КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КЫЗЫКТЫРУУ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

  • 25.11.2021
  • 0

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”  мыйзамдарына, Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясына, ошондой эле полимаданий жана көп тилдүү билим берүү концепциясына ылайык иштелип чыкканы баарыбызга маалым. Бул жаатында Бишкек шаарындагы бала бакчаларда бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Борбор калаада 90 бала бакча болсо, анын ичинен 61 аралашма, 16 жалаң гана орус тилдүү жана 13 бала бакча кыргыз тилинде балдарды тарбиялап жатат. Кыргыз тилине болгон сүйүүнү, кызыктырууну  бала бакчаларда ар кандай иш-чаралар аркылуу калыптандырып жаткандары тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Майтикова маек куруп берди.КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КЫЗЫКТЫРУУ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

— Чынара Намарбековна, шаардык бала бакчаларда кыргыз тилинде окутуу бир топ кыйынчылыктарды жаратып келет. Ириде ата-энелердин каалоосу жок, анткени окуу-методикалык пособиелер жокко эсе. Ал эми акыркы кездерде өзгөчө көңүл бурула баштады. Себеби эмнеде?

— Мамлекеттик тил – өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгенин баарыбыз жакшы билебиз. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил катары кабыл алынган. Мамлекетибиздин эгемендүүлүк алганына 30 жылдын жүзү болду. Ушул жылдар ичинде кандай ийгиликке келдик деген суроо туулат. Бишкек шаарында бул көйгөйдүн чечилбей келатканынын бирден бир себеби ар улуттар жашайт. Андыктан көбүнчө учурда ата-энелер орус  тилиндеги бала бакчаларга беришет. Ошол эле кезде жети облустан келген ички мигранттар да балдарын кыргыз бала бакчаларга бергиси келишпейт. Себеби  “кыргыз тилин ансыз деле жакшы билет, орус тилин үйрөнсүн” деп балдарын окутуу орус тилиндеги мектепке, бала бакчага кирсин деген талапты коюп жатышат.  Мамлекеттик бала бакча болгондон кийин Өкмөттүн  кыргыз тилинде окуулар болсун деген чечимдери бар. Биринчиден, өзүбүз мекенчилдик аң-сезимди көтөрүшүбүз керек. Экинчиден, көп тилдүүлүк болуп жаткандан кийин ириде өзүбүздүн эне тилибизди жакшы билишибиз зарыл.  Андан соң башка тилдерге маани бурулса болот. Ааламдашуу шартында  көп тилдүүлүк билим берүүнүн стандартына киргизилген. Кыргыз тилиндеги бала бакчалардын ичинде эки-үч тилди бергенге мүмкүнчүлүктөр бар деп ата-энелерге айтып жатабыз.

— Борбор калаада канча бала бакча кыргыз тилдүү?

— Быйыл дагы эки-үч бала бакча кыргыз тилине өтүүнү максат койду. Азыркы күндө 90 бала бакчанын ичинен мурда жыйырмадай эле аралашма бала бакча эле. Азыр дагы жыйырмага  көбөйттүк. Накта кыргыз бала бакча — 13. Илгери  ар бир райондо бирден  болчу. Аралашма бала бакчадан жалаң кыргыз тилине өтөлү дегендер да жок эмес.

— Кыргыз тилдүү адистер жетиштүүбү?

— Негизинен кыргыз тили боюнча мугалимдер жетишпейт деп айрым мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери айтышууда. Бирок, менимче, бул болгону шылтоо. Эми бул ишти өзүм көзөмөлгө ала баштадым. Кылдаттык, акырындык менен кыргыз тилдүү бала бакчалардын санын көбөйтүү керек. Орус тилдүү ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.  Албетте, орус  тилдүү  бала бакчалар мындай иш-аракетти колдошпойт.  Бирок  бала бакчаларды кыргыз тилине өткөрүү керек деген мекенчил жетекчилерибиз жок эмес. Кыргыз тилине өткөрүү боюнча атайын иштелип чыккан программа, окуу китептери бар. Болгону методика аз. Бирок башка тилден которуп, эмнеге иштесе болбойт? Республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна, Билим берүү академиясына көбүрөөк методикаларды чыгаргыла деп сунуш берип жатабыз.

— Башка улуттагы ата-энелер балдарын кыргыз тилинде тарбиялаганга кызыкдарбы?

— Ооба, андай ата-энелер бар. Маселен, №111 кыргыз тилдүү бала бакчада орус, түрк, корей, япон  ж.б. улуттун балдары кыргыз тилинде так сүйлөшөт. Кайсы мамлекетте жашасаң, ошол өлкөнүн тилинде сүйлөй билүү керек дешет ата-энелер. Япониядан келген волонтерлор  кыргыз тилин эки-үч айда эле үйрөнүп алышты. Демек, тилди өздөштүрүү үчүн  көңүл, каалоо, ниет керек. Башка улуттар деле ошону туура көрүп  жатышат. Ал өзүбүзгө байланыштуу. Туура талап коюп, көзөмөлгө алып, сурашыбыз керек.

— Бала бакчада кыргыз тилине кантип үйрөтүп, кантип кызыктырып жатышат?

— Ал үчүн фестиваль, сынактарды өткөрүү керек. “Мурас”, “Манастын урпактары — Айтматов ар бир баланын жүрөгүндө”   деген  фестивалдарыбыз пандемия шартында токтоп турат.  Ушул фестивалдарды өткөргөндөн  кийин башка улуттагы балдар ата-энелери менен кошо кыргыз тилин, кыргыз маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын  болуп көрбөгөндөй сүйүп калды. Же болбосо “жок, сүйлөй албайбыз” дешчү. Балдар кичинекейинен тартып манас айтып, комуздун күүлөрүн чертип, үйрөнүп жатышат. Бата бергенди үйрөнүштү.

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КЫЗЫКТЫРУУ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

Фестиваль, сынактар аркылуу кыргыз элинин мурастарын, баалуулуктарын, дөөлөттөрүн үгүттөп жатабыз. Негизги максат — кыргыз элинин маданий-тарыхый мурастарын жана салттуу билимдерин жайылтып, бала бакчалардын  тарбиялануучуларынын эркин иш-аракетинде жана күн тартибинде “Манас” эпосун өнүктүрүүнү жана жайылтууну көздөп жатабыз. Аны балдардын деңгээлинде оңойлотуп түшүндүрүү; “Манас” эпосу аркылуу элдин үрп-адаты, каада-салты менен тааныштырууну, ал аркылуу ыймандуулукка, патриоттуулукка, улуттардын биримдүүлүгүнө чакырып, балдарды кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына тартып, руханий жана  адеп-ахлактык баалуулуктарга үйрөтүп, педагогдордун чыгармачылык жигердүүлүгүн  колдоп, балдар фестивалынын катышуучуларынын  чөйрөсүн кеңейтип, өзүнүн мекенин, салттарын, тилин, маданиятын билген, түшүнгөн, таланттуу балдарды таап  жана аларга колдоо көрсөтүү максаттарын алдыбызга койгонбуз. Менимче, беш жылдын аралыгында көп жакшы ийгиликтерге жетиштик.

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КЫЗЫКТЫРУУ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

Биз ушул жылдар ичинде жан үрөп иштеп, бала бакчаларда эки жаштан баштап жогорку тайпалардын тарбиялануучуларына чейин улуттук бийге, ырга, оюндарга чоң маани буруп келатабыз.

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КЫЗЫКТЫРУУ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

Маселен, биринчи фестивалыбыз улуттук бийге, кара жоргого карата уюштурганбыз. Ага 2 жаштан 18 жашка чейинкилер катышкан. Кийинки жылы көчмөн оюнуна карата улуттук оюндарга арналды. Пандемияга чейин өткөн фестиваль “Мурас” деп аталып, анда жалаң кыргыз элинин ыр-бийлери, оюндары коюлган.  Кийинки фестивалды “Манас” эпосуна арнадык. Балдарга Манас атабыз ким болгонун айтып, окутуп, ошондой эле таланттуу балдарды алып чыгууну көздөдүк. Дегеле бала бакчаларда бардык нерселерди оюн аркылуу балдарга жеткиребиз.  Ириде мугалимдерге “Ыр кесе” долбоорун жазып,  өткөргөнбүз. Кийинкилерине белгилүү этнопедагог, п.и.д., профессор Т.Уметов агай долбоорду жазып берип, аны менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз.

Фестивалда көркөм окуу, “Манас” эпосунан театрлаштырылган оюн, элдик бийлер, кыргыз элинин музыкалык аспаптарында ойноо, элдик оюндар номинациялары боюнча катышуучулар күч сынашып, алдыңкы орундарга чыгышкан эле. Башка улуттун балдары дагы активдүү катышып, кыргыз тилинде таптак сүйлөп, “Манас” эпосунан үзүндү айткандары кимди болбосун кайдигер калтырбайт. Сахнага чыгышкан мектепке чейинки мекемелердин тарбиялануучулары биринен бири өтүп, Манастын төрөлүшүнөн баштап сценкаларды коюп гана койбостон, ырын ырдай, бийин бийдей бийлеп, батаны чоң аксакалдардай берип, дегеле койчу ал күнү “Сейтек” борбору шаңга бөлөнүп, келечек муун тарыхты унутпай кийинки урпактарга татыктуу өткөрүп бергенге даяр экенин жогорку деңгээлде көрсөтө алышканын азыркыга чейин көрөрмандарыбыз айтышат.

Бул  фестивалдарда  балдарды айкөлдүккө,  ынтымактуулукка,  Ата Мекенди сүйүүгө, тарбиялап, “Манас” эпосуна балдардын кызыгуусун ойготуп,  сөз байлыктарын байытып,  байланыштуу сүйлөөгө үйрөтүп, элдик ырларды айтууда так жана түшүнүктүү айтууга (дикцияны өнүктүрүү),  интоннация каражаттарын туура колдонууга үйрөтүүнү педагогдор тынбай иш жүргүзүп жаткандарына күбө болдук.

Мындан тышкары, жогоруда айтып кетпедимби, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдар арасында “Манастын  урпактары — Айтматов ар бир баланын жүрөгүндө”  шаардык фестивалын өткөрүп келебиз.

Фестивалдын максаты — Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде кыргыз элинин маданий-тарыхый мурастарын жана салттуу билимдерин жайылтуу.  Ошондой эле кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу менен  кыргыз элинин маданий жана тарыхый салттары  жөнүндө билимдерин байытууну, тарыхын жана маданиятын сүйүүнү,  патриоттук сезимин калыптандырууну жана өнүктүрүүнү көздөйт.

Өткөн фестивалдарда Ч.Айтматовдун чыгармаларын театрлаштырып көрсөтүүдө жогорку тайпанын балдары кудум артисттердей аткарышты. Бала бакчанын ичинде театр ишмерлери чыга башташты. 5-6 жаштагы балдар кадимки ата-эненин ролуна кирип, аткарып жатышты. Улуттук аспаптар  ар бир бала бакчада болсун деп жатабыз. Анткени комузчулар ансамблин  түзөлү деп деген ниетибиз бар. Маселен, Москвада эмгек сиңирген ишмерлер бала бакчаларда ийримдерди ачып, ансамблдерди түзүп, балдарды кичинекей кезинен көп нерсеге тарбиялашат экен. Биз дагы ошол ыкмага өтөлү деп №111 бала бакчанын музыка жетекчилигине Билим берүү академиясынын кафедра башчысы Жаныбек Жумалиев агайды тарттык. Жакынкы учурда “Жомок” фестивалын өткөрүүгө даярдык көрүп жатабыз.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер