  аны атайын бир илим-изилдөөчү топко грант катары берип, өндүрүш тармагынан фирмалар да катышкыдай кылуу керек деп ойлойм. Азыр тилекке каршы, илим  изилдөөчүлөр айына 2800 сом эле эмгек акы алат. Эгерде өзгөртүүлөр кирсе, эң биринчи изилдөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдыктарды ала алабыз. Экинчиден, ал каражат иш сапарга сарпталуучу чыгымдарга булак болмок. Анткени изилдөөчү бир эле жерде туруп илим изилдей албайт. Конференцияларга катышып, башка университеттерге барып тажрыйба топтойт. Окумуштууну бир жерде камап койсо илим өнүкпөйт. Бул реформа ишке ашса, илимий изилдөөдө көп жетишкендиктер болот. Буга кепилдик бере алабыз.

Мирлан Чыныбаев: «ЖОЖДОРГО БЕРИЛГЕН ЭРКИНДИК ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ»

Илим жаатында эки жыл мурун жаңы форманы киргизгенбиз. Университетте докторлук мектеп, б.а.  PhD докторантура иштеп баштады. Ал аспирантурага караганда, башкача модель менен иштейт. Бир жыл докторанттар багытына карабай илимий изилдөө жүргүзүүнүн жолдорун, методдорун, статистиканы чогуу үйрөнөт. Андан кийин илимий жетекчиси менен иштешет.  Азыр элүүгө жакын  PhD докторант контракттык негизде окуп жатат.

Университет замабап изилдөөлөрдү жүргүзгөнгө аракет кылат. Мисалы, учурда Кыргызстанда табигый булактардан энергия алуунун кандай потенциалы бар деген изилдөөнүн үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, кайсыл аймакта күндүн тийүү энергиясы, шамалдын ылдамдыгы канча деген карта түзүлөт. Бул — инвесторлор күн нурунан энергия ала турган станция коюуну пландаса, тастыкталган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы катары керек болот.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер