МЕН БАЛДАРДЫ КҮЧҮМ КАНЧА ЖЕТСЕ, ОШОНЧО ОКУТАМЫН

  • 23.01.2023
  • 0

 

МЕН БАЛДАРДЫ КҮЧҮМ КАНЧА ЖЕТСЕ, ОШОНЧО ОКУТАМЫН Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов тарабынан билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан агайлардын санын көбөйтүүгө чакырык таштап, «Мектептер агайларга муктаж» аттуу акциясын баштаганы маалым.

Андыктан, дал ушул чакырыктын негизинде мен да өзүбүздүн мектеп-лицейибизде эмгектенип жаткан агайлар тууралуу өз оюмду жазып кетким келди.

Учурда Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейи агайлардын санынын көрсөткүчү боюнча шаарда сап башында турат. А бирок мектеп жетекчилиги муну менен гана токтоп калбай, ар жыл сайын агайлардын санын көбөйтүүнү көздөп жаткандыгын баса белгилеп кетким келет.

 Агайлардын мектептеги орду кандай?

Байыркы Египетте балдарды окууга алып барып келген адам да, балдарга билим берип, алардын ой жүгүртүүсүн улам өнүктүрүп жаткан инсандар да эркек киши экендигин билебиз. Ал тургай тарыхта жашап өткөн философ-ойчулдардын басымдуу бөлүгү өз мезгилинде мугалимдик кесипти аркалап, коомчулукту караңгылыктан сууруп чыгууну өздөрүнүн татаал озуйпасы катарында кабыл алган.

Демек, бул маалыматтардын баары билим берүү мекемелерине агайлардын канчалык деңгээлде керек экендигин айгинелеп турат. Билим берүү тармагындагы бул бөксөрүүнү толуктоо, келечек муундун туура тарбияланып жетилүүсү үчүн мектептин агайларга муктаж экендиги тууралуу көп жылдардан бери коңгуроо кагылып келет. Себеби эркек мугалимдин мектепте арбын болушу, эң оболу, тартиптин бекем сакталышына алып келет. Тартиптин сакталышы өз кезегинде билим берүү жараянынын жемиштүүлүгүнө себеп болот. Эскерте кетсек агартуу тармагында ат чабым алдыда кеткен бир нече өнүккөн мамлекеттерде бул багытта агайлардын көп эмгектенип жаткандыгын байкоого болот.

Агайлардын мектепте иштөөсү аркылуу эркек окуучуларда токтоолук, өзүн-өзү туура алып жүрүү, аялзатына болгон мамиле, Ата Журтка болгон сүйүү калыптанса, кыз балдарда сылыктык, адеп-ахлак, мугалимге болгон урмат-сыйдын калыптануусунда айырма болмок.

Эмне үчүн өнүккөн мамлекеттерде бул тармакта агайлар эмгектенишет?

Өнүккөн мамлекеттерде кайсыл бир жаңылыкты ишке ашыруудан мурда, аны тиешелүү окуучулар менен биргеликте апробациялоо жүргүзүлөт. Ошол эле учурда мындай апробация иштерине психологдор да катышат. Дал ошол илимий изилдөө багытында жүргүзүлгөн апробациялык иш-аракеттердин натыйжасында окуучулар аялдарга караганда эркек мугалимдер тарабынан берилген маалыматка өзгөчө көңүл буруп, агайлардын үнүнө кайдыгер карабастан, ар бир сөзүн дыкаттык менен эшитүүгө аракет кылышкан.

Экинчиден, агайлар эжейлерге салыштырмалуу жумушка өзүн арнай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал кааласа, сабактан кийин өздөштүрүүсү начар окуучулар менен иштеп, окуучулардын чыгармачылыгынын өсүшүүнө жардам берип, алар менен түрдүү спорттук оюндарын уюштура алат. Мындай иш-аракеттерге анын убактысы жетет.

Ал эми акыркы саатта коңгуроонун кагылышы менен үйдү көздөй шашып турган мугалимдердин сап башында эжейлер турат. Албетте, бул ойду айтуу менен мамлекетибиздин булуң-бурчунда эмгектенип жаткан эжекелерге сөз тийгизип алуу ниетим жок. Дегеним, бул түбөлүгү түз ааламда аялзатынын түйшүгүндөй түйшүк жок демекчимин. Себеби үйдү иретке келтирүү, үйдөгү бала-чакага көз болуп, алардын кардын тоюндуруу, күйөөсү үчүн тамак даярдап, кийимдерди жууп-тазалоо – булардын баары алардын билим берүүдөн башка да жумушу ашып-ташып жаткандыгынан кабар берет.

Класс жетекчи агайлар

Мектеп-лицейибизде класс жетекчи болуп эмгектенген агайларыбыз да бар. Мисалы, Илгиз Шамырзаев. Ал учурда 10-«А» классын жетектеп келет. Окуучулары да агайды жакшы көргөндүктөн, «Биз мектепти аяктаганга чейин эч кайда кетпейсиз» деп агайын абдан жакшы көрөрүн билдирип келишет. Агай өзүнүн классында окуп жаткан Айнагүл Кенжебаева аттуу окуучусунун талантын таптап, акындык өнөрүнүн ачылышына көмөк көрсөткөн мугалим катары да үлгү аларлык. Себеби устат жана шакирт биргеликте эмгектенип, натыйжада «Аруу тамчы» аттуу ырлар жыйнак китебин чыгарышкан. Мындай ийгиликти көз жаздымда калтырбай шаардык башкармалыктын өкүлдөрү келип, китептин ачылышына күбө болуп кеткендиги дагы өзгөчө саамалык.

МЕН БАЛДАРДЫ КҮЧҮМ КАНЧА ЖЕТСЕ, ОШОНЧО ОКУТАМЫН

Мектеп-лицейибизде агайлардын көп болушу кандай ийгиликтерди жаратты?

 Мен өз жумуш жолумду дал ушул мектеп-лицейинен баштадым. 2017-жылдан бери ушул жерде эмгектенип, ушул жерде кесиптештерим менен чогуу келечек муунду тарбиялап келебиз. Колума калем алып, мугалим болуу мага буюрган соң, Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги Дүйшөн айтмакчы «Мен балдарды күчүм канча жетсе, ошончо окутамын» деген ураандын негизинде иштеп келем.

Учурда мектеп-лицейибизде он эки мугалим эмгектенет. Бул эмгек жамаатыбыздын 13%ын түзөт. Төмөндө ар бир мугалим жөнүндө кыскача токтолуп, ар биринин жакынкы эки жыл аралыгындагы ийгиликтерин баса белгилеп көрсөткүм келди.

Махмуд Жанышев – Аскерге чейинки даярдык (АЧД) мугалими. 54 жашта. Агай 10-11-класстарга сабак берүү менен АЧД сабагын алардын жан дүйнөсүнө сиңире алууга жетишип келет. Агайыбыз Баткен согушунун ардагери болгондугуна байланыштуу көп учурларда чыныгы курал-жарактарды алдырып, аларды иштетүүнү, чачып-жыйноону үйрөтүү менен бирге окуучуларды бул багытта көп ийгиликтерге алып чыга алды. Белгилей кетсек агай тарбиялаган окуучулар бул жаатта шаарда биринчи орунда турат. Ал эми өткөн жылы Бишкек шаарында болуп өткөн республикалык мелдеште байгелүү III орунду ээлеп келишти.

Эртөштүк Жумабаев – кыргыз тили жана адабияты мугалими. 32 жашта. Агайыбыз сабактан сырткары окуучулардын чыгармачылыгын өркүндөтүү максатында аларды түрдүү иш-чараларга, саякаттарга алып барат. Окуучулардын көркөм окуусу, сахнадагы жүрүм-туруму боюнча иш алып барып, окуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет.

Илгиз Шамырзаев – кыргыз тили жана адабияты мугалими. 30 жашта. Албетте, 2021-2022-жылы мугалимдер арасында болуп өткөн сынактарда алдыга суурулуп чыгып, эки батирди жеңип алган агайларыбыздын бири. Окутуунун жаңы технологиялары менен заманбап сабак өткөн агайыбыздын ар бир сабагын окуучулар өткөрүп жибербей, сабакка шашып турганына өзүм да күн сайын күбө болуп келем. Мындан сырткары агайыбыз 2021-жылы республикада «Жылдын мыкты мугалими — 2021» кароо-сынагынын жеңүүчүсү аталган.

Нурсултан Акылбек уулу – математика мугалими. 27 жашта. 2022-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн «Жыл мугалими» сынагында Matiz авто унаасынын ээси болуп, республикада «Жылдын мыкты мугалими — 2022» кароо-сынагында биринчи орунду ээледи. Учурда агайбыз STEAMдин талаптарына ылайык математика жана геометрия сабактарын турмуш менен айкалыштырып окутуп келүүдө. Бул багытта агайыбыздын өтүп жаткан сабактары чындыгында жөнөкөй мисалдар менен окуучуларды өз кучагына чакырып турат.

Абылкасым Омарбек уулу жана Жуманазар Акылбек уулу – дене тарбия мугалимдери. Мектеп-лицейибизде өз кесибин сүйүп, кесибине берилген агайлардын сап башында дал ушул агайлар да турат десем жаңылышпасам керек. Спорттун кайсы түрү болбосун, окуучуларды кызыктырып, мектеп ичинде ат тезегин кургатпай түрдүү спорттук мелдештерди уюштуруп турушат. Бул эки агайдын эмгегинин натыйжасында, окуучуларыбыз спорт жаатында шаарда эң алдыңкы орунда турат. Ал эми 2021-жылы республикада өткөн спорттук мелдеште балдар волейбол командасы үчүнчү орунду ээлөөгө жетишти.

Жанбала Абдыманап уулу – музыка мугалими. 29 жашта. Сабактан соң музыкалык аспаптарда ойногон окуучуларды топтоп, алардын чыгармачылык иштери менен алектенип келем. Буюрса, жакынкы аралыкты чоң деңгээлде чыгармачыл окуучуларыбыздын маданий концертин тартуулайбыз деген ниеттемин. Ал эми «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» кароо-сынагында 2020-2021-жылдары шаарда биринчи орунду алып, республикага жолдомо алганбыз. Ал жакта да өзүм тарбиялаган окуучуларым менен бирге, эки ирет II орунду багындырууга жетиштик.

Ал эми мындан башка да агайларыбыздын жасап жаткан иштери ат көтөргүс. А балким, өз кези келсе, алардын да ийгиликтерине чогуу күбө болобуз деген ниетим бар.

Агайлардын эң негизги алты артыкчылыгы

1.Билим берүү мекемелеринде айрым учурларда тентектик жасап, айрым келишпестик себептүү чыр чыккан учурлар да болот. Мындай учурда аларды тарбияга чакырып, мындан ары бул абалдын кайталанбоосунда эркек агайлардын орду чоң. Ал анткени «эркектик тил» маанилүү орунда турат. Себеби эркек бала агайга берген сөзүн максималдуу кайталабоого аракет жасайт.

2.Илим-билим тармагы заманбап билим берүүгө ыктап, мектептерде түрдүү технологиялык каражаттар колдонулуп жатат. Ал эми технологиялык каражаттарды пайдалануу боюнча агайлардын билими да, тажрыйбасы да жетишерлик.

3.Агайлар эжекелерге салыштырмалуу мектепте көп убакыт (кээде түн бир оокумга чейин) калып иштей алат. Бул да болсо алардын бул багытта көп иштерди жасай алышынан кабар берет.

4.Агайлардын дагы бир артыкчылыгы катары алардын жоопкерчиликтүү мамилесин баса белгилеп кетким келет. Кандай гана берилген тапшырма же буйрук болбосун, өз убагында тактык менен аткарууга аракет кылышат.

5.Эжекелер өздөрүнүн мээримдүүлүгү менен айырмаланып турат. Ал эми эркек агайлар табиятынан мүнөзү курч адам катары белгилүү. Андыктан, окуучулар агайдын айткан сөзүн кунт коюп угууга жана берилген тапшырмаларын так аткарып келүүгө аракет жасашат.

6.Кээде окуучулардын айрым жасаган ээнбаштыктары түн ичинде да мугалимдин жумушка баруусуна себеп болот. Мындай учурларда агайлар түндүн кайсыл гана убакыты болбосун жаралган көйгөйдү чечүү үчүн жумушка бара алат. Ал эми эжекелер үчүн мындай абал ыңгайсыздыкты жаратат.

Албетте, көшөгө артында биз билип-билбеген эркек мугалимдердин артыкчылыктары көп экендиги белгилүү. Андыктан, дал ушул багытта билим алып, дал ушул багытта диплом алган ар бир агайды билим берүү мекемелерине жумушка кайтууга чакырып кетемин. Бул Ата Мекен үчүн, эли-жерибиз үчүн зор эмгек катары бааланарына ишеним артам. Мектеп сиздерди күтөт, агайлар…

Жанбала Абдыманап уулу

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин музыка мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер