МЕКТЕП ДИРЕКТОР: ЧЫРЫ ЖАНА ЧЫНДЫГЫ

  • 19.04.2023
  • 0

Президент Садыр Жапаровдун  Жарлыгынын негизинде мектепте беш жылдан ашуун жетектеген эки миңге чукул директорлор кызматынан бошотулуп, ал орундарга ачык конкурс жарыяланганы коомчулукка маалым. Сынактын үчүнчү айлампасынан өткөн айрым мектеп жетекчилери менен жамааттын ортосунда келишпестиктер чыгып, ырк бузулуп, керек болсо иш таштайбыз дегенге чейин барышууда. Алсак, Ноокаттагы М.Алыкулов атындагы №11 мектеп-гимназия, Бишкек шаарындагы №101, 102  жана №1 жатак-мектептин жаңы жетекчилерине жамаат каршы чыгышты.

МЕКТЕП ДИРЕКТОР: ЧЫРЫ ЖАНА ЧЫНДЫГЫ

Эскилер жаңыча, жаңылар эскиче иштей албайт

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы, п.и.д. Кыялбек Акматовдун айтуусуна караганда, бардык бош орундарга мектеп директорлору конкурстун негизинде гана дайындалып жатат.

— Айрым мектептердин жамааты мурдагы директоруна көнүп алып, жаңы директорду ар кандай шылтоолор менен кабыл алгысы келбей жатат. Ошол себептен ортодон пикир келишпестиктер жаралууда.  Мындай маселелер, өзгөчө Бишкек шаарында көп болууда. Алсак, №101, 102, №1 жатак-мектепте, ошондой эле Базар-Коргондогу №11 мектеп-гимназияда ушундай проблемалар бар. Бул мектептерге райондук/шаардык деңгээлде атайын комиссия түзүлүп,  эмне үчүн ушундай маселелер жаралып жатат деген иликтөө жүрүүдө, — дейт жетекчи.  Негизинен  министрликтин милдети –  сынакты адилеттүү өткөрүп, андан  өткөн жеңүүчүнү жергиликтүү бийликке жөнөтүү. Андан соң  райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын  буйругу менен алар жетекчиликке  дайындалат.

— Жамаат кабыл албаган күнү да Билим берүү жана илим министрлиги сынактан өткөн жетекчини жумуштан бошото албайт. Анткени сынакты артка кайтара албайбыз. Анын бир эле жолу бар. Ошол жамаат кабыл албаган директор өз каалоосу менен арыз жазып, ордун бошотушу керек. Бирок ал орунга жамаат каалаган жетекчи коюлбайт, кайра бош орунга сынак  жарыяланат.  Анткени конкурстун  Жобосунда ушундай талаптар каралган. Мисалы, Бишкек шаарындагы №101 мектептин директору мурда соттолгон экен деп чыгышты. Бирок бизге келип түшкөн документтерде анын соттолгондугу тастыкталган жок. Мүмкүн кайсы бир жылдары соттолсо ал акталган же иши жабылган. Ошон үчүн ал сынакка катышып, жеңип чыкты. Бул сынакта компьютердик тесттен ким босого баллдан жогору алса, ал жеңүүчү деп табылат. Дагы бир маселе — мугалимдердин пикиринде,  пенсия жаштагылар мектепке директор болбошу керек экен. Бирок  Жободо пенсия курагындагылар сынакка катышпасын деген каралган эмес. Негизинен мындай ызы-чууларды мурдагы директорлор атайын уюштуруп жатат. Ошонун кесепетинен жамаат экиге бөлүнүп, ырк кетип жатканы белгилүү. Экинчиден, жаңы барган директор тартипти орнотом деп, өзүнүн талабын койсо, ал жамаатка жакпайт. Учурда жергиликтүү бийлик  мыйзам чегинде комиссия  түзүп, чырлуу мектептерге  жөнөтүлүп, иликтенип жатат. Мына ошонун негизинде гана кийинки кадамдар жасалат, — дейт К.Акматов.

Чындыгында пенсия курагындагы директорлордун ичинен  өз ишин мыкты билген, мектепти ар тараптан өнүктүрө алган алдыңкылар жок эмес. Ошон үчүн иш билги, тажрыйбалуу жетекчилердин өрнөгүн алып калуу үчүн директорлорду конкурстук негизде тандоо тууралуу Жобого өзгөртүү киргизилип, пенсия жашындагы директорлорго да сынакка катышууга уруксат берилген болчу. Андыктан мугалимдер, тескерисинче, тажрыйбалуу жетекчилердин барганына сүйүнүп, чырдан өйдө болуп, жаңы директорго колуна кол, бутуна бут болуп, билим  сапатын жогорулатуунун үстүнөн иштөө керек экенин унутушпаса.

Ноокат

Базар-Коргон районундагы М.Алыкулов атындагы №11 мектеп-гимназияга сынактан өтүп барган директор  Жамила Тагаева жамаат менен тил табыша албай койгон. Анын айтымында, мектепте мыйзам бузуулар орун алган экен. Алсак, “өлүк” (мертвые души) адамдардын аттары табелде көрсөтүлгөнү менен, бирок,  бир да жолу мектепте мугалим да, техперсонал да болуп иштеген эмес. Мындан сырткары мектепке кабыл алууда ата-энелерден 12000 сом алып жүрүшкөн. Ошондой эле окуучуларды мектептен мыйзамсыз чыгарып жиберген учурлар дагы катталыптыр.

— 7-декабрда конкурстун негизинде келгем. Январга чейин эч иш кылган жокмун. Бирок январдан баштап толук жамаат, техперсоналдар менен таанышып, окуучулар менен байланыша баштагандан кийин билим уясындагы мыйзамсыз нерселерди баамдадым. Азыр укук коргоо органдары иштеп жатат, ошондуктан айта албайм.

Мыйзамсыз иштер бар экенин аныктагандан кийин райондук  прокуратурага кайрылдым. Мектеп билим берүү системасынын негизги очогу болгондуктан, мыйзамдуу иш алып барууга аракет кылып жатам. Ошол жат көрүнүштөрдүн бетин ачып жатканым үчүн жамаат менен мамилелеше албай жатабыз, алар мага каршылык көрсөтүүдө. Берилген тапшырмаларды мугалимдер аткарбайт. Функционалдык милдеттерин билишпейт.  Мектепте 2138 окуучуга 103 мугалим билим берип келишет, — дейт мектеп жетекчиси маалымат каражаттарына берген интервьюсунда.

Ошол эле кезде мектеп мугалимдери Мира Исагалиева, Чолпонай Субанова, Майрам Турсункулова, окуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Абдуллаев бир ооздон жаңы мектеп директорунун компетентсиз экенин, жетекчилик касиети жок, сабатсыз экенине чейин айтып чыгышты. Жаңы жетекчи беш айдын ичинде эч кандай иш жүргүзбөгөнү, жалаң эле коркутуп-үркүткөнү аз келгенсип, өзү жумушка кечигип келип, эрте кетет деген дооматтарды коюшту. Ал эми катчылык орунга өзүнүн баласын алганына дагы нааразы болушууда. Мугалимдер жамааты райондук билим берүү бөлүмүнө арыз менен кайрылып, эч кандай жооп албай жатканына күйүп-бышып, эгерде алардын талаптары ишке ашпаса, анда иш таштайбыз деп чыгышты.

Мугалим Чолпонай Субанованын айтуусу боюнча, Жамила Тагаева менен  Үч-Булак айылындагы мектепте бирге иштеген.

— Ошол жерде дагы канчалаган мугалимдерди ыза кылып, иштен четтетип, кичине эле кандайдыр бир мүнөзүң жакпай калса, аны иштен кеткенге мажбур кылчу. Ал жерден дагы үстөмдүк кылган үчүн иштен кеткен эле. Бул мектепте дагы ошол көнүп калган тартибин орноткусу келип жатат. Менимче, бул мектептин мугалимдери ал тартипке баш ийишпейт. Жетекчи деген психолог, бардык адамга бирдей күйө билиши керек. Бул эже басмырлаганды эле жакшы көрөт, — дейт мугалим.

Дагы бир мугалим Майрам Турсункулова мектеп директорунун тил табыша билбегенинин натыйжасында ынтымактуу жамаат, алдыңкы мектеп алдыга жылбай, артка кете баштаган.

— Эже келгенден бери ызы-чуу көп, келишпестиктер арбын. Иш алдыга жылбай калды. Жыйынга кирип эле менин артыман ушак сүйлөбөгүлө деп чыгып кетет. Анан ким айтты болуп, жамаат ичинде пикир келишпестиктер көбөйө баштады. Компьютерде иштегенди билбейт экен, кантип сынактан өттү? Таң калып жатабыз, — дейт мугалим.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалиловдун пикиринде, жамаат ичиндеги  түшүнбөстүктөрдүн себеби,  мектепте айрымдары  өздөрүнүн функционалдык милдеттерин билбей, жалаң ушак-айың менен алектенип калган. Жетекчинин айтымында, бул маселе боюнча түзүлгөн комиссия  иштеп жатат, кандай жыйынтык чыкса да жергиликтүү бийлик эки тарапты ынтымакка чакырып, туура жолго түшүү жолун көрсөтү керек.

— Берилген документтин негизинде гана айлык чыгарылат. Иштебеген адамдар айлык алып жаткан болсо, ким болсо дагы мыйзам чегинде жооп берет. Кызматка кабыл алуу, бошотуу директордун милдетине кирет, — деди райондук бөлүмдүн башчысы.

Бишкек шаарындагы №1 гимназиядагы чыр

Ордо калаадагы  А.Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатынын окуучулары жана мугалимдери 17-апрелде мугалимдерди колдогон митингге чыгышты. Мектеп окуучулары «Кетпесин!» деген плакаттар менен кыйкырып турушту.  Бул жагымсыз окуя  соцтармакка чагылгандай эле тарады.

Бишкек мэриясынын таркаткан маалыматы боюнча, мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча мугалимдер, Бишкек шаардык прокуратурасы жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусунун негизинде Билим берүү башкармалыгы тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүү учурунда тамак-аш уюштурууда одоно мыйзам бузуулар, кадрдык жана уюштуруучулук иштерге бирдиктүү иштин жоктугу аныкталган. Жыйынтыгында шаардык мектеп-интернаттарда балдардын жашоосу жана билим алуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан колдоонун бирдиктүү формасын түзүү жана башка шарттарды түзүү максатында №1 мектеп-интернатын №71 мектепке кошуу жолу менен кайра уюштуруу чечими кабыл алынганы айтылат. Анын аталышы “Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси” деп өзгөрөт экен.

Мэрия №1 мектеп-интернатынын мугалимдери менен буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келгендигин жана бүгүнкү күндө алардын жашаган жери, ээлеген кызмат ордун эске алуу менен башка мектептерге иштөө сунушталып жатканын кошумчалады.

— Аталган мектептин мурдагы директору Н.Матканова бир нече одоно бузуулары үчүн Эмгек кодексинин 83-беренеси боюнча кызматтан алынган. Мындан тышкары, ал өзүм билемдик менен интернаттын аймагындагы имаратты басып алган, ал жерден аларды күч менен чыгарууга туура келген. Ошондой эле ал документтерин, иш бөлмөсүн тапшыруудан баш тартып, убактылуу директордун милдетин аткаруучунун ишине тоскоолдуктарды жараткан, — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле кезде мугалимдер бул эки билим уясын бириктирүү процессин эмне үчүн каникул учурунда  уюштурулбаганына  нааразы.

— Жылдын аягында бизди жумуштан кетиришет. Биз 9- жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн экзамендерге даярдадык, — дейт мугалимдер.

“Эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын чыркырайт” болуп, айрым өз кызыкчылыгын көздөгөн эргулдар мындай так талашууга окуучуларды аралаштырып, митингге чыгарганы кимди болбосо кейитпей койбойт.

— №1 гимназия-интернатындагы болгон окуя абдан туура эмес. Анткени окуучуларды чыр-чатакка аралаштырууга эч кимдин укугу жок. Балдарды колдонуу менен плакат карматып чыгаруу – одоно мыйзам бузууга жатат. Ким уюштурган болсо, ал  мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул маселе дагы биздин көзөмөлүбүздө турат, — деди министрликтин башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов.

Кыскасы, айрым директорлор сынактан өтпөй калып, жамаатты, окуучуларды пайдаланып, жаңы жетекчиге каршы ызы-чууларды уюштуруп жатканы билим берүү тармагындагы жосунсуз иш.

Эң башкысы окуу процессин үзгүлтүккө учуратып, окуучуларды ызы-чууга аралаштырган  күнөөлүүлөр кандай жоопкерчиликке тартылаарын азырынча жергиликтүү бийлик айтпай жатат. Негизи мындай иштер кайталанбаш үчүн, башкаларга чоң сабак катары балдарды чыр-чатакка аралаштыргандар мыйзам чегинде жоопко тартылышы зарыл экенин коомчулук баса белгилеп жатат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер