МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИ КАНТИП МОНТЕССОРИ ПЕДАГОГИКАСЫН БАГЫНДЫРГАН

  • 25.01.2022
  • 0

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИ КАНТИП МОНТЕССОРИ ПЕДАГОГИКАСЫН БАГЫНДЫРГАН

Алгачкы кесиби — математика мугалими, кийинки кесиптери — практикалык психолог жана социалдык кызматкер, Монтессори педагогикасы боюнча Эл аралык институтун аяктаган Монтессори педагогу, “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, Кризистик болборлор ассоциациясынын аткаруучу директору, йога менен машыгып, саламат жашоо турмушун даңазалоочу төрт баланын энеси жана үч неберенин сүйүктүү чоң энеси Чынара Термечикова — адамдын билим алуу мүмкүнчүлүгү мейкиндиктей чексиз экендигин өз тажрыйбасында тастыктаган адам.

Ар бир бала тарбияны үй-бүлөдөн алышы керек

Чынара Жасооловна 1956-жылы кыргыз бермети аталган Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген. 10 баланын кенжеси эле, тилекке каршы, ал бир жашка чыкканда апасы кайтыш болуп калат. Ошондой шартка байланыштуу мектепке бараар курагы келгенде аны Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы жатак-мектепке окууга киргизишет. Секелек кезинен ошентип турмуштун катаал сыноолоруна эрте бышып, окуусуна да, турмуш-тиричилигине да тың өстү. 1973-жылы борбор калаабыздагы №5 мектепти бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетинде билим алган. Университетти 1978-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган соң, турмушундагы дагы бир чоң бурулуш башталган 1997-жылга чейин Улуттук илимдер академиясынын Автоматика институтунда илимий кызматкер, КМКТАУда ага окутуучулук иштерди аркалады.

1997-жылдан баштап анын бир калыпта өтүп жаткан турмушу башка, жаңы нукка бурулду десек болчудай. Ошол жылдары эгемендикке ээ болгон өлкөбүздө көптөгөн эл аралык уюмдар ачылып, Чынара Жасооловна турмуштан жабыркаган, үй-бүлөсүнөн зордук-зомбулук көргөн айымдарга колдоо көрсөтүүчү “Үмүт”, “Сезим” кризистик борборлорунда иштеп калат. Мына ошол жерден көргөн-билгендери балким Чынара эжени психолог кесибинин сырын тереңирээк окуп-үйрөнүүгө түрткү берсе керек. Неси болсо да, ал ошондон кийин ушул багытта өзүн эң керектүү адис экендигине ынанды. Өмүрлүк жар деп тандаганы ага өмүрлүк кас болуп кордук көрсөткөн күйөөлөрүнөн жабыркаган аялдарга, энелерге психологиялык жардам көрсөткөн кризистик борборлордогу тажрыйбасын SOS Балдар айылы эл аралык уюмунда консультант-психолог болуп иштөө менен толуктаганга жетишти.

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИ КАНТИП МОНТЕССОРИ ПЕДАГОГИКАСЫН БАГЫНДЫРГАН

Учурда Чынара Термечикова Кризистик боборлор ассоциациясында аткаруучу директор болуп иштөө менен бирге Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборун жетектейт. Үйдө сүйүктүү жар, үч неберенин ардактуу чоң энеси. Жарым кылымга жакын бирге түтүн булатып келаткан жолдошу Кубанычбек байке экөө төрт уулду тарбиялап, эрезеге жеткиришти. Уулдары Бакыт, Искендер, Жоомарт жана Бекболот эл керегине жараган эр азаматтардан болуп чоңоюшуп, өз кесиптери боюнча үзүрлүү эмгектенип келишет.

— Эгерде адамда каалоо жана аракет болсо, адам көп нерсеге жетише алат, азыр мүмкүнчүлүктөр өтө көп, убакытты гана туура бөлүштүрүү керек. Мен учурда бала бакчада Монтессори педагогу болуп да иштейм. Балдар менен иштегенден ырахат алам. Кризистик борборлордо зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам берип иштеп жүргөндө, жетим балдар менен иш алып баруудагы тажрыйбанын негизинде, ар бир бала тарбияны үйдөн алышы керек экендигине терең ишенип, үй-бүлөлөрдүн ажырашуусун алдын алуу максатында “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө коомдук фондун негиздегенбиз. Учурда бул фонддо тажрыйбалуу психологдор үй-бүлө мүчөлөрү менен иш алып барышат.

Балдардын жүрүм-турумунда, тарбиясында, билиминде мүчүлүштүктөр кайдан келип чыгат деп көп ойлоном. Бул өтө олуттуу маселе. Анткени бардык адат-мүнөздөр баланын кичинекей кезинде, үй-бүлөсүндө калыптанат. Балдардын психологиясын тереңирээк түшүнүп изилдөөгө мага Монтессори педагогикасы жардам берди. Монтессори педагогикасына ылайык, сиңирип алуучу аң-сезим балага гана тийиштүү болгон ой жүгүртүүнү билдирет. Сезимталдык, сиңирип алуучу аң-сезим Монтессори педагогикасынын негизин түзөт, — дейт тажрыйбалуу психолог.

Ал 2014-жылы Роза Отунбаеванын демилгелери коомдук фондусу түзүп берген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, белгилүү италиялык гуманист-педагог, коомдук ишмер Мария Монтессоринин (1870-1952) педагогикасы боюнча билимге ээ болгон. Чынара Жасооловна Кыргызстан боюнча 200дөн ашык каалоочулардын ичинен иргелип отуруп, диплом алган 15 адамдын бири болгондугун сыймыктануу менен белгилеп койгонубуз оң.

— Балдар маалыматты соргучтай эле талдабай туруп сиңирип алышат. Укканын, көргөнүн, сезгенин ылгабай кабыл алышат. Мына ошондуктан бала кыска мөөнөттүн ичинде аябагандай көп нерсени үйрөнүп чыгат. Мисалы, бала төрөлгөндөн кийин бир жылдын ичинде эмчек эмип коюп уктап жата берген жандан тез эле тең салмактуулукту сактап баса алган, кээ бир буюмдарды өз керегине карата пайдалана билген, өзүнө багытталган сөздөрдү түшүнгөн, кээде өзү да бир нерсени айта алган кичинекей кишиге айланат. Эгерде баланын аң-сезими сиңирип алуучу болбогондо, анда жаңы төрөлгөн балага отуруп-турганды үйрөнүш үчүн эле ондогон жылдар керек болмок. Демек, биз балага өнүгүүгө болгон мүмкүнчүлүктү канчалык эрте берсек, бала ошончолук ийгиликтүү болуп чыга келет.

“Биз балдардын өз максаттарына умтулуусун канчалык эрте колдосок, биз алардын ошончолук күчтүү, эркин, өз алдынча инсан болуп өсүшүнө жол ачабыз”, — деп айткан белгилүү италиялык гуманист-педагог, коомдук ишмер Мария Монтессори (1870-1952). Монтессори педагогу  болуп иштеп жүрүп 2018-жылы “Балдарыбыз өксүбөй жетилсин” китепти жаздым, ал жерде Монтессори педагогикасынын кыргыз жашоосундагы баланы эрте өнүктүрүү боюнча айкалыш келген мисалдар келтирилип, кадимки эле үй шартында баланын мүмкүн болгон дараметин ачууга боло тургандыгы жөнүндө да айтылат, — дейт Чынара Термечикова.

Бакчадагы балдарга арналган ыр китеп

Билимдүү, мекенчил, улутка күйгөн, эне тилди аздектеп сүйгөн педагог-психолог Чынара Жасооловна өмүрүнүн 45 жылга жакын убактысын бөбөктөрдүн жана алардын энелеринин ар түрдүү маселелерине үңүлүп тереңден карап, аларды түп-тамырынан аңдап түшүнүүгө басым жасаган кесипкөй адис. Ал айрыкча эне тилин сүймөк тургай, эне тилинде тыңгылыктуу сүйлөй албаган балдардын өсүп жатканына кабыргасы кайышаарын жашырбайт.

— Балдарды бала бакча, мектеп окутат, тарбиялайт деп, мугалимдерге жана тарбиячыларга ашыкча ишенип алганыбыз туура эмес. Албетте, балдарды атайын билими бар мугалимдер окутат, бала бакчада деле ошондой. Бирок тарбия башаты – үй-бүлөдөн башталат. Баланын жүрүм-туруму өзүнүн үйүндө ата-энесинин мээриминен, сүйүүсүнөн, камкордугунан куралат, калыптанат. Өз эне тилинде сүйлөөнү да балдар өз үйүндө үйрөнүшөт. Мисалы, мен өзүм үйдө неберелерим менен кызыктуу, пайдалуу убакыт өткөргөнгө аракет кылам. Учурунда тажрыйбамдын аздыгынан балдарыма үйрөтө албай калган нерселерди неберелериме үйрөтүүнү кыялданам. Аракет кылса, кыялдар сөзсүз ишке ашаарына ишенем.

Бакчада иштеп жүрүп байкаганым, шаарда туулуп-өскөн балдар өз эне тилин таптакыр билбей калышты, ушул мени абдан өкүндүрөт. Ошондой өкүнүчтүү ойлор мени бакчадагы балдар үчүн кыргызча ырларды жазууга түрттү. Натыйжада “Китепстан” басмаканасынан кыргыз тилинде “Бакчадагы баламын” ыр китебим жарык көрдү. Ал китеп Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жаш агартуучу Бакыт Абдуллаев деген жигиттин колдоосу менен ишке ашты. Кичинекей бөбөктөргө арналган соң, анын сүрөттөрү дагы кооз, көркөм болгону жакшы эмеспи, андай сонун сүрөттөрдү Динара Чокотаева деген заманбап сүрөтчүбүз тартып берди.

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИ КАНТИП МОНТЕССОРИ ПЕДАГОГИКАСЫН БАГЫНДЫРГАН

Чыгармачылык шыгым ойгонуп, шыктанып алгандан кийин англис тилинен Кевин Кункелдин  “Биз тандаган дүйнө” деген ыр китепчесин которуп койдум. Кыскасы, азыр менин чыгармачылыгым жигердүү уланып жаткан кез, — дейт жылмайып.

Чыгармачылык демекчи, Чынара Жасооловна буга чейин кризистик борборлордун социалдык кызматкерлери үчүн бир топ методикалык колдонмолорду даярдап, жарыкка чыгарган. 2017-жылы М.Монтессори методикасы боюнча балдарды эрте жашында өнүктүрүү боюнча жарык көргөн көлөмдүү китептин автору.

Ал өзүн-өзү өнүктүрүүгө, көптү окуп үйрөнүүгө дилгир адам, андыктан эл аралык уюмдар уюштурган көптөгөн окууларга, тренингдерге үзбөй катышып, билимин жогорулатуудан чарчабайт. Өзү айткандай, чыгармачылык жигери жаңы ачылып, ыр жазуу, башка элдин кызыктуу жомокторун которууга жаңы дем-күч оргуштап чыга баштаган соң балдардын окуп-жаттаганына ылайыктуу ары жеңил, ары пайдалуу чыгармаларды мындан ары да жарата берүүсүнө тилектештигибизди билдиребиз.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим” 

Бөлүшүү

Комментарийлер