“МАГА КЫРГЫЗДАРДЫН БИЛИМ АЛУУГА ДИЛГИРЛИГИ ЖАКТЫ”

  • 17.03.2023
  • 0

ГОВИНД ДЕСАИ, IMPERIAL ENGLISH COMPANY мекемесинин директору, Улуу Британия

Тумандуу Альбион артынан келген Говинд ДЕСАИ мырза менен англис тилинде пикирлештим. 18 жыл мурун Индиядан Лондонго окууга барып, андан бери ал жакта орун алып, онлайн окутуу боюнча дүйнөдө таанымал компанияда иштеп калганын, ошондой эле өзү менен кошо алып келген англис тилин окутуу программасынын кандай артыкчылыктары бар экенин айтып берди.

“МАГА КЫРГЫЗДАРДЫН БИЛИМ АЛУУГА ДИЛГИРЛИГИ ЖАКТЫ”

—  Говинд мырза, сизди Бишкекте көргөнүбүзгө кубанычтабыз!

— Рахмат! Мен дагы сиздердин керемет өлкөгө келгениме толкунданып турам. Кечээтен бери борбордогу төрт мектепти кыдырганга үлгүрдүм. Мага кыргыздардын меймандостугу жана билим алууга дилгирлиги жакты.

Борбор Азияга биринчи жолу келишиңизби?

— Жок. Буга чейин Алма-Атада болгом. Казакстан, Өзбекстан,  анан Грузияга да жумуштап баргам.

Билим берүү маселеси менен да?

— Туура айтасыз! Мен иштеген IMPERIAL ENGLISH COMPANY мекемесинин бөлүмү  Бирмингем шаарында жайгашкан.  Бирмингем өзүңөр билгендей, чоңдугу боюнча Улуу Британиянын Лондондон кийинки экинчи шаары болуп эсептелет. Компаниябыз  дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө билим берүү кызматын көрсөтөт.

Сиздердин окуу программалардын артыкчылыгы эмнеде?

— IMPERIAL ENGLISH курстары тажрыйбалуу адистер тарабынан түзүлөт жана алар эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул программа менен студенттерди окутуу кыйла жеңил, анткени бардык дэңгээлдер үчүн атайын окуу китептери, ошондой эле санарип тиркемелери бар.

“МАГА КЫРГЫЗДАРДЫН БИЛИМ АЛУУГА ДИЛГИРЛИГИ ЖАКТЫ”

Курсту бүткөндөргө сертификат берилеби?

— Сөзсүз берилет. Ал эми тилдик көндүмдөрүн андан ары өнүктүрүүнү каалагандар үчүн Улуу Британияга эки жумалык жана бир айлык курстар каралган.

Чындыгында эле практика болбосо тилди үйрөнүү кыйын. Муну бизге мурунку союз учурундагы жаттап окутуу методикасы көрсөттү. Ачыгын айтсаңыз, азыр кайсыл усулдар тил үйрөнүүчүлөргө көбүрөөк керек?

— Тилди үйрөтүүнүн салттуу ыкмалары өз доорун жашап бүттү. Бул айныксыз аксиома экени чындык.  Азыркы жаштар тилдерди жаңы технологиялардын жардамы менен окуп-үйрөнгүсү келет.

Мугалимдердин жаңы технологияларды шыр колдонуп кетүүсүнө COVID-2019 пандемиясы түздөн-түз таасир этти го дейм?

— Сиздердин өлкөдө эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө, анын ичинде Улуу Британияда дагы, айрыкча Казакстан, Өзбекстанга окшош өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө да ушундай жагымдуу көрүнүштөр болду.

Кыргызстандык  англис тилчи мугалимдердин жаңы технологияларды колдонуу аракеттерине кандай баа берер элеңиз?

— Байкашымча, көйгөйлөр жок эмес. Колдонуудагы китептеринин эбак эскиргенин көрүп,  окуучу жаштар англис тилин Британ стандарттарына ылайык окуп-үйрөнсө  деген ойдо калдым.  Бул эмне болгон билим дээрсиз?  Санарип окутуу бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Санарип окутууда үйдөбү, көчөдө жүрүпбү, ага карабастан колдогу планшет, ноутбук аркылуу сапаттуу билим алууга болот.  Бирок бул үчүн мугалимдер мамлекеттик  жана  коомдук институттардын ар тараптуу колдоосуна муктаж. IMPERIAL ENGLISH курстарынан мугалимдер онлайн форматта сабак өтүү чеберчилигин өнүктүрө алышат. Ал эми Британиядагы  эки жумалык жана бир айлык курстардан кийин алардын дүйнө таанымы кеңейип, тилде эркин сүйлөө, өз оюн ачык, так, негиздүү айтуу көндүмдөрү калыптанат. Айтып коёюн, биздей эле онлайн курстардын баасы 100 долларды түзөт.

Сапаттуу билим бекер болбошу керек деңизчи, бирок биздин өкмөттүн азырынча буга чарк-чамасы жетпейт.

— Сиздерде эле эмес, бардык өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө абал ошондой. Бирок кол куушуруп олтургандан пайда жок. Издениш керек. Көйгөйдү чечүү жолдорун карап көрүү зарыл. Мисалы, эл аралык уюмдар, ар кандай фонддор бар эмеспи, аларга муктаждыкты түшүндүрүп долбоор жазууга эмне үчүн болбосун?!

Жакшы сунуш айттыңыз. Муну сөзсүз колго алуу керек экен…

— Баса  июль айында Британияда өтүүчү курстарда мугалимдер жаңы технологияларды колдонууну гана үйрөнүшпөстөн, биздин өлкөнүн эң бир ажайып жерлеринде, атап айтсак, Лондон, Манчестер, Кэмбридж жана Оксфорд шаарларында болушат. Мындан тышкары, күнүмдүк сабактарда дүйнөнүн чар тарабынан келген башка мугалимдер менен тажрыйба бөлүшүп, пикир алышат.

Менин түшүнүгүмдө онлайн билим берүүдө өлкөлөрдү бөлүп турган чек ара болбойт тура. Кандай ойдосуз, ушуга биздин мугалимдер даярбы?

— Дүйнө азыр абдан бат өзгөрүп жатат. Бизде учурда судандык мугалимдерди онлайн окутуп жаткан бразилиялыктар, Кувейт менен Катардын мугалимдерине аралыктан билим берген африкалыктар, кытайлыктарды онлайн үйрөтүп жаткан ирандык мугалимдер бар. Мен казак, кыргыздардын арасынан да эртең орусиялык же башка жердик мугалимдерге онлайн билим берген устат мугалимдер чыкса экен деп тилек кыламын.

Кечээтен бери борборубуздун төрт мектебинде болдум деп айттыңыз, сиз сунуштаган программага алардын мамилеси кандай болууда?

— Окутуу жолун, метод, ыкмаларды  тандоодо ар бир мектептин, окуу жайдын өз позициясы бар экени кубандырат. Сиздерде мектептердин баары заман талабынан артта калбоого тырышат экен. Бул албетте жакшы көрүнүш. Биздин сунушка негизинен кызыгуу чоң.

“МАГА КЫРГЫЗДАРДЫН БИЛИМ АЛУУГА ДИЛГИРЛИГИ ЖАКТЫ”

 — Говинд мырза, биздин окурмандарга өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз…

— Мен өзүм Индиядан болом. Улуу Британияга билим алууга барып, 18 жылдан бери ошол жакта иштеп жатамын. Англис тили дүйнөгө эшик ачат дегенге өзүмдүн жеке жашоом аркылуу ишендим. Сиздерди да ошого ишенүүгө чакырар элем. Дүйнөдө азыр англис тили кенен жайылган Индия сыяктуу өлкөлөр, ошол эле кезде бул тил такыр колдонулбаган Кытай өңдүү жабык өлкөлөр бар. Кимиси утушка ээ болууда? Англис тилдүү индиялык жаштар Европанын, Американын эң бир белгилүү интернет компанияларында эмгектенип жатышат. Ааламдагы эң көп акча тапкан программисттер да индиялыктар болуп эсептелет.

Кызыктуу маегиңиз үчүн сизге терең ыраазычылык билдирем! Кыргызстандагы иш-сапарыңыз байсалдуу болсун!

— Чоң рахмат!

Маектешкен: А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”, АКСЕЛСтин “Жаматтар байланышы” программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер