КЫРГЫЗСТАНДЫН АЯЛДАР КЫЙМЫЛЫНЫН АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧЫ
- 02.03.2026
- 0
“Адам өлсө, сөзү калат артында,
Жакшы атагы жашай берет калкында”
-Жусуп Баласагын
Ибрагимова Галия (Баракан кызы Калыя 1905-1984) 79 жаш курагында каза болгон
Галия ИБРАГИМОВА 1905-жылы Нарын районунун Миң-Булак айылында малчынын үй бүлөсүндө төрөлгөн. Галия Ибрагимова 1920-1930-жылдардагы кыргыз активист аялдарынын ичинен алгачкылардан болгон.
1921-жылы Кыргыз ССРинде, Түркмөнстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда партиялык органдарда иштеген, коммунист Сейдекерим Ибрагимовго турмушка чыккан. 1925-жылы Фрунзе шаарында 6 айлык курсту аяктагандан кийин облустук советтик партиялык мектепке окууга кирет. Ошол учурдан баштап анын аялдар кыймылындагы активдүү ишмердиги башталат. 1929-жылы ал Кыробком ВКП(б)нын аялдар бөлүмүнүн башчысынын орунбасары, андан кийин аялдар секторунун башчысы болуп иштейт. Галия Ибрагимова сөзгө чечен, чечкиндүү, кайдыгер эмес мүнөзү менен зор аброй күткөн. 1930-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитети (БАК) Президиумунун мүчөсү болуп шайланган. Кыргыз ССРиндеги эң билимдүү аялдардын бири болгон жана ал коомдук-саясий иштерге активдүү катышкандыктан 30-жылдары Москвада Надежда Константиновна Крупская менен жолугушуп келген. 1933-жылы Орто Азия мамлекеттик университетине (САГУ) окууга өтөт. Бирок 2-курсунан аны чакыртып алышып, 1934-жылы Соода элдик комиссарынын биринчи орунбасары кызматына жиберишет. Ал эми 1936-жылы Кыргыз АССРинин БАК (Борбордук Аткаруу Комитети) Ардак Грамотасы менен сыйланган.

1937-жылы Тажикстанда партиянын Дүйшөмбү шаардык комитетинин 1-секретары болуп иштеп турган күйөөсү Ибрагимов Сейдекерим, бай манаптык тукумун (Ормон хандын түз урпагы болгон) жашыргандыгы үчүн камалып атылып кеткен. 1937-жылдын 11-мартында Кыргыз ВКП(б) нин бюросу “Контрреволюциялык улутчул күйөөсү Сейдекерим Ибрагимов менен үй бүлө кургандыгы үчүн Галия Ибрагимова Кыргыз ССР Финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын орунбасары кызматынан алынсын”-деген чечимин чыгарган.
Жалгыз баласы Мелистин өмүрүн сактап калыш үчүн Г. Ибрагимова жазуучу Убукеев Айткулуга турмушка чыгат. Ал беш жашар баланы асырап алып ага өзүнүн атын жана фамилиясын берет. А. Убукеев Мелисти жакшы көргөн жана жакшы тарбиялап өстүргөн. А. Убукеев менен Галия тайэже кийин Жеңиш аттуу уулду болушкан. Г. Ибрагимова өз уулдарынын талантына жана жөндөмдүүлүгүнө терең ишенчү, алар менен тил табыша алчу, алардын окуусуна, ишине көмөктөшчү. Мелис Айткулуевич Убукеев (1935-1996) таланттуу изилдөөчү, мыкты кинорежиссер сценарист, манас таануучу болгон. Көркөм окууга болгон жөндөмдүүлүү да мыкты болгон, бир нече кинофильмдерине өзү жеткиликтүү көркөм деңгээлде үн коштогон. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер жана Эл артисти наамын алган.
Жеңиш Айткулуевич Убукеев дүйнөдөн өтүп кеткен, юрист, белгилүү адвокат болгон.
Сейдекерим Ибрагимов акталгандан кийин Г.Ибрагимова КПССтин катарына кайрадан кабыл алынган. 1929-жылдан берки партиялык стажы калыбына келтирилген. “КПССтин 50 жылдыгы” Ардактуу белгиси менен сыйланган. Ага республикалык маанидеги персоналдык пенсия чектелип берилген. Аны ошол кездеги партиялык органдар унутта калтырышкан эмес.
Ал 8 неберенин сүйкүмдүү чоң апасы болгон. Чоң апасынын урматына неберелеринин бирин Галия деп аташкан. Г. Ибрагимова 1984-жылы 2-январда 79 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Галия Ибрагимова (Баракан кызы Калыя), менин тайэнемдин бир тууган сиңдиси болчу. Нарындын Миң-Булак айылында төрөлгөн тайэнем Баракан кызы Айканыш улгайып калган кезинде Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылында биздин үйдө чогуу жашап туруп калды. Г. Ибрагимова 1970-жылдарга чейин Аялдардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктап кыргыз теле көрсөтүүсүнөн түз эфирге чыгып калчу. Ошондой түз эфирлердин биринде 1960-жылдары 8-март аялдардын эл аралык майрам күнү Г. Ибрагимова телевизордон сүйлөп жатканын тайэнем көрө калып: “айланып кетейин сиңдим, айланып кетейин Калыям…”-деп телевизорду кучактаганы эсимде. Студенттик курагымда, Айткулу Убукеевдин Фрунзе шаарындагы Свердлов көчөсүндөгү үйүнө барып турчумун. Ал үйдө 1972- 1973-жылдарда Айткулу Убукеев калемдеш курбусу Аалы Токонбаев менен чыгармачылык иштери жөнүндө пикир алышып олтурушканын бир нече жолу көрүп калдым. Айткулу Убукеев 1973-жылы март айында 68 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Галия тайэжемдин колунан чай ичип, баарлашып турчумун. Галия тайэже мындай деген эле: — “Мамлекетибиздин жетекчилери мен жөнүндө унутпай кабар алып, сый көрсөтүп турушат. Ар бир майрамдарда Кыргызстан КП БКнын 1-секретары, өлкөбүздүн жетекчиси Турдакун Усубалиевичтен майрамдык куттуктоо каттарын алып турам, салтанаттуу иш чараларына да чакырып турушат. Жекече иш боюнча барсам Т. Усубалиев сый, урмат көрсөтүү менен, токтоосуз, кезексиз кабыл алат. ”-деп сыймыктануу менен өкмөттүк куттуктоо жана чакыруу баракчаларын көрсөтүп калчу. Ошондой баарлашуунун бир күнүндө мага мындай деген эскерүүлөрүн айтып берген: — “1935-жылы Москва шаарына бүткүл союздук жыйынга барып Надежда Константиновна Крупская менен учурашып, чогуу сүрөткө түшкөнбүз”-деп орус тилинде жазылган “Раскрепощение женщин киргизии” деген китепти барактап, ошол сүрөтүн көрсөттү. Андан ары сөзүн улап — “Биз анда жаш элек, кызыл чиедей болуп, улуттук кийимдерибизди жасалгалап, жарашыктуу кийинип алып барганбыз. Биз менен жолугушууга келген Н. К. Крупскаянын кийген кийими жупуну эскилиги жеткен өңү боз костюм юбка экен, бирок өзүнө тыкан жарашыктуу көрүнүп турду. Өзүнүн мүнөзү да аяр, жөнөкөй аял экен. Көрсө адамдын улуулугу жөнөкөйлүгүндө тура”- деп эскерип өттү.
Ошондой жолугушуп баарлашуулардын биринде Жунушакунов Асылбек аттуу курсташым менен чогуу барып кызыктуу аңгемелерин угуп отурдук. Курсташым экөөбүз сыртка чыкканда ал мага карап, колун көкүрөгүнө коюп -“жашы улгайса да орусча так сүйлөй алган, дүйнө таанымы терең, кыргыз апалардан ушундай апаны биринчи жолу жолуктурдум”- деп таң калганын жашыра алган жок.
Бул чакан эскерүү макаламды Галия Ибрагимованын (Калыя Бараканова) тайэжемдин жаркын элесине арнаймын.
Замир АЛДАЯРОВ
-Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү,
Кочкор районунун Ардактуу атуулу
Комментарийлер