Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов: “ЭЛ НАРКЫ ЖАНА СӨЗ БАРКЫ”

  • 25.04.2023
  • 0

Айтылуу француз ойчулу Виктор Гюго «Адамдын улуулугу бою менен эмес, анын ою менен ченелген сыяктуу, элдин улуулугу да саны менен эмес, анын жараткан руханий дөөлөтү менен аныкталат» деген экен. Анысы кандай, бирде чабылып – кайра жаңырып, бирде чачылып – кайра табылып, кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз элинин бар өнөрү сөзгө бүттү, «Манас» дастаны баштаган көөнөрбөс дөөлөт күттү, ооздон-оозго көчтү, акыры бизге жетти…

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов: “ЭЛ НАРКЫ ЖАНА СӨЗ БАРКЫ”

Сөз баркы жана убада наркы

Ошентип, кыргыз башынан айтылган сөздү ардактай билген, убадага бек эл болчу. Анан канттик? Ачыгын айтыш керек, азыр сөздүн баркы кетти. Адегенде сөз берип, кол алышып коюп, анан убадасын унутуп, алакан жая кол шилтеп баса берүү адатка айланып калды. Өзгөчө саясий маданият жаатында көйгөйлөр көп. Дегеле, саясий маданият адамзаттын тарыхый узак жолунда калыптанып калган баалуулуктарынын, ички ынанымдарынын, жүрүм-турум жол-жоболорунун турукташкан тутуму болуп саналат.

Азыркыдай өткөөл кезеңде коомдогу кайра курумдардын ишке ашуусуна толгон-токой тоскоолдук жараткан негизги көйгөйлөрдүн бири – адамдын же адамдар тобунун, же болбосо кайсы бир коомчулук катмарынын ой жүгүртүү жөндөмүн өзгөртүү кыйынчылыгы. Саясий элита бул багытта айрым бир иш-чараларды уюштуруп коюу менен гана чектелет. А бирок аны коомчулук өз алдынча жөнгө сала албайт. Мындай арабөк абалда мамлекет өзү эки тизгин, бир чылбырды колго алууга туура келет.

Жалпы адамзаттын өсүп-өнүгүүсүнүн өзөгү катары көрүнүп жаткан «демократия» түшүнүгү тегин жерден чыккан жок, жайдак жерге конгон жок. Байыртан эле кыргыз элинин коомдук түзүлүшүнүн кыртышында элдик демократия салттары боло келген. Албетте, ал азыр сырттан таңууланып жаткан демократия түшүнүгүнөн айырмаланышы мүмкүн. Бирок, түпкү мааниси баягы эле ар бир орчун маселеге карата коомчулук өкүлдөрүнүн ар кандай көз карашта катышынан көрүнөт.

Өткөн өмүр сабагы – жети акеден накыл кеп

Кыргызда той-аш берүү, куда-сөөк күтүү, конок тосуу, сөөк коюу, жайыттарды пайдалануу, жайлоого көчүп-конуу каадалары менен ырым-жырымдарын журт башылары менен журт жакшылары чечкен. Коюлган доо жана өнбөгөн кун маселелерин бектер менен бийлер чечкен. Ал эми аксакалдар кеңеши майда-барат талаш-тартышты тынчытып, урушкандарды жараштырып, чийден чыккан тентектерин өздөрү эле тыйып койгон. Чыгарган бүтүм аткарылбай калбаган. Кыскасы, кандай маселе болбосун, чындыгына жетилген, ченемине жараша чечилген.

Маселен, айтылуу жети акени алалы. Калкыбыздан караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, журт уютуп эл баккан көптөгөн адамдар чыккан. Эл оозунда алар жөнүндө мындай бир накыл кеп айтылат: жаш сурасаң Карга акеге, бата сурасаң Мойт акеге, акыл сурасаң Сарт акеге, айла сурасаң Тилекмат акеге, чындык сурасаң Садыр акеге, калыстык сурасаң Карач акеге, касиет сурасаң Кыдыр акеге бар деген нуска кеп азыр дагы өз маанисин жоготкон жок. Мындай журт жакшылары – азыркы тил менен айтканда, саясий маданиятыбыздын тиреги! Кыргызда мындай чыныгы элдик институттар арбын болгон.

Кезинде түрк урууларынан куралган хунну (гунн) бирлигинин башында туруп, Борбордук Азиядан байыркы Рим империясынын чегине чейин жортуул жасап, тарыхта өчпөс изин калтырган айтылуу Аттила (Адил кан) бабабыз мындай керээз калтырган дешет: «Баатыры миң, бийи бир эл – өсөт, баатыры бир, бийи миң эл – өлөт!». Муну эгерим эстен чыгарбайлы. Бизге өткөн 30 жылдын сабагы жетиштүү эле болду окшойт.

Өткөөл кезең: мамлекеттик бийлик эрки менен күчтүү

Биздин башкы максат дагы, негизги милдет дагы азчылыктын укугун чектебеген көпчүлүктүн чын эрки менен мыйзамдуу калыс чечимге келген коомду куруу, кыргыз элинин эзелтеден келаткан элдик демократия салттарына, эбак эле электен өтүп калган эл аралык алдыңкы тажрыйбаларга таянуу менен, келечекте бакубат Кыргызстанды калыптандыруу болуп саналат. Качанкыга чейин «катылбасаң – катылбайм» ынанымы менен кайдыгер жашай берүүгө болот…

Президентибиз Садыр Жапаров өз оюн таасын-так билдирген: “Биз бул жолу элибиздин мамлекеттик бийликке карата ишенимин калыбына келтиребиз. Ага эркибиз дагы, күчүбүз дагы жетет. Эми бийлик башындагыларга талап катуу коюлат. Элге жакын болуп, аймактардын муктаждыктарын билишиңер керек. Көйгөйлөрдү жеринде чечүү жолдорун сунуштагыла. Баштагыдай күтүп отура бермей жок. Бул багытта мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен биргелешип иш алпаргыла!” — деди ал.

Чындыгында эле, азыркы шартта калкыбыздын ишенимине ээ болуу эң башкы милдеттердин бири болуп саналат. Ишенимсиз өсүш жок. Элдин мамлекеттик бийликке карата ишеними, биринчи кезекте, дал ушу мамлекеттик бийликтин, анын ичинде аткаруу бийлигинин жигердүү иш-аракетине жараша болору бышык. Карапайым калктын калың катмары “баатыры бир – бийи миң” башаламандыктардан тажап бүттү. Абалды тезинен турукташтырып, элдин жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүү зарыл.

Латын тилинен алганда, «революция» деген термин «ре» жана «эволюция» деген эки сөздөн туруп, кыргызча «төңкөрүш» деген түшүнүктү эле билдирет экен. Демек, революция болгон өлкө эволюциялык жол менен ырааттуу өнүгө албайт, кескин бурулуштар менен түркүн кубулуштар жүрөт, өйдө-төмөн туруксуздук өкүм сүрөт. “Маселенин туура коюлганы – анын жартылай чечилгени” дейт. Кыргызстан ырааттуу өнүгүү жолун тандап алды. Буюрса, келечек үчүн чогуу кадам шилтей турган кез келди!

Беш түп дарактуу токойдо беш жыл бою адашкан бар

Ошентип, Кыргызстан бирдиктүү, ырааттуу, туруктуу өнүгүү жолун тандап алды. Байыркы грек ойчулу Папандреу аксакал айтыптыр: «Өлкөң бай болуп, элиң билимсиз болсо – жаман. Өлкөң бай болуп, элиң билимдүү болсо – жакшы. Өлкөң жарды болуп, элиң билимдүү болсо – ага деле чыдоого болот. Ал эми өлкөң жарды болуп, элиң да билимсиз болсо – андан өткөн кордук жок!».

Албетте, арабызда беш түп дарак токойдо адашкандар менен беш жыл бою бакылдап, куру кыял, кургак сөз менен тажаткандар да жок эмес. Азыртан эле «абийир чыгашасы – алакан кирешеси» сарсанаасы же сай-санаасы менен жашаган, бир айтканын миң кайталап какшаган, мындай чыгып сайга ыргытып таштаган саясий шылуундарга мындан ары андайга жол берилбейт деп так кесе айтууга убакыт жетти.

Бизге айткан сөзүнө кылган иши төп түшкөн, эл милдетин аягына чейин аркалай алган, жамы журт кызыкчылыгын коргой билген күчтүү бийлик, жетекчилик эрк керек. Демек, биз өз айылындагы көпүрө менен өз үйүнө чейин созулган таш жолдун деңгээлинен эбак көтөрүлгөн, саясий маданияты жогору, жаңы шартта, жаңы нукта иш алпара алган бийлик бутактарына ишеним көрсөтүүгө тийишпиз. Адам мыйзамга кызмат кылбастан, мыйзам адамга кызмат кылышы керек.

Эгерде калкыбызда саясий маданият болбосо, өлкөдө туруктуу кырдаал орнобосо, Кыргызстан азыркы замандын атаандаштык шартына туруштук бере албайт, экономика көтөрүлбөйт, калк турмушу оңолбойт, жалпы абал жакшырбайт. Ар жаран өз укуктарын билүү менен бирге, өзүнүн коом алдындагы милдеттерин да унутта калтырбашы керек. Анте албасак, акыры ансыз деле алкы ачылган “жапан демократиянын” жемсөөсүнө жук болбой калышыбыз ажеп эмес.

Мыйзам жолу – катаал жол, а бирок…

Ар жаран өзүнүн жарандык милдетине атуулдук ынаным менен мамиле жасай алганда, жакшылык менен эгерим жалгашпаган жоболоңдуу жорук-жосундан арыла алабыз. Ошондо гана мыйзам жолу өз өкүмүн көрсөтүп, бар бийлигин чындап жүргүзгөн болот. Ырас, мыйзам жолу – катаал жол. Бирок, өсөр элдин андан башка өтөлгөлүү жана өнөлгөлүү жолу жок. Ал үчүн баарыдан мурда жалпы коомдун, анын ичинде ар жарандын саясий маданиятын көтөрүү зарыл.

Ошентип, саясий маданият адам баласынын өз керт башына, жеке көз карашына карата мамилесин (өздүк жеке сапат – менталитет), адамдын башка адамдар менен болгон мамилесин (адеп-актык – этика), адамдын коомчулуктагы ордун (жарандык озуйпа) аныктайт. Ошондой эле, саясий маданият, жарыя айтылган сөз жалпы мамлекеттик саясаттын, мындайча айтканда, улуттук нарктын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Кантсе да, бүткүл адамзат – бир бүкүлү дүйнө, кыргыз эли – анын бир бөлүгү! Азыркыдай ары-бери чайкаган, чама-чаркың байкаган ааламдашуу доорунда жамы адамзат өнүгүүсүнөн четте калууга акыбыз жок. Бирок биз жалпы адамзат дүйнөсүнө нечендеген кылымдардын сыноосунан тайгылбай өткөн улуттук өзгөчөлүгүбүздү, салт-санаабызды, руханий баалуулуктарыбызды сактоо менен кирип, өзүбүздүн татыктуу ордубузду табууга тийишпиз.

“Өз атаң өлсө дагы, Сөз атасы өлбөсүн” демекчи, улуттук саясий маданиятыбызды жогорулатып, азыркыдай сынаакы учурда сөзүбүзгө бек туруп, сак бололу, убадабызга так туруп, ак бололу, кандай заман болбосун бап бололу. Эгерде биз өтүмүштөн сабак алсак – болумушту, болумуштан сабак алсак – келечекти көзөмөлдөй алабыз!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер