«МЕКТЕПТЕН ЭЛЕ ЛИДЕР БОЛУП ТААНЫЛГАН»

  • 28.01.2022
  • 0

Президент Садыр Жапаровдун окуучулук күндөрү

Ооба, президентти да мугалим окуткан. Биз баарыбыз мугалим маңдай терин төккөн мектептен адам болуп чыкканбыз. Артка кылчайсак, алтын балалыгыбыз, мектептеги окуучулук сонун күндөр жарк этип эсибизге келе түшөт. Биринчи мугалимибизден тартып, окуучулук күндөр менен кош айтышкан акыркы коңгуроонун кагылышын бара-бара алыс калгандай, унуткаргандай сезгенибиз менен, ал күндөрдөн калган жаркын элестер бизди өмүр бою коштоп жүрмөйү бар эмеспи. Бүгүн биз алыста калган окуучулук күндөргө кайтып баралы дедик. Болгондо да Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун алтын балалыгына, окуучулук күндөрүнө, окуткан мугалимдерине кайтып баралы дедик.

"МЕКТЕПТЕН ЭЛЕ ЛИДЕР БОЛУП ТААНЫЛГАН"

Президенттин атасы Нуркожо Мусталый уулу, апасы Кадижан Максүтова

 

Президентибиз 1-классты Түп районундагы Жылуу-Булак айылындагы мектептен окуп, андан кийин өз айылы Кең-Суудагы мектепте 8-класска чейин окуган экен. 9-класста Фрунзе шаарындагы №1 жатак мектептен окуп, кайра эле өз айылы Кең-Сууга келип, өз айылындагы мектеп сегиз эле жылдык болгондуктан, 10-классты кошуна Сан-Таш айылындагы мектепке каттап жүрүп бүтүрүптүр.

Садыр Нуркожо уулу мектепте кандай окуду эле, мугалимдери ким эле, классташтары эмне дейт болду экен деген сыяктуу жөнөкөй, жагымдуу суроолорго жооп табалы деп мугалимдерин, классташтарын издедик. Тез эле таптык. Бир кезде жанында жүргөн классташтары, мугалимдери агынан жарыла сүйлөп беришти. Алар Садырдын адамгерчилигине, ак жүрөктүгүнө, чынчылдыгына, мекенчилдигине, кайрымдуулугуна, бийик инсан экендигине токтолуп, Президентибиз менен сыймыктанышаарын айтышты.

“Президент болоорун кайдан билиптирбиз, бирок ал мурда эле элдин сыймыктуу уулу болчу”, — деди мугалимдери агынан жарыла. “Адамгерчилиги тоодой бийик, эмгекчил, эл дегенде ичкен ашын жерге койгон мекенчил инсан. Окуучулук күндөрүндө эле төбөсү көрүнгөн бала эле”, — дейт классташтары сүйүнө.

Ооба, “бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын хан болорун ким билет” деген экен илгерки көсөмдөр. Кечээ эле эжейинин сөзүн, акылын кулагына бек сактап, классташтары менен кубалашып ойногон кичинекей бала өсүп жетилип, эл сурап, жалпы журттун ишенимине ээ болуп, эң бийик кызматтык тепкичке, мамлекеттин келечегин аныктаган Президенттик даражага жетишип олтурат.

Жай турмушта Президентибиздин мугалимдери ким болгон, мектепте кандай окуган деген суроолор баарыбызды кызыктырары чындык. Маегибизге Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Президент төрөлгөн Кең-Суудагы Т.Сыдыкбеков атындагы мектептин ошол кездеги мугалимдери, классташтары катышты.

Шайыркүл Токтомышева,
тарых сабагынын мугалими:

“Мени Садыр окуучум чоң балээден сактап калган”

– Садырга 5-класстан баштап класс жетекчи болуп калдым. Өзүмдүн тажрыйбамда класском болор баланы ата-энесине карап тандап алчумун. Балдардын ичинен Садырдын ата-энеси мага өзгөчөжакчу. Атасы карагай башы болуп иштечү. Аябай маданияттуу, жакшы адамдар эле. Энеси да көп балалуу экенине карабай тыкан, таза, мыкты аял болчу. Көрсө, балага ата-эненин таасири зор болот тура.

"МЕКТЕПТЕН ЭЛЕ ЛИДЕР БОЛУП ТААНЫЛГАН"

Эжейдин оң жагындагы окуучу Садыр

 

Садырды балдарды чакырганга жумшаганы барып калсам, атасы шашып, иштери кычап турса да баласына “барагой, тез барып, эжейиңе жообун эрте бер” дечү. Садыр кичинекейинен эмгекке такшалып, билимге, спортко кызыгып, топ тээп, тың, чыйрак өстү. Каникул учурунда токой чарбасына барып иштеп, кичине болсо да тыйын табышар эле. Садыр окуучумдун кыял-жоругу такыр эсимден кетпейт. Спортко өзгөчөкызыкчу. Мелдеш болгон жерлерге балдарды чогултуп, алып кетчү.

Бир жолу токой чарбасында иштетип жүргөнүмдөбалдардын суранычы менен тоо башындагы Көл-Төргөбарып эс алып келмей болдук. Мен деле анда жашмын. Балдардын суранычына көнүптүрмүн. Барганыбыз курусун, ал жерден кокустук болуп, бир кызыбыз жээктен тайгаланып, терең сууга түшүп кетсе болобу. Кокуй күн деп эмне кылар айламды таппай эсим кетип жатканда, Садыр чечине калып, токтоосуз сууга секирип, тиги кызды чачынан кармап, алып чыкты. Ошондо Садыр кызды да, мени да сактап калган. Болбосо жоопкерчилик менде эле да.

Садырга мен төрт жыл класс жетекчи болгон кезимде, ал мага бутума бут, колума кол болуп берди. Садыр жакшы окуду. Бир нерсе болсо тартынбай чындыкты айтчу. Ага ашыкча акыл айтуунун зарылдыгы жок болчу. Баарын байкаган сезимтал бала болуп чоңойду. Мен ага ар дайым ишенчүмүн. Садыр чоң сыноолордон татыктуу өттү. Эми элине ак кызмат кылып жатат. Ишине ийгилик каалайм!

Роза Жаманбаева,

математика сабагынын мугалими:

“Карандай эмгеги менен элге жакты”

– Садырды жогорку класска барганда окутуп калдым. Президентибиздин бардык эле бир туугандарын окуттум. Менин предметимен баары жакшы окушту. Булар үй-бүлөсү менен зээндүү, дилгир, мээнеткеч адамдар. Садыр кичинекей кезинен эле чыйрак өстү. Эс киргени чымын-куюн болуп топ тээп, спортко жакын экени көрүнүп турчу. Уюштургуч таланты бала кезинен эле билинип калган. Тырышчаак, аракетчил болду.

Кийин депутат боло элек кезинде эле мектептин жанына өз каражатына футбол талаасын куруп берди. Ошондон улам Садырдын жолун жолдоп айылыбыздагы балдар футбол тээп, мелдеште жеңиш кубокторун көп алып келишти. Он бир бир тууганы тең адамгерчиликтүү, жакшы адамдардан болуп чыкты. Бул бир чети ата-энесинин тарбиясынан болсо, экинчиден, өз дээрлери да мыкты болду го.

Садырга сырттан чоң жардам берген эч ким деле болгон жок. Өзүнүн карандай эмгеги менен элге жакты. Окуучу кезинен тартып тырышчаак, эмгекчил болчу. Ошол мүнөзү аны жеңишке жеткирди.

Кеңешкан Шаменова,
Садыр Жапаровдун биринчи мугалими:

“Садыр балам менден кол үзгөн жок”

– Садырдын атасы Жылуу-Булак айылына келип, карагай башчысы болуп иштеп калды. Ошол 1976 – 1977-окуу жылы мен Садырды биринчи класстан окуттум. Эсимде, Садыр кичинесинде эле токтоо, шайкелеңи жок, салабаттуу кишидей жүрчү. Эки бала уруша кетсе ортого түшөкалып, ыйлаган балага жан тартса да, ким биринчи тийишкенин айта салчу адилеттүүлүгүн байкаган жайым бар.

Өзүм 27 жыл башталгыч классты окуттум. Быйыл 86 жашка чыгам. Нечендеген балдарым эл кызматында иштеп жатат. Ошолордун ичинде Садыр балам да бар. Ал жогорку окуу жайында студент кезинде, кийин ар кандай кызматта жүргөндөделе менден кол үзгөн жок. Ары-бери өткөндөбиринчи мугалимим эле деп унутпай, ал жайымды сурап кетээр эле.

"МЕКТЕПТЕН ЭЛЕ ЛИДЕР БОЛУП ТААНЫЛГАН"

Ак тумак кийген бала – келечектеги Президент

 

Президент болуп калганда телевизордон журналисттер менен болгон жолугушуусун карап олтуруп, өзүмдүн балам олтургандай чебеленип, байкабай бир жерин ката сүйлөп албаса экен деп тынчым кетип турду. Бирок баарына сонун жооп бергенде аябай кубандым. Президентибиздин бала кезиндеги кичинекей нерсеге да күйүп бышкан мүнөзүн аябай жакшы көрчү элем. Ошол мүнөзү мекенчилдикке алмашып, азыр атуулдук парзын татыктуу аткарган инсан болууга чоң өбөлгөболду го деп ойлоймун.

Окуучумдун ишине ар дайым ийгилик каалап, сырттан бата берип, бир чети сыймыктанып жашап жүрөм. Мугалим үчүн мындан өткөн чоң сыймык барбы?..

Шекербек Сыдыков,
кыргыз тили жана адабияты мугалими:

“Ошондо эле лидерлик касиети бар болчу”

– Садыр 1985-жылы Сан-Таш орто мектебине 10-класска Бишкектеги интернаттан которулуп келип окуп калды. Ал окууда отличник болбосо да, сабагына тың, жакшы окуган бала эле. Класстагы 25 окуучудан айырмаланып, лидерлик касиети бар болчу. Өзү теңдүү балдарды чогултуп, спорттук секцияларга тартып жүрдү. Тынбаган, күжүрмөн, эмгекчил жигит болуп чоңойду. Менин сабагымды да жакшы окуду. Бир жыл ичинде мектептин алдыңкы балдарынын катарында жүрүп, ийгиликтүү бүтүрүп, борбордогу окууга өтүп, студент болуп кетти.

ПРЕЗИДЕНТТИН КЛАССТАШТАРЫ

Кенжебек Өскөнов, классташы:

– Мен Садыр менен 2-класстан 8-класска чейин бир класста чогуу окудум. Биринчи классты коңшу Жылуу-Булактан окуптур. Мектепти 4-5ке окуду. Отличникке бир аз илине албай жүрдү. Бирок, тырышып жакшы окуду. Мындан тышкары спортко, коомдук ишке үзгүлтүксүз катышчу.

Болор бала башынан дегендей, айтканынан кайтпаган бала болчу. Атасы Совет мезгилинин тушунда биздин айылдын жалгыз чоң молдосу эле. Классташым эркек балдардан өзгөчөлөнүп, өз боюн тыкан алып жүрчү. 1984-жылы 8-класстан кийин Фрунзедеги №1 интернатка окуп кетти.

Көп өтпөй, Садыр 10-класстан бизге кайра келип, Сан-Таштан барып келип окуп калдык. Анткени айылыбыздагы мектеп 8 эле класстык болчу. 1986-жылы окууну чогуу аяктадык. Садыр ошол эле жылы физкультура институтуна өтүп, студент болуп калды. 1987-жылы жазында Советтик Армияга кызмат өтөп келип, окуусун улантты.

"МЕКТЕПТЕН ЭЛЕ ЛИДЕР БОЛУП ТААНЫЛГАН"

Эрезеге жеткен кез

 

Окуусун бүткөн соң айылда бизнес кылып, дыйкан чарбасын жетектеди. Кытайдын тегирменин алып келди, суу май чыгарган заводду иштетти. Ошол кезде кыйналып турган кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге көп жардам берип турду. 2001-жылы айылга дүйнөлүк стандарттагы стадион салып берди. Союз кезинен кийин ылайланып каралбай калган көчөлөргөшагыл төгүп, көпүрөлөрдү түздөттү. Айылга мечит салып берди.

Садыр мектепте өзгөчөбала болду деп кетпедимби. Эми ушул танапис учурунда классташтар менен чогулуп олтура калып, бир нерселерди айтып тамашалашып калган кезде Садырды тапчу эмеспиз. Карасаң топ кубалап кеткенин көрөр элек. Ошол 10-15 мүнөттүк танаписти да топсуз өткөрчү эмес. Спортко аябагандай ышкыбоз болчу. Биз кыздарга кат жазып жүрдүк. Садыр кат жазган жок. Тескерисинче, кыздар ага жакындагысы келип турчу.

Спортсмен болгондуктанбы, тийишкендин катыгын берчү. Бизге да болушчу. Эркек балдардын баарын Садыр башкарчу. Экинчиден, Садыр молдокенин баласы болгондуктанбы, бизге окшоп кечкисин бир жерге чогула калып, тамеки чеге калгандарга кошулган жок. Экөөбүз чүкөдөйдөн бирге чоңойдук, бирок Садырдын жаман сапаттарын көргөн жокмун. Айрым балдарга окшоп, вино ичип, ыплас жолго баспады. Мен балдарына ушундай сонун тарбия бергени үчүн раматылык Нуркожо атасына ыраазы болом.

Садырдын элге кылган жардамы көп болду. Мен да классташым менен бир жылдай бизнес кылып калдым. Караколдо Садырдын “Жигулисин” минип алып, экөөбүз жупуну жашаган үйлөрдүн эшигин такылдатып кирип, ун, суу май таратып да жүрдүк. Ошол жылдары эл кыйналып турганда Садырдын жардамы көп тийгенин баса белгилегим келет.

Боронбай Абышев, классташы:

– Садыр бала кезинде ачык-айрым, шар жүрчү. Кайдан-жайдан бир нерселерди ойлоп таба коюп, аны ишке ашырмайынча жаны тынчу эмес. Анын атасы кой бакчу. Менин атам жылкы багар эле. Атасы кара жумушту катыра иштеген адам болчу. Жайдак атка секирип минчү. Аталарыбыз малчы болгондуктан, экөөбүз тоодо көп жүрдүк.

Күзүндөайылга кырктай бышты алып келип, үйрөтчүбүз. Садыр улак да тартчу. Мектепте жакшы окуду. Эсимде, ылдыйкы класста окуп калганда айылдын четине вертолет конуптур деп угуп, сабакты таштап ошол жакка кетип калып, Машыркан эжеден таяк жегенбиз. Классташым кишинин көңүлүн калтырбаган мыкты жигит.

"МЕКТЕПТЕН ЭЛЕ ЛИДЕР БОЛУП ТААНЫЛГАН"

Элетте өткөн күндөр

 

Меңдибай Асанбаев, классташы:

– Садыр класстагы балдардын эң алдыңкысы болчу. Колу сулуу эле. Кыргыз тил, адабиятына, математикага аябай кызыкчу. Спорт жагынан алдыга киши салдырчу эмес. Футбол, волейболду көп ойнодук. Экөөбүз мелдештерге да көп чогуу барып жүрдүк. Уюштуруучулук жагы кыйын болчу. Экөөбүз Кең-Сууга кошуна Сан-Таш айылындагы мектепке 10-классты үч чакырым жол басып окудук. Себеби өзүбүздүн айылдын мектеби 8 жылдык болчу. Кызык окуялар көп эле болду. Убакыт өткөн сайын эстен чыгып кетет экен.

Президент болгонго чейин классташтарыбызга, аяштарыбызга, теңтуштарыбызга материалдык жактан көп жардам берди. Колунан келгенин аянбаган, ниети ак жигитти ким жакшы көрбөйт. Арабыздан өтүп кеткен маркумдарыбыздын үй-бүлөсүнөда көп жардамы тийди.

Малчынын баласы болгону менен, Садыр мектепте мыкты окуду. Сочинениени жакшы жазчу. Теңтуштар ынтымактуу жүрдүк.
Кийин ойлосом, ошол кезде Садыр биздин башыбызды бириктирген лидер болуптур да.

Мектепти бүткөн соң, ал окууга өтүп кетти, мен өтпөй калып, айдоочу болдум. Бирок арабыз алыстаган жок. Садыр айылыбыздын жарык жылдызы болуп, жанып тургандай сезилет. Адамгерчилиги бийик, эң жакшы адам.

Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер