КЫЛДАТ МАМИЛЕНИ ТАЛАП КЫЛГАН МАСЕЛЕ

  • 11.12.2020
  • 0

Пандемия шартында жогорку окуу жайларда окутуу аралыктан жүрүп жатканына байланыштуу коомчулукта студенттердин окууга болгон төлөмүн азайтуу маселеси байма-бай көтөрүлүп келет. Бул маселе өткөн айда жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жыйынында дагы каралып, билим берүүжана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өз кезегинде депутаттардын, коомчулуктун бул өтүнүчүн карап чыгууну жетекчилерге сунуш кылган.

КЫЛДАТ МАМИЛЕНИ  ТАЛАП КЫЛГАН МАСЕЛЕ

Контрактты төмөндөтүүсапатка таасир берет негизи студенттердин окууга болгон төлөмүнүн өлчөмүн Билим берүүжана илим министрлиги бекитпейт жана аны төмөндөтүү маселесин чечпейт. Ошондуктан окуу жайларга контрактты  төлөө мөөнөтүн узартып   катар кыйналып жаткан студенттерге даректүү жардам берүү жагын карап чыгууну тапшырган.

Былтыркы окуу жылынын этегинде карантин башталып калгандыктан ЖОЖдордун баардыгы төлөө мөөнөтүн узартып беришкен. Азыр дагы студенттерди кыйнашкан жок. Бирок “Медалдын эки жагы бар”  дегендей, окуу жайлар минтип жеңилдик берип койгону менен кызматкерлердин эмгек акысын төлөй албай кыйналышууда. Мисалы, 2020-жылдын 1-июлуна карата былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 1,4 млрд. сом же пландуу суммадан 31% жождордун эсебине түшпөй калган. Ал каражаттар башка булактардан компенсацияланган эмес. Жыйынтыгында профессордук-окутуучулук курамдын, техникалык персоналдардын эмгек акысын жана жайкы өргүү акысын төлөй албай убара болушкан.

– Азыр деле студенттерди контрагыңарды төккүлө деп кыйнабай элебиз. Бирок биз канчалык төлөмдү узарткан сайын жамаатка эмгек акы берүү кыйын болуп бара жатат. Бөлөк чыгымдарды айтпай эле коёлу. Биз эмки айлыкты бере алабызбы, бере албайбызбы белгисиз. Жамаатка эмгек акы төлөнбөй калса, алар кантип жашашат? Бир четинен студенттер дагы  төлөй албай жатышат. Катуурак талап коелу десек, минтип нааразычылыктар болуп жатат. Бирок азыр эң негизгиси – элдин ден соолугу. Муну эч ким унуткан жок. Биз дагы  эң негизги миссиябыз сапаттуу билим берүүэкенин унутпашыбыз керек. Ошондуктан  ушул экөөнү айкалыштырып, ортосунан бир жакшы вариант таап чыгышыбыз керек, — деген Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев ректорлордун жыйынында.

Экономика жана финансы институтунун ректору Айылчы Сарыбаев болсо сапатты ойлосок, төлөмдү азайтууга болбойт деп эскерткен.

– Азыр ЖОЖдор гана эмес бүтүндөй Кыргызстан кризисте отурат. Аны ойлоп контракттын баасын түшүрөлүк дейлик,  анда сабак берген окутуучунун эмгек акысы азаят. Акча аз жерге түзүк киши келип иштебейт. Өзүңөр билесиңер, өзүбилимсиз киши кайра барып балдарды окутса кандай болорун. Студенттер ашып кетсе орто эсеп менен жылына 30 миңге жетпеген акча  төлөшөт. Бирок ошол эле учурда айына 15-20 миң төлөп балдарын бала бакчага, жеке мектептерге деле берип жатышпайбы? А жогорку билим алуу үчүн айына эмес, жылына 30 миң сом төлөгөндөн качышат. Бул бекер оокатка көнгөн дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан биз муну проблема кылбашыбыз керек, — дейт А.Сарыбаев.

ОКУУ НАРКЫН ТҮШҮРБӨӨНҮН СЕБЕПТЕРИ

Транспорттук, зарыл буюмдарды, канцеляриялык товарларды сатып алууга, кызматтарды пайдаланууга, коммуналдык төлөмдөргө жана кызматтарга, имараттарды жакшыртууга, курулуштарга, унааларга  жана жабдууларга кеткен чыгымдарды кыскартуу менен кырдаалдан чыгууга болбойт. Анткени ага жарыбаган эле каражат бөлүнөт. Мисалы, бир студенттин контрагынан болгону 699 сом кыскартса болот. Башкача айтканда, 2,4% эле кыскарат. Бул студенттер үчүн анчейин деле чоң сумма эмес. Бирок окуу жайлар үчүн бир топ эле залакасын тийгизип коет. Алар айла жок каражаттын жетишсиздигинен окутуучулардын санын кыскартканга барышат. Окутуучулардын жетишсиздиги кандай жоготууга алып келерин жакшы эле билебиз. Айрым факультеттер жабылып дагы калышы мүмкүн. Алар жабылса студенттерди  окуудан чыгарууга туура келет.илим берүүжана илим министрлиги дагы билимдин наркын төмөндөтүүгө болбой тургандыгынын бир катар себептерин айтып берди. Жогорку окуу жайларында сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн жасалып жаткан иштердин баардыгы: материалдык-техникалык база; билим берүүресурстары жана инфраструктура; профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу окуу акысынан келип түшкөн каражаттын эсебинен каржыланат. Башкача айтканда, студенттер төккөн акчанын 76,2%  эмгек акыга сарпталат. Калган 22,4%  коммуналдык, ж.б. кызматтарга чыгымдалса, материалдык-техникалык базаны чыңдоого 1,4% гана сарпталат.

Контрактты төмөндөтүү контингенти чакан аймактык университеттердин ишин токтотуп салышы мүмкүн. Биз болсо буга жол бербешибиз керек. Анткени алар геосаясий мааниге ээ, айрыкча, чек ара аймактарында, мисалы, Баткен университети.

Мындан тышкары, окуу жайларда иштеген 14 миң окутуучу, техникалык кызматчылары көбүнчө пандемия учурунда үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп калды.

Ошондуктан окутуунун наркын төмөндөтүү чечимин кабыл алууга болбойт, ал кырдаалды гана курчутпастан билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратып, сапатка терс таасирин тийгизет.

Анын үстүнө азыр коомчулук ойлогондой, дистанттык окутууга өтүүменен ЖОЖдордун чыгымы азайган жок, тескерисинче, материалдык-техникалык базаны чыңдоого (электрондук китепканаларды сатып алуу, сейрек кездешүүчү китептерди электрондоштуруу (айрыкча, медицина багыты боюнча), автоматташтыруу жана окуу процессин көзөмөлдөө ж.б. үчүн), ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга карата чыгымдары да көбөйдү. Окуу толук кандуу жүргүзүлүп жаткандыктан окутуучулардын санын кыскартууга дагы болбойт. Болгону айрым техникалык кызматкерлердин орундарын (пол жуугучтар, сантехниктер, слесарлар) убактылуу гана кыскартууга мүмкүн.

КЫЙНАЛГАН СТУДЕНТТЕРГЕ АТАЙЫН ЖЕҢИЛДИКТЕР БАР

Башынан эле бардык жогорку окуу жайларда социалдык жактан кыйналган, жеңилдиктери бар же ден соолугуна байланыштуу контрактты төлөөгө мүмкүнчүлүгүжок студенттерге он пайыздан 100 пайызга чейин жеңилдиктер берилип келет. Ал үчүн  ар бир окуу жайдын алдында социалдык пакет түзүлгөн. Комиссиянын чечими менен пандемия учурунда дагы ошол соцпакеттин эсебинен пайыздык өлчөмдө жеңилдиктер берилип, төлөмдүн мөөнөттөрүузартылууда. Мындай жеңилдик алууга муктаж  студенттер окуган окуу жайына атайын арыз менен кайрылышы керек.

Республикада жалпы 183534 студент бар. Алардын 158719 келишимдик негизде акы төлөп окушат. Башкача айтканда, студенттердин жалпы санынын 86% акы төлөп окуган студенттер түзөт. Калган 14% Өкмөттүн эсебинен каржыланат. Мамлекеттик жогорку окуу жайларда контракттын орточо наркы жылына 28544 сомду түзөт.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер