КЫРГЫЗ ТИЛИ – КЕЧЭЭ, БҮГҮН, ЭРТЕҢ

  • 23.09.2025
  • 0

Ата-бабабыз бизге көөнөрбөс сөз казынасын мураска калтырып  кетишкен. Аларды окуп үйрөнүү, аң-сезимибизди, тилибизди байытуу ар бир кыргыздын  милдети. Бекеринен «Өнөр алды кызыл тил» — деп  сөз өнөрүн, сөздүн кудуретин  абдан бийик баалаган эл болуп саналабыз. «Манас» сыяктуу көлөмдүү, улуу эпос дүйнөдө бир да элде кездешпейт. Канчалаган кенже эпосторубуз бар, алар көлөмү жагынан айырмаланганы менен, бирок көркөмдүүлүгү, идеясы, маани-маңызы, таалим-тарбиялык жагынан “Манас” эпосунан кем калышпайт деп айтсак жаңылышпайбыз.

Байыркы улуу элдин — кыргыздардын урпактарыбыз, ооздон-оозго өткөн мыкты эпосторду, дастандарды, уламыштар менен жомокторду, мукамына кулак тойбогон ырларды карлтырып кеткен даанышман бабаларыбызга миң мертебе ыраазычылык  айтып, түбөлүк таазим кылуу биздин милдет.

Кылымдардан кылымга көөнөрбөй жашап келген эл чыгармачылыгы — ошол элдин акыл эсинен, эмгегинен, турмуштук тажрыйбаларынан улам жаралган. Элдик обон-күү, кол өнөрчүлүк сыяктуу өнөрлөр менен бирдикте эзелден бери жашап келе жаткан тил өнөрү да тынымсыз өсүп-өнүгүп олтуруп, ошол элдин руханий дүйнөсүнүн көркөм дөөлөтүнүн деңгээлин аныктай алган, көз тайгылткан мурастарды жарата алды.
Эл тарабынан жаралган лирикалык, эпикалык, дидактикалык чыгармалар замандар бою сакталып, атадан-балага, укумдан-тукумга ыйык керээз катары сакталып келет. Ал мурастар элдин сыймыгы, мактанычы гана болбостон, бүгүнкү күндөгү маданиятыбыздын, адабиятыбыздын өнүгүшү үчүн сүйөнүч болуп берүүгө жарамдуу, бай болуп да келүүдө. Ар бир эл өзү басып өткөн тарыхындагы турмуштук тажрыйбаларынын эң керектүүлөрүн, келечекке үлгү-сабак боло турган пайдалуу байкоолорун «сөз берметтерине» сиңирип, накыл кептерди, макал-лакаптарды жаратышкан.

Кыргыз тилинин келечеги тууралуу сөз акыркы мезгилде түрдүү маалымат булактарында байма-бай айтылып келе жатканына баарыбыз  күбө болуп келебиз. Эмне үчүн деген суроо пайда болот. Статистикага таянсак жер жүзүндө 15 күндө бирден тил жоголууга учурайт экен. Ал кандай тилдер, жоголушуна эмне себеп болду, акыркы мезгилде ал тилде  канча адам   сүйлөйт эле деген  сыяктуу суроолорго жооп табууга аракет кылдып көрдүм. Жыйынтыгында төмөндөгүдөй кызыктуу маалымат келип чыкты.

ЮНЕСКОнун “Жоголуу коркунучунда турган дүйнөлүк тилдердин Атласында” учурда Европада 50 тил жоголуу алдында  турат. Ал эми бүткүл дүйнөдө 400 дөн ашуун тил жакынкы аралыкта жоголуу алдында турарын изилдеп чыгышкан. Учурда бүткүл адамзат арасында байланыш куралы болгон тилдердин дээрлик жарымы XXI кылымдын аягында колдонуудан чыгышы күтүлөт деген коркунучтуу маалыматты көрсөтүшкөн.

БУУнун берген маалыматына таянсак, жер планетасындагы 7400 тилдин  30% биз жашап жаткан кылымдын акырында жоголуу абалына кептелгенин тастыктайт. Бул көрсөткүч катастрофалуу көрүнүш экени айтпасак да белгилүү болуп турат. Анткени, жоголуу коркунучунда турган жергиликтүү элдердин тилдери кылымдардан бери топтолгон  адам баласы  менен экосистеманы байланыштырган мыкты билимдерди, улуу  тажрыйбаны   өз ичине камтып, топтоп  келген.

Дүйнөдөгү тилдердин жалпы саны  боюнча ушул кезге чейин так маалыматты айтуу кыйын. 2005-жылга карата улуттук тилдердин саны 6912 түзсө, алардын ичинен 2000дей тилди алып жүрүүчүлөрдүн саны өтө аз көрсөткүчтө болгон.  32,8% Азияда жашаган калктар, 30% Африкада жашаган калктар болуп саналат. Айрым тилдерде  10 000, айрым тилдерде 1000 адам гана сүйлөгөн фактыларды далилдеп чыгышты. 360 га жакын тилдерди 50дөн да аз адам колдонуп калган учурлар белгиленген. Жоголуу алдында турган жана жоголуп кеткен тилдердин классификациясы ЮНЕСКОнун “Кызыл китебинин” негизинде түзүлүп, жогорудагы көрсөткүчтөр ошонун негизинде алынды. Аталган китеп 2010-жылы Норвегияда англис, француз, испан тилдеринде  кайрадан басылып чыккан, жоголгон тилдер жөнүндө толук маалымат камтылган, мисалы, тилдин аталышы, мамлекеттин аты, ошол тилде сүйлөгөн эл жөнүндө жалпы маалымат. ЮНЕСКОнун максатттарынын бири дүйнөдөгү тилдерди камкордукка алуу, коргоо менен бирге  жоголуп бара жаткан тилдердин абалын контролдоо, сактоо болуп саналат.

Тилдин түп тамырынан  жок болуп кетиши ошол тилди алып жүрүүчүлөрдүн гана эмес, жалпы адамзат үчүн да чоң жоготуу, анткени, тил ошол тилди алып жүрүүчүлөрдүн маданий мурасы. Мына ушул жерден дүйнөлүк тилдерди коргоого, сактоого, жалпы тил маселелерине кайдыгер карабай чоң салым кошкон мамлекеттердин алдыңкыларына Англия, Франция, Норвегияны атап кетсек туура болот.

Негизи, изилдөөчүлөр тилди алып жүрүүчүлөрдүн саны маанилүү эмес деген тыянакка келишкен. Мисалы: Питкерн аралында аялуу тилдердин катарына кирген креол тилинде 100 дөй адам сүйлөйт. Ал эми Индияда аялуу тилдердин катарына кирген дурува тилинде 50 000 адам сүйлөй. Кептин баары, ошол тилди жаш муунга канчалык деңгээлде өткөрүп бергенде болуп жатат. Өз тилинде сүйлөгөн жаш муундун саны көп болсо тилдин өмүрүнүн узактыгы ошого байланыштуу экендиги далилденди.

Эми ушул жерде дагы суроо жаралат, биз үйдө, көчөдө, жумушта  кыргыз тилинде сүйлөйбүзбү, улуу муун кайсы тилде баарлашат, балдарыбыз менен баарлашуу кайсы тилде жүрөт? Мына ушул суроолордун жоопторунан биз кыргыз тилинин келечегин айкын элестетип байкай алабыз.

Кыргызстанда калктын басымдуу пайызы кыргыз тилинде сүйлөйт, күнүмдүк турмушта пикир алышууда  башка тилге (көбүнчө орусча, англисче) басым жасаса да мен кыргыз тилин жакшы билем дегендер да арбын. Бирок,  маселе кыргыз тилин канчалык деңгээлде билгенинде болуп жатпайбы, адабий тилдин талаптарына ылайык өзүнүн оюн жазуу түрүндө болсун, оозеки кепте болсун  толук кандуу билдире алабы,  өзүнүн оюн маданий деңгээлде, саясий деңгээлде, илимий деңгээлде жеткире алабы, кептин баары мына ушул жерде жатат.

Кыргыз тилинде сүйлөгөн мектеп окуучуларынын лексикалык кору азайып, пикир алышуу күнүмдүк тиричиликтин деңгээлинен көтөрүлбөй жатканын предметтик мугалимдер кооптонуу коңгуроо кагышууда. Адабий китептерди окуп жатып балдар көптөгөн сөздөрдүн маанисин түшүнбөй калган учурлар көбөйгөнүн айтышууда.  Мыны ушул кейиштүү мисалдардан соң, мекенин сүйгөн, элин-жерин сүйгөн, тилинин намысын баарынан жогору койгон ар бир атуулдун көкүрөгүндө,  канткенде тилибизди сактап калабыз, канткенде кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрөбүз,  дегеле, тилибизди  качандыр бир кезде англис, француз, немец тилдери сыяктуу дүйнөлүк бийик аренага алып чыга алабызбы деген суроолор жаралбай койбойт.

Проблеманы чечүүдө алгач анын башатына кайрылышат эмеспи. Биз дагы ошого аракет кылып көрөлүчү. Өзүмдүн курбуларымдын, курсташтарымдын, туугандарымдын арасында “Эмне үчүн кыргыз тилинде сүйлөбөйм?” деген чакан сурамжылоо жүргүзгөн учурда төмөндөгүдөй жооптор алынды:

— кыргыз тилинде сүйлөгөндөн тартынам

—  орус тилинде баарлашуу стастусту  көтөрөт

— кыргызча оюн так билдире албоо

— досторумдун баары орус тилинде сүйлөйт

— үйдө ата-энем,  туугандарым орус тилинде сүйлөшөт

— орус тили авторитеттүү болгондуктан

— кыргыз тили маанилүү деле эмес

— мектепте орус класста билим алгандыктан

— орусча каналдарды көп көргөндүктөн

Негизинен, сурамжылоонун жыйынтыгын жалпылаганда  жогорудагыдай окшош жооптор алынды. Алынган жоопторду анализдеп олтуруп, маселенин тамыры  биз ойлогондон да тереңде жатканын көрүү ушунчалык өкүндүрөт.

Борбор калаабызда орус тилдүү мектептердин саны кыргыз мектептерге караганда басымдуу. Балдарын биринчи класска алып келген ата-энелер да орус класстарга бергенге ашыгышат, орус класска кирбей калган балдар         айласыздан кыргыз класстарда окуп калышат. Мамлекеттин экономикалык абалы жарандардын тышкы миграциясын жаратууга түрткү болуп жатат. Акыркы отуз жылдын аралыгында Россия мамлекетине чыгып кеткен адамдардын саны миллиондоп өстү. Алардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Россия дегенде эле орус тилин билүү муктаждыгы келип чыгат. Аң сезимдик деңгээлде орус тилисиз эч кайда бара албайбыз деген түшүнүк калктын калың катмарына сиңип калгандыгы кыргыз тилинин тагдырына кедерги берип жатканы айдан ачык.

Кыргыз тилибиз  ЮНЕСКОнун “Кызыл китебинин” тизмесине эч качан кошулбайт деген ишеничте калалы. Ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө мекенге, эли-жерине, тилине болгон сүйүү бекем сакталса элибиздин кызыл туусу бийиктерге далай-далай желбирей бермекчи.

 

НУРНИСА МЫРЗАБЕВА

КР Президентине караштуу КР УИАнын Б.Юнусалиев атындагы тил илими институнун ага  илимий кызматкери

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер