ӨМҮР ДА ТОП СЫЯКТУУ
- 20.05.2026
- 0
Жети : нөл
Педагогика илимдердин кандидаты, Кыргызстандагы мини футболдун негиздөөчүсү, чыныгы педагог Медет Букуевдин бейнесине айрым сүртүмдөр
1:0
Адамгерчилик
Бу инсан менен 1996-жылы мен Президенттик аппаратта иштеп жүргөндө тааныштым. Ошондо алгач жолу Кадыр деген досу экөө мини.футбол боюнча республикалык чемпионатын өткөрүштү эле. Карапайым, жөнөкөй, футболдун фанаты экенин байкадым. Ара-чолодо эле учурашып калып жүрүп, ал киши менен кайра 25 жылдан кийин кенен баарлаштык. Анда бул ажонун кеңешчиси болуп калган. Баягыдай эле карапайым, жөнөкөй, футболдун фанаты бойдон эле калыптыр.
Андан бери доорлор өзгөрдү. Алты Президент алмашты. Саясат өзгөрө берет экен, бирок терең кишилер өзгөрбөшүн ошондо баамдадым. Ошол эле учурда бир жакын таанышым чоң кызматка барып калды. Бир жумага жетпей муруту булут чийип, төбөсү асман тешип, буту жер баспай, жасалма интеллект менен жасалмалап койгондой, корооз моюну койкоюп, Трамптын байлыгын, Илон Масктын аймагын, Димаштын атак-даңкын чөнтөгүнө салып жүргөнсүп манчыркап калыптыр. Кийин жерге түшкөндө сүйлөшөйүн дедим. Адам үчүн күн сайын адам болуу кандай кыйын.

2:0
Туулган жер
Кыргызстанда эң көп окумуштуулар чыккан үч айыл бар. Бирөөсү көлдө – Бостери, экинчиси Чүйдөгү – Чоң-Кемин жана Кегети айылдары. Медет агай ошол Кегетиден. Чүйдүн керемет жерлеринин бири. Тоосу, токою, шаркыратмасы. Бир канча министрлер (А.Турсунов, А.Какеев) ректорлор (И.Исамидинов, С.Мамбеткалиев, А.Какеев), ген.прокурор (Ч.Абышкаев). Ар бир көчөсүндө он чакты илимдин кандидаты, докторлору чыккан. Банктын төрагалары, соттор, таланттуулар ордологон айыл. Беш-алты ар кайсы уруулар жашайт. Мундуз, солто, ичкилик, моңолдор, черик, саяк, азык, адыгене, сарбагыш жана башка. Ынтымактуу кут ордологон айыл.
Эң мыкты музыкалык мектептер борбордо. Бирок неге мыкты обончулар, Р.Абдыкадыров, Т.Казаков, А.Керимбаев айылдан чыгат?
Эң мыкты сүрөт мектептери борбордо. А эмне үчүн атактуу сүрөтчү, бедизчи Тургунбай Садыков, Г.Айтиев, С.Чокморовдор ж.б айылдан чыгат? Менимче айылдын табигый кооздугу, суунун шары, жердин сулуулугу, аба-ырайынын кескин өзгөрүшү, булактын тазалыгы, адамдардын миң түркүн жоруктары, жаратылыш сырлары, балдардын дүйнөсүн оңдоп, аруулук сезимдеринин түптөлүшүнө, чыйрак өсүшүнө таасир берсе керек. Таланттуулар, атактуулардын түбү айылдан чыккан. Эми да чыга берери шексиз.
3:0
Үй-бүлөлүк бакыт
Адам баласы эң ириде үй-бүлөдө бактылуу боло албаса, башка жерден бакыт таап алышы кыйын. Жубайы Айна жеңе менен азыр да кечээ эле үйлөнгөн жаштардай жетелешип, тойлордо, мааракелерде, театрда, филармонияда, ал тургай конференцияларга да бирге жүргөнү баарыбызга үлгү. Жеңенин жүзү дайыма жайдары. Көп угуп, аз сүйлөйт. Сөз үстүндө эркектердин сөзүнө аралашканын байкабадым. Үйүнө кирсең дасторкону белен. Медет байкенин футболдон да мурунку кымбат табылгасы Айна жеңе экени шексиз.
Улуу баласы Нурдин калыс катары 18 жыл бою 2008-жылы Бразилияда, 2002-жылы Тайландда, 2016-жылы Колумбияда, 2021-жылы Литвада өткөн дүйнөлүк чемпионаттарын тейлеген жалгыз дүйнөдөгү калыс катары гиннестин “рекорд” китебине киргени жалпы өлкөбүз үчүн улуттук зор сыймык эмеспи. Небереси Архад Медетбеков болсо, Ташкентте өткөн эл аралык кичи турнирде эң жаш мыкты оюнчу катары таанылды. Нурдин эң соңку дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалында дүйнөдөгү эң күчтүү эки команда Италия менен Испания ойногондо калыстык кылды. Муну бүт дүйнө карап турду. Учурда Нурдин Букуев Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы кызматын аркалап жатат. Кичүү баласы Нурбек болсо медицина илимдеринин доктору, республикалык онкология борборунун жетекчиси.
Медет агайдын сүйүктүү небереси Байтик капыстан автокырсыктан кайтыш болуптур деген суук кабарды угуп, үйүнө жетип бардык. Небересинин жансыз денеси боз үйдө, ал эми уулу Нурдин болсо күйүткө чыдабай эс учун жоготуп бактын арасында жаткан экен, врачтар укол сайып. Үстүнө кирдик. Каңырыгы түтөп, жүрөгү жанчылып, боору эзилип, он эки мүчөсү чачырап, жан дүйнөсү боздоп атса да сыртынан билгизбей, көздөгү тамчы жашты жашырып, кайратыбызды кабыл алып, “Үйгө киргиле” дегендей кылды. Нарктын өлүмдөн да улуу экенин ошондо туйдум. Нарк болбосоң коё кал! Не деген трагедия! Не деген салт! Мергенчиникиндей курч көздөрү тунара түшкөндөй, шадылуу ийиндери бүкүрөйө түшкөндөй сезилди. Бирок көп өтпөй эле Байтик баатырдын 200 жылдыгын жалпы республикалык деңгээлде өткөрүү боюнча чапчаң киришип, айкелин орнотобуз деп чуркап жүргөнүн кезиктирдим. Небереси – Байтик. Чоң бабасы – Байтик. Ошентип өзүн алаксытайын деп жаткандай сезилди. Кайгыга мөгдөп калбады. Бир мүдүрүлүп, кайра оюнга кирген чабуулчу футболчудай талаага кирди. Топ көрсө эле кубалап кетчүдөй бала кыялы кайра жанданды. Кайгынын капшабы жакшылык менен гана жылыйт эмеспи.
Анткени бир жашынан атадан ажырап, төрт жашка чейин балдар үйүндө өсүп, турмуштун далай сыноосунан өткөн. Ийилди, бирок сынбады.
4:0
Футбол жана мини футбол
Медет Букуев бүт өмүрүн футболго, анын Кыргызстанда өнүгүшүн арнаган бирден бир инсан.
1977-жылы Дене-тарбия институтуна алтынчы жолу тапшырып өтөт. Группада жыйырма беш баланын үчөө эле кыргыз эле. Артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Ошол кездеги чыгаан ректор Бейшен Турусбековдун жеке сунушу менен Москвага аспирантурага жөнөйт. Бүткүл союздук дене-тарбия илимий институтунун аспирантурасында окуп, 1989-жылы кыргыздардан биринчи болуп, (СССРдин “Торпедо-Москва”, 1924-жылы негизделген) футбол клубунун тарыхына байланыштуу темада илимий диссертациясын коргойт. Футболду мурда талаада көрсө, эми бул керемет дүйнөнүн ичинен иликтейт. Ошондогу СССРдин футболдогу курама командасындагы атактуулары В.Лобановский, О.Блохин, И.Беланов, В.Рац, В.Чанов менен жакындан таанышып, машыгууларды бирге өткөзүп, илимий негизде керектүү тажрыйба алат. Ал тургай легендарлуу Лев Ящин жана Эдуард Стрельцов менен жеке мамиледе болот, ошолордун таасириненби, айтор Бишкекке кайтып келет. “Кычагансып” эң оор хаос жылдары 1994-жылы Кыргызстарда кичи футбол ассоциациясын негиздейт.
Футбол талаасы, тескерисинче, базар талаасына айланып жатканда агымга каршы агып аны түптөйт. Каражат жок. Бирок амбиция бар. Спонсор жок. Бирок фанаттар бар. Курсак деле ток эмес. Бирок топ бар.
Бүгүн, кудайга шүгүр, Кыргызстанда футбол дүйнөсү, залдар, стадиондор өсүп-өнүгүүдө. Анын башында Президент С.Жапаров турганы талаш эмес. Бирок М. Букуевдей фанаттар болбосо ушул деңгээлде көңүл бурулмак беле, ким билет? Илгери дүйнөнүн чемпионаты болуп жатканда бир классташым минтип айтканы эсимде: “Мергенчилерди түшүнөм, кийикти кууп жүрүп акыры бирин атып, этин жейт. Кумарчыларды түшүнөм, карта ойноп жатып, акыры утат. А бул тоголок топтун артынан кууп жүргөндөрдү такыр түшүнбөйм. Же анысы акча болуп чөнтөктү толтурбайт, же тамак болуп курсакты толтурбайт” дейт. М.Букуев мына ошол биз анча түшүнүп-түшүнө бербеген чыныгы футболдун фанаты.
5:0
Элдик дипломатия
Бир жолу агай менен сүйлөшүп отурсак, арабыздан бирөөсү “Медет Омошевич, сиз эмне маселе боюнча ажого кеңешчисиз?” – деп сурап калды. Ойлонуп туруп, “Өзүм да билбейм” деп күлүп ийди. Мен тамашага салып айттым,
– “Бейбечаралар, футбол жана түрмөгө түшкөндөрдү кайра бошотуу боюнча кеңешчиси” десем экөө тең бир сыйра күлүп алышты.
Медет Омошевичтин көмүр менен жылыган эки кабат жупуну шаар чекесиндеги үйүндө кимдер гана келбейт. Сыйлык ала албай жүргөн артисттер,… баласы оппозиция болуп жүрүп түрмөгө отуруп калган Чүйлүк аксакал,… курултайчылар,… Байтиктин Басбөлтөгүнө кыш заводун салдырбайбыз деген жигиттер,… бийликтен каражат издеген кинорежиссер,… ишинен бошогон губернаторлор, оорунун азабын көп тарткан М.Тураева ж.б.у.с. Букуев болсо “акаевчил, бакиевчил, атамбаевчил, текебаевчил” экенине карабай баары менен текши кездешип угат. Себеби ал калыс адам. Менимче уулу Нурдин дүйнөлүк деңгээлде калыс болуп жүргөнү эң ириде атасынын мүнөзү болсо керек. Медет байке манчыркабайт. Текеберленбейт. Бирөөнү жамандабайт. Сөгүнбөйт. Казынага да, казиного да кол салбайт. Бийликте жүрүп, наам, орден, сыйлык албады. Андай оору менен оорубайт. Эң чоң байлыгы ажонун ишеними жана элдин сыйы деп билет. Коммерциясы, бизнеси, соодасы жок. “Процентке отурганды”, “доляга киргенди”, “откат” эмне экенин да билбейт.
6:0
Аруу жүрөк
Эки өспүрүм талашып атат дейт. Бири айтат дейт. “Эң таза жүрөк сүйүүгө толгон жүрөк” деп. Экинчиси макул болбой, “Жок, сүйүүнү көргөн жүрөк сүйүүгө мас болуп калат, көзү тунарып калат, ал калыс боло албайт”. Аны угуп отурган карыя; “Жок, эң таза жүрөк адамга жакшылык кылганга шашылган жүрөк” — дейт. Менимче, Медет байкенин жүрөгү дал ошондой жүрөк. Далай адамдарга жакшылык кылгандарын билем. Аны ачылып мактанып ар кимге айта бербейт. Азыр жогорку кызматта. Ал кызматта турганда элге, айрыкча карапайым адамдарга колдон келишинче жардам бергенге аракет кылат. Бирөөгө дайыма жакшылык кылганга шашылат. Бирөөгө жакшылык кылып андан ырахат алат. Кыргызчылыктын касиетине, улуу күчтөргө ишенет. Сыпайы, нукура интеллигент. Немистей так. Кыргызчылыкка ишенет. Орустун “ак молдосу” менен карым-катнашы бары-жогун билбейм. Ислам дүйнөсү боюнча Кара-Балтадагы Абдрахман Шейх менен баарлашканды жакшы көрөт. Залкар жазуучу Казат Акматов менен ини дос болгон. Бир эле мекени, бир эле өмүрлүк жары, бир эле машинасы, бир эле сүйгөн кесиби, бир эле шефи – Президенти бар. Бирок бүт партиялар менен чай иче берет. Ошонусунун айынан кээде ушак-айыңдар чыгып кетет. Ал ушактар байма-бай өйдөгө жетип турат. Бийлик чөйрөсүндө мындай интригалар буга чейин да болуп келген, кийин да боло бермекчи. Болгону, эл алдында жүзүңүз жарык болсо – ошол жетиштүү.
Медет Омошевич, сиз бактылуу инсансыз. Жетимиш жыл жашап, анын алтымышка жакынын топ кууп, ал эми бүт өмүрүңүздү адамга жакшылык кылганга арнадыңыз. Үлгү болчу үй-бүлөнүн кожоюнусуз. Абийирге камчы чаптырбай келе атасыз.
Сарайда – малы, банкта – акчасы, базарда – павилиону деле жок. Бирок жакшылык кылууга шашылган ак ниет жүрөгү бар. Эң чоң байлык ошол эмеспи.
7:0
Маараке
21-май күнү Медет байке 70 жашка толуп отурат. 70 боз үй тигилбейт, 70 жылкы союлбайт, 70 күлүк чабылбайт, 70 ящик арак ичилбейт, болгону түз эле топ кубалап кетчүдөй жаш сергек көрүнгөн, азыр эле жарышка түшчү тапталган күлүктөй сергек, ичи тартылып турган, эки канатын эле серпсе эле көккө атырылып ушчу шумкардай шукшурулган, кырча муруту куп жарашкан Медет байкени 70 жаш кутман куракка келди деп ким ойлоптур. Андан калса топ кууган өмүр өтө шашылып өтөт окшобойбу. 70 жаштын сырын Медет байке менен Айна жеңеден билсек болот. 80 жаштын сырын бир билсе, Миталип Мамытов менен Медеткан Шеримкулов билер. 90 жаштын сырын бир билсе А.Жумагуловичтен сурасак болот. 100 жаштын сырын Кусейин Карасаевдин китептеринен окуп билсек болот. Андан ары түбөлүктүүлүк бар. Ал сырларды Көкөтөй карыядан, Бакай атадан, Кошой балбандан билсек болот.
Бир билгеним, Медет Букуев 80, 90, 100 жашка чыкканда да (ал убакта “дакансачылар” таркап, фейктер жаңы спонсор “кожоюн” таап алган болор) азыркы ажонун жанында ошондо (10, 20 жылдан соң) да 5-6 киши калса, ошонун бири Медет Омошевич болоруна ишенем. Бул киши пахта өстүргөндү, тергенди, сатканды, койгонду билбейт. Пахта десе “кулак чукуган кебез” деп түшүнөт. Ушул бир калыптагы мүдүрүлбөс, калыс жүрүшүңүздөн жазбаңыз, Медет агай.
…Өмүр да топ сыяктуу. Тоголонот. Кызыктырат. Чуркайсың, кубалайсың, тердейсиң, кээде таамай, кээде коомай тиет, тайып кетет, жыгыласың, мүдүрүлөсүң, кайра турасың, жеңесиң, жеңилесиң, ыза болосуң, кубанасың, гол киргизесиң. Биз үчүн топтун иши сыяктуу сезилет. Ал эми Медет Омушевич үчүн топтун ичи өзүнчө бир аалам, өзүнчө бир галактика.
Ошентип жүрүп Омошевич, жети ирет гол киргизип, “7:0” менен, жеңиш менен 70 жаш кутман куракка келип отурат. Келечекте “8:0”, “9:0”, “10:0” болгон күндөргө Кудай жеткизсе экен.

К.Иманалиев,
Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы
Комментарийлер