МЕЗГИЛДЕН ОЗУП ЖАШАГАН ИНСАН ЖЕ АЛТЫ ЖАШАР БАЛДАРГА АРНАП АЛИППЕ ЖАЗГАН ОКУМУШТУУ ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ СӨЗ

  • 29.06.2022
  • 0

Урматтуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевич, Сиздин 12 жылдык билим берүү системасына өтүү зарылдыгы тууралуу демилгеңизден улам, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, И.Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты, Ч.Айтматов атындагы эл аралык коомдук академиянын академиги, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору, педагог-окумуштуу Каратай Сартбаевдин балдарды алты жашынан окутуу боюнча эксперименттери тууралуу ой бөлүшкүм келди.МЕЗГИЛДЕН ОЗУП ЖАШАГАН ИНСАН  ЖЕ АЛТЫ ЖАШАР БАЛДАРГА АРНАП АЛИППЕ ЖАЗГАН ОКУМУШТУУ ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ СӨЗ МЕЗГИЛДЕН ОЗУП ЖАШАГАН ИНСАН  ЖЕ АЛТЫ ЖАШАР БАЛДАРГА АРНАП АЛИППЕ ЖАЗГАН ОКУМУШТУУ ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ СӨЗ

Өз мезгилинде К.Ушинский «башталгыч класстын мугалимдеринин атасы» деген элдик наамга татыктуу болгондой эле, Каратай Сартбаев да мугалимдердин мугалими деген даңазага ээ болгон адам.

Профессор Каратай Сартбаевдин илимий ишмердигиндеги көрүнүктүү иштеринин бири  – балдарды алты жашынан окутуу боюнча жүргүзгөн практикалык жумуштары жана теориялык эмгектери десем эч жаңылышпас элем. Ал Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун башталгыч класстарда окутуу жана мектепке чейинки тарбиялоо секторун жетектеп турганда аталган сектордун илимий кызматкерлеринин алты жашар балдарды даярдоо класстарында жана даярдоо группаларында окутуу боюнча жүргүзүлгөн педагогикалык эксперименттик иштери баа жеткис.

Бул иш бир топ жылдарга созулган, эксперименттик тажрыйбаларды жана педагогикалык байкоолорду талап кылган үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн иш болгон. Алсак, СССР педагогика илимдер академиясынын Окутуунун мазмуну жана методдору, мектепке чейинки тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн жана балдардын физиологиясы, педагогиканын жана тарбиялоонун жалпы проблемалары, көркөм тарбиялоо илим-изилдөө институттарынын илимий кызматкерлеринин чоң тобу 1983-жылдын 16-23-октябрына чейин биздин республиканын мектептеринде болушуп, алты жаштан баштап даярдоо классына кабыл алып, беш күндүк окуу жумасына өткөрүү боюнча (даярдоо жана 1-3-класстар) жүргүзүлүп жаткан педагогикалык эксперименттик иштер менен таанышып чыгышкан. Эксперименталдык мектептерде окутуп жаткан даярдоо жана 1-3-класстардын мугалимдеринин сабактарына катышып, окуу-тарбия иштеринин уюштурулушу менен таанышкан. Сокулук районундагы Гавриловка, Красно-Октябрь, Фрунзе шаарындагы №60, Аламүдүн районундагы Орто-Алыш, Чоң-Арык, Ноокат районундагы Кеңеш орто мектептеринде жана «Байчечекей», «Көпөлөк» балдар бакчаларында болуп, сабактарга катышып,тарбиячылар, мугалимдер, мектеп жетекчилери менен аңгемелешип, тиешелүү педагогикалык ой-пикирлерин ортого салышкан. Методикалык, педагогикалык кеңештерин беришкен. Эксперименттик мектептердеги жана балдар бакчаларындагы жетишкен ийгиликтерди белгилөө менен орун алган мүчүлүштөрдү четтетүүнүн жолдорун көрсөтүшкөн. Илимий кызматкерлерди мындай методикалык жана педагогикалык мүнөздөгү кеп-кеңештери эксперименттик мектептердин мугалимдеринин ишин жандандырууга, алардын чыгармачылык менен иштешин арттырууга алып келген.

Мына ошол көп жылдык эксперимент, иш тажрыйба жана педагогикалык байкоолорго таянган окумуштуу-методист: «1982–1985-жылдардын аралыгында даярдоо группалары, даярдоо класстары жана 1-3-класстарга ылайык бир нече наамдагы илимий-методикалык эмгектер, сабактардын иштелмелери, методикалык көрсөтмөлөр жарык көрдү. Мектеп реформасынын талабына ылайык 1986-1987-окуу жылында алты жашар балдарды биринчи класска окутуу үчүн «Алиппе», «Русский язык», «Математика» китептери жана «Ыр жана музыка» сабактарын окутууга байланыштуу окуу комплекстери, «Байкоо күндөлүгү», «Жазуу дептерлери», «Класстан тышкаркы окуу», «Методикалык көрсөтмөлөр», «Көрсөтмө куралдар» «Мектеп» басмасы тарабынан чыгарылган. Анын баары бүгүнкү күндө өз актуалдуулугун жогото элек.

1981–1985-жылдардын аралыгында республикабыздын он орто мектебинде, он балдар бакчасында даярдоо класстары жана даярдоо группалары ачылып, бирдиктүү окуу программалар жана окуу китептери менен окушту. Аларды сынактан өткөрүү үчүн Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш орто мектеби. «Көпөлөк балдар бакчасы», Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Оттук орто мектеби, Ленин ордендүү Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын балдар бакчасы, Аламүдүн районундагы Чоң-Арык, Орто-Алыш орто мектептери, «Байчечекей» балдар бакчасы, Кант районундагы К.Жакыпов атындагы орто мектеп сунуш кылынган.

Ысык-Көл районундагы «Прогресс» орто мектебинде, Аламүдүн районундагы Чоң-Арык орто мектебинде, Сокулук районундагы Гавриловка орто мектебинде, Гавриловка балдар бакчасында, Кызыл Октябрь орто мектебинде, Фрунзе шаарындагы №60 мектеп жана №123, №126, №127, №128 балдар бакчаларында эксперимент орус тилинде жүргүзүлдү.

Окумуштуулардын, педагогдордун, психологдордун, физиологдордун, врачтардын илимий изилдөөлөрүнө караганда, жаш өспүрүмдөрдүн интеллектуалдык жактан өнүгүшү боюнча алганда алты жашка чыккан баланын таанып-билүү процесси дүркүрөп өсө тургандыгы далилденген. Башка курактагы жашка караганда, алты жашка чыкканга чейин бала психологиялык жана дене түзүлүшү жагынан тез темп менен өнүгөт. Жаш балдардын кыймылы көп, ошондуктан алар тез-тез чарчайт. Медициналык жана физиологиялык изилдөөлөргө караганда, алты жашар баланын чарчашы жети жашар баланыкынан жогору экендиги аныкталган. Айрыкча окутуунун алгачкы чейрегинде алты жашар бала көбүрөөк чарчашат. Анткени алар мурда мындай шартка көнүкпөгөндүктөн келип чыгат. Ошондуктан сабактын узактыгы 35 минутага чектелген. Бул мезгилде кеминде эки жолу физкультминута өткөрүлүүгө тийиш. Алты жашар бала эртең мененки саат 9.00дө келип, мектептен кечки саат 18.00дө кетүүгө тийиш. Алар үчүн окуй турган, уктай турган бөлмөлөр уюштурулат. Мектепте үч маал тамак ичишет. Күндүз 1,5 же 2 саат укташат. Алар узартылган күндөгү топторго тартылат. Сабакка тиешелүү тапшырмалар, көнүгүүлөр орундатылат. Педагогикалык-эксперименттик байкоо алты жашар баланы биринчи класста окутууга боло тургандыгын далилдеди», — деп жазган чыныгы педагог.

Каратай Сартбаев бүт өмүрүн, күч-кубатын илим-билим чөйрөсүнө арнады. Ал башталгыч класстардын окуу-тарбия иштерин түптөгөн жана аны ар тараптан өркүндөткөн көрүнүктүү окумуштуу, чыгаан методист. Анын калеминен жаңы программа менен оригиналдуу окуу китептери, окуу куралдары, окуу-методикалык колдонмолор түзүлүп, “Мектеп” басмасынан көп жолу басылган. 150 басма табак окуу китептери 1 миллион 500 миң нусканы, илим-педагогикалык, илимий-методикалык эмгектери 400 басма табакты түзөт.

Кайран киши “Каруум казык, башым токмок болгончо элге кызмат кылам” деп жаңычыл идеяларды көтөрүп, мезгилинен озуп жашады эле. Мына бүгүн анын айткандары келип, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү тууралуу идеяны билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев демилгелеп жатат. Ушундан улам, таланттуу педагог Каратай Сартбаевдин “Педагогикалык байкоолор, алдыңкы тажрыйбалар”, “Алты жашар балдарды окуткан мугалимдердин иш тажрыйбасынан”, “Башталгыч класстарда окутуунун кээ бир маселелери” өңдүү кээ бир илимий китептерин, алты жаштагыларга арналып жазылган “Алиппесин” ж.б. окуу китептерин, окуу куралдарын кайрадан иштеп чыгып басып чыгаруу мезгилдин талабы деп эсептейм. Анткени анын баары көп жылдык эмгек, тажрыйба. Мен билгенден, акыркы жылдарда, каржы жана башка маселелерге байланыштуу андай алдыңкы тажрыйба, чыныгы изденүүлөр боло элек. Андыктан ошол жылдардын тажрыйбасын эми деле пайдаланса, жаман болбос эле. К.Сартбаевдин “Алиппеси” чейрек кылым колдонулду. Миллиондогон балдар окуду. Президент С.Жапаров да ошол “Алиппени” окуду. Андан бери көп “Алиппелер” жазылды. Бирок К.Сартбаевдин “Алиппеси” кайталангыс.

Бул биринчиден. Экинчиден, Каратай Сартбаевдин эмгеги өз учурунда бааланбай, “КРнын эл мугалими” наамын албай калды.

Урматтуу Алмазбек Бейшеналиевич!
Каратай Сартбаевдин Кыргыз педагогикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон көп жылдык эмгегин жогору баалоодо, ысымын түбөлүккө калтыруу аракетине көмөк көрсөтөт деп ишенем.

Акүпү Мураталиева,
п.и.к, И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору, Эмгек сиңирген ишмери

 

Бөлүшүү

Комментарийлер