КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН:РЕКТОРЛОРДУН БИРИНЧИ ФОРУМУ

  • 26.11.2021
  • 0

22-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын жана Казакстандын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Биринчи форуму болуп өттү.

КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН:РЕКТОРЛОРДУН БИРИНЧИ ФОРУМУ

Иш-чарага Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору, Казакстандын жогорку окуу жайларынын кеңешинин төрагасы Сыдыков Ерлан баштаган Казакстандын белгилүү ЖОЖдорунун ректорлорунан турган делегация катышты. Анда эки өлкөнүн жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги милдеттери, кадрларды даярдоо, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, илимий эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктары талкууланып, Кыргызстан менен Казакстандын билим берүү системаларын интеграциялоонун тажрыйбасын жана келечегин эске алуу менен долбоорлорду иштеп чыгуу, эки мамлекеттин жана элдердин ортосундагы достук байланыштарды мындан ары чыңдоо боюнча конструктивдүү жана мазмундуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

– Негизги максатыбыз мезгил чакырыктары жана азыркы жогорку билим берүү, анын трансформациясы, кыргыз улуттук жогорку билим берүүнүн алдында турган негизги маселелер, анын өнүгүү жолу, жогорку билим берүүнү дүйнөлүк билим берүү алкагына интеграциялоо, Борбордук Азияда жалпы билим берүү мейкиндигин түзүү маселелери, казак-кыргыз жогорку билим берүү системаларынын ортосундагы алака-катышты түзүү, аны тереңдетүү, механизмдерин иштеп чыгуу жана мыйзамдык-укуктук актыларынын гармонизациясы, жалпы эле адистерди даярдоонун траекториясын айкалыштыруу, айтор, жалпы мейкиндигин түзүү аркылуу дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине чогуу интеграциялануу маселелери талкууланат, — дейт КР Жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы, Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев.

КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН:РЕКТОРЛОРДУН БИРИНЧИ ФОРУМУ

Бул форум эки мамлекетке тең пайдалуу жыйынтыгын бериши керектигин айткан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жогорку билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө ушундай жолугушууларды өткөрүп, акылдашып, кеңешип конкреттүү иштерди жасоо зарыл болуп турганына токтолду.

– Казакстан менен биздин мамлекеттин ортосундагы келишим боюнча беш эле студентке бюджеттик орун каралыптыр. Бул байланыш да, маалымат да, карым-катнаш да жок дегенди түшүндүрөт. Жайында Стамбулда өткөн иш-чарада Казакстандын Билим берүү министри менен жолукканда ушул маселени талкуулаганбыз. Буюрса, квоталык орундарды көбөйтөбүз, — дейт Б.Купешев.

Чыгыш-Казакстан техникалык университетинин ректору, Жасулан Шаймарданов төртүнчү өнөр жай революциясы жүрүп жатканда эки мамлекетте тең биринчи кезекте замандын талабына жооп бере турган адистерди даярдоо милдети турганына токтолду.

– Азыр биз продукцияны кайра бөлүштүрүүнүн бешинчи, алтынчы чегине өтүп жатабыз. Биз канчалык ушул чекти тезирээк ишке ашыра ала турган адистерди даярдасак, ошончолук атаандаш боло алабыз. Мисалы, Кыргызстанда кен казуу, байытуу жакшы өнүгүп келе жатат. Гидроэлектростанциялар да көп. Ушулар бизди биригүүгө алып келүүдө. Дал ушул тармактарга адистерди даярдоодо кош диплом программасын ишке ашырсак болот. Биздин окуу жайда бул программа жакшы жолго коюлган. Мыкты мекеме-ишканалар менен биргелешкен билим берүү программаларыбыз бар. Ядролук өнөр жай боюнча НИХИ (Химиялык илимий изилдөө институту) менен кош диплом программасы боюнча тыгыз кызматташабыз. Бул институт ядролук изилдөөлөр боюнча дүйнөдө лидер болуп саналат. Кыргызстандын окуу жайлары менен да ушундай кызматташтык түзүүгө даярбыз. Бизде да, силерде да жакшы билим берүү программалары, илимпоздор, профессорлор бар. Ошолор менен алмашуу, өндүрүштүк практикаларды биргелешип жана алмашып өткөрүү жагын да карап жатабыз. Биздин университеттин материалдык-техникалык базасы абдан күчтүү. Акыркы үлгүдөгү технологиялар менен баарын жабдып алганбыз. Биздеги мүмкүнчүлүктү силер, силердеги мүмкүнчүлүктү биз колдонсок болот. Мисалы, мен Алматыдан жарым саатта эле учуп келдим. Профессорлор менен алмашсак жол деле маселе болбойт. Азыр анын үстүнө онлайн сабак өтүүнү да өздөштүрүп алдык. Албетте, билим берүү программаларынын мазмунунда, материалдык-техникалык базада чечүүгө муктаж болгон маселелер бар. Бирок биз даярдаган бүтүрүүчү ишке барганда өндүрүштөгү станоктор, тетиктер менен эч бир маселеси жок иштеп кеткидей деңгээлге жеткирип алышыбыз керек, — дейт Жасулан Шаймарданов.

Келишимдер жана макулдашуулар

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын ЖОЖдор ассоциациясы (төрагасы А.Мусаев) менен Казакстандын жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү уюмдарынын ректорлор кеңешинин (Э.Б.төрагасы Сыдыков) ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Андан сырткары бир катар окуу жайлар дагы илимий жана билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө эки тараптуу келишимдерге кол коюшту.

Кыргыз улуттук агрардык университети Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети менен технологдорду даярдоо боюнча макулдашышты.

– Биз буга чейин эле Казакстандын бир катар ЖОЖдору менен кызматташып келгенбиз. Бирок мындай форум биринчи жолу болуп жатат. Бүгүн дүйнөдө технологдор жетишпейт. Евразия улуттук университети менен дал ушул адистерди биргелешип даярдайлык деп макулдаштык. Андан сырткары студенттер, магистранттар, докторанттар, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүктү да күчөтөлүк дедик. Мунун аркасы менен экинчи маселе – илимди өнүктүрүү дагы өзүнөн өзү чечилет. Азыр биз дал ушул илимге көп көңүл бурушубуз керек. Казакстанда илим боюнча көп жакшы жетишкендиктер бар. Аларда азыр эки илим-изилдөө борборунда Ковидге каршы эки вакцина даярдалып жатат. Экөөндө тең менин жетекчилигимде кандидаттык, докторлук ишин коргогон илимпоздор иштеп жатышат. Биз азыр Казак агрардык университети менен келечекте Кыргызстанда да вакцина даярдоо боюнча сүйлөшүп жатабыз. Ал биздин да колдон келет. Экинчиси, азыр көпчүлүк мамлекеттерде күнөскана боюнча акылдуу күнөскана (смарт теплица) алдыга кетип жатат. Казак агрардык университети ушул багыт боюнча илим да жүргүзүшөт, адис да даярдашат. Алар менен дагы биздин окумуштууларды үч айга, магистранттарды алты айга чейин тажрыйба топтоо үчүн алмашуу келишимдерине кол койдук. Казак-станда жашылча-жемиштердин, эттин технологиясы боюнча күчтүү фермерлер окуу жайларга керектүү кадрларды даярдоо боюнча буйрутма берип жатышат. Биз алардын ушул тажрыйбасын колдонушубуз керек, — дейт Рысбек Нургазиев.

К.И.Сатпаев атындагы Казак улуттук илимий-техникалык университети менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ысык-Көл мамлекеттик университети кызматташуу келишимине кол коюшту. Бул окуу жайдан келген делегация форумдун экинчи жарымында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде болуп, окуу жайдын эмгек жамааты, окуу-илимий борборлорунун, лабораторияларынын материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети буга чейин эле Казакстандын төрт жогорку окуу жайы менен кызматташып келген. Бул жолу Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Чыгыш-Казакстан техникалык университети менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Бул окуу жайга дагы Казакстандан келген коноктор барып, материалдык-техникалык базасы, студенттердин ойлоп тапкан эмгектери менен таанышып кетишти.

Чолпон Кийизбаева,
 “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер