“МАНАС”-STEAM:  ЭПОСТОГУ ИЛИМИЙ ФАКТЫЛАР

  • 30.05.2023
  • 0

 “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси эки жылдан бери билим берүүдө STEAMтехнологиясын окуу процессинде пайдаланып жүрөт. Өткөн жылы ата-энелердин назарына STEAM-БОЗ ҮЙ изилдөөсү тартууланса, быйыл 8-1 жана 10-классынын окуучуларынын катышуусунда “STEAMМАНАС – “Манас” эпосундагы илимий фактылар” аттуу изилдөө окуучулар тарабынан жогорку деңгээлде презентацияланды. Узак мөөнөттүү долбоорду эң билимдүү, жигердүү, республикалык масштабда чоң эмгектерди жасап келаткан, “Айбилим” билим платформасынын ээси, заманбап технологияны окутуудагы окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Касымбек Жамалбеков жетектеген.

“МАНАС”-STEAM:  ЭПОСТОГУ ИЛИМИЙ ФАКТЫЛАР

Кулаалы таптап куш кылдык, курама жыйып журт кылдык!

Долбоордун жетекчиси Касымбек Жамалбековдун айтымында, быйылкы долбоор башкалардан татаалдыгы менен айырмаланган.

— STEAM багытындагы иш-чарабызга окуучулар эле эмес, мугалимдер дагы көп маалымат топтоп, билимибизди байыттык. Балдарга үйрөтүү үчүн өзүбүз үйрөнүшүбүз керек экен. Окуучулар ар бир предмет боюнча “Манас” эпосундагы илимди изилдешти. Ата-бабаларыбыздын акылман болгондугуна баа да, таң да бердик. “Кулаалы таптап куш кылдык, курама жыйып журт кылдык” дегендей, ыйык, касиеттүү “Манасты” жөн эле изилдеп койбостон, окуучулар менен мугалимдер чогуу баатырлардын курал-жарактарын, кийимдерин өз колдору менен жасап чыгышты. Илим, тарбия, салт-санаа, үрп-адатты жайылтуу жана кыргыз элинин баалуулуктарын, мурастарын даңазалоо – биздин мектептин миссиясы,   — дейт долбоордун жетекчиси.

Комплекстин генералдык директору Гүлнара Дайырбекованын айтуусунда, негизги иш-чаранын максаты – илим менен улуттук баалуулуктарды айкалыштыруу.

— Негизги миссия — ата-энелерге балдардын алган билиминен сырткары алардын сүйлөгөн сөзүнөн, баскан-турганынан рахат алсын, сүйүнсүн деп уюштуруп келебиз. Мектепте бир гана билим берүү эмес, жашоого да даярдоо керек. Эртеңки күнү балдардын арасынан кандай сонун адамдар чыгат. Булардын келечеги кең, кезегинде элдин алдына чыгып сүйлөшү, команда менен иштеши мүмкүн. Бир гана предметтерди терең билбестен, адамдар менен мамиле түзүүнү, өз оюн дыккан, так айта алган, өзүн алып жүргөндү, эмоциясын башкара билүүнү  үйрөткөнгө туура келет. Андыктан мугалимдер чогулуп, чогуу иштеп, сабырдуулук, чыдамкайлык менен алган теманы изилдеп, үйрөткөнгө аракет кылышты. Өтө татаал теманы алыптырбыз дешти. Ата-энелер балага улуттук баалуулуктарды, ата-бабадан келаткан мурастарды жүрөгүнө сиңиргенге мүмкүнчүлүктөрү жок. STEM-инновациялык билим берүүнү предметтик сабактардын алкагында бир теманы узак мөөнөттүк долбоор катары алып, окуучулар мугалимдер менен бирге изилдөө жүргүзүшөт. Өткөн жылы боз үйдү иликтешсе, быйыл касиеттүү Манасты алып, татаалдыгына карабай, кызыктуу фактыларды таап чыгышты. Мындай мамиле бир эле бизди эмес, ата-энелерди дагы кубантып келет, — деди Г.Дайырбекова.

Манас баатыр тарыхый инсанбы?

Презентациянын алдында Манастын кырк чоросунан турган театрлаштырылган сценкада Нескара, Коңурбай баатырлардын Манасты жекеме жекеге чакырышы, хан Кошой менен Жолойдун кармашуусу ж.б.у.с. көрсөтүлүп, андан соң окуучулар тарых, математика, биология, химия, астрономия предметтериндеги изилденген фактылар, АРТ-студиядагы окуучулар өз колдору менен жасаган панолор, куржундар  көрсөтүлдү.

“МАНАС”-STEAM:  ЭПОСТОГУ ИЛИМИЙ ФАКТЫЛАР

“STEAM-МАНАС – “Манас” эпосундагы илимий фактылар”  теманын үстүнөн окуучулар өздөрүнүн изилдөөлөрүн тарыхый фактылар менен далилдеп бергенге аракет кылышты.

8-класстын окуучулары эгемендүүлүктүн келиши  тарых илимине  жана  «Манас» эпосуна кызыгууну мамлекеттик деңгээлге чыгара алганын, бул иштердин  башында   Кыргызстандын туңгуч Президенти, академик Аскар Акаев өзү туруп, анын демилгеси менен 1996-жылы Таласта “Манас -1000” мааракеси өткөрүлгөнүн айтышты. Орус окумуштуусу А.Н.Бернштамдын пикиринде,  «Манас» аттуу ысым алып жүргөн инсан жөнүндө тарыхый маалыматтар жок болсо да, анын прототиби катары 840-жылы Уйгур кагандыгын талкалап, “Улуу Кыргыз дөөлөтүн” калыптандырган белгисиз кол башчы жана баатыр, ажо болуусу мүмкүн жана анын  «Манас» эпосунун алгачкы уюткусу жаралган деген божомолду келтирген. Ал эми “Манас” эпосу 840-жылдагы улуу окуядан баштап жаралган деген пикирди орус окумуштуусу С.Кляшторный айтканын мисал келтиришти. Анын пикири боюнча,  IX кылымдын ортосундагы Енисейдеги кыргыз каганатынын Уйгур каганатына жасаган жортуулу жана  кыргыз кол башчысы  Алп Солдун,  качкан уйгурларды кубалап Чыгыш Түркстанга, Тибетке чейин келиши кыргыз элинин “Манас” эпосун жаратууга түрткү берген окуялар болушу мүмкүн деген божомолу айтылган. Хунну империясын негиздеген Тоуман хан эпостогу Манастын чоң аталарынын бири Түмөн хан, анын уулу Модэ бул Манас деп эсептеген окумуштуу, тарых илимдеринин профессору  Ө.Осмонов  экенин  баса белгилешти.

“МАНАС”-STEAM:  ЭПОСТОГУ ИЛИМИЙ ФАКТЫЛАР

Жаш изилдөөчүлөр белгилүү журналист,  “Манас” изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин божомолуна да токтолушту.  Окумуштуунун айтуусуна караганда, алтайлык Кутлук Элтерес  682-жылы кытай аскерлерине каршы чыгып, беш миңдей аскер топтоп, адегенде Батыш Түркстанды, анан Чыгыш Түркстанды кытайлардан бошоткондугу жөнүндөгү маалыматка таянып, кытайлыктар жазган Кутлук Элтерес – Куту улук Эл Төрөсү – Манас баатырдын өзү болгон деп тыянак чыгарат.

“МАНАС”-STEAM:  ЭПОСТОГУ ИЛИМИЙ ФАКТЫЛАР

— Жыйынтыктап айтканда, окумуштуу изилдөөчүлөр «Манас» баатырдын болжолдуу түрдө жашаган мезгилин  көрсөтүү менен тарыхтагы сиздер көрүп турган инсандар болушу мүмкүн деген пикирлерди айтышкан, — деди окуучу-изилдөөчү.

Эпостогу математикалык фактылар 

Математикада эпостогу кызыктуу изилдөөлөр баарыбызды кайдигер калтырган жок. Окуучулар Каркыра жайлоосуна чейинки аралык, Көкөтөйдүн ашында тигилген боз үйлөрдүн саны, ашка канча эл келгени,  оюндарга сайылган байгенин саны тууралуу кызыктуу фактыларды математикалык эсептөөлөр менен көрсөтүп, далилдеп беришти. Каркыра жайлоосу менен Таластын ортосу 875 км түзөөрүн, 15 саат жол жүргөндөрүн, эгер “Манастын 1000 жылдык” мааракесинде 1000 боз үй  тигилсе, Көкөтөйдүн ашында 300000 боз үй тигилгенин, 300 эсе көп экенине токтолду.

“МАНАС”-STEAM:  ЭПОСТОГУ ИЛИМИЙ ФАКТЫЛАР

Ашка ким канча колу менен келген? Маселен, Коңурбай 100000, Нескара 7000, Мурадил 10000, Жолой 30000, Алооке 50000 ж.б.у.с., жалпы 671403 кол келгени айтылды. Баарыбызды кызыктырган ат чабышка коюлган байгелердин саны болду. Окуучулардын изилдөөсүнө караганда, ат чабышка  100 ат чыгып, алардын арасынан алдыңкы келген 61 атка төмөнкү байгелер ыйгарылган: 1-орунга 80000 жылкы, 1000 атан төө, 9000 уй, 100000 кой, 90 боз үй. 2-орунга – 40000 жылкы, 500 атан төө, 4000 уй, 50000 кой, жалпы жонунан байгеге 130500 жылкы, 1875 атан төө, 13600 уй, 180000 кой, 90 боз үй коюлган экен. Ушул малдар канча эт берээрин да эсептеп чыгышкан. Жалпы 71600000 кг эт берсе, ошондо Кыргызстандын 7000000 калкына ар бирине 10 кг.дан эт жетерин эсептешкен. Эң кызыгы,  батман — кыргыздын байыркы чен бирдиги экенин ырга салып да айтып беришти.

Күч келтирбейин деп сага,

Алты батман буудайды,

Бадырак кууртуп жегемин.

Азыр байкасам,

Таз карыным, таза жалмаптыр, Карынымда как,

Жумурумда жук калбаптыр.

Андан соң окуучулар химия, биология, астрономия сабагында изилденген илимий фактыларды презентациялашса, АРТ-студиянын окуучулары нукура жүндөн даярдаган, көздүн жоосун алган панолорду, куржундун жасалуу ыкмалары менен тааныштырышты.

Ошентип, келген коноктор, ата-энелер комплекстин жетекчилерине, жалпы педагогикалык жамаатка терең ыраазычылыктарын билдирип, сунуштарын айтышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер