LESSON STUDY: МУГАЛИМДЕР КАНТИП БИРГЕ ӨСӨ АЛЫШАТ?
- 26.04.2026
- 0
2026-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» эл аралык университетинде билим берүү тармагындагы ири окуя – «Бирге үйрөнүү, бирге өсүү» аттуу эл аралык конференция болуп өттү. «Маариф» билим берүү комплекси жана «Назарбаев интеллектуалдык мектептери» тарабынан уюштурулган бул иш-чара Lesson Study (Сабакты изилдөө) ыкмасына арналып, ага Кыргызстан менен Казакстандан 600гө жакын педагог катышты.

Мугалимдин инсандыгы – билимдин ачкычы
Конференцияга агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, мугалимдин ролуна өзгөчө токтолду:

— Окуучунун билимге болгон кызыгуусу эң оболу мугалимдин инсандыгына байланыштуу. Мындай форматтагы иш-чаралар педагогдор үчүн тажрыйба алмашуунун эң натыйжалуу аянтчасы болуп саналат, — деп белгиледи министр.
«Бирге үйрөнүү, бирге өсүү»: тажрыйба алмашуу аянтчасы
Иш-чаранын максаты — Кыргызстан менен Казакстандын билим берүү коомчулугунун кызматташтыгын чыңдоо, алдыңкы педагогикалык ыкмаларды жайылтуу жана Lesson Study маданиятын өнүктүрүүнү көздөдү. Ошондой эле “Lesson Study (Сабакты изилдөө)” ыкмасын жайылтуу аркылуу мугалимдердин өз ара үйрөнүүсүнө шарт түзүү, сабакты талдоо маданиятын өнүктүрүү, педагогикалык кызматташтыкты бекемдөө жана билим берүү тармагындагы эл аралык тажрыйбаларды Кыргызстандагы мектептерге алып келүү.
Конференциянын алкагында мастер-класстар, ачык сабактар жана практикалык сессиялар уюштурулуп, катышуучулар өз ара тажрыйба бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
«Ала-Тоо эл аралык университетинин ректору, профессор Нурзат Асиналиева бүткүл дүйнөдө билим берүү тармагында олуттуу сыноолор болуп, чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп, ошол эле арасында Кыргызстанда да бир нече чоң чакырыктар жана өзгөрүүлөр болуп жатканына токтолду.
— Окутуу технологиялары гана эмес, жалпы билим берүү философиясы, мугалимдердин ролу жана окуучулар менен иштөө ыкмалары да өзгөрүүдө. Бүгүнкү конференциянын өзгөчө баалуулугу ага катышкан абройлуу эл аралык эксперттер, окумуштуулар жана практиктердин салымында. Сиздердин изилдөөңөр жана тажрыйбаңар заманбап билим берүү тармагында кандай багытта өнүктүрүүнү аныктап, келечектеги пайдубалын түзөт деп ишенебиз. Кесиптештердин диалогуна мейкиндик түзүп берип, окутуу менен билим берүүнүн жаңы маданиятын калыптандырууга салым кошуу биздин башкы жоопкерчилигибиз,- деди ректор.
Ахмет Түркбен: «Мугалим – билим берүүнүн пионери»
“Түркия Маариф” фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү Ахмет Түркбен өз баяндамасында мугалимди даярдоо стратегиялык артыкчылык экенин айтты. Анын пикиринде, мугалим жөн гана маалымат таратуучу эмес, баланын потенциалын ачкан насаатчы болушу керек. Билим берүү мектептин короосунда, коридорунда да уланып, бала өзүнүн бааланганын сезиши зарыл.

— Санариптик курчоодо акыл менен жүрөктүн тең салмактуулугун сактоо – бүгүнкү күндүн негизги чакырыгы. Биз мугалимдерибиздин жөн гана маалымат өткөрүп берүүчү адам катары эмес, окууну башкарган, окуучунун потенциалын байкап, аны өнүктүргөн жана анын ички дүйнөсүнө тийе алган жол көрсөтүүчү (насаатчы) болушуна чоң маани беребиз. Биз үчүн мугалим — өз окуучусун тааныган, анын инсандык өнүгүүсүнө шерик болгон жана ар бир баланын ар башка муктаждыгы, өзгөчө тили жана үйрөнүү жолу бар экенин билген билим берүү пионери. Бул түшүнүккө ылайык, мугалим менен окуучунун байланышы сабак сааттары менен гана чектелбеши керек деп эсептейбиз. Окуучу коридордо, мектептин короосунда, иш-чараларда жана багыт берүү процесстеринде өзүнүн бааланганын сезе турган мектеп чөйрөсүн негиз кылып алабыз. Баланын жүрөгүн, сезимдерин жана ички дүйнөсүн коргогон билим берүү ыкмасы — бул процесстин эң негизги үлүштөрүнүн бири. Окуучунун ички дүйнөсү көңүл сыртында калганда, улуттук жана руханий баалуулуктар алсыраганда, жүрөктү азыктандырган тарбия чынжырлары бошогондо, бардык жерде бир чачырандылык жана башаламандык орун алат. Эгерде үй-бүлө билим берүүнүн алгачкы очогу болуу касиетин бекем сактай албаса, бала үй менен мектептин ортосундагы бүтүндүктү сактоодо кыйналат. Эгерде курдаштар арасындагы өз ара байланыш, шериктик жана бир туугандык чөйрөсүн түзө албасак, муун бир эле учурда кысым астында калат. Санариптик курчоо чектелбесе — акыл, жүрөк жана ишеним, баары «туткунга» алынат. Эгерде эркиндик түшүнүгү ченем, жоопкерчилик жана таандык болуу сезими менен тең салмакталбаса, инсан өзүн гана борборго койгон өзүмчүл адаттарга жакын болуп калат. Бул алкакта биз окуучунун академиялык жетишкендигин гана эмес, анын эмоционалдык абалын жана инсандык өнүгүүсүн кылдаттык менен байкаган мектеп маданиятына маани беребиз, — деди Ахмет мырза.
Япониянын тажрыйбасы: 100 жылдык тарых жана Минамата окуясы
Конференциянын өзгөчө коноктору Япониядан келген белгилүү профессорлор болду. Анын бири Тэцуо Курамото Японияда Lesson Study ыкмасынын 100 жылдык тарыхы бар экенин айтып, өзүнүн практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал Минамата шаарындагы экологиялык көйгөйдү (сымап менен уулануу) мисал келтирип, билим берүүнүн максаты окуучунун өзүн-өзү баалоосун (self-esteem) көтөрүү экенин түшүндүрдү.

— Бүгүн бул жерге үч өлкө ортосунда сабакты изилдөө боюнча билимибиз, маалыматыбыз жана тажрыйбабыз менен бөлүшүп жатканыбыз мен үчүн абдан чоң сыймык. Жапонияда сабакты изилдөө тарыхы 100 жылдан ашат. Бүгүнкү негизги маселе: мектеп ичиндеги сабакты изилдөө деген эмне? Биринчи деңгээл — окуучуга кантип сабак берүү керек? Окуучунун инсандыгын жана академиялык деңгээлин кантип өстүрүү керек? Экинчи деңгээл — мугалимдин өнүгүүсү жана сабакты изилдөө. Кээде адамдар сабакты изилдөөнү жөн гана математика, илим, музыка, искусство сыяктуу предметтерди окутууну изилдөө деп ойлошот. Ооба, сабакты изилдөө окутууну изилдөө үчүн керек. Бирок ошол эле учурда, бул — мугалимдерди даярдоо жана такшалтуу. Демек, сабакты изилдөөнүн эки мааниси бар. Үчүнчү деңгээл — бул мектеп менен коомдун ортосундагы кызматташтык. Мен муну социалдык изилдөө жана МКТны (маалыматтык-коммуникациялык технологиялар) колдонуу мисалында түшүндүрүп берем. Мен Минамата шаарынан болом. Менин туулган шаарым андагы океандын булгануусу менен абдан белгилүү. Азыр мен 63 жаштагы профессормун — бирок жаш кезимде мугалим элем. Мен өзүмдүн коомумда «Минамата оорусу» боюнча сабак берчүмүн. Биздин сабакты изилдөөдөгү билим берүү максатыбыз: «Окуучулар Минамата шаары менен сыймыктанышы керек» деген максат эле. Минамата шаарында океандын булгануусу боюнча абдан оор көйгөй бар болчу, ошондуктан биз жаран катары эч нерсе менен сыймыктана алчу эмеспиз. Ошол кезде (1960, 70, 80-жылдары) бизди басмырлагандыктан (дискриминация), биз Минаматадан экенибизди жашырчубуз. Ошондуктан мугалим катары биз окуу планын иштеп чыгышыбыз керек деп ойлодук. Биз аны «Минамата таануу» деп атадык. Бул жерде окуучунун, предметтин жана коомдун муктаждыгы эске алынды. Коомдун муктаждыгы — бул Минамата оорусунун маселеси. Сабакты изилдөө үчүн эмне эң маанилүү? Мен айткандай, биздин максатыбыз — окуучу өзүн-өзү баалоосун (self-esteem) жана иденттүүлүгүн жакшыртуусу керек болчу. Кеп ушунда. Сабакты изилдөө эмне экенин түшүндүрөрдөн мурун, Минамата оорусу жөнүндө айтып берейин. Бир компания океанга, Минамата булуңуна сымапты төккөн. Балыктар ал ууланган сымапты жешкен, анан адамдар ал балыктарды кармап жеп, ууланышкан. Бул Минамата оорусунун белгилери. Мисалы, эгер мен Минамата оорусу менен ооруган бейтап болсом, мээмде тешиктер пайда болуп, кыймылдай албай, ооруну сезмекмин. Кадимки учурлар ушундай болчу. Менин чоң атам да ушундай болсо керек эле, бирок басмырлоодон коркуп, аны жашырышкан. Минаматанын жарандары катары бизде ушундай оор көйгөй бар эле, — деди Тэцуо Курамото.

Казакстандык эксперттер: Кызматташтыктын жаңы горизонттору
Анвар Жангозин Казакстандын жогорку билим берүү системасынын ийгиликтерине токтолуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми эксперт Дүйшөн Шаматов Lesson Study ыкмасынын Кыргызстан үчүн пайдасын мындайча сыпаттады: «Көп учурда мугалимдер бири-биринин катасын издеп, атаандашып калышат. Ал эми Lesson Study, тескерисинче, кызматташууга үндөйт. Бул ыкма мугалимди өз күчүнө ишенүүгө үйрөтөт. Негизги максаты, мааниси — мугалимдер чогуу, биргеликте иштеп, пландаштырып, сабагына, сабакта өздөрүнүн сабак берүүсүн да күчөтүп, мугалимдер чогуу иштешет, кызматташат. Мунун пайдасы — мугалимдердин мектептеги жагымдуу атмосфера түзөт, мугалимдер бири-бири менен чогуу иштешет. Анан мектептин көйгөйлөрүн мугалимдер өздөрү чече алышат. Дайым эле жогорудан бирөө келип чечип берсин же болбосо эксперттер келип чечип берсин дебестен, Lesson Study мугалимдерде ушундай шыктануу пайда кылат. Алар өзүнүн күчүнө ишене баштайт. Кыргызстан үчүн жайылтса абдан жакшы болмок. Себеби, бул мектепте кээде ушундай маселелер бар да: мугалимдер бири-бири менен кээде сабагына катышканда катаны издеп, атаандашып, анан бири-биринин жанагы олимпиаданын жеңүүчүлөрү же болбосо ЖРТнын жеңүүчүлөрү болуп, мугалимдер бири-бири менен дагы атаандаш болуп калат. Lesson Study болсо, тескерисинче, мугалимдерди кызматташууга үндөйт. Алар мектептин маселесин, өздөрүнүн сабактарындагы маселелерди чогуу чечкенге аракет кылышат. Ошондуктан бул абдан пайдалуу усул. Керек болсо муну педагогикалык окуу жайларга да киргизсе болот. Болочок мугалимдер да ушуну колдонуп, өздөрүнүн дипломдук иштерин жазса болот. Ал эми мугалимдер болсо, эгер жакшы иштесе, мугалимдердин мектепте жагымдуу маанай пайда болуп, мугалимдер кызматташып, окуучулар эң сапаттуу билим алат деген мен ойдомун».

Lesson Study эмне берет?
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар бул ыкманын төмөнкүдөй артыкчылыктарын белгилешти.


Биргелешип пландоо — мугалимдер сабакты жалгыз эмес, кесиптештери менен бирге иштеп чыгышат. Окуучуга басым жасоо — мугалим өзүн эмес, окуучунун сабакты кантип кабыл алып жатканын изилдейт. Ишенимдүү чөйрө — мектепте ката кетирүүдөн коркпогон, бири-бирин колдогон маданият калыптанат. Жыйынтыктап айтканда, «Бирге үйрөнүү, бирге өсүү» конференциясы жөн гана иш-чара эмес, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы чыныгы өзгөрүүлөргө карай ташталган маанилүү кадам болду.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”,
Салкынай САЛМООРБЕКОВА, Малика АСАМАДИНОВА, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенттери
Комментарийлер