МЕНЧИК МЕКТЕПТЕР МУКТАЖДЫКТЫ ЖОЮДА ЧОҢ КҮЧ

  • 04.11.2021
  • 0

Кыргызстанда билим берүү мекемелерине болгон жалпы муктаждыкты жабуу үчүн 600 мектеп жетишпейт. Мектеп тартыштыгы өзгөчө борбор калаада жана Ош, Каракол сыяктуу шаарларда башкы маселе бойдон калууда. Бул маселени чечүүдө, өзгөчө, Бишкек шаарында жеке менчик мектептер жардамга келүүдө. Статистикалык маалыматтарга таянсак, учурда Кыргызстанда 153 менчик мектеп иштеп, жүздөгөн окуучулар билим алууда.  

МЕНЧИК МЕКТЕПТЕР МУКТАЖДЫКТЫ ЖОЮДА ЧОҢ КҮЧ

ЖЕКЕ МЕКТЕП АЧУУ ОҢОЙГО ТУРБАЙТ

Мамлекетте 2014-жылдан бери 315 жеке мектеп Билим берүү жана илим министрлигинен билим берүү ишмердигин жүргүзүү үчүн лицензия алган. Албетте, жеке менчик мектеп ачуу да жеңил эмес. Бир топ түйшүктү, убакытты талап кылат. Билим берүү ишин жүргүзүү үчүн ириде юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган уставы, талапка жооп берген имараты, материалдык-техникалык базасы ж.б. болууга тийиш.  Андан кийин гана Билим берүү жана илим министрлигине лицензия алуу үчүн арыз менен кайрылып, тийиштүү документтерди чогултуп берүү зарыл. Ал үчүн  юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү, арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документ, арызда көрсөтүлгөн билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн имараттарга, жайларга жана жабдууларга менчик, ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугун ырастаган документ, арызда көрсөтүлгөн билим берүү программаларынын бекитилген окуу пландарынын көчүрмөлөрү керек болот. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын билим алуусу үчүн атайын шарттардын болушу, тийиштүү кадрлар б.а. мугалимдер менен,  окуу-методикалык куралдары менен камсыздалышы зарыл. Тийиштүү документтер толтурулуп, арыз берилген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгы лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.

Билим берүү жана илим министрлиги лицензия берүү жолун жеңилдетип, лицензия берүү тартибин электрондоштуруп койгон. Мектеп ачууну каалагандар документтерин мурдагыдай министрликке көтөрүп келип отурбастан, арыздан баштап баардык документтерин онлайн тапшыра алышат.

МЕНЧИК МЕКТЕПТЕР МУКТАЖДЫКТЫ ЖОЮДА ЧОҢ КҮЧ

МУГАЛИМИ МЫКТЫ БОЛСО,  ОКУУЧУСУ КҮЧТҮҮ БОЛОТ

Жеке мектептер үчүн мыкты мугалимдерди тандоо биринчи орунда турат. Себеби көп акча төлөнгөн жерде ата-энелердин да, жетекчиликтин да талабы катуу болот. Андыктан баардык эле мен мугалим дегендер жеке мектептердин талабына туура келе бербейт.

  • Биздеги эң чоң көйгөй биздин талапка жооп берген мугалимдерди топтоо болду. Мугалимдер жетишпейт эмес, мугалимдер көп экен, бирок алардын көбү мугалим сымалдар экен. Улуу муундагы мугалим менен иштешейин десең сабакка калемсабы менен эле кирип, калемсабы менен чыгып кетет экен. Азыркы гаджет менен чоңоюп жаткан балдарга ал мугалимдин тиши өтпөйт, балдардын тилинде сүйлөй албайт. Жаш мугалим келсе методикадан аксайт, балдардын психологиясын билбейт. Ошондуктан чыныгы мугалимди тандоо биз үчүн оңойго турган жок. Анын үстүнө башталгыч класстардын мугалимдери өтө сезимтал анан бала кыял келишет экен, — дейт Бишкекте жаңы ачылган “Глобал скуул” мектебинин жетекчиси Аида Исакова.

Шаар сыртында ачылган “Аманат” мектебине мугалимдерди тандоо оңойго турбаганын айткан мектептин завучу Назгүл Кенжекараева дагы төмөнкүлөргө токтолду:

“Бул мектепке 23 жылдык стажым менен мен өзүм баш болуп сынактан өтүп келдим. Мугалимдердин баардыгын конкурс аркылуу алдык. Басымды тажрыйбалуу адистерге жасадык. Жаш кадрлар да жок эмес. Жаңы ачылганда аябай кыйынчылыктар болду. Себеби, көп мугалимдер сынактан өткөнү менен мектеп шаардан алыс экен деп баш тартып жатышты. Анан жетекчилик атайын унаа уюштуруп, азыр мугалимдерди шаардан ташып жатабыз”.

МЕНЧИК МЕКТЕПТЕР МУКТАЖДЫКТЫ ЖОЮДА ЧОҢ КҮЧ

ЖЕКЕ МЕКТЕП АЧУУ БИЗНЕСПИ ЖЕ…

Бийлик соңку жылдары жеке билим берүү системасын өнүктүрүү жаатында алгылыктуу иштерди кылып жатат. Мындан эки жыл мурун жеке мектептер салыктын бардык түрүнөн бошотулган. Бирок аларга коммуналдык кызматтар үчүн тариф эки эсе жогору коюлуп калган.

Менчик мектептердин арасында чет элдик инвесторлор тарабынан каржылангандары, түрдүү фонддор тарабынан ачылгандары бар. Окуу төлөмү асман чапчыгандары да жок эмес. Алар үчүн кеткен чыгымдарды жабуу анчейин маселе жаратпаса, өз каражатына ачып, анча чоң эмес төлөм койгондор үчүн ишти алып кетүү өтө кыйын.

Мисалы, Бишкек шаарындагы “Глобал скуул” мектеби жеке адамдардын, өз каражатына ачылган. Алардын эч кандай демөөрчүсү жок, ата-энелердин төлөгөн акчасына гана жашайт.

  • Балдарды, келечекти ойлогон киши эле өз каражатына мектеп ачпаса, андан киреше таап, байып кетем деген болбогон кыял экен. Айрымдар жеке мектептер жакшы акча табат деп ойлошсо керек. Чынында андай эмес. Бир мекеме же ишкана ачуу өтө оор. Мен аны жон терим менен сезип, көргөндөн кийин билип жатам. Башталгыч класстын мугалимдеринин башкалар менен салыштырмалуу эмгек акысы жогорураак. Аларга мамлекеттик мектептерде төлөнүп жаткан эмгек акыдан көбүрөөк төлөөгө туура келет. Жылына тогуз, он миң доллардан өйдө төлөгөн мектептерде мугалимдердин эмгек акысы 60-70 миң сомго чейин барат. Биз анчалык төлөп бере албайбыз. Себеби бизде окуу акысы алардыкындай жогору эмес. Элдин да абалын эске алып, окуу акысын карапайым элдин күчү жеткидей суммада гана кылганбыз. Анан албетте, акча төлөнгөн жерде талап да катуу болот. Ата-энелер акча төлөп койдум деп ойго келбеген талаптарды кое беришет. Кээде баланы эмес, алардын ата-энелерин тарбиялоого туура келип калат. Бирок биз дагы ата-энелердин талабына жооп бергенге аракет кылабыз, — дейт Аида Исакова.

Бул “Глобал скуулдун”окуучулары эртең мененки саат 8.30дан кечки 17.00 чейин мектепте болушат. Түрдүү кружоктор уюштурулган, түштөн кийин балдар убактыларын ошол жакта өткөрүшөт. Үч жолу ысык тамак, эки жолу шам-шум эткенге таттуулар же болбосо йогурт, сүт азыктары берилет. Психолог, врач, мед айым дайыма иштейт.

  • Андан сырткары жеке мектептер жер салыгынан бошотулганы менен коммуналдык кызматка эки эсе жогору тариф менен төлөйт. Светке, сууга, жылуулукка эки эсе кымбат төлөйбүз. Анан мугалимдер менен кызматчылардын эмгек акысын төлөй келгенде эле акча калбай калат экен, — дейт Аида Каныбековна.

“Аманат” билим берүү мекемесинде болсо мындай маселе жок. Анткени ал  жеке менчик деп аталганы менен кеткен чыгымдын баарын арабдардын Ас-сафа борбору көтөрөт. Бул мектепте 1-класстан 7-класска чейин республикадагы жетим, же ата-энесинен кароосуз калган балдар акысыз жатып окушат. Жергиликтүү элдин балдарына да орундар каралган. Кыздар үчүн өзүнчө, балдар үчүн өзүнчө жатакана бар.

Сабактары эртең менен саат 8:30 башталып, 13:30 бүтөт. Кошумча англис, орус тилдери боюнча курстар өтүлөт. Мектеп толугу менен заманбап жасалгаланган, материалдык-техникалык базасы да күчтүү.  Учурда ар бир класста 22ден 25ке чейин окуучу билим алууда.

  • Жума күнү кечинде балдарды ата-энелери алып кетип, кайра жекшемби күнү жеткирип коюшат. Үйү алыс болгондор гана калып калат. Аларды жекшемби күнү Кой-Ташка мончого алып барып келебиз, — дейт мектептин директорунун орун басары Назгүл Кенжекараева.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер