“МАНАС” БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

  • 17.11.2022
  • 0

Балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн  улуттук “Сейтек” борбору, Билим берүү  жана  илим  министрлигинин  алдындагы  Республикалык  педагогикалык  кызматкерлердин  квалификациясын  жогорулатуу жана кайра  даярдоо  институту  менен  биргеликте мектеп  мугалимдери үчүн ”“Манас, “Семетей”, “Сейтек” — кыргыз элинин баа жеткис  руханий мурасын“ окутуу жана жайылтуу боюнча атайын курс өтүп жатат. Аталган курстун максаты — Манас  таануу, манасчылык,  дастанчылык, төкмөчүлүк,  комуз менен ырдоо  боюнча,  мектептик жана мектептен тышкаркы  мугалимдердин, ийрим жетекчилеринин билимдерин жогорулатууну көздөөдө.    

“МАНАС” БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

“Манас” эпосу аркылуу келечек муунду  тарбиялоо

— Президент С.Жапаровдун “2022-2027-жылдарга  улуттук  наркты  сактоо жана  өнүктүрүү  жөнүндө   улуттук  программаны  бекитүү“ Жарлыгынын,  ”“Манас, “Семетей”, “Сейтек” — кыргыз элинин баа жеткис  руханий мурасын“ окутуу жана жайылтуу боюнча токтомунун негизинде   курсту өткөрүп жатабыз.  “Манас” эпосунан  улуттун  наркы, дөөлөтү болгон: акылмандыкка,  айкөлдүккө, даанышмандыкка,  элдин биримдигине, ошондой эле   атуулдукка, мекенчилдикке  келечек ээлерин  тарбиялайт.  “Манас”  эпосунан  улуу  тилибизди, каада-салтыбызды,  музыкалык аспаптарды  тапсак болот, — дейт “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова.

“МАНАС” БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

Улуттун  жүзү  болгон, кыргызды  кыргыз  кылган,   бүткүл дүйнөгө  таанытып,  балдар  арасында  “Манас”  эпосун  жайылтуу,  окутуу иретинде, бул курстун программасы түзүлгөн.

— “Элдик оозеки  чыгармалардын жаш муундарды тарбиялоодогу   ролу” жөнүндө лекциялар, практикалык сабактар  “Сейтек” борборунун  базасында өтүп жатат. Бул  курсту  көрүнүктүү  манасчылар,  атактуу мугалимдер,  профессорлор жана  “Сейтек” борборунун  мугалимдери өтүшүүдө, — дейт борбордун директорунун орун басары Ира Балтабаева.

Курска республиканын булун-бурчунан отуздан ашык мугалим келип, билимдерин жогорулатышууда.

Мугалимдин жүрөгүндө “Манас” баян катылган

Ысык-Көл районундагы “Жаш кыял” балдар чыгармачылык уюмунун “Манас таануу” ийриминин жетекчиси Нургүл Акматалиева касиет даарыган,  оозунан ыр куюлуп турган өзгөчө мугалим экен. Ал балдардын жан дүйнөсүн көтөрүүдө өзүнүн эргүүсүнөн төгүлүп-чачылып чыккан ырларын окуп берүү менен сабакты баштайт.

“МАНАС” БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

— “Ушул тилде улуу “Манас” жаралган,

Ушул тилде тарых изи таралган,

Таш бетинде калган болсо сүрөтү,

Жүрөгүмдө “Манас” баян катылган.

Мен кыргызмын дегендердин канында,

Улуу күч бар, үмүт оту чачылган,

Биз тукуму урпактары Манастын,

Улам таанып улуу күчүн барынан,

Сен изилде Манас деген сөз баркын,

Сен изилде Семетей деген сөз баркын,

Мен изилдейм бабам Сейтек ким болгон?

Калкын коргоп, калкалаган канатын,  – деп жазган ыр саптарым менен балдарды шыктандырам, кызыктырам. Балдардын аракети,  талабы, манас айтууга дилгирлиги бизди алдыга сүрөп, иштетет, — дейт курстун катышуучусу. 

Интеллектуалдык оюн балдардын духун көтөрөт

Нургүл Акматалиева “Манас” интеллектуалдык таймаш оюнуна  балдарды даярдоодо алгач өзү эпосту окуп, анан балдардын эсинде калуу үчүн кайра бир сыйра окуяны айтып берет. Мугалим ийримге келген балдарды үч тайпага бөлүп алган.  Биринчи тайпада 3-4-класстын, кийинки тайпада 5-6-класстын, андан соң 8-11-класска чейинки манаска кызыккан балдар кирет. Окуучуларынын ичинен үч гана окуучуда касиет бар экенин аныктап, алар менен өзгөчө иш алып барат. Ал эми калган кызыккан окуучулар эпосту жаттап айтышат. Мугалим оозеки чыгармачылыкка  кызыккан окуучуларды манасчылар менен жолуктуруп, аларды шыктандырган соң керилген манасчы болуп чыгышат экенин айтты. Азырынча элеттик мугалимдин окуучулары райондук деңгээлде өткөн гана таймашка катышып келишет. Ал эми хор менен айткан манасчылар сынагында анын сегиз окуучусу 3-орунду камсыздашкан.

“МАНАС” БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

Манастаануучу адистер жокко эсе

Курстун катышуучуларынын айтымында, мектепте, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринде Манастаануу сабагын берүү үчүн кесипкөй адис жокко эсе. Андыктан бул сабак жалаң гана кыргыз тили жана адабияты же тарых мугалимдерине кошумча жүктөм катары бөлүнүп калган.

“МАНАС” БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

— 8-класста “Манастаануу” деген курс бар, аны өзүбүздүн календардык планыбызга ылайыктап түзүп алабыз. Башталгыч жана 5-класста “Манас таануу” жомок катары таанытылат. Сабак жеке мугалимдин өзүнүн тажрыйбасына таянып эле окутулат. Биздин сунушубуз: мектепте  төрт кыргыз тилчи болсо, анын ичинен бирөө манас таануу багытындагы тилчи катары иш алып барса. Ошол мугалимге толук кандуу ставка берилип, ал жалаң Манастаануу менен алектенсе,  ошондон кийин гана  Манас таанылат. Менимче, окуучуларды бир эле оюнга байлабаш керек. “Манас” эпосу  – мухит. Курска келгендин баары методика издеп келдик. Келечекте жождордо кыргыз тилчи мугалим  манастаануучу деген кошумча адистикте даярдалып чыкса, — дейт Н.Акматалиева.

Интеллектуалдык таймашка даярдоодо мугалимдер бир эле эпосту жаттатуу эмес, анын ичиндеги окуяларга басым жасап, көөнө сөздөрдү алып чыгып, түшүндүрүп, макал-лакаптардын дагы маанисине өзгөчө маани бурушат.

Курстун катышуучулары билбеген көп нерселерди үйрөнгөндөрүн, сабак учурунда артисттик чеберчиликке, балдардын баскан-турганына, сүйлөгөн речине, дикциясына, чечендик өнөргө кантип  үйрөтүү керек экенине даректүү маалыматтарды алып, мээге чабуул ыкмалары кызыктырганын билдиришти.

Жүз миңден ашык окуучу катышкан телетаймаш

“Манас” телетаймашынын уюштуруучусу, “Манас” театрынын кызматкери Бакыт Самүдүновдун айтымында, Манастаануу сабагын өтүүдө көп көйгөйлүү маселелер бар. Жогорку окуу жайларда  кесипкөй адистерди даярдаган окутуучулар жок.

“МАНАС” БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

— Маселе көп. Манастаануу сабагын окутуп, жеткиргенге жогорку окуу жайларда кесипкөй адистердин жоктугу. Биз билгенден жогорку окуу жайлардагы бир семестр берилген Манастаануу сабагында да мугалимдер студенттерге керек болгон нерсени бералбай жатышат. Анткени алар дагы манас таануучу адис эмес. Кыргыз тилчи болобу, тарыхчы болобу же башка тармактан келип эле, сабак берип калган. Экинчиден, мектептерде Манастаануу сабагына саат бөлүнбөгөндүгү, айрым мектептерде болгону ийрим катары гана окутулат. Көпчүлүк мектептерде кыргыз тилчи мугалимдер өзүнүн кызыгуусунан, мекенчилдигинен  улам  атайын убактысын бөлүп, айлык акы албай, окуучуларды даярдап, таймашка катышып келишет. “Манас” телетаймашуунун башталганына 11 жылдын жүзү болду. Урунуп-беринип отуруп бир топ жолго коюулуп, көпчүлүк мугалимдер ыгын таап, акыркы кездерде жакшы ийгиликтерге жеттик. Манастаануу сабагын өтүүдөгү методдорду, жол-жоболорун, эмнелерди өтүү керек, эмнелерди үйрөтүү керек экенин түшүнүп калышты. Ар бир кыргыздын кан жанында манас каны айланып турат. Ар бир кыргыздын манас рухун, духун ойготсо болот. Эң башкысы Манасты канкор, баскынчы катары көрсөтпөй, андагы таалим-тарбияны, биз үйрөнө турган нерселерди, Манас бизге кантип идеология болуп берет, кыргыздын энциклопедиясы дегенди түшүндүрүп, жеткирүү керек. Ошол окуучулардын кызыгуусун ойготуп алгандан кийин калганы жеңил кетет.  “Манас”  интеллектуалдык таймашка 11 жылдын ичинде болжолдуу 100 минден ашык окуучу катышты. Негизинен жылына 12 миң окуучу бул оюнга катышып турат. Эки-үч жылдан бери бала бакча, жогорку окуу жайлардын, кесиптик лицейлердин арасында өтө баштадык.  Ал жерде дагы кызыккандар көп. Эми мамлекеттик кызматкерлер арасында дагы өтөбүз деген ниетибиз бар, — дейт курстун окутуучусу. —

Ошентип, курска келген мугалимдер билгенден билбегендери көп экенин айтып, “Сейтек” борбору уюштурган курс дайыма өткөрүлүп турса деген ниеттерин билдиришти.

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер