Кыялбек АКМАТОВ: “ОКУУ КИТЕПТЕР ЗАМАНДЫН ТАЛАБЫНА ЖООП БЕРИШИ ЗАРЫЛ”

  • 13.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин алдында окуу китептеринин мазмунун, сапатын жакшыртуу максатында республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору түзүлдү. Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев  борбордун ишин уюштуруу, окуу китептерин чыгаруунун натыйжалуулугун арттыруу багытында тиешелүү адистер менен жакында жыйын өткөрдү. Жаңы түзүлгөн борбордун директору, п.и.д. Кыялбек Акматов жаңы муундагы окуу китептери менен  камсыздоо, авторлорду окутуу, алардын базасын түзүү, эксперттерди окутуп, аларды сертификациялоо ж.б.у.с. маселелер тууралуу маек куруп берди.

— Кыялбек мырза, кызмат ордуңуз кут болсун! Түзүлгөн борбордун максатына токтолсоңуз.

— Максаты – окуу китептерин сапаттуу экспертизадан өткөрүү,  экспертизанын төрт түрүн уюштуруу (илимий, илимий-педагогикалык, педагогикалык-практикалык, гендердик); окуу китептерин даярдоого байланыштуу нормативдик документтерди иштеп чыгуу, мазмунуна мониторинг жүргүзүү, анын сапатын жакшыртуу үчүн Басма үйлөрүнө сунуш берүү жана электрондук окуу китептерин даярдоо болуп саналат. Негизинен окуу китептерин чыгаруунун Жобосу 2020-жылдын 16-мартында кабыл алынып, министрликтин буйругу менен бекитилген. Бирок бул Жобого дагы өзгөртүү киргизүү керек болуп турат. Анткени шашылыш даярдалгандыктан, кемчиликтер жок эмес. Бул Жобо боюнча мурда авторлор өздөрү китепти алып келип, анан министрлик  даярдатат эле. Эми окуу китептерин башынан аягына чейин даярдоо жоопкерчилигин Басма үйлөрү конкурска катышып, өз моюндарына алышат. Басма үйлөрү авторлор менен түзмө-түз иштеп, аларга гонорар төлөп, китепти комплекстүү даярдап, анан “Окуу китеби” борборуна  алып келишет. Ошондон кийин биз экспертизанын төрт түрүнөн өткөрөбүз. Мурда бир эле КБАдан экспертизадан өтүп келген.

Окуу китеби окуучулардын окуу материалын өздөштүрүүгө түрткү берүүчү жана  алардын базалык билгичтигин жана көндүмдөрүн, окуучулардын өз алдынча чыгармачылык ишмердүүлүккө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүчү окутуунун каражаты жана билим берүүнүн мазмунун алып жүрүүчү болуп саналат. Окуу китебинде окуу предметинин мазмуну ырааттуу жана системалуу түрдө баяндалат. Адаттагы окуу китептери негизинен билим берүүнүн предметтик-билимдик парадигмасына багытталган жана репродуктивдик мүнөзгө ээ. Анда узун, татаал, ашыкча теориялаштырылган тексттерди, түшүндүрмөсү жок илимий терминдерди, эпсиз аныктамаларды, сандардын, фактылардын көптүгүн колдонуу окуучулар тарабынан окутуунун мазмунун түшүнүүгө кыйынчылык туудурат. Азыркы окуу китептериндеги материалдардын бир өңчөй болушу, мотивациялоочу элементтердин начар берилиши, жетилбеген усулдук аппарат окуучулардын инсандык өнүгүүсүнө жана ийгиликтүү окуу ишмердүүлүгүнө түрткү бербейт.

Окуу китептеринин жаңы муундарын түзүү – билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун, заманбап жана эффективдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн түйүндүү шарты болуп саналат. Бир гана информативдик кызматты аткарган эмес, а көпчүлүк учурда азыркы кездеги жаңы педагогикалык ыкмаларды ишке ашырууга байырлаган, окутуунун ишмердүүлүктүк процессин уюштурууга, окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө, окутуунун активдүү, интерактивдүү жана башка окутуунун заманбап формаларын колдонууга багытталган окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди түзүү керек. Азыркы заманбап мектеп окуу китебинин максаты — окуу китептеринин, окуу-методикалык комплекстердин жана окуу-методикалык колдонмолордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын (ГОС КР), типтүү окуу программасынын жана типтүү окуу планынын талаптарына шайкеш келген билим берүүнүн жаңыланган мазмунун ачып берүү, ал системалаштырылган, дидактикалык жана усулдук жактан кайра иштелип чыккан окуу материалдарын сунуш кылуу менен ишке ашырылат.

Окуу китеби мазмунду тандап алуунун дидактикалык принциптерине, окутуунун максаттарынын системасын ишке ашырууну камсыздоого, окуу материалын мотивацияланган өздөштүрүүгө шайкеш келиши керек. Ал окуучунун илимий көз караштарын, инсандын нравалык сапаттарын калыптандыруу кызматын аткарып, аны окууга, жан дүйнө баалуулуктарында багытын табууга, көйгөйлөрдү чечүүгө аныкталган социалдык ролду аткарууга үйрөтөт. Азыркы кездеги мектеп окуучусу окууну жашоо жана практика менен, окуу ишмердүүлүгүндөгү билимдерин жашоодогу кырдаалдар менен байланыштырууну ишке ашырат.

— Эксперттерди кабыл алуу критерийлери иштелип чыкканбы?

— Эксперттер дагы жогорку деңгээлдеги адистер болушу зарыл. Эптеп-септеп келгендер кабыл алынбайт. Биз эксперттерди да окутуп, сертификациялайбыз. Маселен, илимий эксперттерди алуу үчүн Кыргыз улуттук илимдер академиясына кайрылабыз. Ал жерде география, биология, тарых боюнча адистер бар. Албетте, эксперттердин да базасы түзүлөт.  Илимий-практикалык экспертизага  КБАга, И.Арабаев атындагы КМУга, башка университеттерге жөнөтөбүз. Анткени ал жерде тийиштүү кафедралар иштешет, алар билим берүү стандартына, программага туура келээрин  карашат. Жакшы иштеген эксперттер базабызда тура берет, начар иштеген, жакшы бүтүм бербеген, кемчилик көп кетиргендерди кара тизмеге киргизип коебуз. Кайра алардын ордуна жаңыларды окутабыз. Эксперттердин акысын Басма үйлөрү төлөйт.

— Окуу китептерин чыгаруунун алгоритми иштелип чыкканбы?

— Ооба, түзүлгөн алгоритм боюнча иштейбиз. Биринчи – Билим берүү жана илим министрлигинин китеп сектору окуу китептеринин абалы, камсыз болушу боюнча  мониторинг жүргүзөт. Андан кийин окуу китептерине конкурс жарыяланып, ал  Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына, “Кут Билим” гезитине жарыяланат. Бул сынакка Басма үйлөрү даяр китептерин китеп секторуна алып келишет. Бул сектор табыштамаларды каттайт, кол жазмаларын кабыл алып, анан биздин борборго жөнөтөт. Ушул процесс бир айдын аралыгында аткарылышы керек. Анан биз жогоруда мен айтып кеткен экспертизаны уюштурабыз. Келишимдин негизинде эксперттерди камсыздап, келген китептерди аларга тапшырабыз. Алар бир айдын аралыгында экспертизадан өткөрүшү керек. Анан эксперттердин бүтүмүн биз алып, белгиленген кемчиликтерди Басма үйгө оңдогонго жөнөтөбүз. Эксперттердин айткан сунуштарын эске алып, Басма үйү оңдоп, кайра алып келишет. Ошондон кийин китеп чыгаруу сектору менен бирге апробацияны өткөрөбүз. Андан соң төртүнчү экспертизанын берген кемчиликтерин оңдоо үчүн кайра Басма үйүнө жөнөтүлөт. Ондолгондон кийин гана биз китеп чыгаруу  секторуна жалпы бүтүмдү беребиз, ал министрликтин коллегиясына алып чыгып, буйрук даярдайт. Ошондон кийин БИМ окуу китебине гриф берүү жараяны өткөрөт жана аны сунушталган окуу китептеринин тизмесине киргизет.  Андан соң гана министрлик КРнын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды уюштурат. Биздин борбор китептин ичинде ката жокпу, стандартка, гендердик талапка туура келеби, жасалгасы кандай ж.б.у.с. жооп берет.

Бул бир жылдан бери ишке ашырылып келаткан иш, кечээ жакында жаңы министр кол койду. Эми Адилет министрлигине каттоого жөнөттүк. Буюрса, каттоодон өткөндөн кийин дароо экспертизаны баштайбыз. Окуу китебине өтүнмөлөр түшүп, даяр китептер көп экен.

— Окуу китептери канча тилде басылып чыгат?

— Кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде чыгат. Биринчи кыргыз тилинде даярдалып, ал орус тилине которулат. Бардык тилдерде окуу китептери бирдей программада түзүлөт. Котормосу дагы Басма үйүнүн милдетине кирет.

— Өзбек тилдүү мектептерде Өзбекстандын гимни, Президенти берилген деп айрым директорлор нааразы болушчу эле. Азыр абал кандай?

— Мындан 7-8 жыл мурда Кыргызстан окуу китептери менен камсыздай албаган мезгилде ошондой учурлар катталган. Анан Кыргыз-өзбек университетинин алдында окуу китептерин даярдоо борбору ачылган эле. Анын жетекчиси М.Мамасаидов. Өзбек мектептерине окуу китептерин ошол борбор даярдап келген, ал бюджеттен каржыланат. Ал эми орус мектептерине окуу китеби жетишпейт. Орусиядан келген китептерде, маселен Букварь китебинде  “Родина – моя Россия” деген бар болчу.  Айрым мектеп жетекчилери орустардын ыкмасы, китептин жасалгалашы жакшы деп алдырышат. Эми биздин борбор жогорку деңгээлде чыгаралы деп коңшулаш өлкөлөрдүн китептеринин үлгүлөрүн алып жатабыз. Ар бир китеп адаптацияланат. Мисалы, Моронун китептериндеги Вова, Коля дегендер Асан, Үсөн деп кыргыз менталитетине ылайыктап, которулат, апробацияланат. Анын ичи 30%га өзгөрөт. Бул автордун китебинен башка альтернатива жок болсо, эмне үчүн аны окутпашыбыз керек? Бизде эң чоң проблема — китеп жазган авторлор жок.  Ошондуктан айрым китептер менен алигиче камсыз кылалбай жатабыз.

— Кайсы окуу китептери которулат?

— Өзгөчө орус тилдүү китептер  боюнча проблема чоң. Биология, география, тарых китептерин эми которуп жатышат. Мисалы, 5-6-класстын китептери толук камсыздалды.  Тарых, табият таануу китептери которулуп, эми камсыз боло баштады. Окутуу орус тилиндеги мектептерде Кыргызстан тарыхы китеби алигиче жок. Ушул маселелер жоюлушу керек.

— Менчик мектептер  кайсы окуу китептери менен окушат?

— Бардык мектептердин окуу планы министрликте бекитилет, базистик окуу планынан эч ким чыгалбайт. Стандарттын негизинде окуйт. Болгону жеке менчик мектептерге окуу китептери берилбейт, алар сатып алышы керек. Ал эми мамлекеттик мектептерге бюджеттен каражат бөлүнөт. Басма үйлөрү мамлекеттик заказ алып жаткандан кийин, ириде мамлекеттик мектептерди окуу китептери менен камсыз кылат, калгандарын базарга чыгарат. Азыр негизги күч Басма үйлөрүнө жүктөлүп жатат. Басма үйлөрү дагы жаңы структурасын түзүп, уюштуруп, методист, корректор, редактор кызмат орундарын түзүп жатышат.

Илгери “Мектеп” деген басма бардыгына жооп берчү экен. Ал кийин жоюлуп, чакан-чакан типографиялар ачылып, китептин мазмунуна жооп бербей, келген китепти басып, чыгара беришчү. Ошон үчүн Жобо кабыл алынып, эми Басма үйгө жоопкерчиликти жүктөйлү дедик. Дүйнөлүк практикада ушундай. Коңшулаш Казакстанды алсак, аларда “Окуулук” деген борбор канча жылдан бери иштейт. Бир нече Басма үйлөрү окуу китептерин чыгарышат. Бири башталгыч класстын, бири так илимдерди басышат. Алардын өздөрүнүн дүкөндөрү бар. Коомдук талапка ылайык, биздин Басма үйлөр да ошондой нукта иштегени башташты. Биз альтернативага уруксат беришибиз керек. Мисалы, Казакстанда үч автордун китебин, мугалимдер тандап алып, жакканы менен окутушат экен. Бир басмаканасына ишеним көп артылат экен, ошондон чыккан китепке суроо-талап да жогору. Ошондой эле 3-класстын окуу китептери чейрек-чейрекке  бөлүп чыгарышат. Бул балага да ыңгайлуу, анткени санитардык нормага туура келет. Түстүү, эң башкысы жеңил. Баланын китеп кабы бир нече кг.дан  ашпашы керек деген норма бар. Тилекке каршы, биздин балдар салмагы чоң китептерди салып, кыр аркалары ийри (сколиоз) болуп калууда. Кыскасы, окуу китептери  заман талабына ылайык чыгарылышы керек.

— Жаңы китептер даяр болсо, кайсы китептер жөнүндө кеп болуп жатат?

— 7-8-класстын орус тили, англис тили, математика, кыргыз адабияты китептери версткадан өтүп, даярдалып калыптыр. 7-9-класстардын окуу китебине конкурс жарыяланган болчу. Негизи стандарт ар бир беш жылда жаңыланып турат. Айрым стандарттар жаңыланды, айрымдары эми жаңыланып жатат. 7-9, 10-11-класстарды китеп менен камсыздагандан кийин, кайра башталгыч класстарга кайтып келебиз. Кайсы китептер оңдоого муктаж болсо, кайрадан басылып чыгарылат. Ушундан кийин “Жаңы китеп”  мекемеси китептерди арендага бере башташат.

— Электрондук китепчи?

— Электрондук китептерди Басма үйү кошо даярдап бергиле деп жатабыз. Анын Жобосу бар. Атайын программистер иштейт. Суроо-талапты канааттандырышыбыз керек. Маселе көп, жумуш  оор, акырындап системага түшөт. Он штат деген, азыр карала элек. Азыр адистерди волонтер катары иштетип туруш керек.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер