МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫН СЕЗЕ БИЛГЕН ИНСАН

  • 28.02.2022
  • 0

РЕДАКЦИЯДАН: Жаңы жылдын алгачкы башталыш айларында гезитибиздин башкы редакторунун орун басары Мелисбек Сулайманов 60 жашка чыкты. Кесиптешибиз аталган гезитте чейрек кылымга жакын үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Ийгилиги мол, байманалуу баскан жолу бар, эмгекчил инсаныбыздын торколуу кутман курагы менен чын дилден куттуктап, ак тилек айтып турган чагыбыз. Төмөндө биз Мелисбек жөнүндө кесиптешинин жылуу пикирин жарыялап коюуну туура таптык.

Убакыттын ылдамдыгын кара, кечээки эле кыл мурут жигитибиз бүгүн алтымыштын кырына келип калыптыр. Алтымышка чыккан Мелисбектин алдап-соолап күчүн алалы, гезитибиздин нускасын көтөрүү түйшүгүн мындан да көп тартып, ийгилигибизге жылоолош болсун деген тилектебиз. Бул ирет юбиляр тууралуу расмий сүйлөбөй, анын адамгерчилиги, пенделик парасаты туурасында азыноолак сөз кылалы дедик. Эмесе, кеп оролу Мелисбек тууралуу болсун.

Мелисбек кесиптешибиз билим берүү тармагынын бирден-бир гезити болгон “Кут Билимдин” республикабыздын жалпы мектептериндеги мугалимдерине жеткиликтүү болушуна, мекеменин экономикалык-чарбалык ишинин чыңдалышына, материалдык-техникалык жактан талаптагыдай жабдылышына чоң салымын кошуп келет. Гезиттин ар тармактуу, түйшүктүү ишинде ар дайым жигердүүлүгүн көрсөтүп, өзүнө тийиштүү ишти жоопкерчилик менен жыйынтыктуу бүткөрөт.

Мелисбек табиятынан өтө баамчыл, сак адам. Мезгилдин күрөө тамырын сезе билет. Аны менен масилеттеш болсоң көп нерсеге көзүң ачылат. Көп окуп, көптү билет. Көп окуйт дегенибиз, жалаң гана турмушка керектүү нерселерди издеп окуйт. Турмуш каякка баратканын көзү ачыктардай айтып коймою да бар. Жомокко ишенбейт. Ушу Мелисбек кенже кезинде деле балдарга окшоп Аяз атага ишенбесе керек деп ойлоп кетесиң. Кичинесинен Талас шаарындагы жатак мектебинде сабагын мыкты окуп, тирикарак өсүп, класстын активисти болду. Атасы Зарлык Мелисбек бой жетип калганда кайтыш болуп кетиптир. Ушундан улам жашоонун ачуу-таттуусун өз теңтуштарынан эртерээк тааныды. Ошол күндөн ушул күнгө чейин турмуштун агымы кайда агып баратканын баарынан эртерээк сезгени да ошондонбу деп ойлоп кетесиң. Балким ал өз дээринен болсо керек. Кандай дегенибиз менен да Мелисбек жаңы эле суутулуп, алыска чуркачу күлүктөй туйлап тургансып сезилет бизге. Ал турмуштун ар кандай жагдайларына даяр турган, өйдө-төмөнүнө оптимисттик көз карашта караган инсан. Ошондуктан Мелисбек бизге дайыма жеңиште жүргөндөй сезилет.

Атасы Зарлык кезинде мыкты акын, журналист болуп, гезиттерде иштептир. Азыркы “Манас” адабий-этнографиялык музейдин алгачкы директорлорунун бири болгон. Кыргыздын эң касиеттүү жерлеринин бири – Манас бабабыздын күмбөзүн таберик тутуп, аны сактап, өнүктүрүп өстүргөнгө Мелисбектин атасынын эмгеги зор экендиги аталган музейде ага арналып илинген тарыхый такта күбө боло алат. Манас бабабыздын арбагы колдоп, бир туугандарынын баары тарбиялуу, татыктуу адис, мыкты адам болушту. Алардын жакшы болушуна апасынын эмгеги өлчөөсүз зор экендигин да баса белгилеп кетели. Мелисбек да ата жолун жолдоп, гезитте иштеп, жогоруда айткандай өндүрүш ишин, экономикалык маселелерди ийгерип, чыгармачыл адамдар менен пикирлеш, дос боло алды.

Кесиптешибиз мүнөзү жагынан жазгы аба ырайындай көрүнүп, тез эле чагылгандай “чарт-чурт” кеткени менен эрте эле жазылат. Ичине кек сактабаган тазалыгы да бар. Ал бекеринен апасы тарабынан кадимки Бүргө баатырдын тукумунан эместир. Мелисбек жумушта да, үй-бүлөдө да маселени туура чечкенге аракет кыларын байкап жүрөбүз. Аны менен сүйлөшсөң көп суроолорго жооп аласың. Кайсыл жерде эмне арзан, кайсыл жерде эмне кымбат, оорусаң эмне ичишиң керек, МАИге түшсөң эмне деп жооп бериш керек деген сыяктуу турмуштун эң керектүү суроолорун Мелисбекке бере берсең болот. Анын баарын семичкедей чагып, мээңе куюп берет. Мелисбек турган турпаты менен үй-тиричилик, жашоо жөнүндө даярдалып чыккан энциклопедиялык китепке окшош. Ачып окуй берсең жаңылбайсың. Ага ал тургай кыздар да кеп-кеңеш сурап келишет. Бирок Мелисбек майда кишилерден эмес. Көп нерсеге жүрөксүнүп турса да, тобокелчилиги бир топ. Эсеп-кысапка бек. Чычканга кебек алдырбайт. Гезиттин ишин жакшы билет. Бирөөнүн тилин да эрте эле табат. Ийкемдүү. Таза, иреттүү жүрөт. Досторуна ажат ачып, дайыма жакшылык кылсам, жардам берсем деп турат. Жолу ачык. Пейили кенен. Азыркы замандын адамы. Анын турмуштук бай тажрыйбасы бизге да жукту. Мелисбектин көп жылдык эмгеги да адилет бааланып келет. Ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси. Билим берүүнүн мыктысы төш белгисин, бир катар коомдук уюмдардын, министрликтердин да Ардак грамотасын алганга жетишкен.

Алтымыш жашка ал жоокердей шайдоот келди. Мелисбек биздин баамыбызда өз жашынан кыйла жаш көрүнөт десек аша чапкандык болбос. Муну айтып жаткан себебибиз, анын “КутБилим” гезитине берер көмөгү, кылар кызматы али көп дегендик. Сапарың карыбасын, Мелисбек! Ар дайым жылдыздай жанып, тоодой бийик бол! Алтымыш жашың кут болсун!

Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер