КУБАНЫЧБЕК АГАЙДЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯСЫ

  • 21.12.2020
  • 0

“Жакшы окутуучу болуш үчүн, эмнени окутсаң ошону жакшыртуу керек,
кимди окутсаң ошолорду сүйүү зарыл”

В.О.Ключевский.

Бүгүнкү күндө адамдар жашоосун жакшыртууга койгон бийик тилектеринде адеп-ахлак, гумандуулук, ырайымдуулук жөнүндө унута башташты. Окумуштуулар, коомчулук, ата-энелер балдарга эң мыкты китептерди, эң сонун материалдарды берип коюу менен гана жан дүйнөсү бай болот деп ойлошкон. Бирок мындай болгон жок. Алардын алдында жандуу  үлгү – мугалим болбоду. Мугалим бул ким? Бизге көнүмүш болуп калган бул сөздүн артында эмне жатат? Мугалим – бул тажрыйбалуу психолог, теңдеши жок жардамчы, эң башкысы – чыныгы дос.

КУБАНЫЧБЕК АГАЙДЫН  ПЕДАГОГИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯСЫ

 

Мугалимдин колунан кесипкөй адистер, чыгаан окумуштуулар, мыкты инсандар, өлкө башчылары билим алышат, мындайча айтканда, коом менен адамдын ортосуна көпүрө болуп бере алат. Мына ошолордун бири — түйшүктүү милдетин аткарып, кесибин сүйүп, ага баардык күчүн арнаган Абылов
Кубанычбек агайыбыз.

Кубанычбек Үсөнбековичтин өзүнүн айтуусунда, ага бул кесипти тандоого СССРдин Эл агартуусунун отличниги, математика мугалими Ж.Үтүров себепкер болгон.

– Мен ушул агайымды кумир тутчумун. Ал киши бул кесипти кылчайбастан тандоомо себепкер болгон. Негизи мугалимдикти толугу менен билүү өтө кыйын. Анткени өмүр бою окууга, көп нерсени билүүгө туура келет. Бул процесс эч качан токтобойт.  Мыкты актёр З.Е.Гердт: “Мугалим, врач жана актёр – булар кесип эмес, бул тагдыр”, —  деп айткан экен. Ошондуктан мен үчүн мугалимдик кесип жашоомдун маңызы болду, өзүм үчүн башка тагдырды да көрө албайм, — дейт Кубанычбек агай.

КУБАНЫЧБЕК АГАЙДЫН  ПЕДАГОГИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯСЫ

Жаш кезинен үмүтү мугалимдик кесипке байланган Кубанычбек агай 1970-жылы Пржевальский мамлекеттик педагогикалык институтунун физика факультетине тапшырып, аны 1974-жылы аяктаган. Өкмөттүн жолдомосу менен Баткен областына караштуу Айдаркен шаарчасына жөнөтүлүп, ал жактан  №19 орто мектептин бөлүм башчысы, андан соң директор болуп иштеген. Кийин №35 жана №20 мектептерди дагы жетектеген.  Эмгеги бааланып, 1984-жылы Билим берүүнүн отличниги, 1994-жылы Президенттин Ардак грамотасын алган. Билим берүүгө кошкон көп жылдык үзүрү үчүн Бишкек шаардык мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кубанычбек Үсөнбекович 2004-жылдан бери “Алтын түйүн” балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын директорунун орун басары кызматын аркалап келет.

Физиканы окутууда ар бир маалыматты адабияттардан кылдаттык менен алып колдоно билүү, аны окуучуларга жеткирүү өзгөчө энергияны, күчтү талап кылат. Ал үчүн чыныгы педагог болушуң керек. Педагог – бул бирден бир жоопкерчиликтүү жана катаал кесип. Анын эмгегинен өсүп келе жаткан жаш муундардын билим деңгээли, ишмердиги, дүйнөгө болгон көз карашы, адамдык сапаты көз каранды болгондуктан, ар бир мугалим өлкөнүн келечегин жаратат деп айтууга болот. Агайдын окуучулары көбүнесе келечеги кең, билимдүү, адептүү инсан десем да болот.

КУБАНЫЧБЕК АГАЙДЫН  ПЕДАГОГИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯСЫ

Агайдын ар бир сабагы өзүнчө керемет. Өзү дагы “Мастер класс – бул профессионалдык тажрыйбанын маанилүү креативдик жолу” аттуу методикалык китебинде “Тажрыйба – бул физика билиминин булагы. Ошондуктан физика предметин экспериментсиз  ийгиликтүү окутуу мүмкүн эмес”, — дейт.

Кесипкөй агартуучу  “Алтын түйүндө” да “Кызыктуу физика” студиясын түзүп, “Брей ринг”, “Акылдуунун акылдуусу”, “Кош эмесе”, “Биздин галактика” аттуу интеллектуалдык оюндарын мектеп окуучулар арасында уюштуруп келет. Өзүнүн уникалдуулугу менен балдардын физика сабагына болгон кызыгуусун арттырып, окуучулары дүйнөнүн ар кайсыл булуң-бурчтарында өз билимдерин жогорулатып жүрүшөт. “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” эл аралык жана  республикалык илимий-техникалык кароо-сынактарда окуучулары сөзсүз байгелүү орундарды алышат. Бул да болсо агайдын эмгегинин үзүрү десем жаңылышпасам керек.

“Ар бир окуучу таланттуу экенине ишенем. Турмушта “Алтын эреженин негизинде” иштегенге аракет кыламын. Ар кандай иште, мага кандай мамиле кылса, так ошондой жооп берүүгө умтуламын”, — дейт агай.

Ошентип, ушундай чыныгы кесипкөй, ар бир сөзүнө так жооп берген агайыбыз 21-декабрда 70 жашка толуп отурат.

“Мугалим илим-билим

        жолун самап,

Мугалим — жаштар үчүн

        сыймык тагат.

Мугалим — мөмө-жемиш

        дарак бизге,

Жүрөктө түбөлүккө

        ардакталат”,
— деген ыр саптарын арноо менен агайыбызга бекем ден соолук, узак өмүр каалап, уул-кыздарынын бактысына бар болуңуз, өрнөктүү агайсыз демекчимин.

Нурлан Жогаштиев,
шакирти

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер