Марат КАЧКЫМБАЕВ: “КОЛУНА КУРАЛ ЭМЕС, КАЛЕМ САП КАРМАГАНДАР КӨБӨЙСҮН”

  • 02.11.2022
  • 0

Марат КАЧКЫМБАЕВ: “КОЛУНА КУРАЛ ЭМЕС, КАЛЕМ САП КАРМАГАНДАР КӨБӨЙСҮН”

Басма сөз айдыңында 40 жылга чукул райондук гезиттен баштап, облустук, республикалык гезиттерде калем сабын кургатпай иштеген ардагер журналист, КР маданиятынын мыкты кызматкери, Чүй облустук “Кеменгер” сыйлыгынын ээси Марат Качкымбаев менен кесиптик майрам алдында баарлаштык.

Марат КАЧКЫМБАЕВ: “КОЛУНА КУРАЛ ЭМЕС, КАЛЕМ САП КАРМАГАНДАР КӨБӨЙСҮН”

Марат Абдыбекович, сиздин өмүр баяныңызга баам салсам, райондук гезиттен баштап, облустук, республикалык гезиттерге чейин иштеп, катардагы кабарчылыктан башкы редакторлукка чейин жетиптирсиз. Башка калемдештериңизге караганда, сиздин чыгармачылык чыйырыңыз чыйрак башталыптыр. Дегеним, ал кезде университетти аяктагандан кийин кабарчылыкка чейин кыйла жол басып өтүшчү эмес беле.

— Ооба, мен 1984-жылы борбор калаабыздагы мурдагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы университеттин, азыркы Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган соң, дээрлик 10 жылдай өзүм туулуп-өскөн Талас облусунда иштедим. Эң алгач Талас облустук “Ленин туусу” гезитинде корреспондент болуп иштеп баштап, 1985-1993-жылдарда Манас райондук “Эмгекке даңк” гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы болуп иштөө менен, тажрыйба топтоп, такшалдым десем болот. Чындыгында борборго караганда элет жакта иш табыш оңой. Эсимде, менин борбордо калган кесиптештерим кабарчылык кызмат тургай, корректорлукка илинбей көпкө жүрүштү. Ал кезде ар бир райондо, облуста бирден гезит боло турган, көбү кыргыз жана орус тилдеринде бири-бирин кайталаган гезиттер эле. Республикалык гезиттер да саналуу эле. Ошого жараша, республика боюнча бир гана университетте журналистика боюнча окуткан жалгыз бөлүм бар болчу. Аны аяктагандарды да дароо эле кабарчылыкка кабыл алчу эмес. Бул жагынан алганда, мен жолдуу болдум окшойт. Ошол кездеги шартка байланыштуу айылга барып иштөөгө туура келди. Буга бир чети борбордо бизге окшогон жаш адистерге жумуш табуу кыйынга тургандыгы да түрткү болду. Келинчегим Замира Мамбеталиева – кесиби боюнча мугалим, балдарга чет тилдеринен сабак берет. Ага да жумуш табылбады, анын үстүнө ал кезде кыргыз тилинде окуткан мектептер өтө эле аз эмес беле…

Марат КАЧКЫМБАЕВ: “КОЛУНА КУРАЛ ЭМЕС, КАЛЕМ САП КАРМАГАНДАР КӨБӨЙСҮН”

Марат Абдыбекович, жубайыңыз жөнүндө айтып калдыңыз, студент кезде айыл чарба жумушуна Ярославль жергесине баргандагы бир кызыктуу окуяны айтып бергениңиз эсиме түштү. Жаштыктын жалындаган жылдарын бир эскерип кетпейсизби?

— Айтса, айтып берейин. Студенттик кез тоону томкорчудай дымак берген өзүнчө бир керемет дүйнө тура. Бар-жокко, алыс-жакынга баш ийбеген өрттүү курагыбыз союз учуруна туш келди. Ошол кезде биздин республика Россиянын Ярославль облусунда Кыргызстан совхозун куруп жаткан. Биз, көптөгөн жогорку окуу жайлардын студенттери студенттик отряд түзүп, курулушта иштеп калдык. Замира эжең Шуколово деген кыштакта, мен Ростов районундагы Караш деген айылга туш болдум. Эки айылдын ортосу болжол менен 12-15 чакырымдай. Барганыбызга жарым айга чукул убакыт өттү, ал кезде азыркыдай мобилдик телефон кайда, биз барган жерде беркиндей телеграф байланышы да жок экен. Бир жолу алтынчы күнү эртеңки эс алууну болжоп, таң атпай сүйлөшкөн кызыма жолугушууга кеттим. Баратканда бир ЗИЛ машинага түшүп алып тез эле жеттим. Экөөбүз жолугуп, аны-мунуну сүйлөшкөнчө, кечки саат төрт-беш болуп кетиптир, коштошуп алып, шашып жолго чыктым. Карасам, жолдон бир да унаа көрүнбөйт, жолду баскан арбытат деп өзүмдү-өзүм сооротуп, асфальт жол менен кете бердим. Канча жүргөнүмдү билбейм, аңгыча каш карайып калды. Орусиянын токойлору укмуш эмеспи, туш тарабыңды баш аягы көрүнбөгөн токой курчап турат. Мен жатак жерибизге жетишпей калып, жетекчиликтен тил угуп калуудан чоочулап, жолду кыскартууну чечтим да, болжолдоп сол тарабымдагы токойго кирдим. Жыш токойдун арасы ого бетер күңүрттөнүп караңгы, тир укмуштай сүрдүү көрүнөт. Асман тиреген окшош карагайларды аралап баратып, бир маалда бараткан багытымды жоготуп алсам болобу! Ошентип түн кирди, мен көзгө сайса караңгы токойдо жап-жалгызмын… Аңгыча “какаганга муштаган” болуп жамгыр төгүп кирди. Шуудураган бак-дарактар, шамалга карс-курс сынган бутактары, айтор, айланамда эмне болуп жатканы түшүнүксүз, туңгуюк. Мен туш келди кетип баратам. Бир маалда алдымдан алба-далба болуп бирдеме чуркап өткөндөй болду. Орустун токойлорунда аюулар жүрөт дегенди эстеп, ого бетер эсим чыкты. Оозумдан келмемди, колумдан чоң союлумду түшүрбөй, улам бир карагайга корголоп кете бердим, токтосом эле ошол жерде калып калчудай сезим каптап туруп алды. Аз жүрдүмбү, көп жүрдүмбү белгисиз, айтор бир маалда баамдасам, айлана агара баштагандай, асманды карасам, ырас эле таң сүрүлө баштаптыр, жайында кудай жалгап түн кыска эмеспи. Менин сүйүнгөнүмдү айтпа… Эптеп отрядыма жетип эле жыгылып, ооруп калдым. Жетекчилерден тил уктум, албетте. Баарынан да теңтуштарым, айрыкча, Кемел деген курсташым: “Өмүрүңдү тобокелге салып ошончо барганыңдан улам, сүйгөнүң  бир укмуш сулуу го десе, Сары-Өзөн-Чүйдүн эле бир сары кызы турбайбы” деп көпкө күлүп жүрдү. Сөздүн кыскасы, сүйлөшкөн кызыма жолугам деп барып, ушундай чоң сөзгө калгам. Ошол эжең экөөбүз баш кошконубузга 45 жылга аяк басты. Үч кыздуу, сегиз неберелүү болдук. Үч кызым тең жогорку билимдүү. Улуу кызым Надира менин кесибимди улап журналист болду. “Чүй баяны” гезитинде иштеп жүрүп, азыр элет жеринде мугалим. Андан кийинки кызым Асель менен кичүү кызым Альбина апасынын жолун жолдоп мугалимдик кесипти тандады.

Марат КАЧКЫМБАЕВ: “КОЛУНА КУРАЛ ЭМЕС, КАЛЕМ САП КАРМАГАНДАР КӨБӨЙСҮН”

Сиз Таластан келгенден кийин “Аламүдүн кабарлары”, “Эркин-Тоо”, “Чүй баяны” гезиттеринде иштедиңиз. Менимче, “Чүй баяны” гезитинде башкы редактор болуп иштеп жүргөн кезиңиз сиздин чыгармачылыктагы жемиштүү жылдарыңыз болду го?

— Туура, анын үстүнө мен “Чүй баяны” гезитинин башкы редактору болуп 15 жыл үзгүлтүксүз иштедим. Башка аймактарда кандай билбейм, бирок борбор калаага жакын жайгашкан Сары-Өзөн-Чүй өрөөнүндө орус тилдүү окурмандар басымдуу болгондугу үчүнбү, гезиттин нускасын көтөрүү эң чоң көйгөйлөрдүн бири эле. Ошого карабастан, түрдүү кароо-сынактарды уюштуруп, гезиттин окумдуулугун арттыруу максатында, мезгил талабына жараша аздыр-көптүр аракеттерди аткардык. Ошол кезде “Чүйүбүз – куттуу үйүбүз” сынагын байма-бай өткөрүп, “Сары-Өзөндө молчулук болсо, өлкөдө токчулук болот”, “Сары-Өзөн-Чүйгө саякат”, “Эл эмне дейт” ж.б. көптөгөн рубрикалардын алдында актуалдуу макалаларды жарыялап, Чүй өрөөнүндө аброй топтой алдык деп ойлойм.

Замандын тез өзгөрүлүп жатканын карагыла, биз иштеп жүргөндө “Учкун” басмаканасында ариптерди темирге терип, чыканакка чейин кара май болуп, кээ күндөрү типографияда таң атканга чейин жүрчү элек. Азыр ал тууралуу жаштарга айтсаң, өзүнчө эле жомоктой сезилери бышык. Азыркы жаш калемгерлер типография эмне экендигин билбей калды да. Бир кабинеттен чыкпай, бир чекит аркылуу типографияга жиберип коет десе, ал кезде биз да ишенбес элек. А бирок мен азыр кээде ошентип күнү-түнү күжүлдөп иштеген ошол кезди кадимкидей сагынам, түшүмө да кирет…

Азыр чынында эле оңой. Оңой дейин десең, бирок маалымат майданы өтө катаалдашып бараткандай ээ, агай?

— Маалымат майданы кандай болгон күндө да, кесипкөй, сабаттуу адистерге суроо-талап ар дайым өз күчүндө кала берет деп ойлойм. Азыр интернеттеги социалдык желелерде көзөмөлсүз жарыяланып жаткан маалыматтар, бирөөнүн аброюна шек келтирүү, элдин назарын өзүнө буруу үчүн чын-төгүнүн билбей туруп, калпты-чынды койгулаштырып ушак жазгандарга чабуул жасашыбыз керек. Алар кесипкөй журналисттердин дарегине доо кетирип жатат.

“Дүйнөнү маалымат башкарат” деген сөздүн төгүнү жок. Кай бирде бир сөз, бир маалымат бир чоң жаңжал чыгарып жибериши мүмкүн. Мен бир жерден колуна курал кармаган адам эмес, колуна калем кармаган адамдын жеңишке жетүүгө шансы көбүрөөк экендиги жөнүндө окудум эле. Андыктан, маалымат жазууда, аны таратууда өтө так жана сак болушубуз керек. Ырас, биздин турмушубузда интернет пайда болгондон бери китеп, гезит окугандар солгундап калды деп жатабыз. Телевидение жаңы тарай баштаганда, театр өлөт дешти эле, андай болгон жок. Анын сыңарындай, биздин турмушубузда гезит-журналдардын да өз орду жоголбойт деп ишенем. Мисалы, “Кут Билим” гезитин биз үй-бүлөбүз менен үзбөй окуп, өтө керектүү маалыматтарды алып турабыз.

Марат Абдыбекович, кесиптик майрам алдында жолугуп, маектешүүгө мүмкүнчүлүк тапканыңызга чоң рахмат! Үй-бүлөңүз менен бакубатчылыкта болуңуз!

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер