МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН ЭКСПОРТУ: ТАЛАПТАР, СУНУШТАР, ЧЕЧИМДЕР

  • 26.02.2021
  • 0

Кыргызстанда медициналык билим берүүнү өнүктүрүүнүн жол картасын иштеп чыгуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин алдында жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына медициналык адистиктерди даярдаган окуу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрү кирди.

МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН ЭКСПОРТУ:  ТАЛАПТАР, СУНУШТАР, ЧЕЧИМДЕР

Жаңы иштеле турган жол картасына медициналык билим берүүнү жакшыртуунун баардык жолдору камтылып, ириде профессордук-окутуучулук курамдын потенциалын, билимдин мазмунун, окутуучулардын, студенттердин илимий ишинин сапатын жогорулатуу, башка мамлекеттердин ЖОЖдору менен илимий иштерди жүргүзүү, инфраструктураны жакшыртуу, интернационалдаштыруу, аккредитациядан өтүү сыяктуу маселелер камтылышы керек.

МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН ЭКСПОРТУ:  ТАЛАПТАР, СУНУШТАР, ЧЕЧИМДЕРПАКИСТАНГА БОЛГОН ИШ САПАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

24-февралда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев республикадагы медициналык адистиктерди даярдаган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрүп, Пакистанга болгон иш сапары жана анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, кемчиликтерди жоюу жана медициналык билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча маселелерди талкуулады. Министрдин айтымында, Пакистан медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларын А, В жана С категорияларына бөлүп койгон.

  • A категориясына эл аралык, көз карандысыз аккредитациядан өткөн окуу жайлар;
  • B категориясына көз карандысыз аккредитациядан өткөн, бирок эл аралык аккредитациядан өтө элек окуу жайлар;
  • C категориясына аккредитациядан өтө элек окуу жайлар кирген.

Ал эми жаңы ачылган медициналык окуу жайлар министрдин талабы менен өзүнчө тизмеге киргизилди. Анткени алар азырынча бүтүрүүчү чыгара элек жана жакынкы 3-4 жылда аккредитациядан өтүшөт.

Жогорудагы тизмедеги медициналык окуу жайлардын баарына Пакистандын жарандары эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышат. Болгону алар окуу жайларды категориясына жараша өздөрү тандашат.

– Биз окуу жайларды категорияларга бөлүүгө макул болдук. Себеби мындай өзүбүзгө дагы керек болчу. Эми мындан кийин ар бир окуу жай өзүңөрдүн кызыкчылыгыңар үчүн иштейсиңер. Ошондуктан тез арада аккредитациядан өтүп, С категориясындагылар В категориясына, В дагылар, А га которулууга аракет кылгыла. В категориясында турган Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен ОшМУ апрель айында эл аралык аккредитациядан өтөт. Алар автоматтык түрдө А категориясына кошулат. Пакистандыктар силердин жогорку окуу жайлар билим береби же, бизнес жасайбы деп сурашты. Алар медициналык факультетинен башка он, он бештен ашык факультети бар чоң университеттерге ишенип, жалгыз медиктерди даярдагандарды акча жасаган окуу жай катары кабылдашат экен, — дейт Алмазбек Бейшеналиев.

МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН ЭКСПОРТУ:  ТАЛАПТАР, СУНУШТАР, ЧЕЧИМДЕР

ПАКИСТАНДЫН ТАЛАБЫ

Пакистандыктар медиктерди беш эмес, алты жыл окутуу керек деген талап да коюшту. Министр аларды Мамлекеттик стандартты өзгөртүү менен окуу мөөнөтүн беш жыл бойдон калтырууга ынандырган. Ошондуктан Мамлекеттик стандарт дагы кайрадан иштелип чыгышы керек. Башкача айтканда, баардык окуу жайларда чет мамлекеттик студенттер бирдиктүү программа менен окутулууга тийиш.

Жолугушууда Пакистан тарап ординатура боюнча да маселе көтөрүп, ал кайсы курстан башталарын жана кандай окутуларын так көрсөтүп бергиле деген талап койгон. Окуу мөөнөтү боюнча маселе биз тарапка чечилгендиктен, б.а. беш жылдык боюнча калып жаткандыктан, ординатура боюнча да так көрсөтмө иштелип чыгышы керек.

– Ординатура деп эсептелген акыркы жылдары студенттер эмнени окушат, биз эмнелерди үйрөтө алабыз, б.а. биз момунча саат окушат, анын момунчасы практикалык сабактар, анда биз мобуларды үйрөтөбүз деп тастыктап беришибиз керек. Кыскасы, бизге бирдиктүү мамиле керек. Пакистан тарап студенттердин практикасы да жетиштүү болбой жатканын, алар оорулуулар менен иштебей эле, теориялык билим алып келип жатканын да айтышты. Ошондуктан мындан ары мамлекеттик ооруканалар менен мамлекеттик жогорку окуу жайлар гана иштеши керек деген сунуш киргизип жатабыз. Жеке менчик окуу жайлары болсо сөзсүз өздөрүнүн клиникасын ачышы керек. Чет элдик студенттерди нааразы кылган дагы бир маселе окуу жайлардын инфраструктурасы болууда. Көп студенттер окуп жаткан окуу жайынын түзүп берген шартына нааразы. Окуу жайлар тез арада бул жагын дагы колго албаса болбойт. Мындан сырткары чет мамлекеттен келген студенттерди өзүнчө бөлүп окутпай, жергиликтүү студенттер менен бирге окутуу талабы да коюлду, — дейт министр.

ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН БИРДИКТҮҮ ПОРТАЛ

Билим берүү жана илим министрлиги сырттан келген студенттер үчүн бирдиктүү портал иштеп чыгууну колго алууда. Ал биринчиден, студенттердин коопсуздугун ар тараптан камсыздаса, экинчиден, ишенимди арттырат.

– Бизге келе жаткан ар бир студент өзүн коопсуз сезиши керек. Билесиздер, окуу төлөмү боюнча кандай маселелер жаралганын. Ошондуктан бирдиктүү платформа иштеп чыгалык. Ар бир чет мамлекеттик студент өзүнүн мамлекетинде туруп окуй турган ЖОЖун тандап, документин тапшырып, зарыл болгондо маектешүүдөн өтүп, эң акырында келип экзамен тапшыргыдай кылышыбыз керек. Ошол платформа аркылуу электрондук виза алып, билет брондоп, биринчи мөөнөткө жашай турган батирин же мейманканасын таап алгыдай, окуу акысын дагы ошол платформа аркылуу төлөгүдөй кылышыбыз керек. Ушундай шарт түзүп берүү менен биз мындан дагы көп студенттерди тартсак болот, — дейт министрдин орун басары Нурлан Омуров.

ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР КӨБӨЙҮҮДӨ

Кыргызстанда чет мамлекеттен келген студенттердин саны жылдан жылга өсүүдө. Өткөн окуу жылында алардын саны 40 миңдей болсо, бул жылы 72 миңден ашты. Анын 37 миңге жакыны медициналык адистиктерде окушат.

Негизи республикада жалпы 216 миң студент бар. Алардын 33% сырттан келгендер. Бул Кыргызстандагы студенттердин ар бир үчүнчүсү чет мамлекеттик дегенди түшүндүрөт. Демек, биз билимди экспорттоо менен чет мамлекеттик жаштар үчүн билимдин очогу, мамлекет үчүн кирешенин булагы болууга толук мүмкүнчүлүк бар. Андыктан ириде чет мамлекеттик студенттерге болгон мамилени жакшыртып, жогорку шарттарды түзүп берүү менен, билимдин сапатын жакшыртуубуз зарыл.

Чолпон Кийизбаева,
“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер